Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Долбоор калтырган из жамааттын көзү менен: “Биз демилге көтөргөндү жана өз айылыбыздын көйгөйлөрүн көрө билгенди үйрөндүк”

2015-10-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Долбоор калтырган из жамааттын көзү менен: “Биз демилге көтөргөндү жана өз айылыбыздын көйгөйлөрүн көрө билгенди үйрөндүк”

2012-жылы Бостери айылдык аймагы “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун өнөктөш муниципалитети болгон. Натыйжада негизгисине жеттик – адамдар айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине көбүрөөк ишенип, ал эми алар болсо өз кезегинде жашоочулардын көйгөйлөрүнө мурдагыдан да көп кызыга башташты. Адамдар бюджеттик каражаттар кантип түзүлүп, кайда сарпталып жатканын билип калышты, өз айылынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктаганды үйрөнүштү.

Эгерде мурда чогулуштарга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлери чакырып коюуну туура көргөн 20-30 киши катышса, азыр болсо коомдук ишчараларга дээрлик бардык жашоочулар кызыгып, көйгөйлүү маселелерди биргелешип талкуулап,аларды чечүүнүн үстүнөн баары иштешет. 2012-жылы аймактын жашоочулары менен биргелешип, ЖӨБ органдары чукул арада чечилиш керек болгон жети маселени аныкташты. Мунун негизинде биргелешкен аракеттер пландары иштелип чыгып, алар кабыл алынды, конкреттүү ишчаралардын кадамдары аныкталды. Бостери айылдык аймагынын тарыхында биринчи жолу төрт коомдук угуу өткөрүлүп, аларга 600дөн ашык киши катышты. Ошондой эле 500дөн ашык киши катышкан төрт чогулуш өткөрүлдү. Мындан тышкары 2,5 жылдын ичинде аймактын территориясында мектепке чейинки билим берүү, ички жолдордун абалы, таза суу, жаштардын бош убактысы, жарык берүү өңдүү көптөн бери элди кыйнап келаткан актуалдуу маселелер чечилди.
 
Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү иштердин жыйынтыктарына ыраазы болуп, айылдагы артыкчылыктуу маселелерди чечүүдө кызыгуусун көрсөтө башташты. Жаштар да бул иштерде четте карап турган жок – демөөрчү катары “О” уюлдук операторун таап, компания 105 000 сом бөлүп берди. Бул акчага калктан чогултулган 6000 сомду кошуп, өз күчүбүз менен Бостери айылындагы эң караңгы делген беш көчөгө жарык өткөрдүк. Мындан тышкары бак-дарактардын тегереги тосмолонуп, көчөт отургузулуп, гүлдөр тигилди. 2014-жылы долбоор биздин аймакта ишин жыйынтыктады. Анткен менен бостериликтер башталган иштерди улантып, 2015-2017-жылдарга жаңы биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышты. Бул пландарга жаңы артыкчылыктуу маселелерден тышкары, мурда чечилбей калгандар да киргизилди. Алардын бири – Бостери айылынын 80 короосу бар батыш бөлүгүн таза суу менен камсыздоо. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 120 000 сом бөлүнүп, эмгек салымы 50 миң сомго бааланган 50 тургун өздөрү чуңкур казып, трубаларды орнотуп чыгышты.
 
Суу түтүгүнүн жалпы узундугу 1 километрди түздү. Ошентип бул райондун беш жүздөн ашык жашоочусу таза суу менен камсыздалды. “Ушунча жылдан бери кантип кыйналганыбызды эч ким билбейт. Машинеси барлар сууну фляга менен ташып жүрдү. Машинеси жоктор сууну арыктардан алып турду. Ошонун айынан балдарыбыз жана неберелерибиз, айыл тургундары ичегикарын жана тери ооруларына чалдыкты. Биздин көйгөйүбүзгө көңүл бурган айыл өкмөтүнө жана жердештерге ыраазычылык билдиребиз. Дагы белгилей кете турган болсок, дал ушул долбоор жергиликтүү бийликти, айылдык кеңештин депутаттарын, өзүбүздү да айыл көйгөйлөрүнө башкача көз менен кароого түрттү”, - деп айтты Бостеринин тургуну Жакып КАПАРОВ. Анын сөзүн көп балалуу эне Чолпон улады: “Биз, аялдар, бул көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иш алып барган демилгелүү топтун лидерлерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Дал ушул бизге бул суу өтө керек болчу. Анткени бардык үй милдеттери биздин моюнубузда эмеспи. Ал эми суусуз аларды жасоо оор. Азыр таза суу ар бир короодо бар. Биз эми апта сайын кир жууп, балдарды жуунтуп турабыз. Биз үчүн эң негизгиси – балдарыбыз көп оорубай калды”.
 
Жергиликтүү бюджеттин ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү боюнча ишти улантуу менен, 2015-жылдын 10 июнунда кийинки жылга бюджет долбоору боюнча кезектеги коомдук угуулар өттү. Угууларга 81 киши, анын ичинде 53 аял катышты. Калк ЖӨБ органдарынын ишинин дээрлик бардык чөйрөсүн жигердүү талкуулап, айыл жашоочуларынан көптөгөн суроолор жана сунуштар түштү.Анын ичинде жаңы ФАПтын курулушун бүтүрүү, АТАЕВ атындагы мектептин чатырын оңдоп чыгуу,“Березка” бала бакчасынын капиталдык ремонтун жыйынтыктоо, айылдын жетүүгө оор райондоруна суу түтүктөрүн өткөрүү өңдүү бир топ маселелер каралды. Бул сунуштар айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, дээрлик баары 2016-жылга бюджет долбоорунда эске алынды. Ошондой эле 2015-жылы башкы маселелердин бири – айылдын түндүк тарабынан КАДЫРАЛИЕВ көчөсүнөн АКЖОЛТОЙ көчөсүнө чейин узундугу 1,4 км болгон айланма жол куруу маселеси чечилди. Айыл өкмөтү менен жергиликтүү жамааттын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында машине өтөт албай жаткан тар жол тазаланып, кеңейтилди жана майда кум төгүлдү.
 
Чыгашалардын жалпы суммасы 998 000 сомду түзүп, мунун ичинен 450 миң сому айылдык бюджеттен бөлүндү. Жергиликтүү кеңештинт депутаты Максат ОРОЗОБАКОВ атайын техниканы – трактор, самосвал бөлүп берип, күйүүчүмайлоочу май менен камсыздады (жалпысынан 500 миң сомго). Мындан тышкары эки көчөнүн жашоочулары 48 миң сомго бааланган эмгек салымын кошту – таштарды чогултуп, көпүрө коюп, жолдорду тазалады жана теңдеди. Көчөлөрдүн биринде жашаган Асанбек ЖОЛОЕВ буларды айтты: “Мурда айылдын экинчи башына жетүү үчүн биз негизги трассага чыгып, кайра өйдөгө көтөрүлчүбүз. Эми болсо биз негизги жолду гана кеңейтпестен, ошону менен бирге мурдагыдан да кыска жана ыңгайлуу жолду жасай алдык. Эмнеге мурда ушуну ойлонбодук экен! Бул маселени мурда эле көтөрүп чыгып, чечип коюш керек болчу!”. 2012-2014-жылдарга биргелешкен аракеттер планында “Алтын кум” пансионатына бурулушта жолчырак орнотуу пландалган. Анткени ал жерде жол кыймылы жандуу, жанында миңге жакын бала окуган мектеп жайгашкан.
 
Бирок айрым себептерден улам бул иш өз маалында аткарылбай калган болчу. Ошондуктан жаңы БАПтын алкагында бул маселе 2015-жылы чечилди: МАИ кызматкерлеринин жардамы менен Бостеринин борборунда жолчырак орнотулду. Эми мурда бул жолдон катуу ылдамдыкта өткөн машинелердин баары эрежени сактап, натыйжада жол кырсыктарынын саны да азайды. Биздин аймак үчүн бул чоң жетишкендик. Себеби жайкы сезондо машинелердин саны кескин көбөйүп, мунун айынан атүгүл чоң адамдар да жолду кесип өткөндөн коркчу. “Жолчырак орнотконго чейин бул жерде жол кырсыктары көп болуп турчу. Эки жолу адам өмүрүн алган кырсыктар катталган. Биз бул маселени көптөн бери көтөрүп келатканбыз. Бирок эч ким эч нерсе жасабай, баары убада бойдон калып келген. Көрсө, баарын өз колубузга алып, аракеттениш керек экен. Жолчырагын орнотконубузга кубанычтабыз, эми балдарыбыз жолдон эч коркпой өтүп калды.
 
Негизи эле акыркы жылдары айыл өкмөтү жигердүү иш алып бара баштады. Алар айылдын көйгөйлөрүн чечүүгө аракеттенип жатканы көрүнүп турат. Негизгиси ушул бойдон уланта беришсе болду”, - дейт мектеп директору Жаныша СУЛАЙМАНОВА. Ал эми пенсионер Зина АСАНОВА буларды айтат: “Неберелерим жолдун тиги тарабында окуйт жана мен аларды күндө мектепке узатып, кайра тосуп алчумун. Азыр болсо алар өздөрү эле жолду кесип өтүп калышты. Мен болсо алар үчүн сарсанаа болбой, өз иштерим менен алекмин. Мен абдан ыраазымын”.Бостери айылдык аймагынын Бактуу-Долоноту айылынын калкынын өтүнүчү менен жеке дарыкана да ачылды. Жергиликтүү ишкер кезектеги дүкөн ачайын деп жаткан. Бирок калктын жана ЖӨБ органдарынын кеңеши менен ал дарыкана ачты. Аймакта буга чейин дарыкана болгон эмес. Эми калк жердештеринин өтүнүчүнө кулак салган ишкерге ыраазычылыгын билдирүүдө.
 
Бир сөз менен айтканда, Долбоордун жардамы менен биздин айылдык аймак ушуну менен токтоп калган жок. Биз алдыбызга ишке ашчу максаттарды коюп, аларга эми өз алдынча жеткенди үйрөнүп калдык. Биз жергиликтүү жамаат менен иш алып барганды, инвестиция тартканды, кичи Мекенибизге кам көргөндү, аны көрктөндүрүүнүн үстүнөн иштегенди үйрөндүк. Эң негизгиси – бул тапшырмаларды аткарууга калктын улуу мууну менен катар, айыл жаштары да жигердүү катышууда. Бул болсо жаштарга бюджет маселелерин түшүнүүгө, өз пикирин таамай айтууга, сунуштарын жеткирүүгө үйрөттү. Натыйжада, 2015-жылдын февралында “Адеп булагы” коомдук фонду түзүлүп, ал жетим балдарга жана колу жука үй-бүлөлөргө ар тараптуу жардам көрсөтүү, айыл маселелерин өз күчү менен чечүү максатын көздөйт. Алгачкы иштер өзүн күттүргөн жок: жаз келээри менен “Кыргызское взморье” турак жай массивинде бак-дарактарды оңдоп-түзөп, тегерегин курчап коюуну чечишти. Анткени бир кездери Бостеринин гүлдөп турган бул району акыркы 20 жылда дээрлик кароосуз калган. Жаш лидерлер курдаштарын чогултуп, курулуш материалдарын сатып алууга бюджеттен акча бөлүп берүүнү өтүнүп айыл өкмөтүнө кайрылышкан. 
 
Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги айыл кеңешинин депутаттары менен кеңешип, 460 000 сом бөлүп берди. Андан кийин жаштар ашар жолу менен бир нече тосмо орнотуп, аны сырдоого өз чөнтөгүнөн 18 миң сом чыгарышты. Ошондон кийин депутат Д.ТЕРБИШАЛИЕВдин жардамы менен карагайдын бир нече көчөтүн сатып алып, ошол жерге отургузуп чыгышты. Кийинки кадам Х.ЖЭЭНБАЕВ атындагы орто мектептин спорт аянтчасын ремонттоо болуп калды. Бул үчүн демөөрчүлөр берген 33 700 сом жумшалды. Мындан тышкары бюджеттик каражатты колдонбостон, демөөрчүлөрдүн акчасына жана жеке эмгек салымынын натыйжасында жергиликтүү мечиттин алдында үстү жабык аянтча жасай алышты (222 миң сомго) жана айылдын чыгыш районунда намазга жыгылуу үчүн имарат курушту (187,9 миң сомго). “Бостери айылдык аймагынын ЭҮЖӨБОЖ долбооруна пилоттук муниципалитет катары кошулушу биздин фондду ачууга түрткү болду. Бул долбоордун алкагында биз 400 000 сом көлөмүндө грант утуп алдык.
 
Бул акчага эркин күрөш секциясы үчүн сапаттуу спорттук маталарды сатып алдык. Мунун жардамы менен эки республикалык таймаш өткөрдүк. Анда кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарына жолдомо алышты. Бул жеңишке маашырланып, “эмне үчүн бизге Швейцария жардам берсе, биз алакан жайып отурабыз?” деп ойлодук. Ошентип айылыбыздагы көйгөйлүү маселелерди чече турган жаштар фондун түздүк”, - деп эскерет “Адеп булагы” коомдук фондунун лидери Кенжебек СОЛТОНБАЕВ. Эми жаштар күнүмдүк маселелерди гана чечпестен, алдыга узак мөөнөттүү максаттарды коюп, дымактуу долбоорлор тууралуу кыялданышууда. Анткен менен алар 2015-2017-жылдарга БАПта белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди да унутта калтырышкан жок жана аларды чечүүгө жигердүү катышууда.

 

Окшош материалы: