Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Долбоор калтырган из биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун көзү менен: “Биз көйгөйлөрдү көрүп турабыз жана аларды чогуу чечкенди билебиз”

2015-10-15 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Долбоор калтырган из биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун көзү менен: “Биз көйгөйлөрдү көрүп турабыз жана аларды чогуу чечкенди билебиз”

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору элет калкын активдештирүүгө жана тургундарды жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө тарткан модель иштеп чыккан. Элеттиктерде аймактын социалдык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн мааниге ээ болгон долбоорлорду пландоого, чечим кабыл алууга жана ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Аталган моделдин алкагында коомдук мониторинг калктын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусунун натыйжалуу формаларынын бири болуп эсептелет. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорун муниципалитеттерде ишке ашыруунун жүрүшүндө биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) механизми ишке киргизилген. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү лидерлерден, жигердүү аялдардан жана жаштардан турган БМжБ тобу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорго мониторинг жүргүзүп турду.

Бул топ бара-бара жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен калкты байланыштырган чынжырлардын бири болуп баратат. БМжБ механизмин жайылтууда негизги кыйынчылыктардын бири ар бир топтун системалык ишин уюштуруу болду. Башкача айтканда, БМжБ тобу кырдаалга жараша, кыска мөөнөттүү маселени чечүү максатында, же Долбоордун талаптарына ылайык формалдуу гана мүнөздө убактылуу түзүлгөн топко айланып калган жок. Топ узак мөөнөттүү стратегиялык иш үчүн туруктуу механизм түзүү максатын көздөйт. Бул жерде БМжБнын мүчөлөрүнүн жигердүү жарандык позициясы болуш керек. Ошондуктан топко жергиликтүү жамааттын ишине кызыкдар болгон адамдар тандалып алынды. Ошондой эле кайра байланыш түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тараптан реакция алуу үчүн шарттарды аныктап алуу да маанилүү болчу. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ишине карата жергиликтүү өз алдынча башкаруунун реакциясы – бул жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу.
 
2013-жылы Жалал-Абад облусунун эң алыскы, тоолуу, чек арада жайгашкан Көк-Таш айылдык аймагы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун 26 өнөктөш муниципалитетинин бири болуп калды. Кызматташуунун алкагында өз аймагын башкарууга жергиликтүү калкты тартуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу боюнча бир кыйла иштер аткарылды. Ошондой эле биргелешкен мониторинг жана баалоо механизмин ийгиликтүү жайылта алдык. Бул мезгил аралыгында БМжБ тобу өзүн жакшы жагынан көрсөтө алды. Көк-Таш айылдык аймагынын БМжБ тобу жергиликтүү кеңештин токтому менен түзүлгөн. Кеңеш топтун курамын да бекитип берген. Иш маалында БМжБ тобунун мүчөлөрү бир катар тренингден өтүп, айылдык жыйындарга жигердүү катышты. Ишти баштаар алдында БМжБ тобу муниципалитеттин иши менен макулдашылган аракеттер планын иштеп чыкты жана бир нече жылдан бери ЖӨБдүн ишмердигине мониторинг жүргүзүп келатат. Топтун активинде – айылдардагы көпүрөнүн курулушуна, электр линиялардын өткөрүлүшүнө, муниципалдык техниканы колдонуу процессине мониторинг жүргүзүү, сатып алынган шаймандардын сапаттык жана сандык шайкештигин текшерүү, маалыматтык керегелердин жаңыланып туруусун көзөмөлдөө, жергиликтүү бюджет боюнча коомдук угууларга катышуу ж.б.
 
Кемчиликтерди, бузууларды аныктаган учурда БМжБ тобу ыкчам реакция жасап турду: акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар тиешелүү ЖӨБ органдарына жолдонду. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорун ишке ашыруу мезгилинде Жалал-Абад облусунун Көк-Таш муниципалитети чакан гранттар программасынын конкурстарында эки жолу утуп чыкты. Натыйжада 2013-жылы “Беларус 952.2” тракторунун базасында “Амкодор-702ЕА” экскаватар-жүктөгүч сатып алынды. Ошондой эле 2014-жылы шаймандар сатып алынып, элеттик мектепте, бала бакчаларда, маданият үйлөрүндө капиталдык ремонттор жасалды. БМжБ тобу гранттык долбоорлорго мониторинг жүргүзүп, техниканын ишине көз салып турду. Шаймандарды бөлүштүрүү маалында БМжБ тобу мектептердин жана бала бакчалардын ата-энелер комитеттери менен биргеликте ар бир товарды бирден текшерип чыгып, социалдык объекттер боюнча бөлүштүрүлүшүнө эсеп жүргүздү. Андан кийин БМжБ тобу ошол объекттерге барып, жеринде шаймандарды текшерип турду.Калкты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине тартуу модели долбоор аяктагандан кийин да ишин улантып жаткан системаны түздү.
 
Бул биринчи кезекте жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосунда туруктуу байланыш түзүлүп, биргелешкен иштин механизми жолго салынганы менен камсыздалууда.Долбоор 2015-жылдын март айында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында өз ишин жыйынтыктап, Чүй облусунун муниципалитеттери менен иштеше баштаганына карабастан жергиликтүү БМжБ топтору өз ишин айылдарда улантып келүүдө. Мониторинг тобу менен иштеп, биз бул бирикменин жарандар үчүн маанисин түшүндүк. Биз өз убагында көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Ал эми калкты өз убагында жана кеңири маалымдоо ЖӨБ органдарын ыкчам жана жоопкерчиликтүү аракеттенүүгө түртөт.

Окшош материалы: