Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“БМжБ тобу – жамаат менен ЖӨБдүн кызыкчылыктарынын сакчысы”

2015-10-16 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
“БМжБ тобу – жамаат менен ЖӨБдүн кызыкчылыктарынын сакчысы”

Арал айылдык аймагында эки жылдан бери ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБ тобу) иштеп келатат. Жигердүү тогуз тургундан түзүлгөн топ жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилген. Муниципалитет беш айылдан тургандыктан топко ар бир айылдын өкүлү – жергиликтүү кеңештин депутаттары, активисттер, социалдык кызматкерлер кирди. Өздөрүн ишенимдүү сезүү үчүн БМжБ тобунун мүчөлөрү биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө алардын билимин жана көндүмдөрүн арттырган тренингдерден өтүштү. Алар биргелешкен мониторинг деген эмне экенин, усулдары жана механизмдери кандай болгонун, маалыматты кантип чогултуу керектигин ж.б. үйрөнүштү. Эки жылдын ичинде БМжБ тобу бир топ иштерди аткарды – трубалардын орнотулушуна жана каналдарды кеңейтүүгө, көпүрөлөрдү оңдоого жана жолдорго жарык орнотууга мониторинг жүргүзүп, маалымат керегелерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши тууралуу жаңылыктардын жайгаштырылып турушуна көз салып, коомдук угууларга катышып, өз иши тууралуу калкты маалымдап турду.

2014-жылы аймакта “Жылуулук – бул ден соолук, балдардын келечеги” аттуу гранттык долбоор ишке ашырыла баштады. Долбоор Миң-Булак жана Кош-Дөбө айылдарындагы мектептерде жылытуу системаларын оңдоп, терезе, пол, каалагаларды алмаштыруу максатын көздөгөн. Мунун баары БМжБ тобунун көзөмөлү алдында ишке ашты. 2015-жылдын башында иштер создугуп жатканы, ал эми долбоорду ишке ашырууга жооптуу айыл өкмөт башчысы процессти анчалык көзөмөлдөбөгөнү аныкталды. Мониторингдин натыйжасында долбоор боюнча аткарылган иштердин Акты түзүлүп, анда бардык кемчиликтер көрсөтүлүп, бул маселе жергиликтүү кеңештин сессиясында талкууланган. “Кош-Дөбө айылындагы мектепке мониторинг жүргүзгөн маалда подрядчы жумушчулар болгон эмес. Керамикалык жылыткычтар алып келингенине карабастан иш аягына чыгарылган эмес – бөлүштүргүч орнотулбай, жылыткычтар электрге кошулган эмес. Ал эми Миң-Булактагы мектепте жаңы терезелер орнотулуп, жылуулук берилгени менен, каалгалар алмаштырылган эмес. Биз айыл өкмөт башчысынан подрядчыларды чакырып, эмне себептен иштер создугуп жатканын билип берүүнү талап кылганбыз”, - деп эскеришет топтун мүчөлөрү.
 
Натыйжада жергиликтүү кеңеш жасалып жаткан иштерди талдап, аларды канааттандырарлык эмес деп тапкан. Ал эми муну көзөмөлдөө милдети айыл өкмөт башчысына жүктөлгөндүктөн ага ишеним көрсөтпөө жана ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бул учурда БМжБ тобу маанилүү ролду ойноду. Себеби дал ушул топ гранттык долбоор боюнча иштер аткарылбаганын аныктап чыккан.Башчы алмашкандан кийин мектептерде иш процесси кайра жанданды. Подрядчы чакыртылып, ага калган иштерди тезирээк бүтүрүү тапшырылды. Окуу жайларын жылытуу үчүн трансформатордун кубаты жетпегенине байланышкан маселе ыкчам чечилди. БМжБ тобунун мүчөлөрү учурда Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан башка долбоорго мониторинг жүргүзүүдө. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ишинин механизмдерин республика боюнча жайылтуу зарыл.Советтер Союзу маалында элдик көзөмөл комитеттери болгон. Калк мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары өз милдеттерин кандай аткарып жатканын көзөмөлдөп турган. Азыр дагы БМжБ топтору калкыбыздын укуктары жана кызыкчылыктары бузулбашына көз салып туруш керек

Окшош материалы: