Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эсеп палатасы ЖӨБ органдарына 2014-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн дем берүү гранттардын бөлүштүрүлүшүн жана колдонулушун текшерди

2015-11-02 / ЖӨБ каржысы
Эсеп палатасы ЖӨБ органдарына 2014-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн дем берүү  гранттардын бөлүштүрүлүшүн жана колдонулушун текшерди

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги аудиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын тышкы адистери 2014-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берген үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын бөлүштүрүлүшүнө жана колдонулушуна анализ жасашкан. 2015-жылы дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүү принциптери жана механизмдери олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгондуктан бул анализ өзгөчө актуалдуу болду. Бардык эле ЖӨБ органдарына кандай өзгөрүүлөр киргизилгени жана эмне үчүн аларды киргизүү зарыл болгону көп жакшы түшүнүктүү болбой турат. Буга байланыштуу “Муниципалитет” журналы ӨСИнин эксперти жана КР Эсеп палатасынын тышкы адиси Назира ТЮЛЮНДИЕВА даярдаган аналитикалык документти сунуштайт.

2014-жылдын “супсак” маалыматтары Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды (ҮДГ) алууга өтүнмө берүү үчүн зарыл шарттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген. 2014-жылы үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” Жобо менен аныкталган. Аталган Жобону 2012-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү №462 токтому (мындан ары – 2012-жылдын жобосу) менен бекиткен.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан өтүнмөнү кароо боюнча Финансы министрлигинин комиссиясынын курамына аталган министрликтин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана КР ФМ Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлдөрү кирген.
 
Алар 2014- жылы 13 отурум өткөрүп, 464 жаңы долбоорду карап чыгышкан.Алардын ичинен 2014-жылы каржылоо үчүн 328,5 млн. сомго 163 жаңы долбоор жана 67,2 млн. сомго өткөн жылдардан бери өтүп келаткан 146 долбоор тандалып алынган.Баары болуп 2014-жылы республикалык бюджеттен “үлүштүк (дем берүүчү) гранттар” беренеси боюнча иш жүзүндө 395,7 млн. сомго 309 долбоор каржыланган. Алардын ичинен 284,6 млн. сомго 239 долбоор жыйынтыкталып, толук көлөмдө каржыланган. Калгандары кийинки жылга өттү.2013-2014-жылдары бүтпөй калган долбоорлордун санын азайтуу максатында Финансы министрлиги “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча биринчи кезектеги тартипте өтмө долбоорлорду каржылоо тууралуу чечим кабыл алган. Өтмө долбоорлордун саны төм. болду:
 
  • 2013-жылдын башына 116,6 млн.сомго 234 долбоор;
  • 2014-жылдын башына 88,5 млн. сомго 210 долбоор;
  • 2015-жылдын башына 37 млн. сомго 72 долбоор.2014-жылы багытталган категориялары боюнча 309 жаңы долбоор боюнча үлүштүк (дем берүүчү) гранттар төм. бөлүштүрүлдү:
  • мектептер – 138 объект, 175,1 млн. сом;
  • бала бакчалар – 62 объект, 62 млн. сом ; 
  • инженердик-коммуникациялык инфраструктуралык объекттер – 31 долбоор, 43,5 млн. сом;
  • маданий мааниге ээ объекттер – 26 долбоор,32,1 млн. сом;спорттук багыттагы объекттер – 23 долбоор,26,6 млн. сом;
  • административдик мааниге ээ объекттер жана башкалар – 22 долбоор, 22,7 млн. сом, же жалпы суммадан;
  • саламаттык сактоо объекттери – 7 долбоор, 6,4 млн. сом.
Географиясы боюнча каржыланууга кабыл алынган объекттердин жалпы саны төмөнкүдөй болду:
 
  • Ош облусу – 72 долбоор, 81,7 млн. сом;
  • Жалал-Абад облусу – 54 долбоор, 70,9 млн.сом;
  • Чүй облусу – 47 долбоор, 66,6 млн. сом;
  • Нарын облусу – 34 долбоор, 52,4 млн. сом;
  • Талас облусу – 30 долбоор, 39,1 млн. сом;
  • Баткен облусу – 33 долбоор, 36,7 млн. сом;
  • Ысык-Көл облусу – 21 долбоор, 30,8 млн. сом;
  • Бишкек – 15 долбоор, 16,2 млн. сом;
  • Ош – 3 долбоор, 1,3 млн. сом.
Эми гранттар райондук деңгээлде, коомчулуктун катышуусу менен болот Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды берүү жана колдонуу механизмдерин өркүндөтүү максатында 2015-жылы Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо тууралуу жаңы Жобо (мындан ары – жаңы жобо) жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Нускама кабыл алынды. Бул документтер 2015-жылдын 21-апрелиндеги КР Өкмөтүнүн №230 токтому менен бекитилди. Жаңы жободо Финансы министрлиги Эсеп палатасы өткөргөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча жазма буйруктарын эске алды. Жаңы тартипке ылайык, үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды жергиликтүү деңгээлде курамына өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген комиссиялар тандап алат.
 
Аны менен катар долбоорлорду тандоодо өлчөнүүчү критерийлер аныкталды. Алар комиссиянын объективдүү иш алып баруусун камсыздайт.Ошондой эле жаңы жобо жергиликтүү жамаат жана бенефициарлар тарабынан мониторингди жүзөгө ашырууну караштырат. Долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча демилгелүү топтун курамына долбоордун болочок бенефициарлары кошулат.Калктын артыкчылыктарын сөзсүз аныктоо, аларды өнүктүрүү программаларына кошуу жана жарандар демилгелеген долбоорлорду иштеп чыгуу талаптары Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо тууралуу Жобонун 11-пунктунда жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Нускаманын 17, 18-п.п. көрсөтүлгөн.
 
Долбоорлорду кошо каржылоонун жаңы эрежелери: адилеттүүлүккө карай жол 2012-жылдагы Жободо долбоорду каржылоодо арыз берүүчүнүн салымы долбоордун жалпы суммасынан 10 пайыздан 60% чейин болчу, аны менен катар материалдар жана эмгек ресурстары түрүндө 50% чейин салым кошууга уруксат берилген. Финансы министрлигинин 2014-жылдын 11-мартындагы №33-б буйругуна ылайык, ЖӨБ органдарынын долбоорлорду ишке ашырууга салымынын үлүшүн аныктоо үчүн жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздуулугунун деңгээлин эсептөө төм. болуп бекитилген:
 
  • бюджеттик камсыздуулуктун деңгээли 100 пайыздан аз 345 ЖӨБ органы 10% кем эмес салым кошуш керек;
  • бюджеттик камсыздуулуктун деңгээли 100 пайыздан 300% чейинки 120 ЖӨБ органы 20% кем эмес салым кошуш керек;
  • бюджеттик камсыздуулуктун деңгээли 300% жана андан жогору болгон 19 ЖӨБ органы кеминде 60% салым кошуш керек;
  • 20 пайыздан 60 пайызга чейинки салымдардын үлүшүндөгү ажырым чоң. Аны 19 ЖӨБ органында гана бюджеттик камсыздуулуктун деңгээли 300% ашары менен негиздешкен.
Ошону менен бирге ошол 19 органдын арасында камсыздуулук деңгээлдери ортосундагы айырма сезилерлик. Мисалы, Төмөнкү Ала-Арча ААнын бюджеттик камсыздуулук деңгээли 300 пайыздан бир аз ашса, Ала-Арча АА 3400% болгон. Ошол эле маалда салымдардын көлөмү алар үчүн бирдей болгон. Бул түрдүү муниципалитеттер үчүн грант алууда акыйкатсыз шарттарды пайда кылган. Жаңы жободо ЖӨБ органдары тарабынан долбоорлорду кошо каржылоонун шарттары өзгөрдү.Биринчиден, алардын салымы азайтылды жана долбоордун жалпы суммасынан 7 пайыздан 30% чейин деп аныкталды. Экинчиден, ЖӨБ органдарынын салымдары боюнча ажырымдар кыскарды.Теңдештирүүчү гранттарды алган 85% айылдык аймактын арасында дотацияларга керектөөлөрдүн деңгээли айырмаланганын көңүлгө алуу менен, төмөнкү шкала эки категорияга бөлүндү. Биринчи категория: кирешелик камсыздалуу деңгээли 50% кем болгон ЖӨБ органдарынын акчалай салымы 7 пайыздан кем болбош керек.
 
Экинчи категория: кирешелик камсыздалуу деңгээли 50 пайыздан 100 пайызга чейин болгон ЖӨБ органдарынын акчалай салымы 15 пайыздан кем болбош керек. Шкаланын жогорку чегинде кирешелик камсыздалуу деңгээли 500% чейин көтөрүлгөн. 2014-жылы 50% чейинки салымды материалдар жана эмгек ресурстары түрүндө кошууга уруксат берилгенине карабастан, ЖӨБ органдары акчалай түрүндө салым кошуп келишкен. Айталы, 2014- жылы каржыланган 309 долбоор боюнча салым 123,7 млн. сомду түзгөн. Анын ичинен эмгек салымы 15,1 млн. сомду, же жалпы салымдын көлөмүнө карата 12,2% түзгөн. Салымдын акчалай формасына умтулуу – бул албетте, прогрессивдүү көрүнүш.Себеби эмгек салымы адатта жамааттын моюнуна жүктөлчү. Бул болсо салыкты да төлөгөн адамдарга эки эсе жүк болуп калган. Жаңы жободо долбоорлорду кошо каржылоодо ЖӨБ органдары тарабынан салым толугу менен жергиликтүү бюджеттен акчалай формада кошулат.
 
2014-жылы ишке ашырылган долбоорлорго жасалган анализ көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары долбоорду ишке ашырууга салым кошкондон тышкары, долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу үчүн тиешелүү адистерди ишке алууга кеткен чыгашаларды да көтөрүшкөн. Бул чыгаша сметалык баасында эсепке алынган эмес. Долбоорлордун сапатын жакшыртуу максатында жаңы жобого ылайык, долбоорду даярдай баштагандан тартып, аны жыйынтыктаганга чейинки жумуштарды коштоп жүрчү тиешелүү адистерди ишке алууга кеткен бардык чыгашалар долбоордун бюджетине кошулат жана ЖӨБ органдарынын салымы катары эсепке алынат. Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Нускама долбоорлорду үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен толтуруу, жолжоболоштуруу жана ишке ашыруу тартибин аныктайт. Анын курамына табыштамаларды жана долбоордук сунуштарды берүүдө кошо берилчү  документтердин форматтарын, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу боюнча отчетторду камтыган 28 тиркеме кошулду. Бул болсо долбоорду каржылоого табыштама берүүнүн жол-жоболорун жеңилдетүүгө багытталган.
 
Эмнелерге дем берүүдөбүз? Жаңы жободо үлүштүк (дем берүүчү) гранттар-дын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду (муниципалдык менчиктин курулушу, аны кайра калыбына келтирүү жана капиталдык ремонту) ишке ашыруу каржыланары аныкталган. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар бюджеттер аралык мамилелер системасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал бир жагынан мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды ажыратууга, экинчи жагынан ошол функциялар менен ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн киреше булактарын ажыратууга негизделген.Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын максаттуу багыттары алардын бюджеттер аралык мамилелер системасындагы ролун эсепке алуу менен аныкталууга тийиш.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери жана алардын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.18-беренеде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги 23 маселе киргизилген. Ошону менен бирге, анализ көрсөткөндөй, алардын ичинен 16сын ишке ашыруу тигил же бул деңгээлинде социалдык-экономикалык инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө байланыштуу.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекитилген чыгаша ыйгарым укуктары негизги фонддорго (мисалы, таштанды жыйноо жана чыгаруу үчүн машинелер, дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шаймандар) кеткен капитал сыйымдуу чыгашаларды да жүзөгө ашырууну караштырат. Бул болсо бюджеттер аралык мамилелер системасында жалгыз капиталдык трансферт болуп эсептелген үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын максаттуу багытын кайра карап чыгуу зарылчылыгын пайда кылат. 2014-жылы жергиликтүү бюджеттердин, анын ичинде гранттардын, Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында насыялардын жана зайымдардын эсебинен финансы эмес активдерди сатып алуу 2,3 млрд. сомду түзгөн. Биздин баамыбызда, мамлекет дотациядагы ЖӨБОго күнүмдүк чыгашаларын жабууга гана жардам бербестен, ошону менен бирге жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу, а.и., калкка кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон негизги фонддорду сатып алууга да кол кабыш кылыш керек.
 
Ар башка деңгээлдердеги муниципалитеттер үчүн адилетсиз шарттар, дем берүүчү гранттардын азыркысы жана келечеги Жаңы жобого облустук жана республикалык маанидеги райондор жана шаарлар үчүн үлүштүк дем берүүчү гранттарт боюнча квотанын киргизилиши облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын ЖӨБ органдарына алардын жергиликтүү жамаат менен биргелешкен демилгелеринин алкагында капиталдык чыгашаларды ишке ашырууга жыл сайын республикалык бюджеттен финансы жардамын алууга кепилдик берет. Ошол эле маалда райондук деңгээлде табыштама берген ЖӨБ органдары капиталдык долбоорлорун ишке ашыруу үчүн финансы жардамын конкурстук негизде гана алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул болсо алардын муниципалдык менчикти талап кылынган абалда кармоодо мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Башкача айтканда, облустук жана республикалык маанидеги шаарларга жакшы шарттар түзүлдү – аларга дем берүүчү гранттар кепилденген. Ал эми башкалар болсо атаандаштыктын негизинде бул мүмкүнчүлүк үчүн күрөшүүгө мажбур болот.
 
Дээрлик бардык дотациядагы ЖӨБО райондук деңгээлде табыштама берерин эсепке алганда, үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды капиталдык трансферттерге которуу маселесин карап чыгуу зарыл. Алар бардык ЖӨБОго капиталдык чыгашаларга болгон объективдүү керектөөсүн эсепке алган формула боюнча эсептелет. Башкача айтканда, дем берүүчү гранттар бардык муниципалитеттер арасында кепилденген түрдө бөлүштүрүлүш керек, ал эми алардык көлөмү объективдүү көрсөткүчтөрдүн базасында аныкталууга тийиш. Тандоодо чектөөлөр жана критерийлер Жаңы жободо долбоорду тандоо боюнча конкурска жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу үчүн төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилген:
 
  • үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржыланган, бирок бүтө элек долбоор болсо;
  • буга чейин түзүлгөн макулдашуулар боюнча аткарылбаган милдеттенмелер бар болгондо;
  • үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлорго карата контролдоочу, тартип коргоо органдары тарабынан аткарылган жумуштардын баасы көбөйтүлүп жазылганы жана акча каражаттарынын максатсыз пайдаланылганы тууралуу жазма буйрук берилгенде;
  • үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлорго карата аткарылган жумуштардын баасы көбөйтүлүп жазылганы жана финансы тартибин бузганы тууралуу сот чечими болгондо.
  • Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо тууралуу Жобонун 4-тиркемесине ылайык, долбоорлорду конкурстук тандоо 9 критерий боюнча жүзөгө ашырылат. Анткен менен долбоордун сунуштарды баалоо критерийлери жаңы жобонун башка нормаларындай эле долбоорлорду райондук деңгээлде тандоого багытталган.
  • Райондук деңгээлде конкурстук негизде ар кайсы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан табыштамалар кабыл алынат жана каралат. Облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын деңгээлинде долбоорлорду тандоо өзүнчө жол-жоболорду жана критерийлерди иштеп чыгууну жана кабыл алууну талап кылат. Себеби бардык табыштамалар бир ЖӨБ органынан кабыл алынат.
Дем берүүчү гранттардын бюджетте чагылдырылышы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2012-жылдын 30-мартындагы №62-б Буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын классификациясына ылайык, үлүштүк (дем берүүчү) гранттар бюджеттердин киреше бөлүгүнүн (13311300-код – дем берүүчү гранттар) жана бюджеттердин чыгаша бөлүгүнүн курамына (экономикалык классификациянын 26311300-коду – дем берүүчү гранттар) кирет. Ага жараша үлүштүк (дем берүүчү) гранттар мамлекеттик (бириктирилген) бюджетти, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу тууралуу отчетто чагылдырылыш керек. Ошону менен бирге үлүштүк (дем берүүчү) гранттар мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу 2014-жылдагы отчетто ведомстволук классификацияда (26621-код – Финансы министрлиги дем берүүчү гранттар) республикалык бюджеттин бөлүгүндө гана каралган.
 
Мамлекеттик бюджеттин 2014-жылы аткарылышы тууралуу отчетто “Операциялык ишмердиктен Кирешелер/Акча каражаттарынын түшүүсү”, “Операциялык ишмердикти жүргүзүү үчүн Чыгашалар/ Акча каражаттарын төлөп берүү” жана “Финансылык эмес активдерге салымдарга байланыштуу акча каражаттарынын агымы” бөлүмдөрүндө мамлекеттик бюджетте үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын өлчөмү мамлекеттик бюджетте көрсөтүлгөн эмес. Финансы министрлигине мамлекеттик (бириктирилген) бюджеттин аткарылышы боюнча отчеттордо үлүштүк (дем берүүчү) гранттар боюнча каржылоонун көлөмүн чагылдыруу үчүн чара көрүүсү зарыл (жергиликтүү бюджеттердин отчетторунда бул чагылдырылбайт).Тыянактар Облустук деңгээлде табыштама берген ЖӨБО (облустук маанидеги шаарлар) капиталдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кепилденген жардам алат. Райондук деңгээлде табыштама берген ЖӨБО жардамды конкурстун негизинде алат. Бул болсо аларды тең эмес абалга коюп жатат.
 
Бюджеттер аралык мамилелердин түзүлүп калган системасынын алкагында үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын максаттуу багыты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз чыгаша милдеттенмелерин ишке ашырууда түзүлгөн учурдагы объективдүү керектөөлөрүнө шайкеш келбейт. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо тууралуу Жобонун негизги нормалары долбоорлорду райондук деңгээлде тандоого багыт алган. Долбоорлорду облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын деңгээлинде тандоо үчүн өзүнчө нормаларды иштеп чыгып, киргизүү зарыл. Мамлекеттик бюджеттин 2014-жылы аткарылышы тууралуу отчетто үлүштүк (дем берүүчү) гранттын чыгымдалышы тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтар ведомстволук классификацияда (26621-код – Финансы министрлиги дем берүүчү гранттар) республикалык бюджеттин бөлүгүндө каралган. Бирок бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетко (“Операциялык ишмердиктен Кирешелер/Акча каражаттарынын түшүүсү”, “Операциялык ишмердикти жүргүзүү үчүн Чыгашалар/Акча каражаттарын төлөп берүү” жана “Финансылык эмес активдерге салымдарга байланыштуу акча каражаттарынын агымы” бөлүмдөрүнө) киргизилген эмес. Муну менен бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын толук эсептөө принциби бузулуп жатат.
 
Сунуштоолор ЖӨБ органдарынын чыгаша милдеттенмелерин каржылоо үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын көлөмүн баскыч-баскыч менен көбөйтүүнүн максатка ылайыктуулугун билүү үчүн бюджеттер аралык мамилелер системасында үлүштүк (дем берүүчү) гранттын ролун изилдөө жана 2017-2019-жылдарга Бюджеттин орто мөөнөттүү долбооруна жүйөлүү сунуш киргизүү зарыл. Жергиликтүү социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүү гана эмес, ошону менен бирге жабдууларды, шаймандарды ж.б. сатып алуу аркылуу жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу (сапаттуу) башкаруу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгынан улам ЖӨБ органдарынын чыгаша ыйгарым укуктарынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын максаттуу багытын карап чыгуу керек. Долбоорлорду облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын деңгээлинде тандоо үчүн Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо тууралуу Жобонун өзүнчө нормаларын иштеп чыгуу керек. Анда төм. аныкталууга тийиш:
 
  •  комиссияга берүү үчүн долбоорлорду тандоонун максаты, милдеттери, жол-жоболору;
  • берилген долбоорлордун саны жана долбоордун суммасы боюнча чектөөлөр;
  • комиссиянын долбоорлорду тандоо критерийлери жана башка жоболор.
Мамлекеттик бюджеттин кирешелер жана чыгашалар эсебинин толуктугун, ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн Финансы министрлигинин мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетуна үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын түшкөнү жана чыгымдалганы тууралуу маалыматтардын кошулуусун камсыздоо.
 

Окшош материалы: