2015-12-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
2015-жылдын 26-ноябрында Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айлынын тургундары үчүн маанилүү окуя болду – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалитеттин тарыхында биринчи жолу коомдук угууларды өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги темасы катары уюштуруучулар айылдын аймагындагы катуу тиричилик калдыктары маселесин сунушташты. Угууларга жергиликтүү жамааттын, АӨ кызматкерлеринин, АК депутаттарынын, аксакалдар сотунун өкүлдөрүнүн арасынан 100дөн ашык киши катышты. Угууларды айыл өкмөт башчысы Ш. СУШАНЛО ачып, муниципалитеттин турмушуна катышуу ниети менен келгендердин баарына ыраазычылыгын билдирди. “Биз “Александровка” чакан ишканасын (ЧИ) түзүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул ишкана катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгарып кетүү үчүн жооптуу болот, - деп кайрылды ал иш-чаранын катышуучуларына.
– Атайын ишчараларды – айыл муктаждыктарын аныктоо боюнча ЖМБА-сессияларын өткөрүүнүн жүрүшүндө таштанды чыгарууну уюштуруу көйгөйү артыкчылыктуу деп аталган. Бул иштер ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташуубуздун алкагында жасалды. Биздин айыл өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча облустагы 12 пилоттук муниципалитеттин бири болуп тандалып алынган. Азыртадан эле биздин кызматташтыктын алгачкы жемиштерин көрүүгө болот. Бүгүн биз сиздерге “Тазалык – ден соолуктун кепилдиги” деп аталган долбоорду сунуштайбыз. Долбоор биздин аймактын чегинде таштанды, калдыктар менен күрөшкө багытталган”. Андан кийин башчынын орун басары Данияр КАЙНАЗАРОВ “Александровка” чакан ишканасын түзүү боюнча долбоорду сунуштады.
“Биздин аймактын чегинде 19 386 киши жашайт. Ал эми биздин жергиликтүү бюджетибиз 16 млн. 536 миң сомду түзөт, - деп баяндамасын баштады КАЙНАЗАРОВ. – Ушул жылдын жайында биз ЖМБА-сессиясын өткөрүп, анда биздин муниципалитет үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктар аныкталган: бюджет боюнча маалыматка жеткиликтүүлүк жок; таза суу жетишсиз; таштандыны жыйноодо жана чыгарууда көйгөйлөр бар; жолдордун абалы начар; мектепте жана мектепке чейинки билим алуу үчүн шарттар түзүлгөн эмес; көчөлөрдү жарыктандыруу маселеси толук чечилген эмес; маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттар жок. Бул маселе бүгүн эле пайда боло калган жок.
Таштанды көйгөйү көп убактан бери тынчсыздандырып, бул багытта ишибизди баштадык. Аны менен катар биздин айылдын көчөлөрүндө тазалыкты камсыздоого багытталган долбоорду утуп алдык. Ал “Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттарды колдонуу боюнча жергиликтүү фонддорду түзүү” деп аталат. Долбоордун жалпы баасы 3 636 600 сомду түзөт. Бул каражатка биз АЗ-МК-350 (ГАЗ-Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомдук байланыш боюнча адиси, 3309 шассинин базасында) үлгүсүндөгү контейнердик таштанды машинесин жана 29 даана 6.0 м3 көлөмдөгү таштанды үчүн металл контейнерлерди сатып алдык. Алты контейнер социалдык объекттерге таратылып берилди: бешөө орто мектептерге жана бирөө ФАПка”.
Андан кийин баяндамачы айылдын аймагында ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык коммерциялык объекттерди санап берди. Алардын саны жыйырмага жетти. Бул объекттер боюнча өзүнчө пункт каралган. Ага ылайык, тараптардын финансы жагынан милдеттенмелерин караштырган жеке келишимдерди түзүү маселеси каралат.Алдын ала эсептөөлөр боюнча, “Александровка” мекемесинин иши үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасы айына 55 500 сомду түзгөн. Таштанды чыгаруу үчүн сунушталган тариф – ар бир үй кожолуктан 70 сомдон. “Александровка” ишканасында 9 киши иштейт. Андан кийин таштандыны апта сайын чыгаруунун алдын ала графиги көрсөтүлдү. График жашоочулардын ыңгайына жараша түзүлгөн – алар таштанды кайсы күнү, саат канчада жыйналарын алдын ала билип алса, ошол маалда үйлөрүндө болушмак. Айыл өкмөт башчысынын орун басарынын баяндамасынан кийин угуулардын катышуучуларынан көптөгөн суроолор жана сунуштар түштү.
Аны менен катар катышуучуларды төмөнкүдөй маселелер кызыктырды: Ооган согушунун катышуучулары жана алардын үй-бүлөсү үчүн жеңилдиктер каралганбы; КТК үчүн таштанды контейнерлери барбы; таштанды чыгаруу графиги барбы.Аксакалдар сотунун төрайымы чоң көлөмдөгү таштандыны чыгарууга өтүнмөнү даярдоону сунуштады. Бул үйлөрдүн короосунда жылдап чогулган таштандыларга да тиешелүү болду.“Эмне үчүн ошол чоң таштандылар 70 сомго чыгарылыш керек? Бул жакта таштандысы 10-100 эсе аз болгондор деле 70 сомдон төлөп жатпайбы, - деди ал.– Мен мындай таштандыны өзүнчө, айыл өкмөтүнө өтүнмө жазгандан кийин гана чыгарууну сунуштайм. Алар өзүнчө төлөшсүн. Негизи эле таштандыны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн издеп көрүшүбүз керек. Анткени чоң шаарларда адамдар таштанды чыгаргандан эмес, аны кайра иштетүүдөн көп киреше табышууда. Ал эми тарифти дагы эсептеп чыгышыбыз керек, ал көп так болбой турат.Бул мекемеге кеңсе да керек, ал жакта бардык административдик иштер жүргүзүлөт”. Бул пикирди көчөлөрдүн биринин старостасы да колдоп кетти.
Ал курулуш таштандысын чыгаруу үчүн тургундардын бири 2500 сом төлөгөнүн мисал келтирди. Таштанды чыгаруу маселеси көптөн бери көйгөйлүү тема болуп келатканы билинип турду.Баары эле башында оңой болбой турганын белгилеп жатышты. Атүгүл башчынын орун басары да кыйынчылыктар болушу мүмкүн экенин айтты. “Бирок биз качандыр бир кезде башташыбыз керек да! Качанкыга чейин таштандынын арасында жашай беребиз?! – деди ал. – Ооба, балким башында жетишпей, же графиктен артта калат чыгаарбыз. Бирок бара-бара баары бир калыпка түшөт эмеспи”. Бардык катышуучулар 2013-жылы таштанды чыгарууну колго алуу демилгесин көтөргөн адамды да эстешти. Ал алдын ала сметаны түзүп, техниканы ижарага алып, айыл өкмөтү менен келишим түзгөндөн кийин ишин баштаган. Бирок таштанды чыгаргандан кийин бул кызмат көрсөтүү үчүн болгон үч үй 50 сомдон төлөп, калган чыгашаны өз эсебинен жабууга мажбур болгон. Ал эптеп жарым жыл иштеген эле.Бардык катышуучулар чоң таштандылар айыл өкмөтүнө өтүнмө жазгандан кийин чыгарылсын деген сунушту колдошту.
Анткени атайын адистер жеринде ошол таштандынын көлөмүн баалап, аны чыгаруу үчүн жалпы баасын айтышмак. Бирок таштанды жыйноо ыкмасы тууралуу маселе козголгондо катышуучулардын пикирлери эки башка болду. Айрымдары контейнерлерди белгилүү бир жерде орнотууну сунуштаса, башкалары таштанды контейнерлеринен жыт урарын жана башка кесепеттерин жүйө келтиришип, мындай сунушка каршы чыгышты.Талкуунун жүрүшүндө тараптар контейнерлерди айыл көчөлөрүндө орнотуунун жана аптасына бир жолу чыгарып туруунун пайдасына түрдүү мисалдарды келтирип жатышты. Бирок экинчи тарап, алардын ичинде АӨнүн башчысынын орун басары да таштандыны жекече жыйноону жана чыгарууну колдошту. Ошондой эле таштандынын көлөмү чоң болгон маалда кошумча ижарага алына турган машине иштей турганы, ал эми мектептердин аймагынан таштанды акысыз чыгарылары айтылды.Ошондой эле РЭСтин мисалында ар бир үй кожолук менен жеке келишим түзүү тууралуу сунушда түштү. Ал эми жарандардын категориясы боюнча тарифтерди аныктоо үчүн ар бир айылда элдик жыйын өткөрүп, ар бир жашоочуга бул маалыматты жеткирип, пикирлерин билүү сунушталды.
Эгерде чечимди баары кабыл алса, анда баары бул үчүн жооп бермек. Кызмат көрсөтүүнү төлөө үчүн квитанция тууралуу суроого башчынын орун басары бул карала турганын айтты. “Таштанды үчүн төлөгөн ар бир кишиге квитанция берилет, ал жерде баары жазылат.Таштанды үчүн акы айдын аягында, факт боюнча төлөнөт. Баары мыйзам чегинде болот. Ал эми квитанциянын экинчи жагында биз эч ким унутпашы үчүн жаңыланган графикти жазып коёбуз”, - деди ал. Угууларга жергиликтүү кеңештин депутаттары да жигердүү катышып, ишти баштоого үндөштү “Канчага чейин угуп отурабыз? Иштебейлиби!”.Айыл тургундарынын бири айына 6000 сомго таштанды тазалоочу болуп иштегенге ким макул боло турганына кызыкты. Бир көчөнүн старостасы “Александровка” ишканасын чарбачыл-эсеп уюму катары түзүүнү сунуштады. “Муну жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасабаш керек! Эч качан! Анда баарында көңүл кош мамиле пайда болуп, карызды жылдап бербей коюшат.
Анын үстүнө кызматкерлерде да кызыкчылык болмок. Анткени алардын бюджети кызмат көрсөтүүнүн сапатына көз каранды болмок”. Ошондой эле ал бүгүнкү угуулар “муз ордунан жылганын” билдирерин белгиледи. Ал ЖӨБ органдарынын демилгесин колдоп, таштанды менен күрөшүүгө жардам берүүнү сунуштады: “Бул – биз дем алган аба; биз жашаган жер. Ооба, башында кыйын болот. Бирок акыры бир нерседен башташ керек да! Эмне үчүн терс пикирлер мынча көп?! 23 контейнерди борбордук көчөлөргө орнотушат, ал эми 70 сом деген тарифти кайра карап чыгыш керек. Бул айрым тургундарга карата акыйкат болбой калат. Кээ бир үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү көбүрөөк, кээ бир үй-бүлөлөрдө эки гана киши бар жана алар 6 куб таштанды чыгарат деп ойлобойм.
Ал эми келечекте контейнерлерди сатып алып, ар бир үйдү айланып отурбаш үчүн аларды көчөлөрдүн кесилишинде орнотуш керек деп ойлойм”. Адаттагыдай эле суроолор көп, ал эми убакыт тар болду. Уюштуруучулар катышуучуларга өз сунуштарын жана суроолорун кагаз бетине түшүрүп, аларга өткөрүп берүүнү өтүнүп, ар бир сунуш изилденип, эсепке алынат деп убада беришти.Угуулардын соңунда АӨ башчысы катышуучуларга иштегенге мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү. “Албетте ар бириңердин сөзүңөр жүйөлүү. Ар бириңердин турмуштук тажрыйбаңар жана өз көз карашыңар бар. Бирок баарын таза барактан баштоону өтүнөм. Өткөндү казбай, ким жана эмне үчүн деп териштирбейличи. Биз бири бирибизге душман эмеспиз да.Келгиле, биз сунуштап жаткан схема боюнча иштегенге аракет кылып көрөбүз. 2-3 айдан кийин кайрадан чогулуп, жыйынтык чыгара алабыз да. Бизге жардам берип, колдоо көрсөтүүңүздөрдү өтүнөм.Бизге иштегенге мүмкүнчүлүк бергилечи! Сындаганды баары эле билет. Каталарыбызды айтып тургула,бирок ошону менен чечүү жолдорун да сунуштагылачы. Биз силер мененбиз го!”, - деди ал.