Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Шор-Булак айылындагы АДК: мектептеги балдар таза сууга жетти

2016-04-04 / Жарандык катышуу
Шор-Булак айылындагы АДК: мектептеги балдар таза сууга жетти

Авторлор: Кулубек ТУРГАНБАЕВ, Жылдыз КЕРИМОВА, “АДК үнү” Долбоорунун адистери.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол АА

Шор-Булак – тоолордун арасында, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан чакан айыл. Жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Бул – жалгыз киреше булагы. Айылдын социалдык инфраструктурасы анчалык деле бай эмес – чакан мектеп жана фельдшердик-акушердик пункт бар. Ал эми коммуналдык инфраструктурасы жакынкы убакытка чейин такыр эле начар болчу – суу да, жарык көчө жарыгы да болгон эмес. Бирок Айылдык ден соолук комитети ишти өз колуна алып, кырдаалды өзгөртүүгө аракет жасады.

Айылдын аймагында жамааттык уюм – Айылдык ден соолук комитети бар. Ал кант диабети, гипертония өңдүү ооруларды алдын алуу, ошондой эле кош бойлуу аялдардын жана жаш энелердин туура тамактануусу өңдүү маселелер боюнча жергиликтүү калк менен он жылдан бери иштешип келет. Негизги иш калкты маалымат менен камсыздоо жана элеттиктердин кан басымын текшерүү менен чектелчү. Бирок Айылдык ден соолук коми- тети адамдар үчүн көбүрөөк пайда алып келүүнү каалады. Ошентип Айылдык ден соолук комитети “АДК үнү” Долбоорунун өнөктөшү болуп калды.

АДК долбоор уюштурган тренингдердин алкагында Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун техникасын өздөштүрүп, аны өз айылында колдонду. Көптөгөн көйгөйлөрдүн арасынан элеттиктер таза сууга жеткиликтүүлүктүн болбогонун артыкчылыктуу маселе деп аныкташты. Айыл толугу менен сууну жергиликтүү өзөндөн алат. Жергиликтүү орто мектепте да оор кырдаал түзүлгөн. Окуучуларга тамак жасаганга, идиш-аяк, кол жууганга жана башка күнүмдүк иштерге сууну жакын жерде аккан өзөндөн алып келишчү. Мындай кырдаалда жакшы санитардык-гигиеналык абал тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес болчу.

Бүтүн айыл үчүн таза сууга жеткиликтүүлүккө байланышкан көйгөйдү бир заматта чечүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колунан келген эмес. Долбоордун баасы жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн кыйла ашып кеткен. Бул көйгөйдү тез жана толугу менен чечүү мүмкүн болбогонун түшүнгөн АДК мүчөлөрү жана анын төрайымы Айымкан АБДРАЗАКОВА жергиликтүү мектепти таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүнү колго алды. Жардамга Тынчтык корпусунун гранттык программасы келди. АДК Тынчтык корпусунун ыктыярчылары менен элеттеги аялдар үчүн йога боюнча ден соолукту бекемдөөчү көнүгүүлөрдү уюштурган эле. Гранттык программага катышкандын натыйжасы катары АДК жергиликтүү мектепти суу менен камсыздоо жана окуучулар дааратканадан чыккандан кийин жана тамактанардын алдында колун жууй турган жуунгучтар үчүн 5 000 АКШ долларын алды.

АДК күчү менен бир топ иштер жасалды: скважина  бургуланып, трубалар төшөлүп, мектептин ичинде жуунгучтар орнотулду. Донордон алган жардамдан тышкары АДК жергиликтүү жашоочуларды да ишке тартты. Болжолдуу эсептерге караганда, жергиликтүү калктын ыктыярдуу иштеринин эсебинен жүзөгө ашырылган жумуштардын көлөмү 100 000 сомго бааланды. Бул болсо АДК долбоорунун жалпы баасынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Ошондой эле ЖМБА-иш-чараларынын алкагында көчө жарыгынын жоктугу да артыкчылыктуу көйгөй болуп аныкталган. Бул маселе бюджеттин дефицитинен улам жаралды. Анткен менен медалдын экинчи бети да бар – буга чейин эч ким жетиштүү демилге көтөрүп чыккан эмес. Бирок көчөнү жарыктандыруу баарына тиешелүү маселе. Анткени ал жок болгондуктан кылмыштуулуктун саны өсүп, кырсыктагандар көбөйүп, тез жардам машинеси керектүү даректи таба албай убара болуп, жолбун иттердин жана чөөлөрдүн адамдарга кол салуусу күчөдү. Шор-Булак айылынын башчысы Жаанбай АБДРАЗАКОВ башында турган элеттиктер көйгөйдү чечүүгө пландуу киришип, биргелешкен аракеттер планына ылайык иш алып барышты. Башында ЖӨБ органдары көчө чырактарын сатып алууга 200 миң сом бөлдү. Андан кийин айыл башчысы АДК мүчөлөрү менен биргеликте көчө чырактарын сатып алуудан баштап, аларды орнотууга чейин көчөнү жарыктандыруу маселесин чечүү боюнча калган бардык иш-чараларга көзөмөлдү жана аткарылышын өзүнө алышты.

Натыйжада узундугу эки километр болгон борбордук көчөдө көпкө күтүлгөн жарык да пайда болду. Жалпы аракеттер текке кеткен жок. Көчө жарыгын орнотуу боюнча долбоорду биргелешип пландоо жана ишке ашыруу жамаатты, АДКны жана ЖӨБ органдарын бириктирип, өз күчүнө болгон ишенимди пайда кылды. 

Окшош материалы: