Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнүктүрүү саясат институту жана “Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери” ассоциациясы “Элеттик ден соолук комитеттеринин үнү” Долбооруна катышуу үчүн пилоттук элеттик саламаттык комитеттерин (ЭСК) тандап алышты

2014-06-04 / Жарандык катышуу
Өнүктүрүү саясат институту жана “Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери” ассоциациясы “Элеттик ден соолук комитеттеринин үнү” Долбооруна катышуу үчүн пилоттук элеттик саламаттык комитеттерин (ЭСК) тандап алышты

Айнура ЖУНУШАЛИЕВА, ЭДКҮЖӨБОСЖ Долбоорунун менеджери

Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) жана “Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери” ассоциациясы (АЭСК) Социалдык жоопкерчилик боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (СЖГӨ) (Дүйнөлүк банк) колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан “Элеттик ден соолук комитеттеринин үнү жана Кыргыз Республикасында элеттик жамааттардын саламаттык детерминанттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилиги” Долбоору (ЭДКҮЖӨБОСЖ Долбоору) ишке киргени тууралуу кубануу менен кабарлайт.

Долбоордун иши 4 жылга созулат жана Кыргыз Республикасында Элеттик саламаттык комитеттеринин (ЭСК) жана ЭСК Ассоциациясынын дараметин жогорулатууга багытталат. Долбоор ЭСК менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) ортосунда элет калкынын саламаттыгынын детерминанттарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык мүмкүн болгон ресурстарды мобилдештирүү үчүн диалог түзүүгө жардам берет. Саламаттыктын социалдык детерминанттарына ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк, тазалык, гигиена, коопсуз жашоо ж.б. өңдүү факторлор кирет. Алар ар бир адамга өзүнчө да, жалпысынан жамааттын да ден соолугунун абалына чоң таасирин тийгизет. Саламаттык детерминанттарынын абалын жакшыртуунун эсебинен долбоордон кыйыр пайданы КРнын элет калкы алат.

Аталган долбоордун өзгөчөлүүлүгү – аны ишке ашыруу калктын саламаттыгын сактоого жана бекемдөөгө багытталган секторлор аралык саясатты түзүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болуп бериши мүмкүн. Бул үчүн саламаттык сактоо тармагынын гана эмес, ошондой эле башка дагы тармактардын жана секторлордун катышуусу менен жалпы жамааттын аракети талап кылынат. Узак мөөнөттүү натыйжага жетүү үчүн саламаттык сактоо тармагы түрдүү тармактар жана секторлор менен кызматташыш керек. Ушундай багыт гана калктын ден соолугунун абалын бир топ жакшыртууга жол берет.

2014-жылы жайында долбоор Кыргызстан боюнча 30 пилоттук ЭСКны долбоорду ишке ашыруу үчүн тандап алды. Пилоттор үчүн ЭСК менен ЖӨБ ортосунда өз ара аракеттешүүнү күчөтүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда: тренингдер, консультациялар, техникалык колдоо, айылда саламаттыктын детерминанттары боюнча кырдаалды жакшыртууга багытталган жергиликтүү саясатты иштеп чыгууда жардам, элеттик чогулуштарды жана угууларды өткөрүүдө колдоо көрсөтүү.

Эмне себептен ЭСК үчүн бул долбоорго катышуу маанилүү?

Бул долбоорго катышуу ЭСКга төмөнкүлөрдү берет: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөш мамилелерди куруу үчүн зарыл болгон практикалык билимди; жеринде чечим кабыл алууга катышуунун көндүмдөрүн, анын ичинде артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо жана ачык бюджеттик угуулар жолу менен; аныкталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен пландоонун техникасын өздөштүрүү; коомдук мониторингдин аспаптары, бул болсо ЭСКга өз муниципалитетинин жашоосуна көбүрөөк катышууга жана жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн чечүүгө көбүрөөк таасир этүүгө жол ачат. ЭСКны ушул долбоордо каралгандай ЖӨБдүн негиздерине окутуу жана комитеттердин биргелешкен ишмердикке катышуусу ЖӨБ органдарына саламаттыкка таасирин тийгизген турмуш шарттары маселелеринде өз ишин жамаат алдында дагы да айкын жана жооптуу аткарууга жардам берет. Ошондой эле долбоор коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн пилоттук ЭСКга техникалык жардам катары иш техникасын берет.

Эмне үчүн ЖӨБ үчүн бул долбоорго катышуу маанилүү?

Өнүктүрүү саясат институту Кыргызстан боюнча ЖӨБ органдарынын дараметин жогорулатуу жаатында чоң тажрыйбага ээ. ӨСИнин артында Кыргызстандын бардык облустарында ЖӨБ кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кесиптик билимин жогорулатууга багытталган жүздөгөн тренингдер турат. ЖӨБ чөйрөсүндө көптөгөн мыйзамдар ӨСИнин катышуусу менен же түздөн-түз колдоосу алдында кабыл алынган. ӨСИ ЖӨБ чөйрөсүндө өзгөчө жаңычыл көз караштагы билимге ээ жана түрдүү ЖӨБдордон алардын кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүп берүү тууралуу сунуштарды алып турат. Бул долбоорго катышуу ЖӨБ органдарына тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүн гана түзбөстөн, ЖӨБдүн түрдүү тармактарында ӨСИ эксперттеринин консультацияларын алып турууга да көмөктөшөт. ӨСИ эксперттери ЖӨБго ЭСКнын атынан да калкты артыкчылыктуу маселелерди чечүүгө тартуунун усулдарын практикада колдонууга көмөктөшөт. Бул болсо соңунда жеринде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жана жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандырууга алып келиш керек. ЖӨБ саламаттыктын детерминанттарына чоң көңүл бурат. Бул болсо элет калкынын ден соолугунун абалына оң таасирин тийгизет. 

Долбоор – бул калктын кеңири катмарын ден соолуктун детерминанттарынын маанилүү маселелерине тартуу мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары изилдөөлөрдүн жана анализдердин жыйынтыктары өңдүү долбоордун өнүмдөрү мамлекеттик органдарга жериндеги кырдаалды көрүүгө жардам берип, элет калкынын керектөөлөрүнө ыкчам реакция жасоо мүмкүнчүлүгүн берет. ӨСИ жана ЭСКА атынан долбоордун аткаруучулары анын жүрүшү жана натыйжалары тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарга үзгүлтүксүз маалымат берип турууну пландоодо. Бул болсо саясий чечим кабыл алган өзөктүү адамдарга, анын ичинде КРнын Саламаттык сактоо министрлигине жеринен маалымат берген булак катары кызмат өтөй алат.