2016-07-15 / ЖӨБ каржысы
Бюджеттик процессти жөнгө салган нормалар ар бир бюджеттик мыйзамдардагы маанилүү жоболор болуп эсептелет. Мыйзамдарда негизги даталарды белгилөө практикасы тигил же бул түрүндө ар кайсы өлкөлөрдө колдонулуп келет. Кыргызстанда колдонуудагы мыйзамдарда да (“КРда бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансыэкономикалык негиздери жөнүндө” КР Мыйзамдары), кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде (КР БК) да жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана ал боюнча отчет берүүнүн негизги этаптары аныкталган.
КР БКда жергиликтүү бюджеттердин (ЖБ) долбоорлорун түзүү, аларды кароо жана бекитүү, отчет берүү мөөнөттөрү жана тартиби төмөнкүдөй позициялар боюнча өзгөртүлгөн:
-
Финансы министрлиги 15-июлдан кечиктирбестен (колдонуудагы мыйзамдарда– 30-майга чейин) ЖӨБ органдарына бюджеттик процесстин календардык планын; жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча методикалык сунуштарды; жалпы мамлекеттик кирешелердин көлөмү боюнча, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн нормативдери, бюджеттер аралык трансферттер боюнча саясаттын божомолун жана жүйөлөрүн жиберет;
-
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (ЖӨБО) тарабынан түзүлгөн жана жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору Финансы министрлигине 1-сентябрдан кеч эмес мөөнөттө (колдонуудагы мыйзамдарда – ЖБ кирешелер долбоору 1-июлга чейин, чыгашалар долбоору 1-августка чейин берилчү) жиберилиш керек;
-
Финансы министрлиги республикалык бюджетти бекиткенден кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн такталган көлөмдөрүн жана ченемдеринин бюджеттер аралык трансферттеринин өлчөмдөрүнүн долбоорлорун 10 күндүн ичинде жиберет.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, өкмөт республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңешке бергенден кийин Финансы министрлиги такталган көрсөткүчтөрдү ЖӨБОго жиберет. Иш жүзүндө бул норма аткарылбай келет жана Финансы министрлиги такталган сандарды республикалык бюджет бекитилгенден кийин гана жиберет. Мындан улам мыйзам менен практика бири бирине шайкеш келгендей көрүнүшү мүмкүн. Бирок Кодексти тереңирээк “каза” баштаганда республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы бюджеттик жылдын башталышына чейин бир ай калгандан кечиктирилбестен (б.а., 30-ноябрга чейин) каралып, кабыл алынарын көрөбүз (90-берене). Бирок жергиликтүү бюджеттердин такталган долбоорлорун ЖӨБдүн аткаруучу органдары жергиликтүү кеңештердин кароосуна жана бекитүүсүнө кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен киргизет. Буга ылайык, жаңы бюджеттик календарда даталар макулдашылган эмес жана бири-бирине шайкеш келтирүү үчүн аларды өзгөртүү талап кылынат;
-
жергиликтүү кеңештер жергиликтүү бюджеттерди республикалык бюджет бекитилгенден кийин бир айдан кеч эмес мөөнөттө бекитиши керек. Андан кийин бекитилген жергиликтүү бюджеттер Финансы министрлигине кабыл алынгандан кийин 14 календардык күндүн ичинде берилет. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык,белгиленген тартипте бекитилген жергиликтүү бюджеттер Финансы министрлигине республикалык бюджетти бекиткенден кийин эки айдан кечиктирбестен берилиш керек.
-
Жергиликтүү бюджеттерди Финансы министрлигине берүү мөөнөтүн 2 айдан 1,5 айга чейин кыскартуу негизсиз. Анткени ченемдик-укуктук актынын, анын ичинде жергиликтүү бюджетти бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтомунун күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарттардын бири болуп анын расмий жарыяланышы жана Ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине кошулуусу эсептелет.
-
Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат (тиешелүү административдик-аймактык бирдикте мамлекеттик тилде сүйлөгөн адамдар басымдуулук кылса жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими чыкса, анда ченемдик укуктук актыны мамлекеттик тилде гана жарыялоого уруксат берилет). КР
Мыйзамына ылайык, ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тарта КР Ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине жети жумушчу күндүн ичинде кошулат. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө Финансы министрлигине отчетторду берүү мөөнөтүү өзгөргөн жок – отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбеген мөөнөттө берилет. Ошону менен бирге бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жол-жобосун жөнгө салган нормалар бир кыйла өзгөртүлдү. Биринчиден, бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү белгилүү бир учурларда гана жүзөгө ашырыла турганы аныкталды:
-
Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, экологиялык жана социалдык туруктуулугуна коркунуч туудурган кырдаалдарды четтетүү зарылчылыгы чыкканда;
-
бюджеттин бекитилген параметрлеринин деңгээлине таасир көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө;
-
кошумча кирешелерди пайдалануу же Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган чыгашаларды үнөмдөө жөнүндө чечим кабыл алынганда, Социалдык фондго,
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна максаттуу трансферттердин, ассигнованиелердин, республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген бюджеттик ссудалардын көлөмдөрү өзгөргөндө;
-
чукул кырдаал же аскерий абал киргизилгенде жана бюджеттик каражаттардын калдыгын колдонгондо;
-
бюджеттин кирешелеринин түшүүсү азаят деп күтүлгөн шарттарда чыгашалардын секвестрин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү өзүнчө белгиленди. Ал бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн күтүлгөн төмөндөөсүнүн шартында бюджеттин чыгаша беренелеринин белгиленген катыштарында кыскартууну караган механизмди түшүндүрөт.
-
Жергиликтүү чыгашалар секвестрин киргизүү жөнүндө чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бюджеттик жыл ичинде жана бюджет тууралуу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен кабыл алат.
Экинчиден, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн деген эреже киргизилди: биринчиси - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин, экинчиси - 1-ноябрына чейин. Үчүнчүдөн, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоорун кеңеш ал кароого берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде кезексиз тартипте карайт деп аныкталды. Мындан тышкары мыйзамга тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизгенге чейин республикалык бюджеттин бюджеттик параметрлерин өзгөртүү Жогорку Кеңештин бюджеттик мыйзамдар маселесин караган профилдик комитети менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат деп аныкталды.Жергиликтүү бюджеттерди аткаруу процессинде андагы каражаттарды кайра бөлүштүрүү эрежелери олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду.
Бюджеттерди аткаруу процессинде бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү (тескөөчү) чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда жалпы бюджеттик каражаттардын ассигнованиелеринин чектеринде башкы тескөөчү (тескөөчү,алуучу) боюнча каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.Каражаттарды бюджеттик программалар арасында кайра бөлүштүрүүгө тыюу салынат. Каржылык жылдын ичинде кайра бөлүштүрүлгөн каражаттардын жалпы көлөмү бюджеттик каражаттарды ар бир башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) бюджеттеринин каражаттарынын жыйынды көлөмүнүн өз-өзүнчө 5 пайызынан ашпоого тийиш. Бул норма аткарылган учурда бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү талап кылынбайт. Бюджеттик процесстин алкагында коомдук бюджеттик угууларды милдеттүү түрдө өткөрүү, аларды даярдоо жана өткөрүү жол-жоболору тууралуу нормалар андан ары өркүндөтүлдү (127-берене).
Угуулар коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, бюджеттерди түзүү жана аткаруу маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара катары аныкталган.Коомдук бюджеттик угууларга материалдар коомдук бюджеттик угууларды өткөргөнгө чейин 10 күн мурда расмий сайтта милдеттүү тартипте жарыяланууга тийиш. Угууларды өткөрүү күнүндө аткаруу органы катышуучулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоо документтерин жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
Андан кийин угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштар жалпылаштырылат, алардын сунуштарын кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө жооп жиберилет.Бюджеттик кодекске ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкү документтерди бекиткенден кийин (жактыргандан кийин) 15 күндүн ичинде жашырындуулук режимин камсыздоо, мамлекеттик же мыйзамдар менен корголгон башка сырларды коргоону эске алуу менен өзүнүн расмий сайттарына жайгаштырууга милдеттүү болушат:
-
жергиликтүү бюджеттин долбоору;
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бекитилген бюджети;
-
жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу жылдык отчет, анын ичинде натыйжалуулук индикаторлоруна жеткени тууралуу отчеттор;
-
жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу ай сайынкы отчеттор.
Бюджет айкындуулугунун өсүшүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик маалыматтарына коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган дагы бир жаңылык – “жарандык бюджет” түшүнүгүн бекитүү (126-берене) жана жергиликтүү деңгээлде бюджет айкындуулугун баалоонун көрсөткүчтөрүн киргизүү (129-берене). Жарандык бюджет – маалыматтарды (бюджеттик параметрлер, белгилүү бир каржылык мезгилге карата артыкчылыктар жана чечимдер жөнүндө) түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада баяндоо деп аныкталды. Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексин коммерциялык эмес уюмдар (жарандардын демилгелүү топтору) өкмөт кабыл алган методикага ылайык баалай алат. Ушуну менен бирге жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугунун өсүшүн камсыздоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук баалоонун жыйынтыктарын сөзсүз түрдө эске алышат. “Жарандык бюджет” жана “бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси” терминдеринен тышкары Бюджеттик кодекстин кабыл алынышы менен бюджеттик мыйзамдардын категориалдык аппараты ЖӨБ органдары үчүн маанилүү дагы башка аныктамалар менен толукталды.
Алар: “шаарлардын жана айылдык аймактардын социалдык–экономикалык өнүгүү программасы” жана “бюджеттик программа”. Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, алдыдагы мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктаган документ деп аныкталды. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору ошолордун негизинде түзүлөт.Ошону менен бирге социалдык-экономикалык өнүгүү программалары өткөн эки жылдын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн, учурдагы жылга күтүлүүчү бааны жана кийинки үч жылга болжолду камтыйт. Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын үч жылдык мезгилинин биринчи жылы кезектеги бюджеттик жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн негиз болуп саналат. Экинчи жана үчүнчү жылдар кезектеги үч жылдык мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдонгон программасынын ориентири болуп саналат. Мыйзамдар менен социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын структурасы да бекитилди:
-
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун эске алуу менен өнүгүүнүн социалдык-экономикалык болжолун;
-
алдыдагы мезгилге бюджеттин долбоорун, ал бюджеттин түрлөрүнүн жана булактарынын чегинде бюджеттин ресурстары, бюджеттин чыгашалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик программаларынын чеги, бюджеттин теңдештирилгендиги, муниципалдык карыз боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөрдү камтыйт;
-
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына карата түшүндүрмө кат;
-
мүмкүн болуучу бюджеттик тобокелдиктерди жана милдеттенмелерди баалоо.
Биздин баамыбызда, жогоруда келтирилген структура аймактын жана жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү максаттары, аракеттердин жылдык планы, мониторинг жана баалоо планы, калктын катышуусу менен жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн аныктоонун жыйынтыктары менен толукталууга тийиш. Бул элементтерди кошпосо, программа аймактын жана жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын аныктаган документ эмес, орто мөөнөттүү финансы документи катары гана кабыл алынып калат.
Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. ЖӨБдүн аткаруучу органдары социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Бюджеттик программа аймактардын социал дык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплексин түзөт. Бюджеттик программанын так, реалдуу жана жеткиликтүү максаты, бюджеттик чаралары, сандык жана сапаттык көрсөткүчтө бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжасын чагылдырган индикаторлору болууга тийиш. Өз кезегинде бюджеттик чаралар бюджеттик программанын курамдык бөлүгү болуп саналат жана бюджеттик программаны түздөн-түз аткарууга жардам берүүчү иштин түрлөрүн (иш-чаралар, долбоорлор, дайыма аткарылуучу иш-милдеттер, үзгүлтүксүз сатып алуулар жана башка д.у.с.) түзөт. Бюджеттик чаралар программанын максаттарына жетишүү ыкмаларын жана жолдорун аныктайт.Бюджеттердин, а.и., жергиликтүү бюджеттердин укуктук базасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн төмөнкүдөй эки жаңы норма кабыл алынды:
-
бюджеттин негизги параметрлери учурдагы бюджеттик жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен бекитилген жана кезектеги бюджеттик жылдын 1-январынан эрте эмес колдонууга киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын натыйжаларын жана өткөн мезгилдеги макроэкономикалык кырдаалдын абалын талдоону эске алуу менен кабыл алынат (80-берене);
-
бюджеттик кирешелерди жана (же) чыгашаларды өзгөртүүгө алып келе турган, Жогорку Кеңешке (жергиликтүү кеңештерге) бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизген күндөн кийин кабыл алынган ченемдик укуктук актылар кезектеги бюджеттик жылдан кийинки жылдын 1-январынан эрте эмес күчүнө кирүү жөнүндө жобону камтууга тийиш.
Жаңы ыкмалар ЖӨБ органдарынын трансферттерди жана бюджеттик ссудаларды алуу булактарын аныктоого да киргизилген. Максаттуу трансферттер да ссудалардай эле республикалык бюджеттен гана эмес, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерден да – бир бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке берилиши мүмкүн (55, 57-беренелер).Анткен менен бюджеттер аралык мамилелердин принциптери колдонуудагы мыйзамдарга салыштырмалуу жалпысынан олуттуу өзгөртүүлөргө дуушар болгон жок. Бюджет аралык мамилелер төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
-
бюджеттик тутумдун ар бир бюджетине кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитип берүү;
-
мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша ыйгарым укуктарын сактоо;
-
бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемдерин узак мөөнөттүү негизде аныктоо
-
республикалык бюджеттен бюджеттер аралык трансферттерди берүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздалгандык деңгээлине жетүү;
-
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан бюджеттердин кирешелериндеги же кошумча чыгашаларындагы жоготуулардын ордун толтуруу.
Көрүп тургандай эле, бюджеттер аралык мамилелердин жогоруда саналган принциптери мурдагыдай эле бюджеттер аралык мамилелердеги учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган: чегерүүлөрдүн нормативдеринин туруксуздугу, мамлекеттик органдардын ЖӨБ органдарынын бюджеттик процессине кийлигишүүсү ж.б. Мыйзамдарга дагы да прогрессивдүү укуктук нормаларды киргизүү керек, системаны жаңысына, өлкөдөгү бюджеттер аралык мамилелердин дагы да “заманбап” моделине өткөрүү зарыл деп КР БК долбоорун талкуулап жатканда айтканбыз. Айталы, бюджеттер аралык мамилелердин кабыл алынган принциптери чечим кабыл алууда Өкмөттү жергиликтүү жамааттардын бюджеттерине өз финансы каражаттарын гана бекитип койбостон, ошону менен бирге аларга мыйзамдар боюнча берилген чыгаша ыйгарым укуктарына шайкештигин камсыздоого да багытташ керек; КР мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө байланыштуу бюджеттердин кирешелериндеги жоготуулардын же кошумча чыгашалардын ордун толуктоого эмес, жергиликтүү бюджеттердин финансылык камсыздалгандык деңгээлдерин теңдештирүү жол-жоболорун киргизиш керек, бул болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген каражаттарды алардын компетенциясынын чегинде колдонууга жол бербейт ж.б.
Кодексте түзөтүүнү жалпы мамлекеттик киреше лердин тизмеги да (46-берене) жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелери да (48-берене) талап кылат. Антикоррупциялык экспертизанын талаптарына ылайык, эки тизме тең жабык болуп калды, б.а., алардан кирешелердин “башка” түрлөрү деген термин алып салынды. Анткен менен жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин курамына ушул тапта жергиликтүү бюджеттерге түшкөн кирешелердин өзүнчө түрлөрү кирген жок. Алар: КР мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бюджеттерге жиберилген мамлекеттик алым; Айыл чарба жерлери боюнча мамлекеттик фонддун жерлери үчүн алынган ижара акысы; муниципалдык мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер. Административдик укук бузганда салынчу административдик айыптарды жана бажы органдары салган административдик айыптардын суммасын кошпогондо, мамлекеттик органдар салган административдик айыптардан алынган суммадан түшкөн, ушул тапта республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда тең бөлүштүрүүгө жаткан кирешелер жалпы мамлекеттик кирешелердин курамына кошулган жок (46-берене).