Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Жергиликтүү демилге» сынагынын жеңүүчүлөрү

2016-09-02 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Конкурстук комиссия төмөнкү курамында: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, «За прозрачный бюджет» Альянсы, Өнүктүрүү Демилгелеринин Агентствосу, Өнүктүрүү саясат институту жана Долбоор, 47 табыштамаларды өз алдынча карап, баалап төмөнкү чечимге келишти:

«Жергиликтүү демилге» сынагынын жеңүүчүлөрү деп төмөнкү табыштамалар эсептелсин:
 
  •  1 орун – «Таза ичүүчү суу – бул ден соолук жана узун өмүр» (табыштама берүүчү – Таштанбай ТУНГАТАРОВ, АК депутаты) Фрунзе АА Панфилов району Чүй облусу, 135 000 сомго байге ыйгарылат ;
  • 2 орун – «Суу – бул өмүрдүн булагы», (табыштама берүүчү – Аманат ТОКТОМАТОВ,Токбай а. айыл башчысы, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөсү) Кызыл-Туу АА Сокулук району Чүй облусу, 90000 сомго байге ыйгарылат;
  • 3 орун – «Таза ичүүчү суу – бул ден соолуктун булагы» (табыштама берүүчү – Лариса КУСОВА, демилгелүү топтун мүчөсү , биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун лидери) Боролдой АА Кемин району Чүй облусу, 63 000 сомго байге ыйгарылат;
  • 3 орун – «Балдарыбыздын бактылуу балалыгы – бул биздин келечегибиз», (табыштама берүүчү – Атамша ДУРСУНОВ, АК депутаты) Кочкорбаев АА Ысык-Ата району Чүй облусу, 63 000 сомго байге ыйгарылат

жергиликтүү демилгелерди белгилеп, 13 500 сомго шыктандуруучу байгелер төмөнкү  8 табыштамаларга ыйгарылсын:

  •  «Спорт – бул инсанды өнүктүрүү жана анын лидердик сапаттарын аныктоо» – Гроздь АА, Аламүдүн району Чүй облусу;
  • «Жеткиликтүү таза суу» – Күнтуу АА, Сокулук району Чүй облусу;
  • «Көчө чырактары – ашкере байлык эмес, бул
  • зарылчылык» – Таш-Мойнок АА, Аламүдүн району Чүй облусу;
  • «Балдарга сапаттуу мектепке чейинки билим берүү» – Кемин ш., Чүй облусу;
  • «Дени соонун, жаны соо» - Юрьевка АА, Ысык-Ата району Чүй облусу;
  • «Эч ким унутулбайт, эч нерсе унутулбайт. Согуш жана эмгек ардагерлерине эстелик көтөрүү» – Бурана АА, Чүй району, Чүй облусу;
  • «Новопавловка айылындагы майып балдардын ата-энелерин активдештирүү жана атайын инклюзивдик аянтчаны куруу» – Новопавловка АА, Сокулук району Чүй облусу;
  • «Тынчтыктын жана биримдиктин көчөсү» – Новопокровка АА, Ысык-Ата району Чүй облусу;
жергиликтүү демилгелерди белгилеп, 7 000 сомго жубатуучу байгелер төмөнкү 8 табыштамаларга ыйгарылсын:
 
  • «Эс алуучу жай» – Ак-Башат АА, Жайыл району Чүй облусу;
  •  «Жакшы жол – бул жашоочулардын бакубатчылыгы» – Александровка АА, Москва району Чүй облусу;
  • «Баланын, ата-энесинин кыялы!» – Ленин АА, Аламүдүн району Чүй облусу;
  • «Ынтымак» – Кайназаров АА, Сокулук району Чүй облусу;;
  • «Шамсы көчөсүндөгү аллеяны көрктөндүрүү» Токмок ш., Чүй облусу;
  • «Окуучлар мектепти көрктөндүрүүгө жардам берет» – Байтик АА, Аламүдүн району Чүй облусу;
Конкурстук комиссия белгилеген бардык баяндар журналдын ушул санында сүрөттөлүп, өзүнүн окурмандарын күтүп, аларга дем берүүгө даяр!

Окшош материалы: