Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Александровка АА: өзүмдүн көчөмө өзүм жардам берем

2016-09-05 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

2015-жылдын жай мезгилинде Александровка айыл өкмөтү калктын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо боюнча ЖМБА иш-чараларын өткөргөн эле. Жергиликтүү калк айылдагы Крупская атындагы көчөнүн канааттандырбаган абалын көйгөйлүү маселелердин бири катары атаган. Советтер Союзу тарагандан бери көчөлөрдүн көбүнө асфальт төшөлбөй, талкаланган абалда жаткан.

Ошолордун бири – чуңкуру көп, өңгүл-дөңгүлдүү Шевченко атындагы көчө. Жолдордун кейиштүү абалы анын боюнда жашаган тургундар үчүн да, айдоочулар үчүн да бир топ түйшүк жаратты.Жол көйгөйдү Биргелешкен аракеттер планынын алкагында чечүү үчүн артыкчылыктуу маселелердин тизмегине кирди. Айыл өкмөтү ЖМБА иш-чараларында көбүрөөк аталган көчөлөрдөгү жолдордун абалын дыкат изилдеп чыгып, ремонтту инвестицияны талап кылгандарын бөлүп койду. Бирок артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча план – бул жумуштарга жашоочулар да тартылат дегенди билдирген Биргелешкен аракеттер планы эмеспи.Демилгени колго элет тургуну Эльдар ХАСАНОВ алды. Анын апасы Халида Халитовна ХАСАНОВА дал ошол Шевченко көчөсүндө жашайт экен. Эльдар жолдорду оңдоо боюнча негизги чыгымды өзү көтөрдү. Бирок бул көчөнүн жашоочулары да четте карап турушкан жок. Алар жол боюнда жашаган 13 короонун ар биринен миң сомдон чогултуп беришти. Бул акчага үстүбүздөгү жылдын май айында алты КамаАзга жүктөлгөн майда топурак сатып алынып, үч күндүн ичинде элеттиктер (15 киши) аны көчө бою чачып чыгып, жолду тегиздегендей болушту.
Жакынкы келечекте жолдун бетин жакшыртуу үчүн Эльдар дагы үч машине кум алып келүүнү пландоодо. Ошондой эле жашоочулар да бул үчүн ар бир короодон дагы кошумча 300 сом чогултууну көздөп жатышат.Мына ушинтип Шевченко көчөсүнүн жашоочулары 200 метр жолду ыкчам жана ынтымактуу түрдө оңдоп чыгышты. Эми бул көчөдөн ары-бери басып жүргөн да, машине менен өткөн да ыңгайлуу болуп калды. Крупская атындагы айылдын бул районунда жашаган 73 киши абдан ыраазы болуп отурушат. Элеттиктердин демилгесине айыл өкмөтүнүн жетекчилери да, депутаттык корпус да ыраазы. Алар жердештеринен муниципалдык жамааттын турмушун жакшыртуу боюнча ар кайсы тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү болгон чыныгы жардамчыларды көрө алышты. БМжБ тобунун катышуучулары жолдун ремонтун жана анын жыйынтыгын сүрөткө тартып алышты. Эми бул сүрөттөрдү үлгү катары Александровка айылдык аймагынын маалымат тактасына жайгаштырганы жатышат. “Көчөнү оңдоп бүткөндөн кийин башка айылдын жашоочулары да келип, өз айылында да биздин ремонт тажрыйбабызды колдонуу үчүн жасагандарыбызга кызыгышты. Биздин жолубузду көптөр улантып кетип, эми муниципалдык жамааттын аймагында транспорт кыймылы жана жашоо үчүн нормалдуу шарттар түзүлдү, - деп айтып берди Крупская атындагы айылдын аксакалдар сотунун төрагасы Шевкет ЭМИНОВ. – Жакын арада элеттиктердин чогулушун өткөрүүнү пландап жатабыз.
Ал чогулушта биздин айылдын жашоочуларына жасаган жакшылыгы жана камкордугу үчүн демөөрчүбүз Эльдар ХАСАНОВго ыраазычылык билдирүүнү ниет кылып жатабыз. Ошондой эле биз айыл жол-дорун абаттоо боюнча демилгени ишке ашыруу процессинде топтогон тажрыйбабызды башка жерлерде да жайылтууну көздөп турабыз”.Бул тажрыйбанын арты менен элеттиктер бийликтен жардам күтүп отура бербестен өздөрү жашаган жердин көйгөйлөрүн өздөрү эле чече аларын, бул үчүн демөөрчү да табыларын түшүнүштү.Азыр Шевченко атындагы оңдолгон көчөнү элеттиктер тамашага салып “эртеңки күндүн жолу” деп атап алышкан. Тамаша болгону менен, мунун артында терең маани жатат.Бирок муну менен Александровкадагы абаттоо баяны аяктап калбайт. Активисттер көчөгө жарык өткөрүү маселесин көтөрүшүүдө. Биринчи кезекте жашоочулары демилге көтөрүп, көрктөндүрүүгө салым кошкон көчөгө жарык берүү акыйкаттык болот. Мындан да ири инвестиция тууралуу айта турган болсо, АӨ 1000 м жолдун ремонтуна тендер өткөрүп жатканын белгилебей коюуга болбойт. Бул километрди Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун гранты кошо каржыламакчы. Аталган долбоордун тамыры да жергиликтүү демилгеге, Демилгелүү топтун лидеринин жигердүү жарандык позициясына тараган. Бул лидер бюджеттик каражаттарды айылдын борбордон алысыраак жана бакубат бөлүгүнө жакын болбогон жолдорду оңдоп-түзөөгө багыттоо үчүн добуш бергиле деп элеттиктерди ынандыра алды.
Шевкет ЭМИНОВ,
Крупская атындагы айылдын
аксакалдар сотунун төрагасы,
электрондук дарек: aleks.a_o@ mail.ru

Окшош материалы: