Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ново-Покровка АА: стратегиялык мааниге ээ чолок көчө тегиз жана жарык болуш керек

2016-09-06 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Ново-Покровка айылдык аймагынын борбору болуп эсептелген Ново-Покровка айылынын 108 жылдык тарыхы бар. Бул жерде 30 улуттун өкүлдөрү жашайт (4660 кыргыз, 4186 - орус, 2870 уйгур, 502 - өзбек, 439 - балкар, 213 - украин, 131 корей, 104 - немис, башка улуттун 706 өкүлү). Бул аймакта эч качан улуттар аралык жаңжалдар болгон эмес, ынак коңшулуктун жана өз ара урмат-сыйдын салттары түптөлүп, алар катуу сакталат. Баары болуп 13 811 киши жашаса, анын дээрлик 24% балдар жана жаштар.Аталган айылдын аймагында жайгашкан Москва чолок көчөсү маанилүү инфраструктуралык тутум болуп эсептелет. Анткени ар биринде 100 үй жайгашкан беш чоң көчөнү, бир калктуу конушту бириктирип турат. Ошондой эле “Карьер” темир жол токтотмосуна, “Монтажник” заводуна жана таштанды жайына алып барат. Чолок көчөнүн узундугу болго-ну 800 метр экенине карабастан, аны бери дегенде бир жарым миң киши колдонот. Буга кошумча бул маанилүү жол трассасы да болуп эсептелет: бул жол аркылуу таштанды жана “Монтажник” заводуна металл конструкцияларын жүктөгөн чоң жүк ташуучу унаалар өтөт.

Өткөн кылымдын 70-жылдары Москва чолок көчөсүнүн жолуна ошол кездеги Киров атындагы колхоздун күчү менен асфальт төшөлгөн (төрагасы Ю.К. Васильев). 40 жылдын ичинде жүк ташуучу унаалар тынбай өткөндүктөн жол начар абалга келип, туш тарабы чуңкур жана өңгүл-дөңгүл болуп калган. Мындай маанилүү жолдун начар абалы калктын кыжырына тийип келди. Бул жерде жол кырсыктары да көбөйүп, жаракат алгандар да болду. Натыйжада 2010-2011-жылдары жарандык активисттердин демилгеси менен элеттик чогулуштар өтүп, массалык маалымат каражаттарына, айылдык управага жана жогорку бийлик органдарына жолду оңдоп берүүнү талап кылган бир топ кайрылуулар жолдонду. Бул жерде “Достук, эл биримдиги” коомдук фонду жарандык демилгенин өзөгү болуп калды. Ремонт идеясын ишке ашырууда жергиликтүү кеңештин депутаты Сансызбай БОСТОНКУЛОВ чоң жигердүүлүктү көрсөттү. Ал бийлик органдары менен кат жазышуу, Ысык-Ата районунун акими Н.Б.САКЕБАЕВге кайрылуу жолдоо үчүн айыл тургундарын колун топтоо, жолдор капиталдык ремонтко муктаж экени тууралуу өлкө бийлигинин дарегине кат жазуу өңдүү иштерди өзүнө алды. Натыйжада Москва көчөсү ПЛУАД №1 боюнча 2012-жылга жолдорду жана жол курулмаларын оңдоо тизмесине кошулуп, 9 млн. сом көлөмүндө каражат бөлүндү.
Бирок жумуштардын өндүрүшүнө тендер даярдалып жатканда укуктук пландагы маселе жаралды – тендерди жарыялаган негизги тапшырыкчыны аныктоо кыйын болду: жол айылдык управанын балансында турат. Мыйзам боюнча управа өз каражаты болбогондуктан тендер өткөрө албайт. 185 киши Чүй облусунун губернаторуна жана прокуроруна бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылууга мажбур болушту. Облустук бийликтин тапшырмасы боюнча процесске Ысык-Ата райадминистрациясы кошулду. Натыйжада 2013-жылдын 31-декабрында КР Өкмөтүнүн №528-р тескемеси чыкты. Анда: “КР Транспорт жана байланыш министрлигине 2013-2014-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен долбоордук сметалык документтерди даярдап, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылдык аймагынын Ново-Покровка айылындагы узундугу 2 км Москва көчөсүндө капиталдык ремонтту жүзөгө ашыруу тапшырылат” деп айтылган. Анткен менен инстанциялардагы бюрократиялык тоскоолдуктардан улам иш ордунан жылбай койду.
Транспорт жана байланыш министрлигине караштуу Жол чарбасы департаменти узундугу Москва көчөсүнүн 532 метри үчүн гана долбоордуксметалык документтерди даярдоого техникалык тапшырма берген. Мында Москва көчөсүнө жанаша жайгашкан жана мурдагы планда көрсөтүлгөн Береговая, Жаштык, Линейная, Алма-Ата көчөлөрү кошулбай калган. Ново-Покровка айылдык кеңешинин төрагасы Д.УСУБАЛИЕВ бөлүнгөн финансы каражаттарды эсепке алуу менен жол ремонту тууралуу чечимди илгерилетүү өтүнүчү менен депутаттардын жана айыл жашоочуларынын атынан КР Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ю.КАРАМУШКИНАга кайрылды. Депутат Транспорт жана байланыш министрлигине тиешелүү суроо-талап жиберип, акыры күтүлгөн жыйынтык чыкты. Жол-курулуш иштеринин сметасын даярдоодо жергиликтүү жамаат адистердин акысына деп 40 000 сом көлөмүндө акча чогултуп беришти. Даярдоо этабында долбоорго КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик да кошулду.
Бул райондун тургундарынын активдүүлүгүнүн натыйжасында 2014-жылы узундугу 540 метр болгон Москва көчөсүнүн жолу толугу менен оңдолду, жанаша жайгашкан көчөлөр съездер менен жабдууланды. Бул улам бир инстанциядан экинчисине сүйрөгөн узак жолдогу чоң жеңиш жана башкы жыйынтык болду – адамдар бийликтин чечимине таасир эте аларына ишеништи, өзүнүн жарандык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө болгон ишеним пайда болду, бийликке карата да ишеним артты. Жашоочулар бири-бири менен мурдагыдан да сый мамиледе болуп калды. 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо жарандардын жакшы активдүүлүгүн көрсөттү, добуш берүүгө 65% келип берди. Мындан тышкары жашоочулар жакшы жолду колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Экинчи жагынан жолду оңдоп-түзөө долбоорун ишке ашыруу процессине түздөн-түз аралашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ново-Покровка айылдык управасы жана айылдык кеңеш маморгандар менен тынымсыз байланышты камсыздап, айылдык чогулуштарга тикелей катышып, жумуштардын жүрүшүн көзөмөлдөп, жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн чечүүдө жеке каналдарды колдонушту. Активисттердин, жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын биргелешкен аракеттери менен гана ийгиликке жетүү мүмкүн болду.
Баса, бул татаал жол маселесинин чечилиши Ново-Покровканын бул районунун жашоочулары үчүн жалгыз жеңиш эмес. Тургундар айылдын экологиялык абалын жакшыртууга да салым кошушту. Көптөр Москва көчөсүнүн аягында жайгашкан таштанды жайы тууралуу уккан. Бул таштанды жайы зыяндуу буулардын, аллергия пайда кылчу оорулардын, келемиштердин булагына айланган эле. Район тургундарынын аракети менен (айылдыкчогулуштар, санэпидкөзөмөл органдары, бийлик түзүмдөрү менен кат жазышуулар, массалык маалымат каражаттарын тартуу – НБТ каналында бери дегенде төрт репортаж чыкты), бийликтин чечими менен (КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын 2016-жылдын 24-июнундагы № 02/334 каты) 2016-жылдын 4-июлунан тарта бул жерге турмуштиричиликтеги таштандыларды жана тамак-аш калдыктарын таштоого тыюу салынды. Таштанды жайында видеокөзөмөл орнотулуп, бул жакка курулуш таштандысы гана ыргытылганына көз салган контролерлор бригадасы жалданды.
Элеттиктердин ушул эки демилгесинин арты менен Ново-Покровканын бир жарым миң адамынын турмушу дагы да жайлуу болуп калды деп ишенимдүү айтса болот. Бул жердеги транспорттун, анын ичинде коомдук транспорттун да иши
жакшырды. Аткаминерлердин бюрократиясы менен күрөшкө көп убакыт кеткенине карабастан адамдар өздөрү да көп нерсени жасай аларын түшүнүп калышты. Эми алардын алдында жаңы тапшырма турат – Москва көчөсүнүн жана мүмкүнчүлүк болсо, ага жанаша жайгашкан Фрунзе, Алма-Ата, Береговая, Линейная көчөлөрүн, ошондой эле Жаштык жаңы конушун жарыктандыруу. Башында Москва көчөсүндө жарык жок болчу жана көптөгөн жылдар бою жашоочулар түнкүсүн жүргөндө убара болушчу. 2016-жылдын май-июнь айларында белгисиз адамдар түнкүсүн үч жолу Фрунзе жана Алма-Ата көчөлөрүнүн ортосундагы участокто телефон кабелдерин кесип кетишкен. 2010-2014-жылдар аралыгында Фрунзе жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде бир топ адам тонолгон. Мындан улам жарыктандыруу маселеси бул жерде өтө курч турат.Активисттердин колунда жасачу иштердин планы бар. Ал планга ылайык, энергияны колдонуу маселесин Кант РЭСи жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен чечиш керек: техникалык негиздемени даярдап, жарык берчү каражаттарды орнотууга кетчү чыгымдын сметасын түзүш керек; жарыктандырчу алеттерди сатып алуу жана орнотуу иштерин уюштуруу зарыл.
Тургунбек ТОКТОСУНОВ,
“Достук, эл биримдиги”
коомдук фондунун эксперти,
электрондук дареги: turgunbektoktosunov@mail.ru

 

Окшош материалы: