2016-11-10 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Шаардыктардай болуп көз жоосун алган сейил бакта эс алып, ал жерде үй-бүлө менен сейилдеп, балдар менен кооз табиятка суктанып жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн жердештери куру калып жатканы Ак-Башат айылынын старостасы Рахат ШЕРАЛИЕВди дайыма тынчсыздандырып келген. Староста мына ушул маселени абдан чечкиси келчү. Алгач ал сейил бакты уюштуруу үчүн айылдагы эски булактын тегерегиндеги аймак эң ыңгайлуу жер болмок деп ойлогон.
Жер алдындагы суунун деңгээли жогорулагандыктан булак ушул тапта өтө начар абалда турат. Староста иш планын даярдай баштаган эле. Анткен менен Рахат элет аксакалдары менен кеңешип көргөндө, алар булак зонасы эзелтеден бери ыйык жер болгонун, бул жакта түрдүү көңүл ачуучу объекттерди курууга болбой турганын айтышкан. Алар парк зонасын бул аймактан бир аз өйдөрөөк жерге уюштурууну сунушташкан. Бул жакта совет мезгилинде эле артезиан кудугу казылган болчу. Отургузулган бак-дарактардын өсүп кетүүсү үчүн көп суу да талап кылынат эмеспи.Мына ушул маалыматтарды топтогондон кийин Рахат Ак-Башат айылдык аймагына кайрылып, аймактын башчысы парк зонасын түзүү идеясын колдоп, бул үчүн 35 сотик жер бөлүп берген. Ошентип иш кызыды. Рахат достору менен жерди пландап, участокту тегиздеп, таштарды чогултуп чыгышкан. “Көгүлтүк булак” ТСПАКБ төрагасы атайын техника жагынан жардам берген – экскаватордун жардамы менен иштебей турган каналдын эски лотокторунанчоң бетон плиталарын алып чыгышкан.Андан кийин ишке айылдын жаштары да тартылды – 20 киши көчөт отургузууга катышты. Көчөттөрдү сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 14 миң сом бөлүнгөн эле. Натыйжада бул жерде эмен, мажрүм тал, өрүк жана теректер отургузулган – ар бир түрүнөн 30 тамыр.
Мындан тышкары айыл өкмөт бөлгөн 2650 сомго 5 мүшөк цемент жана бир түрмөк тикенектүү зым сатып алынган. Ал эми жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү Рахат ШЕРАЛИЕВ, Осмон АБДРАХМАНОВ, Алмаз ЖУСУПОВ жана Токтогул АСАНКУ-ЛОВ жалпы ишке 35 жыгач устунду орнотуу менен салым кошту.Жергиликтүү жаштарды, элеттиктерди чогултуп, ашар жолу менен болочоктогу сейил бактын аймагында убактылуу тосмо орнотуп чыгышты – чуңкурлар казылып, устундар орнотулуп, зым тартылды. Ошондой эле жакын жерде жашаган Салмаш БЕКМАТОВ менен макулдашып, ал өсүмдүктөргө көз салып турмай болду. Салмаш коомдук иш канчалык маанилүү болгонун түшүнүп, бул ишти акы албай эле жасоого макул болду. - Мунун баарын пландап жатканда мени элеттиктер кубаттап, колдон келген жардамын беришти. Өзгөчө айылдын жаштарына ыраазымын. Биз бир чоң күч экенибизди, колубуздан бардык иш келээрин түшүндүм. Бардык катышуучулар жердештерибиз, кичи мекенибиз үчүн пайдалуу бир иш жасай аларын түшүнүп, мындан моралдык канааттануу алышты. Отургузулган көчөттөр тамыр жайып, бийик бак-даракка айланып, сейил бак мындан ары да кеңейип кетет деп кыялданам. Бул ар бирибиздин ушул жерде калтыргыбыз келген из болуп калмакчы, - деди Рахат.Үмүттөр акталып, бак дарактар өсүшү үчүн элеттиктер аларды тамчылатып сугарууну пландап жатат. Сууну тереңдеги артезиан скважинасынан алууну чечишти.
Бирок адегенде аны калыбына келтирүү зарыл – “гусакты” кайра жасап, бассейнди тазалап, шыбап чыгыш керек. Балдар бул жерде да эс алуу зонасын уюштурууну көздөп жатат жана бул үчүн аянтчанын үстүн плита менен жаап, бассейнге кириш жерде арка тургузуп, суу агызуу үчүн эки лоток, ошондой эле эс алуу үчүн отургучтарды жана чатырча орнотуп, унаа токтотмо аянтчага кырдуу шагыл төгүш керек. Мунун баары үчүн каражат зарыл жана аны элеттиктерден чогултмай болушту: суу агызуу үчүн эски лотокторду жергиликтүү өз алдынча башкаруу бе-рет: курулуш материалдары, техниканы жалдоо, эмгек салымы – мунун баары калктын эсебинен.Келечекте тикенектүү зым түрүндөгү убактылуу тосмолорду алып таштап, түшүмдүү жерди калыбына келтирүү үчүн бир нече машине менен кара топурак алып келип, эс алуу зонасынын болгон аймагын көрктөндүрүп чыгуу зарыл. Элеттиктер муну да жалпы аракеттер менен ишке ашырууга макул болушту.Алгач бул долбоорду айрымдар өтө эле дымактуу деп ойлошкон. Бирок аны ишке ашыра баштаганда бул бүтүндөй айылдык аймактын калкы үчүн зарыл болгонун түшүнүштү. Ал эми бул аймакта келечекте эс алуу зонасынын кызмат көрсөтүүлөрүн колдоно ала турган 10 миңден ашуун киши жашайт. Аларга жакын жердеги Полавка жана Кызыл-Дыйкан АА тургундарын да кошсо болот. Алар каалаган учурда Ак-Башатка келип, сейил бакта эс алып кете алышат. Бул долбоор адамдар бийлик качан келип жасап берет деп күтүп отура бербей, демилгени өздөрү колго алып, ишке ашыра аларын тастыктады.
Рахат ШЕРАЛИЕВ,
Ак-Башат айыл башчасы