Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кайназаров АА: көчөгө берилген жарык айылдын көркүн ачты

2016-09-14 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Кайназаров айылдык аймагы дотацияда турат. Көптөгөн башка элеттик муниципалитеттердей эле бул жерде жашагандардын жана ЖӨБ органдарынын көйгөйлөрү көп. Бирок жарытпаган жергиликтүү бюджеттин айынан бул көйгөйлөрдү чечүүгө каражат жетишсиз. Бул көрүнүш 2012-жылга чейин уланып келди. Бирок бул жылы элеттиктер мындан ары минтип жашоого болбой турганын, бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун табыш керектигин түшүнүштү. Адегенде эле АЖБФ жерлерин ижарагаалып, ал жерге беде эгип, аны сатуудан түшкөн акчага аймактын көйгөйлөрүн чечмей болушту. Башында оңой болгон жок – алгачкы эки жылда эч кандай киреше түшкөн жок, кеткен чыгым өзүн араң-араң жаап турду. Бирок үчүнчү жылы иш илгерилеп, алгачкы пайда түшө баштады. Бул адамдарга дем берди. Эгерде башында биз 5 гектар жерди ижарага алсак, эми аны 22 гектарга көбөйтүп, анын баарына беде эгип салдык. Белгилей кетчү жагдай, алгач жер иштетүүдөн түшкөн каражатты сактап калуу оңой болгон жок. Акчаны кимдир бирөө уурдап, же жалпы муктаждыктарга берүүнү каалабады деп айтууга болбойт. Болгону, кимдир бирөө нак акчаны үйүндө кармап отурса ага жакындары, кошуналары, достору акча карызга сурап келе берет эмеспи. Мындан улам активисттер түшүмдөн алынган акчанын баарын банктагы эсепте кармоону чечишти. Мына ошентип бул көйгөй да жөнгө салынды. Эми бара-бара маселелерди чечүү үчүн чыныгы шарттар түзүлдү. Биринчи кезекте 2014-жылы футбол талаасынын тегерегинде көчө чырактары орнотулду. Бул үчүн 70 миң сомго жакын акча сарпталды.

 Жаштар жана окуучулар топ тебүү үчүн футбол талаасына дайыма келип тургандыктан бул өтө маанилүү маселе болчу – айылда ансыз деле көңүл ачуунун башка түрлөрү жокко эсе. Бирок жазында жана күзүндө күндөр кыскаргандыктан жарыктын жоктугу кыйынчылыктарды жаратты. Андан кийин бир жыл өткөн соң айылдык чогулушта айылдын өзүндө да жарык өткөрүү ашыкча болбойт эле деген чечим кабыл алынды. Жарыкты дээрлик ар бир үй кожолугуна жеткирип, электр энергиясы үчүн чыгымды кыскартуу максатында энергияны үнөмдөөчү лампалар орнотулду жана үй кожолуктарга электр эсептегичтер коюлду. Жашоочулар электр жарыгы үчүн акыны өздөрү төлөп турмай болушту, анткени жергиликтүү бюджет мындай чыгашаны көтөрө албастыгын баары эле түшүнүп турат. Көчөлөргө жарык берилгенден кийин айыл жайлуу болуп, адамдар караңгыда деле көчөдө жүрө баштады жана эч ким мындайдан баш тарткысы келген жок. Бардык жумуштарды жаштар жана жергиликтүү электр адистери жасашты. Натыйжада 36 чырак орнотулуп, бул үчүн жалпысынан 100 мин сом сарпталды. Мындан тышкары 2015-жылы таза сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча иштер жасалды. Аймакта суу мунарасы бар, бирок ал авариялык абалда болгондуктан суунун күчү өтө аз жана ал алыскы көчөлөрдүн тургундарына жакшы жетпейт.
Бул маселени чечүү зарыл эле. Айыл активисттери “Али-Аюб” кайрымдуулук фондуна кайрылып, фонд аларга колун сунду. Адегенде тереңдиктеги насосту сатып алып, орнотуп, андан соң суу өткөрүүчү трубаларды төшөө үчүн траншеяны казышты. Эмгек салымын кошпогондо жалпы чыгым 400 миң сомду түздү. Негизги жер жумуштарын жана труба төшөөнү аймактын жашоочулары өздөрү жасашты. Жыйынтыгы көзгө дароо илинет – көчө чырактары түнкү айылга жарык берүүдө, таза суу ар бир үйгө жетип жатат. Бирок бул социалдык эксперименттин башкы жыйынтыгы адамдардын турмуш шартын жакшыртуу жана инфраструктураны кеңейтүү эмес. Башкы жыйынтык – адамдар биригип, бардык кыйынчылыктарды жеңе алаарын түшүндү. Ошол эле маалда бул иштер менен тикелей алектенген активисттер элеттиктердин демилгесин колдоого даярдыгын билдирип, колдон келген жардамын аябаган жергиликтүү башкаруу органдары менен ишенимдүү мамиле түзө алышты. ЖӨБ органдарынын калк алдындагы жоопкерчилиги, айкындуулук деңгээли жогорулады. Учурда калк бардык демилгени ишке ашырууга жигердүү катышып жатат.
Мында демилгени элеттик активисттер көтөрүп жатабы, же ЖӨБ кызматкерлериби – маанилүү болбой калды. Оор кырдаалдан чыгуунун жолдорун кантип тапканыбыз тууралуу башка айылдар да угуп калып, эми тажрыйбаны өздөштүрүп, жашоосун жакшы жакка өзгөртүү үчүн бизге каттай башташты.Биз өз айылыбызда ийгиликтүү ишке ашкан эки демилге тууралуу гана айтып бердик. Чындыгында мындай демилгелер өтө көп. Бирок негизги ийгиликтүү демилге – бул адамдардын, күчтөрдүн, каражаттардын жалпы жыргалчылык үчүн ийгиликтүү биригүүсү, “ар ким өз көмөчүнө күл тартат” принцибин таштап, биргелешип чогуу иштерди жасоо мүмкүнчүлүгү. Эми эч көбүртпөстөн бир нерсени айта алабыз: айылдын бардык 730 тургуну, ошондой эле алардын айылыбызга келип-кетип турган жакындары жана тааныштары көйгөйлөрдү чечүү үчүн демилгени колго алган адамдар табылганына абдан кубанычта. Активисттер инфраструктураны жакшыртуу үчүн гана эмес, ошондой эле жергиликтүү маанидеги башка маселелерди, айталы, дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүү, эс алууну, балдар жана жаштар менен иш алып баруу боюнча иштерди уюштуруу үчүн шарт түзүү өңдүү маселелерди чечүүдө да ЖӨБ органдары менен кызматташууда. Жаштар спорт менен алектене баштады жана жакында жергиликтүү демилгенин эсебинен спорттук жабдуулар жаңыртылмакчы.
ДЖУРСУНАЛИЕВ Акылбек,
КЕНЕШБЕК уулу Уланбек,
ЖАЙЧИЕВ Рамиль,
айылдык кеңештин депутаттары

Окшош материалы: