Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таш-Мойнок АА: көчө чырактары – ашкере байлык эмес, бул – зарылчылык!

2016-09-16 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Таш-Мойнок АА жети айылдан турат: Беш-Күнгөй, Таш-Мойнок, Подгорная, Кой-Таш, Прохладная, Кызыл-Бирлик, Тоолуу Маевка. Үй кожолуктардын саны – 2686, ал эми айылдык аймактын жалпы аянты 16047 гектарды түзөт. Аймактын чегинде он беш улуттун өкүлү, 9220 киши жашайт.

Беш-Күнгөй айылындагы Школьный чолок көчөсүнүн тегерегинде жана Таш-Мойнок айылдык аймагындагы Лесовод дачасында 2250 киши жашайт. Алар күн кыскарган кыш мезгилинде жумуштан, окуудан, сапардан кайтып келатып ушулчолок көчөдөн өтүшөт. Бул көчөнүн жолу өтө кооптуу участок болуп эсептелет. Анткени бул жерде караңгыда мастар жана ар кандай ою бузук адамдар тегеректеп жүрөт. Көз сайган караңгы жерде бир нече кырсык болгон: өткөн жылдары бир келинди жана кызды бир нече мас адам кармап алып, ырайымсыздык менен кордогон. Алар ооруканага жатып чыккан эле. Бирок караңгыда эч ким аларды көрбөгөндүктөн кылмышкерлер табылбай калган. Бул жерде балдардын көз алдында мушташтар да көп болуп турат. Ушундан улам ата энелер күн сайын балдарын кечинде мектептен тосуп алып, эртең менен аялдамага чейин узатып чыгышчу. 2015 жылдын март айында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору ишке ашырыла баштаганда жамаатта аймактын аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтор түзүлгөн.
Ошондой эле бул караңгы көчө өзгөчө көйгөйлүү болуп, “ал үчүн кармашууга жана үгүттөөгө даяр” адамдардын тобу да түзүлдү. Топтун лидери болуп пенсионер Айтакул ЖАЙЧИЕВ шайланды. 2016-жылдын март айында 80 киши катышкан жалпы чогулушта айылдын көйгөйлөрү талкууланып, көпчүлүктүн пикири боюнча Беш-Күнгөй айылындагы Школьный көчөсүндөгү кырдаал эң орчундуусу болуп табылды. Топтун мүчөлөрү бул жерге чырак орнотуп, жолдун ушул участогуна жарык берүүнү сунушташты. Айылдыктар бир добуш менен ушул идеяны колдоп беришти. Жергиликтүү тургун Жылдызбек МУСАЕВ чырактарды акысыз эле орнотуп берүүгө даярдыгын билдирди. И.Таранчиев атындагы орто мектептин 1996-жылкы бүтүрүүчүлөрү Эмиль АРАЛБАЕВ, Айбек ОМОРБЕКОВ, Нурлан жана Дүйшөн АРАЛБАЕВДЕР демилгенин демөөрчүлөрү болушту. Балдар 20 000 сом чогултуп, ага чырак жана зарыл болгон комплектациясы менен датчиктерди сатып алышты, эсептеп чыгып, чырак орнотулчу жерлерди аныкташты. Жергиликтүүлөрдүн ичинен төрт электрик жана монтер үч күндүн ичинде 12 миң сомго бааланган ишти бүтүрүштү.
Ал эми башка тургундар аларды түшкү тамак менен камсыздашты. АӨ башчысы бул демилгени колдоп, чыракты айыл өкмөттүн балансына өткөрүүгө макул болду. Ошондой эле айылдык кеңештин сессиясында ушул участокту жарыктандырууга кеткен чыгымды каржылоо тууралуу чечим кабыл алынды. Ишке ашырылган демилгенин натыйжасында Школьный көчөсүндө күндүзгү жарык датчиги бар он чырак орнотулду. Андан соң мектептин аймагында жана ага жанаша жайгашкан футбол талаасында да чырактар орнотулду. Окуу жайдын жетекчилиги аларды өз балансына өткөрүп алды. Караңгы кирээр замат датчиктер автоматтык түрдө иштеп, чырактар бүт көчөгө жарык бериптурат. Бул көчө болсо айылдагы адамдар көп жүргөн аймак болуп эсептелет – бул жерден күнүгө эки миңгежакын адам өтөт. Эми ушул райондо жашаган балдар караңгы кирсе деле көпкө чейин ойноп жүрө беришет, улуулар болсо көчөдө ээн-эркин басып, же отургучтарда сүйлөшө беришет. Коомдо жагымдуу маанай орун алды, адамдардын көңүлү көтөрүлүп, бири-бирине каалаган учурда конокко барып, айлана-тегеректе позитив байкалат.
Бул демилге көптөргө үлгү болду. Айталы, 2016-жылдын май айында жаштар тобу чогулуп, Беш-Күнгөй айылында жана мектептин короосунда өз каражатына (20 миң сом) чатыры бар үч отургуч орнотушту.Эми демилгелүү топтун алдында Беш-Күнгөй айылындагы “Бекбол” бала бакчасына караштуу оюн аянтчасын абаттоо тапшырмасы турат. Себеби айылда балдар ойной турган башка жер жок. Бала бакчага баргандар гана эмес, айылдагы башка наристелер да аянтчада ойной алышат. Бирок, тилекке каршы, аянтча талапка жооп бербейт. Атүгүл ал жайгашкан участок да тегиз эмес, өңгүл-дөңгүл. Ал жерде Совет мезгилинен кал-ган, учурда дат баскан күүлөнчөктөр жана дөбө бар, кумкана үчүн көлөкө болуп берчү чатыр да жок. Мындан улам тарбиячылар жана ата-энелер балдар үчүн тынчсызданып, заманбап күүлөнчөк, дөбө, чатыры бар кумкана, дене тарбия оюндары үчүн балдар комплекси тууралуу кыялданышат. Жергиликтүү демилге ушул эле күздө бала бакчанын аймагын тегиздеп, таманташ коюп чыгууга жардам бермекчи.
Айнура Турсунбековна ШАРИПОВА,
Беш-Күнгөй айылындагы “Бекбол” мектепке
чейин билим берүү мекемесинин директору,
электрондук дарек: tak_780.@mail.ru

Окшош материалы: