Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Токмок: Биримдик аллеясы шаардыктарды бириктирди

2016-09-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Шамсы – Токмок шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири болуп эсептелет. Бул көчөдө көп сандагы окуу жайлары, соода түйүндөрү, дарыканалар, медициналык мекемелер жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча башка объекттер жайгашкан.Мындан тышкары бул көчө кайсы бир деңгээлде бульвар да болуп саналат. Бул жерде жаш энелер балдары менен сейилдеп, арзышкандар жолугуп турат. Бул көчөнү шаардык пенсионерлер да абдан жакшы көрүшөт. Бирок курдаштары менен отуруп, эс алып, баарлашуу үчүн бульвардын бир да жеринде отургуч жок. Шаардык активисттердин бири Л.С. КРАВЧЕНКО сейилдеп жүрүп буттары чарчаган адамдар (пенсионерлер, балдар, майыптар) тротуардын четине чыгып отурганын көрүп боору ооруй турганын айтат. Бирок бир канча жолу мэрияга кайрылганы менен, бул маселе чечилген эмес.

Жарандык активисттер пенсионерлер жана социалдык коргоо боюнча шаардык башкармалык менен биригип, дал ушул маселени чечүүгө билек түрө киришти. Биринчи кезекте биргелешкен аракеттер планы түзүлүп, шаардыктар менен мэриянын кызматкерлеринин бир нече жолугушуусу уюштурулду. Анда Токмоктун экологиялык абалына, шаар көчөлөрүн, эс алуу зоналарын жарыктандыруу жана абаттоого, сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүккө тиешелүү болгон үч артыкчылыктуу тапшырма аныкталды. Диалогдун натыйжасында Биримдик аллеясын түзүү, башкача айтканда Шамсы көчөсүн эс алуу үчүн борбордук зонага айландыруу тууралуу чечим кабыл алынды.
Эгер бул демилге ишке ашса, шаардыктар бул аллеяда түрдүү шаардык иш-чараларды,жармаңкелерди, көргөзмөлөрдү өткөрүп, шахмат жана шашка боюнча беттештерди уюштуруп, же жөн гана таза абада сейилдеп жүрмөк.Бул идеяны шаардын көп сандагы диаспора өкүлдөрү, жаштар жигердүү колдоп беришти.Албетте жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө кызыкдар болгондордун баарынын ролу ар кандай. Жөнөкөй жарандар демилгени ишке ашырууга жигердүү катышууга даяр. Ал эми коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү бул идеяны камкорсунупбой көтөргөн маанайда кабыл алып, сейил бак үчүн отургучтарды жогорку базар баасында жасап берүүнү сунуштады. Алардын сунушунан баш тар-тууга туура келди. Дагы жакшы, шаардык бульварды абаттоо жана аны Биримдик аллеясына айландыруу боюнча демилге аялдардын бейөкмөт уюмунун форумуна жагып, эл аралык долбоор колдоого алды.Иштин ийгиликтүү илгерилөөсүнө бейөкмөт уюмдардын шаардык мэрия менен өнөктөш мамилелер тажрыйбасы да таасирин тийгизди.
Ошондуктан 2015-жылы ACTEDдин “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” Долбоорунун алкагында чакан гранттарга конкурс жарыяланганда “Тынчтык үйү” коомдук уюму “Биримдик аллеясы” өтүнмөсүн жи- берди.Долбоорду ишке ашырууга мэриянын, шаардын коммуналдык ишканалар башкармалыгынын өкүлдөрү, Ардагерлер кеңеши, Ынтымак үйү, жарандык коомдун активисттери кошулду.Бүгүн Жаштар үйүнөн жана индустриалдык колледжден алыс эмес жерде орун алган Биримдик аллеясында шаардыктарды кубандырган үч отургуч орнотулду. Эң негизгиси – шаардык бийлик менен калктын ортосундагы мамилелерде чоң өзгөрүүлөр болду.Долбоорду ишке ашырууга тартылгандардын баары шаардагы чөйрөнүн абалы үчүн жоопкерчиликти сезип, жарандык активдүүлүк жогорулап, шаардын көйгөйлөрүн чечүү, коомго пайдалуу программаларды ишке ашыруу жергиликтүү башкаруу органдары менен калктын өз ара ишеним жана урматка негизделген өнөктөштүгүндө өзгөчө ийгиликтүү болоорун баамдашты.
Ошол эле маалда кызыкдар жактардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусу менен консультацияларды өткөрүү формасы ЖӨБ органдарынын жарандык коом алдындагы ачыктыгына жана отчеттуулугуна, шаардык демилгелерди колдоо боюнча чечимдерди кабыл алууда айкындуулукка, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөштү.Мэриянын өкүлдөрү шаардыктардын суроолоруна жооп бергенди үйрөнүштү, адамдарда болсо аткаминерлерге жолдордун ремонтунан баштап коррупциялык тобокелчиликтерге чейин эң көйгөйлүү маселелер боюнча суроо узата алуу жөндөмдүүлүгү калыптанды. Мына ушул нерсе – кымбат баалуу натыйжа деп эсептелет. Жасалган иштер Токмок шаарынын борбору болгон Биримдик аллеясын абаттоонун башталышы гана. Байланыштар түзүлүп, калктын, бийликтин жана бейөкмөт уюмдардын ортосунда мамилелер бекемделе баштаган эң оор этап артта калды. Эми ар ким өзүн шаар көйгөйлөрүн чечүүдө өнөктөш катары эсептеп калган чакта бардык кый- ынчылыктарды жеңсе болот. Ал эми жергиликтүү демилге отургучтардын жанында таштанды кутуларын сатып алуу менен аллеяны абаттоо иштерин уланта берүүгө жардам берет.
Гульсана КАНГЕЛЬДИЕВА,
“Тынчтык үйү”
бейөкмөт уюмунун директору,
электрондук дареги: gulsanakg@gmail.com

Окшош материалы: