Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кочкорбаев АА: 150 орундуу бала бакча

2016-09-20 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Кочкорбаев АА Бишкек-Торугарт жолунун 35-километринде орун алган. Айылдык аймактын аянты 688 гектарды түзөт. Калкынын саны – 7360 киши. МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ Кочкорбаев АА: 150 орундуу бала бакча АА аймагында үч айыл бар: Кеңеш, Буденовка жана Курманалиев. Бул жерде 21 улуттун өкүлдөрү жашайт.Совет маалында (1989 жылы) Буденовка айылындагы Кочкорбаев атындагы колхоздун кызматкерлери үчүн 300 орундуу бала бакча курулган. Ага Буденовка, Кеңеш, Социалчы айылдарынын балдары барчу. 1993-жылы колхоз жоюлганда бул имаратты башталгыч мектепке айландырып, ал 2008-жылга чейин иштеген. 2014-жылга чейин мектеп бош турду.

2013-жылы Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А. КАРМЫШЕВдин демилгеси менен айылдык чогулуш өтүп, анда айылдык кеңештин депутаттары алдында бала бакчанын ачылышына каражат чогултуу боюнча марафон өткөрүү тууралуу маселе коюлган. Буга чейин Кочкорбаев айылдык аймагынын жашоочулары бала бакчанын жоктугунан улам балдарын беш километр алыстыктагы Кант шаарына алып барышчу. Бирок баары эле эмес – бала бакчага балдарын тааныштары, же акчанын күчү менен орноштургандар гана кабыл алынган. Каражаты же транспорту болбогондордун балдары үйдө отуруп, мектепке чейинки билим берүү тууралуу кыялдана да алышкан эмес. Каражат чогултуу боюнча марафон 2013-жылдын 29-июнунда өткөн.
Ага айылдык аймактын көптөгөн жашоочулары, бизнесмендер, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик структуралардын жетекчилери катышты. Марафондо жалпысынан 509 650 сом чогулган. Бул каражатка Буденовкадагы бала бакча оңдолуп, элүү бала үчүн эшигин ачкан.2015-жылы “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен иштеше баштадык. Аталган Долбоор ААнын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн, анын ичинде негизги көйгөйдүн бири – бала бакчада орундун жетишсиздиги маселесин аныктаган. Бул маселени чечүү үчүн 11 кишиден турган Демилгелүү топ (ДТ) түзүп, лидери катары Галина Макаровна ГАПОНЕНКО шайланды. ДТ мүчөлөрүнүн үзгүлтүксүз кайрылууларына жооп катары АА башчысынын демилгеси боюнча аймак жашоочуларынын чогулушу өттү.
Ага 500дөн ашык киши, анын ичинде 130 аял катышты.Чогулушта бала бакчада орундун жетишсиздиги өңдүү маселе талкууланды. Депутат Атамша ДУРСУНОВ түркиялык “Тико” фирмасы менен ыкчам байланыш түзүп, фирманын кызматкерлери 150 орундуу имараттын ичинде ремонт жасап чыгышты. Бул үчүн “Тикодон” алынган 750 миң сом сарпталды. Айылдык кеңештин депутаты Азамат ЧАЛОВ 100 бала үчүн идиш белек кылды (200 миң сомго). Бала бакчанын иши үчүн шарт түзүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 700 миң сом бөлүндү.Бул жумуштардын баары 2015-жылдын декабрь айында жыйынтыкталды. Натыйжада Буденовкада 150 орундуу бала бакча иштеп жатат жана ага Кеңеш айылынын жашоочулары да балдарын алып келишүүдө. 2016-жылы жергиликтүү демилгеден алынганкаражатка ремонттолгон имаратка жаңы керебеттер сатып алынды.
Рыспек КАРМЫШЕВ,
Кочкорбаев айылдык аймагынын башчысы,
электрондук дареги: Kochkorbaev.ao@mail.ru

Окшош материалы: