Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бурана АА: курман болгон баатырлардын эрдиги жана духунун күчү тууралуу эске салуу

2016-09-20 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Бурана айыл өкмөтү төрт калктуу конуштан турат. Алар: Бурана айылы (693 киши), Мээнеткеч (911 киши), Алга (600 киши) жана административдик борбор болуп саналган Дөң-Арык айылы (3012 киши). Калкынын жалпы саны 5216 киши, аймактын жалпы аянты 7705 гектарды түзөт. Улуу Ата Мекендик согуш маалында аймактан көптөр согуш майданына аттанып кетишкен, алардын дээрлик жарымы согуштан кайтпай калган. Алардын элеси ыйык. Согуштун, ооруктун ардагерлеринин ысымы Дөң-Арык айылынын борборунда тургузулган мрамор тактада жазылып калган. Бирок акча жетишсиздигине байланыштуу аны аягына чейин куруп бүткөрүү мүмкүн болбой калган жана кошумча долбоорду иштеп чыкканга чейин курулушу бүтө элек деп эсептелип келген.

Демилгени согуш жана оорук ардагерлери, айыл аксакалдары, канмайданда курман болгондордун жакындары көтөрүп чыгышты. Биринчи кезекте айылдык чогулуш өткөрүп, ага жүзгө жакын элеттик катышкан. Чогулушта эстеликтин курулушун аягына чыгарууга акча чогултуу чечими кабыл алынган. Ардагерлердин жакындарынан жана туугандарынан эле 269 миң сом түштү. 12 миң сомду айылдын башка жашоочулары чогултуп берсе, 75 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.Бурана АА: курман болгон баатырлардын эрдиги жана духунун күчү тууралуу эске салуу Айыл тургуну, кесиби боюнчаархитектор Нурсеит МАМТЕБКАЗИЕВдин атасы согуш ардагери болчу. Ал эстеликтин долбоорун акысыз иштеп чыккан. Чогулган 200 миң сомго таш, мрамор, кум, колодон жасалган Жылдыз ордени өңдүү курулуш материалдары сатып алынды.
Элеттиктер – 45 киши колунда болгон курулуш материалдарын берген – шагыл, кум, материалдарды курулуш жүрүп жаткан жерге акысыз эле жеткирип беришти, өздөрү котлован казып, цемент куюп, арматура орнотушту. Баса, аспаптарды, анын ичинде ширетүүчү аппаратты, автогенди, бураманы, дегеле жумуштарга зарыл болгон аспаптарды ар ким үйүнөн ала келген.Ал эми 15 үй-бүлөнүн өкүлдөрү жумушчуларүчүн түшкү тамак даярдап турушту. Эстеликти тур-гузуу үчүн кесипкөй адистерди чакырышты.Алар 25 миң сомго бул ишти сапаттуу жана тез бүтүрүп беришти. Ошентип эстеликтин курулушун бүтүрүү идеясы жаралгандан баштап анын ачылышына чейин болгону үч айга жетпеген убакыт өттү. Жаңы эстеликтин салтанаттуу ачылышы үстүбүздөгү жылдын 9-майында өттү. Салтанатка биздин айылдык аймактын көптөгөн жашоочулары, Чуй облусунун губернатору, Токмок шаарынын мэри, Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун ардагерлери, журналисттер катышты. Эми Дөн-Арык айылындагы борбордук гүл бакчасына келгендер айылдык управанын имаратынын жанында турган бийиктиги 2,7 метр болгон монументти көрө алат.
Бул жерде адамдар көп жүрөт. Айылда баш кошкондор арасында никеге турган күнү ушул жерге сөзсүз келип кетүү салтка айланды. Тарых мугалимдери бул жерге окуучуларды алып келип, ачык сабак өтүшөт. Окуучулар болсо өздөрүнүн салтанаттуу чогулуштарын да бул жерде өткөрүп калышты. Атүгүл аймактагы бардык иш-чаралар да ушул жерде уюштурулууда. Согуштан кайтпай калгандардын жакындары эми ыраазы – курман болгон баатырлардын ысымдары мемориалдык эстелик тактасында түбөлүккө жазылып калды.“Ушул эстелик үчүн сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Силер баа жеткис иш жасадыңар. Анткени өткөн чакты унуткандын келечеги болбойт эмеспи. Азыр тынч жана бакубат турмушта жашагандар үчүн өзүнүн күчүн, кубатын,өмүрүн садага чапкан досторумдун урматына тургузулган бул эстелик курман болгондордун эрдиги, баатырдыгы жана духунун күчү тууралуу эске салып турат”, - деп айтты эстеликтин ачылышында согуш жана эмгек ардагери Баар КЫДЫРКЫЧЕВ.
Балким жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин жигердүү катышуусу болмоюнча бул маанилүү жумуш да жасалмак эмес. Алар бул демилгени жигердүү колдоп, уюштуруу, анын ичинде финансылык жана транспорт маселелерин чечүү иштерин өзүнө алышты. Мына ушул биргелешкен иштерден кийин жегиликтүү аткаминерлер калк менен жигердүү кызматташа баштады, ал эми адамдар болсо жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн чечүүгө тартылып, мурдагыдай “бийлик жасайт” мамилесинен алыстай башташты.Мында “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору чоң роль ойноду. Долбоордун алкагында ЖМБА-сессиялары өткөрүлүп, алар элеттиктерди активдүүлүккө жана өз алдынчалуулукка үйрөттү. Бүгүнкү күндө согуш баатырларына эстелик тургузуу боюнча чоң биргелешкен иштер Бурана айылдык аймагынын аброюн бир кыйла көтөрдү деп ишенимдүү айтса болот. 
Кошуна Кегети жана Ак-Бишим аймактарынын жетекчилиги жана жашоочулары бизге атайын келип, иш процессине жана анын чоо-жайына кызыгышты. Ал эми бураналыктардын өздөрү болсо кеңешип отуруп бардык маселени чечсе болооруна ынанышты. Бүгүнкү күндө алар ишти туура уюштуруп, аксакалдардын демилгесинин тегерегинде адамдарды чогулта алган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, ЖӨБ кызматкерлерине чоң ишеним артып турушат. Эми бул чоң иштин бардык катышуучуларынын алдында дагы бир тапшырма турат – аймакты абаттоо жана эстеликтин түндүк-батыш тарабында бийиктиги 10 метр, кеңдиги 3 метр келген арка тургузуу.Мындан тышкары эстеликтин алдында таманташ коюп, туурасы 6 метр келген 20 метрлик аллеянын негизин салып, 10 отургуч орнотуш керек. Муну ЖӨБ органдары менен чогуу жергиликтүү жамаат жасаш керек. Бирок жергиликтүү демилге жамаатка коомдук ишчараларды таза абада, аны менен катар эстеликтин жанында өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берет. Айыл өкмөттө чогулушка катышкандар, жакшы иштерди жасап, өзү жана кошуналары, айылдыктар үчүн дагы да жакшы шарттарды түзүүгө даярлар үчүн чатыр жана отургучтар болот.
Аблабек ТУРСУНБЕКОВ,
тарых мугалими,
электрондук дареги: nazgul.burana@mail.ru

Окшош материалы: