2016-09-21 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Боролдой айылдык аймагынын курамындагы Боролдо айылында он улуттун 2118 өкүлү жашайт. Айыл Кемин шаарынын район борборунан 20 км аралыкта жайгашып, аймактын 240 гектарын ээлейт. Аймак жашоочуларынын негизги экономикалык ишмердиги болуп айыл чарбасы – мал багуу жана жер иштетүү эсептелет. Акыркы жыйырма жылдын ичинде таза суу боролдолуктардын эң чоң көйгөйү болуп калды. Боролдой айылындагы суу системасы өткөн кылымдын 50-жылдары түзүлгөн. Совет маалында айылдын көчөлөрүндө 52 колонка иштеп, дээрлик 90% короого суу түтүгү өткөрүлгөн болчу. Бирок 1994-жылы ири көлөмдөгү карыз үчүн суу берүүчү подстанция өчүрүлүп, таза суу берүү токтотулган.
Мына ошондон бери айыл тургундары азаптуу күндөрдү башынан өткөрүп келишүүдө. Элеттиктер өз муктаждыктарына сууну кошуна аймактан ташый баштады – кимдир бирөө арабага жүктөп келсе, башкасы трактор жана машиналар менен ташыйт, айрымдары 40 литр сууну 20 сомдон сатып алат. Ал эми калктын аярлуу катмарлары – пенсионерлер жана майыптар арык, жамгыр суусун колдонупБоролдой АА:балдар алдан тайдырган суу ташыгыч милдетинен бошотулду жатты. Мында өзгөчө аялдардын азабы көп болду: алар жакшылап кийим-кече жууй алышпайт, мончого түшүү мүмкүн эмес, идиш-аяк жууган да азапка салчу. Суунун тартыштыгы ичеги карын, жугуштуу, тери ооруларынын көбөйүүсүнө шарт түздү, сарык менен ооругандар да азайган жок. Жыл сайын мектеп же бала бакча карантинге жабылып турчу. Айыл боюнча орточо 20га жакын адам ооручу.Мындай кейиштүү кырдаал 2009-жылга чейин – Кертабылгы өзөнүнөн Боролдойго чейин жети километрлик суу түтүгү ишке берилгенче созулду.
Ошондон бери суу айылга жете баштады. Бирок суу маселеси чечилгендей болгону менен, анын сапаты белгиленген санитардык талаптарга жооп берчү эмес. Айылга жеткен суу мүнөздөмөсү боюнча техникалык деп табылган. Анын үстүнө Керта былгы өзөнүндө беш кой короо жайгаштырылган, бул жерден мал суу ичип турчу. Кемин райондук санэпидемстанциясынан Боролдой айыл өкмөтүнө айып салуу тууралуу жазма эскертүүлөр тынбай түшүп турат. Бара бара суу менен камсыздаган ички система да эскирди – суу түтүк трубалары толуп, талкаланган үчүн суу айылдын беш негиз-ги көчөсүнө маал-маалы менен жетип калды. Анын үстүнө бүгүнкү күндө бери дегенде 30 колонка талап кылынган чакта анын ичинен болгону 14ү гана иштейт. Башкача айтканда суу менен камсыздалгандык 47% түзөт. Мына ушинтип барган сайын үмүтү өчкөн боролдолуктар эч кандай демилге көтөрбөй күн өткөрүп жатышты.
2015-жылдын жаз мезгилинде биздин айыл өкмөтү “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен иштеше баштады. Долбоор жамаатты таза сууга болгон муктаждык маселесин көтөрүп чыгууга түрттү. Бул маселени чечүү үчүн он кишиден турган демилгелүү топ түзүлүп, анын лидери Лариса КУСОВА болуп калды. ДТ тобунун мүчөлөрү айыл жашоочуларына кайрылып, аларды чогулушка чакырып, ошол жерден ар бир короодон 200 сомдон чогултуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул демилгени элеттиктер колдоп берип, атүгүл айрым жигердүү жана бакубат жашагандар 2000 сомдон да беришти. Жалпысынан 48 миң сом чогулду. Бул акчага суу түтүгүнүн ремонту үчүн материалдар сатып алынды – 1 насос, 10 кран, 40 метр труба, муфталар, өткөргүчтөр ж.б.
Ошондой эле айылдагы мекемелердин арасынан да демөөрчүлөр табылды - №19 кесиптик лицейдин филиалы курулуш материалдарын бөлүп берди: жалпы суммасы 55 миң сом болгон 10 тээк жана 5 даана вентиль. Айыл жашоочулары өз күчү менен суу алгычтын фильтрин тазалап, жырылган жерин бүтөп, трубаларды алмаштырып, сынган колонкаларда басаңдаткычты жана 10 жаңы гусакты орнотушту. Он күн боюнча иштеген он адамга орточо күнүнө 500 сом деп эсептегенде эмгек салымынын жалпы баасы 50 000 сом болду. Ремонт иштерине катышпаган башка жашоочулар жумушчуларга түшкү тамак жасап, суусунду кандыруучу ичимдиктерди ташып турушту. Ошентип бул жылы адамдар суу түтүк тармагынын оңдоо иштери менен алек болушту. Натыйжада узундугу 2,5 км болгон Абаев көчөсү жана жарымжартылай Исраилов көчөсү суу менен камсыздалды. Бардык он гусактан таза суу келе баштады. Бул болсо 800 киши суу менен камсыздалды дегенди билдирет.
Суу түтүк трубаларын тазалоо жана айрымдарын алмаштыруунун эсебинен суунун сапаты да жакшырды. Албетте ал борборлоштурулган артезиан суусунан бир аз айырмаланат, бирок таза суунун жетишсиздиги өңдүү маселе жөнгө салынды. Адамдар бир нече километр жол жүрүп отуруп бак менен суу ташыбай калды, арыктан суу ичкендер, же жамгыр суусун колдонгондор жок. Аялдар кийим-кече жууганда кысылбай калышты, элеттиктер каалаган учурда мончого түшө алышат. Айыл тургундары өз айылдык аймагында таза суу маселесин толугу менен чечүү үчүн ушул өңдүү иштерди башка көчөлөрдө да жасоону ниет кылышууда. “Биз абдан кубанычтабыз жана айылыбыздын эң көйгөйлүү маселесин чечүүгө катышкан бардык активисттерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Биз көп жылдар бою таза суусуз азап чектик. Эң негизгиси – үй-бүлөнү суу менен камсыздоо боюнча негизги жүк балдарда эле, эми алар да бул милдеттен кутулуп калышты”, - деп мойнуна алды айыл аксакалы Акимжан ЖАСООЛОВ.Айыл тургундары “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен кызматташтык калкты демилгелүү болууга түртүп, алардын аракети канчалык маанилүү болгонуна көз ачып, өзүнүн бакубатчылыгы жана айылдын өнүгүүсү үчүн жооптуу болууга үйрөткөнүн айтышат. Учурда боролдолуктар эч бир адам суу тартыштыгынан азап чекпеши үчүн “Таза ичүүчү суу – ден соолуктун кепили” деп аталган Долбоордун үстүнөн иш алып барышууда.
Лариса КУСОВА, пенсионер,
таза суу багыты боюнча демилгелүү топтун лидери,
биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөсү,
электрондук дареги: ao.boroldoy@mail.ru