Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Күнтуу АА: суу пайдалануучулар менен келишимдер – оюндун ачык эрежелери

2016-09-22 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Көп жылдар бою Күнтуу айылдык аймагынын Күнтуу айылынын жашоочулары таза суу тартыштыгынан кыйналып келишти. Айыл 967 короодон турат, бул болсо аймак калкынын 61% түзөт. Көйгөйдүн негизги себеби – жабдуунун жешилүүсү, эскирген коммуникациялар, капиталдык ремонт үчүн акчанын жоктугу. Айылда ичүүчү сууну пайдалануу үчүн калктан алынган акы жалпы керектөөнүн болгону 50% түзөт. Бул факт эки суу алгычтын ишине тикелей таасирин тийгизет: администрация колдонулган электр энергиясы үчүн төлөй албагандыктан калкты карызын тындырууга мажбурлоо жолу катары көп учурда сууну өчүрүп турат. Бул болсо калктын ансыз да оор абалын татаалдаштырып жатты.

Бирок сууну колдонгону үчүн үзбөй акы төлөп турган элеттиктер өзгөчө ыза болушчу. Анын үстүнө сууну кайра-кайра өчүрө бергендиктен бир суу алгыч такыр эле иштен чыгып калды.Ал эми анын ремонтуна акча таба алышкан эмес. Буга кошумча айылда колонкалар да керектен чыга баштаган…Айтор кырдаал ушунчалык оорлошкондуктан бул айыл жашоочуларынын маанайына да таасирин тийгизе баштады. Бир эле маалда жергиликтүү бийликтин жана 2001-жылы эле түзүлгөн, Күнтуу, Чоң-Жар, Кичи Шалта айылдарын таза суу менен камсыздоо милдетин алган “Чорго” ТСПАКБнын ишине нааразылык чыкты.Күнтуу айылдык аймагынын “Элдин үнү жана Күнтуу АА: суу пайдалануучулар менен келишимдер – оюндун ачык эрежелери ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбооруна катышуусу өзгөрүүлөргө түрткү болду.
Биринчи кезекте көптөгөн ЖМБА-ишчараларынын натыйжасында айылдык аймактын эң көйгөйлүү маселеси – бул калкты таза суу менен камсыздоо болгону аныкталды. ЖӨБ кызматкерлери “Чорго” ТСПАКБ менен өз ара кызматташуу тууралуу келишимдин негизинде бул маселени чечүүнүн жолдорун издесе, ал эми жамаат болсо демилге көтөрө баштады.Таза суу маселесин чечүү чоң финансы салымдарын талап кылары белгилүү болду. Ошондуктан 2015-жылы ошол маалда ТСПАКБнын төрагасы болуп иштеген Оморбай КАРАГУЛОВ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы инвесторлорду издей башташты.
Биргелешип долбоорду иштеп чыгып, бир жердеши аркылуу Сауд Аравиясындагы инвесторго чыгышты.Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2015-жылдын жайында арабдар 1 млн. сом инвестиция салып, жергиликтүү бюджеттен да 1 млн. сом бөлүндү. Бул иште өтө маанилүү салымды жергиликтүү жамаат кошту: биринчиден, Күнтуу айылынын 30% жашоочусу 300 миң сом (ар бир короодон миң сомдон) чогултуп беришти; экинчиден, 400 миң сомдон ашык суммага эмгек салымы болду – жүзгө жакын адам, негизинен жаштар бир ай бою күн сайын вахталык ыкма менен жер казып, жаңы трубаларды кайтарып, аларды орнотуп чыгышты.
Натыйжадажаңы суу алгыч курулуп, узундугу 4,5 километр болгон жаңы суу түтүк линиясы өткөрүлдү.Ал эми 2015 жылдын сентябрь айында Сауд Аравиядан келген донорлордун катышуусу менен жаңы суу алгычтын расмий ачылышы болду. Бул көпкө күтүлгөн жыйынтык болду: эгерде буга чейин суу айылга белгилүү бир кундөрү гана график менен берилип келсе, суу алгычты жана суу түтүк тармагын мына ушундай ири масштабда калыбына келтиргенден кийин суу күнү-түнү берилип калды. Ушуну менен бирге короолордун 80% суу түтүгү өткөрүлдү. Азырынча суу түтүгү өткөрүлө элек үйлөрдү кошпогондо, көчөдөгү колонкаларга муктаждык болбой калды. Бирок дагы бир курч эски көйгөй кала берүүдө сууну пайдалануу үчүн акыны өз маалында төлөө жаатында элдин аң-сезимин жогорулатуу.Бул маселени чечүүнү кайрадан эле айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана ТСПАКБ колго алышты: айылдын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен алар типтүү келишимдин негизинде өзүнүн келишимин иштеп чыгып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 
2016-жылдын апрель айынан тарта айылдагы бардык суу пайдалануучулар менен келишим түзүлө баштады. Бүгүнкү күндө 967 абоненттин ичинен 700ү менен келишим түзүлүп калды жана бул багытта иштер уланууда. Келишимдин негизинде абоненттин короосуна труба өткөрүү, колонкалардан суунун сызылып чыгуусун токтотуу ж.б.у.с.
ремонт маселелери да жеңил чечилүүдө.Ошондой эле келишимде акы төлөбөгөндөргө карата бардык чаралар колдонулат: эгерде акы төлөө тууралуу кабарлама берилгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде суу үчүн акы төлөнбөсө, суу берүү токтотулат. Баса, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана майыптар, жалпысынан болуп 12 үй-бүлө акы төлөөдөн бошотулду.
 
Валерий ШИЛОВ,
Турак жай-коммуналдык чарбанын адиси,
электрондук дареги: argen.makiev@mail.ru

Окшош материалы: