Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызыл-Туу АА: дагы 100 короо таза сууга жетти

2016-09-26 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Кызыл-Туу айылдык аймагынын курамына беш айыл кирет: Кызыл-Туу, Маловодное, Кара-Сакал,Токбай, Новое. Аймактын калкынын саны 7 765 киши, алардын ичинен аялдар 3844 (49%), 15 түрдүү улуттун өкүлү жашайт, короолордун саны – 1686. АА аймагы 19 000 гектарды түзөт, район борбору Сокулук айылынан 15 км, борбордон 30 км алыстыкта жайгашкан. Совет маалында эле бул аймакта таза суу маселеси дээрлик чечилген. Бир гана Токбай айылы суу пайдалануу системасынан четте калган. Ушул жылга чейин Токбай айылынын жашоочулары сууну кошуна Кызыл-Туу айылынан жана анын жанындагы Күн-Туу айылынан ташып келген. Негизинен муну менен 10 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр алектенчү. Алар күн сайын бир жарым километр аралыкты басып өтүп суу ташышчу. Мындай жүк алардын ден соолугуна, мындан улам жаш организмдин өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизет.

Балдарда оюнга, бош убакыт өткөрүүгө, сабак окуганга убактысы калчу эмес. Өзгөчө кышкысын жолдор тайгак болуп, суукта тоңуп, жол кырсыгына кабылуу тобокелчилиги күч эле. Суу ташып келаткан баланы машине коюп кеткен учурлар да болгон. Мындан тышкары суунун тартыштыгы үй-бүлөнүн санитардык-гигиеналык абалына да таасирин тийгизчү: кийим-кече жууп, өз маалында мончого түшүү, үй тиричилиги өзгөчө аялдарга азап болчу.Үй-бүлөдө суу алып келе турган киши болбой калып, тамак жасалбай, сууну кошуналардан сурап ичкендер да аз эмес. Токбай айылынын активисттери жана биринчи кезекте старорста менен аксакалдар бул көйгөйлүү маселени чечүү керектигин айтып чыгышты. Алгач айыл өкмөтүнө кайрылышып, ал жерден айылдагы суу пайдалануу маселесинин учурдагы абалы тууралуу толук маалымат алышты.
Көрсө, өз убагында АӨ скважинаны тазалоого, насос жана кабель сатып алууга Токбай айылы үчүн каражат бөлгөн экен, бирок жергиликтүү бюджетте акча каражаты жеткен эмес, себеби Кызыл-Туу АА дотацияда турат. АӨ башчысы Замрбек НУРМАМБЕТОВдун демилгеси менен көйгөйдү чечүү боюнча демилгелүү топ түзүлдү. Адегенде айылдык чогулуш өткөрүп,ага 80ден ашуун киши катышты. Бул чогулушта ар бир короодон 2000 сомдон акча каражатын чогултуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бир айдын ичинде 123 миң сом чогулуп, АӨ башчысы “АсСалам” фондун демөөрчү катары тартып, аталган фонд 2 млн. 800 миң сом бөлүп берген. Айылдык кеңештин чечими менен жергиликтүү бюджеттен 700 000 сом бөлүндү. Жеке демөөрчү катары ишкер Алиаскар МОМОКОНОВ чыгып, 200 миң сом берип, 4,5 км аралыкка траншея казуу учүн экскаватор менен камсыздап берди. Чогулган каражатка АӨ кубаттуулугу 160 кВтболгон трансформатор сатып алып, аны скважинада орнотту. Мындан тышкары эки насос, 160 метр труба, кубаттуулугу 50 кВт болгон 800 метр кабель сатып алды.
Ошондой эле эки скважинаны адистештирилген уюмдун жардамы менен тазалап чыгып, траншея казышты. Айылдын он тургуну 15 күндүн ичинде траншеяны тазалап, Кызыл-Туу айылынан Токбай айылына чейин труба жаткырып чыгышты. Өз алдынча төрт колонка оңдолуп, ширетүү жумуштары жасалды. Атайын техника жетпеген жерлерде адамдар өздөрү трубаларды алып келип, бириктирип, көмүп жатышты. Аткарылган иштерден кийин жабдуулардын баары Кызыл-Туу айылындагы “Кутуян Башат” ТСПАКБнын балансына өткөрүлүп берилди. 2015-жылдын декабрында Токбай айылындагы скважина ишке кирди. Мунун натыйжасында калкынын саны 800гө жеткен 100 короо таза суу менен камсыздалды. Алардын үйлөрүнө суу мүмкүн болушунча жакын жеткирилди. Ал эми суу азырынча жете элек үйлөр беш колонканы колдонуп жатышат. Сарпталган ка ражаттардын, күнүмдүк чыгашалардын жана маяна фондуна чегерилген акчанын сметасынын негизинде суу үчүн тариф аныкталды. Эми ар бир короо 150 сом төлөп турмай болду. Тарифтин баасы чогулушта элеттиктер менен макулдашылды.
Эмесе, түз пайда алгандар – Токбай айылынын 800 тургуну.Бул тажрыйба элдикдемилге жана аны ишке ашырууда чечкиндүүлүк жашоону чындап жакшыртарын көрсөттү. Эми болсо элеттиктер Абдылдаев атындагы орто мектептин филиалында жылытуу системасын орнотууну пландап жатышат. Бул мектеп 30 окуучуга, эки мугалимге жана эки техникалык жумушчуга эсептелген. Бул мектепти жылытуу үчүн учурда бир меш жана бир нече электр жылыткыч колдонулуп жатат. Бирок ага карабастан балдар сабакта сырт кийимин чечпей отурушат. Мештен маал-маалы менен ис чыгып, балдардын ден соолугуна коркунуч жаратып, өрт чыгуу тобокелчилиги да бар. Ошондуктан бул көйгөйдү чечүү  биринчи кезектеги тапшырма. Бул маселени чечүүгө Жергиликтүү демилге салым кошот.
Аманат ТОКТОМАТОВ,
Токбай айылынын старостасы,
БМжБ тобунун мүчөсү,
электрондук дареги: Kyzyl-Tuu@list.ru

Окшош материалы: