Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» КЮЖ Чуй облусунда жарандарды бюджеттик процесске тартуу боюнча мыкты бейөкмөт уюм деп табылды

2016-10-29 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

2016-жылдын 19-сентябрынан 30-сентябрына чейинки мезгил аралыгында бейөкмөт уюм катары катталган жана Чүй облусунун муниципалитеттеринин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдарынын арасында “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу” конкурсу өткөрүлдү. Конкурстун байге фонду 200 000 сомду түздү.

“Конкурс жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга, бюджеттик процесске катышууга укуктарын коргоодо ийгиликке жетишкен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отчеттуулукка жете алган жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктап, аларга дем берүү максатында өткөрүлдү, - дейт Долбоордун талаа иштериндеги Координатору Алтынай Бузурманкулова. – 2016-жылдын 12-октябрында Конкурстук комис-сия келип түшкөн 12 өтүнмөнү карап чыгып, жыйынтык чыгарды. Комиссиянын чечимине ылайык, төмөнкүлөр жеңүүчү деп аныкталды:
 
  • 1-орун – “КР элеттик аялдарды активдештирүү жана бюджеттик процесске тартуу”, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсы” КЮЖ, 70 000 сомдук байге ыйгарылат
  • 2-орун – “Байтик ААда керектөөлөрдү аныктоо жана жарандарды бюджеттик процесске тартуу”, “Жамааттарды өнүктүрүү борбору” мекемеси, 45 000 сомдук байге ыйгарылат;
  • 3-орун – “Чуй облусундагы 2 пилоттук айыл өкмөттө – Маевка жана Красная речка айылдарында жаштарды өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегиясын иштеп чыгуу жана жайылтуу”, “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук уюму, 25 000 сомдук байге ыйгарылат.
«Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» КЮЖ Чүй облусунда жарандарды бюджеттик процесске тартуу боюнча мыкты бейёкмёт уюм деп табылды тин долбоорунда калктын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эсепке алуу, ЖӨБ органдарынын айкындуулугунун жана калк алдындагы отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү жаатын- да ЖӨБ органдарынын тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү максатында өткөрүлдү”.Конкурстук комиссия өтүнмөлөрдү карап чыгып, байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштүрдү.Жеңүүчүлөр:
 
  •  1-орун – Чүй облусунун Бурана айыл өкмөтү,100 000 сомдук байге ыйгарылат.
  • 2-орун – Ысык-Ата районундагы Юрьевка айыл өкмөтү, 80 000 сомдук байге ыйгарылат.
  • 3-орун – Аламүдүн районундагы Гроздь айыл өкмөтү, 70 000 сомдук байге ыйгарылат.
Үч ЖӨБдүн ар бири 30 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгеге ээ болду:
 
  • Кызыл-Туу АӨ, Сокулук району,
  • Кең-Булуң АӨ, Ысык-Ата району,
  • Биринчи Май АӨ, Москва району.
Төмөнкү 6 ААнын ар бирине 10 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу-сооротуучу байге ыйгарылды:
 
  • Кочкорбаев АӨ, Ысык-Ата району,
  • Күн-Туу АӨ, Сокулук району,
  • Он-Бир жылга АӨ, Чүй району,
  • Фрунзе АӨ, Панфилов району,
  • Таш-Мойнок АӨ, Аламүдүн району
  • Боролдой АӨ, Кемин району.
Келечекте Кыргызстандын башка облустарында да ушул өңдүү конкурстарды өткөрүү пландалууда. Бирок география өзгөргөнү менен, максаттар ошол бойдон кала берүүдө. Алар:
 
  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу Конституциялык принциптин дагы да масштабдуу сакталуусуна көмөктөшүү (КР Конституциясы, 52-берене, 3-п.);
  • бюджет долбоорунда калктын керектөөлөрүн эсепке алуу мүмкүнчүлүгү боюнча ЖӨБ органдарынын тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү;
  • муниципалитеттин өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдындагы айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санынын көбөйүүсүнө көмөктөшүү.
ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУНУН
ЖАҢЫЛЫКТАРЫКомиссия кошумча төмөнкү 5 өтүнмөнү белгилеп, 12 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:
 
  • “ЖКУ (БӨУ) күчү менен коомдук иш-чараларга мониторинг жүргүзүү”, “Ырыс-Таалай” коомдук кайрымдуулук фонду,
  • “Айылдык аймактын келечеги кесипкөй кадрларга жана кызыкдар калкка көз каранды”, “АВЕП” коомдук фонду,
  • “Майыптуулугу бар балдарга жашаган жери боюнча кызмат көрсөтүү боюнча жергиликтүү бийлик менен биргелешкен иш алып баруу”, “Бала кыялы” коомдук уюму,
  • “Эрте кийлигишүү кызматын түзүү – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө жана билим алуусуна жеткиликтүүлүктү камсыздоо”, “Өзгөчө бала” коомдук уюму,
  • “2014-жылы Кемин шаарында бюджет долбоорун кароо”, “Өнөр булагы” коомдук уюму.

Окшош материалы: