Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгы жана отчеттуулугу: ЭӨЖӨБОЖ долбоору тийгизген таасирине орто аралыкта берилген баа

2016-11-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгы жана отчеттуулугу: ЭӨЖӨБОЖ долбоору тийгизген таасирине орто аралыкта берилген баа

2012-жылдан 2016-жылга чейинки мезгил ичинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жамааттарда жана улуттук деңгээлде чоң жумуштарды жасады. Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын өркүндөтүүгө жана реформалоого, анын ичинде ЖӨБ органдарынын айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоого олуттуу салым кошту. Долбоор Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарындагы жамааттарда ишин жыйынтыктады.

Чүй облусунда болсо иштер 2017-жылдын март айында аяктайт. Буга байланыштуу долбоорду ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктарын чыгарып, тийгизген таасирине баа берүү зарыл. Долбоордун потенциалдуу таасирине анализ жасаардан мурда долбоордун максаттарын жана тапшырмаларын аныктап, объекттерди, методологияны, инструментарийлерди идентификациялап, долбоор тийгизген таасирдин мейкиндүүлүк жана убактылуу алкактарын аныктап алуу зарыл. Мындан тышкары жалпысынан Кыргызстан жана аны менен катар ЖӨБО үчүн ачыктык жана отчеттуулук көйгөйү канчалык актуалдуу болгонун аныктоо керек. “КРда бийликтин отчеттуулук системасы” изилдөөсүнүн авторлору белгилегендей, “отчеттуулукту күчөтүү жарандар менен мамлекеттин ортосундагы ишенимди калыбына келтирүү үчүн өтө маанилүү”. Тийгизген таасирге берилген орто аралыктагы баа ачыктык жана отчеттуулук көйгөйүн чечүү канчалык күчөгөнүн жана илгерилегенин көрсөтүүгө тийиш.

Долбоордун максаттары жана тапшырмалары Долбоордун максаттары жана тапшырмалары эки фазага бөлүнгөн жана алардын максаттары дээрлик шайкеш келет. Долбоордун өзөктүк максаттары – ЖМБА моделдерин жайылтуу, потенциалды жогорулатуу, мыкты практикаларды жайылтуу, децентралдаштыруу маселелери жана Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик (муниципалдык) кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча маселелер ж.б. Максаттардын ушундай саны долбоордун фазалары жана убактылуу алкактары менен байланыштуу. Бирок алардын баары бир маселени чечүүгө баш ийишет – бул ЖӨБ органдарынын ачыктыгы жана отчеттуулугу. Айрым максаттар жана тапшырмалар долбоордун биринчи фазасында жыйынтыкталат. Ал эми калган максаттар долбоордун экинчи, жыйынтыктоочу фазасында аяктайт.

Убактылуу алкактар Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору 2011-жылдын ноябрь айынан баштап, ушул күнгө чейин ишке ашырылып келатат. Долбоор төмөнкүчө ишке ашырылат: долбоордун кириш фазасы жана 2 негизги фаза. Кириш фаза 2011-жылдын ноябрь айынан 2012-жылдын март айына чейинки мезгилди камтыган. Долбоордун биринчи фазасы 2012-жылдын апрель айынан 2015-жылдын март айына чейинки мезгилди камтыды. Долбоордун экинчи фазасы 2015-жылдын апрель айынан 2019 жылдын март айына чейинки мезгилди камтыйт. Долбоор кириш жана биринчи фазаларды ийгиликтүү жыйынтыктап, учурда экинчи фазаны ишке ашырууда.

Географиялык алкактар Долбоордун кириш фазасында үч облустагы үч айылдык аймак камтылган. Чүй облусунда Ивановка айылдык аймагы, Ысык-Көл облусунда Төрт-Күл айылдык аймагы жана Жалал-Абад облусунда Ленин айылдык аймагы. Биринчи фазасында 26 айылдык аймак камтылды. Жалал-Абад облусунда 16 айылдык аймак, ал эми Ысык-Көл облусунда 10 айылдык аймак. Экинчи фазасында 27 айылдык аймакты камтуу пландалган. Алардын ичинен 2015-жылдын апрелинен бери Чүй облусунда 12 айылдык аймак камтылып, бул жерлердеги иштердин баары 2017-жылдын март айында жыйынтыкталат деп болжолдонууда. 2017-жылдын апрель айынан тарта Ош жана Нарын облустарындагы калган 15 айылдык аймакты камтуу пландалып жатат.

Долбоор таасирин тийгизчү  объекттерди идентификациялоо Долбоор таасирин тийгизчү өзөктүк объекттер болуп үч максаттуу топ эсептелет. Алар: жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери жана түрдүү демилгелүү топторго бириккен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү. 2012 жылдан 2016-жылга чейинки мезгил аралыгында 41 айылдык аймакта өткөрүлгөн иш-чараларга 55 681 киши тартылды. Сандык курамы боюнча тартылгандардын структурасы төмөнкүдөй болду: жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү – 36,4%, айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери – 35,6%, жергиликтүү кеңештин депутаттары – 12,5%, башка топтор – 15,5%. Ошондой эле долбоордун алкагында бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү, мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар жактар тартылган.

Тийгизген таасирди баалоо маселелери Тийгизген таасирди орто аралыкта баалоону долбоор да, тышкы баалоочулар да аткара алат. Маалымат булактары, алардын ишенимдүүлүгү жана далил базасы тийгизген таасирди баалоодо эң маанилүү маселе болуп эсептелет. Эң оор маселе – бул долбоор тийгизген таасирдин чек араларын аныктоо жана таасирди башка факторлордон бөлүү. Буга байланыштуу башка маселелер пайда болот: кандай маалыматтар долбоордун таасирин далилдеп турат? Долбоор тийгизген таасирдин жыйынтыктарын кантип өлчөсө болот? ЖӨБ органдарынын айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоо үчүн пилоттук айылдык аймактарда долбоор кандай таасир тийгизди? Долбоордун жыйынтыктары потенциалдуу түрдө долбоордун ЖӨБОго, анын ичинде ЖӨБОнун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоого тийгизген таасиринин деңгээлин аныктайт. Долбоордун таасирин баалоо үчүн түрдүү булактардан маалымат берилген. Булар: социологиялык сурамжылоолор, изилдөөлөөр, статстикалык маалыматтар жана долбоордун жетишилген индикаторлорунун жыйынтыктары.

Долбоордун индикаторлору Долбоордун алкагында анын жыйынтыктарынын индикаторлору, ошондой эле долбоордун биринчи жана экинчи фазаларынын индикаторлору иштелип чыккан. Долбоордун биринчи фазасынын индикаторлору ийгиликтүү ишке ашты. Долбоордун экинчи фазасынын алкагында 7 сандык жана бир сапаттык индикатор аныкталды. Долбоордун экинчи фазасынын бардык эле индикаторлору боюнча маалымат берилбегенин белгилей кетүү зарыл. Бул маалымат 2017-жылдын март айынын этегинде, долбоор жыйынтыкталганда берилет. Буга байланыштуу тийгизген таасирди орто аралыкта баалоо долбоордун жыйынтыкталган биринчи фазасы менен көбүрөөк байланышта.

Долбоордун экинчи фазасы үчүн орто аралыктагы жыйынтыктар каралат. Долбоор тийгизген таасирди орто аралыкта баалоонун алкагында биринчи жана жарым-жартылай экинчи фазаларынын индикаторлору боюнча жетишилген жыйынтыктар жана алардын ЖӨБОнун ачыктыгы менен отчеттуулугун камсыздоого тийгизген таасири каралып жатканын белгилей кетүү зарыл. Бул долбоордун биринчи жана жарым-жартылай экинчи фазаларынын индикаторлорун аткаруу тууралуу сандык отчетко караганда, көбүрөөк долбоор ишке ашырылып жаткан төрт жылдык мезгил ичинде ЖӨБОго тийгизген таасирди баалоо болот. Долбоордун сандык жана сапаттык индикаторлору аткарылган жумуштардын көлөмүн, долбоор тийгизген таасирдин чек араларын чагылдырат. 2012-жылдан 2016-жылга чейин долбоор үч облустагы 41 айылдык аймакты камтып, улуттук, облустук жана райондук деңгээлдерде 63 631 кишини долбоорго катышууга тарта алды. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин ачыктыгы жана айкындуулугу боюнча окуудан өткөндөрдүн саны 4986 кишин түздү. Алардын ичинен 1683 (33,7%) кишини долбоор окутса, бейөкмөт уюмдар 3303 (66,2%) кишини окутту.

Долбоордун сандык индикаторлору тышкы да, долбоордун өзүнүн да социологиялык сурамжылоолорунун жыйынтыктарында жана КР Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында кыйыр түрүндө да чагылдырылган Бюджеттин ачык-айкындуулугун жана ЖӨБОнун отчеттуулугун камсыздоо бөлүгүндө ЖӨБ органдарынын ишине таасир тийгизүү долбоор көздөгөн максаттардын бири болгон. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн иш-чаралар жана индикаторлор иштелип чыккан. Бюджеттик процесске жарандардын катышуусу менен өткөрүлгөн ишчаралардын саны индикаторлордун бири болуп эсептелет. Башка бир индикатор бул Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси. Долбоор тийгизген таасирдин натыйжасында ЖӨБ органдары калк алдында ачык жана отчеттуу болуп калышат жана бул процесс туруктуу мүнөзгө ээ болот деп болжолдонууда. ЖӨБО канчалык ачык жана отчеттуу болуп калганын түшүнүү үчүн муну тастыктаган түрдүү маалыматтардын жеткиликтүү булактарына кайрылабыз.

Тийгизген таасири тууралуу маалымат булактары Долбоордун ЖӨБОнун бюджет айкындуулугу жана отчеттуулугу бөлүгүнө тийгизген таасирин баалоо үчүн маалыматтын төрт булагын карап чыгалы. Тийгизген таасирин баалоо объективдүү болушу үчүн триангуляция усулу колдонулат. Бул демек маалыматтын үчтөн кем эмес булагы колдонулат дегенди билдирет. Аталган булактар долбоор тийгизген таасирди аныктоого жардам берет. Булар 2012-жылы, 2014 жылы жана 2016-жылы пилоттук айылдык аймактарда өткөрүлгөн сурам жылоолордун жыйынтыктары өңдүү маалымат булактары. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата жеке ишеним Индекси боюнча КР Улуттук статистика комитетинин 2012-жыл жана 2014-жыл үчүн маалыматтары. Бул Эл аралык бюджеттик өнөктөштүк уюму жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктары. Ошондой эле долбоор пилоттук жана пилоттук эмес айылдык аймактарда өткөргөн иш-чаралардын жыйынтыктары.Жогоруда айтылган маалымат булактары жарандардын мамлекеттик да, жергиликтүү да бюджеттери боюнча ачыктыгын жана отчеттуулугун кабыл алуусун чагылдырат.Бул элет тургундарынын да (66,3%), шаар тургундарынын да (33,7%) кабыл алуусу. Маалыматтын төрт булагы ой жүгүртүү жана долбоордун таасирин баалоо үчүн база катары кызмат өтөйт. 

Социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыктары Маалыматтын биринчи булагы – бул 2012, 2014 жана 2016-жылдары өткөрүлгөн социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыктары. Сурамжылоолорго пилоттук айылдык аймактардын жашоочулары катышкан. 2012-жылы сурамжылоо 42 айылдык аймакта жүргүзүлүп, ага 1370 киши катышкан. 2014-жылы 59 айылдык аймак камтылып, 1711 киши катышса, 2016-жылдын июнь айында сурамжылоо 28 айылдык аймакта өткөрүлүп, 1399 киши катышкан. Бул изилдөөлөр ЖӨБ органдарынын ишиндеги түрдүү маселелер, анын ичинде ЖӨБОнун ачыктыгы жана отчеттуулугу боюнча коомдук пикирге мониторинг жүргүзүүгө багытталган. 2012 жылдан 2016-жылга чейинки мезгил аралыгында өткөрүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, респонденттердин баамында, ЖӨБОнун ачыктыгы 26,1% өскөн (18,2 пайыздан 44,2 пайызга чейин). Сурамжылоого катышкан респонденттердин төрттөн бири ЖӨБОнун калк алдындагы ачыктыгына жана отчеттуулугуна оң баа беришкен.

“Билбейм/ жооп бере албайм” деп жооп кайтаргандардын пайызы 14,6% кыскарганына көңүлүңүздү бурабыз (18,7 пайыздан 4,1 пайызга чейин). Бул жамаат мүчөлөрү тарабынан ЖӨБОнун иши тууралуу маалымдуулугу жана кызыгуусу өсүп жатканынан кабар берет. ЖӨБО тарабынан берилген маалыматка канааттануу тууралуу респонденттердин жообу ЖӨБОнун элет тургундары алдында ачыктыгынын башка бир далили болуп эсептелет. Сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча “Сизди өз аймагыңыздагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (айыл өкмөтү, айылдык кеңеш) жана анын иши тууралуу маа лыматтын көлөмү/сапаты канчалык канааттандырат?” деген суроого жооптор төмөнкүдөй болгон: “2012-жылы сурамжылоого катышкан респонденттердин 16,1%, 2016-жылы 30,5% толугу менен канааттанган”. Сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, респонденттердин ЖӨБО тарабынан берилген маалыматынын көлөмүнө/сапатына толук канааттануу деңгээли дээрлик эки өскөн.

КР Улуттук статистика комитети жүргүзгөнсурамжылоонун жыйынтыктары Маалыматтын экинчи булагы – бул КР Улуттук статистика комитетинин маалыматтары. Аталган комитет квартал сайын мамлекеттик башкаруу органдарына, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Жеке ишеним индекси1 боюнча сурамжылоо жүргүзүп келет. Бул – калктын ЖӨБ органдарына болгон ишениминин көрсөткүчү. Ал жалпысынан ЖӨБОнун ишин, аны менен катар айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыздаганын да чагылдырат. 2012-жылдын IV кварталы үчүн сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Жеке ишеним индекси республика боюнча 15,4% түзсө, 2014-жылдын IV кварталында 30,9% түзгөн. 2012-жылдан 2014-жылга чейинки мезгил аралыгында Жеке ишеним индекси дээрлик эки эсе өскөн.

Эл аралык бюджеттик өнөктөштүк жүргүзгөн изилдөөүн жыйынтыктары Маалыматтын үчүнчү булагы – бул Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн маалыматтары2. Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, 2012-жылы бюджет ачыктыгынын индекси 20 балл болуп, Кыргыз Республикасы 76-орунду ээлеген. 2015-жылы Бюджеттин ачыктыгынын индекси 54 балл болуп, Кыргыз Республикасы 34-орунду ээлеген. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Кыргыз Республикасы бюджеттин ачыктыгы боюнча рейтингде 76-орундан (100 өлкөнүн ичинен) 34-орунга (102 өлкөнүн ичинен) көтөрүлүп, Казакстан, Түркия, Малайзия, Венгрия, Сербия, Индия өңдүү өлкөлөрдөн озуп чыккан. Мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдүн арасында бюджет айкындуулугу боюнча Кыргыз Республикасы Орусия Федерациясынан (11-орун, 74 балл) жана Грузиядан (16-орун, 66 балл) кийинки 3 орунду ээлейт.

Долбоордун жыйынтыгы Маалыматтын төртүнчү булагы – бул долбоордун маалыматтары. Долбоор тийгизген таасир тууралуу анализ жүргүзгөнгө чейин инструментарийлер тууралуу айтуу зарыл. ЖӨБОнун бюджет айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоо үчүн долбоор түрдүү инструментарийлерди колдонот. Долбоордун таасир тийгизүүчү инструментарийлердин бири болуп жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун (ЖМБА) иштелип чыккан модели эсептелинет.Долбоордун таасир тийгизүү аспаптары ЖМБА аспап катары айыл өкмөтү калктын катышуусу менен бюджетти түзгөнгө чейин жамаат муктаждыктарын изилдөөдөн башат алат жана бул процессти жамаат алдында ачык жана отчеттуу кылат. Айылдык аймактарда үч ай ичинде ЖМБА моделин жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн.Бул инструментарийлердин жардамы менен Долбоор сандык жана сапаттык индикаторлорго таасир тийгизет.

Бул инструментарийлер менен жетишилген жыйынтыктар ЖӨБОнун ачыктыгына жана отчеттуулугуна тийгизген таасирине анализ жасоо үчүн негиз болуп калды. ЖМБА жамааттарда ишчараларды, анын ичинде айыл өкмөтүнүн бюджетине байланыштуу коомдук угууларды өткөрүү боюнча стандарттардын сакталышын камсыздайт. Айыл өкмөттүн бюджети боюнча коомдук угуулар долбоор иштеп чыккан белгилүү бир стандарттар1 боюнча өткөрүлөт. Бул алардын катышуучуларына жана жалпысынан процесске тийгизген маалыматтык таасирди күчөтөт. Стандарт коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү боюнча белгилүү бир талаптарды караштырат. Коомдук угуулардын бардык этаптары дыкат документтештирилген жана кызыгууну, мотивацияны күчөтүүгө, мүмкүн болушунча көбүрөөк сандагы катышуучуларды тартууга багытталган. Бул болсо айыл өкмөтүнүн бюджети тууралуу калктын маалымдуулугунун, бюджеттик процессте жамааттын ар бир мүчөсүн катышууга шыктандыруу бөлүгүндө коомдук аң-сезимге активдүү таасир этүүгө жардам берет.

ЖӨБО тарабынан бул – жамаат мүчөлөрүн талкуу процессине кеңири тартуу жана айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүүдө жамааттын пикирлерин эсепке алуу. Пилоттук айылдык аймактары үчүн жамаат мүчөлөрү менен биргеликте буклеттер, чакыруу баракчалары, баннерлер, инфографика, башка маалыматтык материалдар даярдалып, мультимедиялык аппаратура, маалымат такталары берилген. Инструментарийлердин бул жыйнагы айыл өкмөтүнүн бюджети тууралуу маалымдуулуктун эффективдүүлүгүнө, ЖӨБОнун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыздоого, бюджеттик процесске жарандарды жигердүү тартууга багытталган. Маалымат такталарына айыл өкмөтүнүн бюджети тууралуу маалыматтын жайгаштырылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат.

Мониторингдин жыйынтыктары Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексинде (БАМИ)2 чагылдырылат. Бул ЖӨБО тарабынан айыл өкмөтүнүн бюджети тууралуу маалыматты жайылтуу деңгээлине мониторинг жүргүзүү үчүн эң эффективдүү жана жөнөкөй инструментарий. Институттун сайтында өткөрүлгөн коомдук угуулар тууралуу 166 маалыматтык материал жайгаштырылган. Жалпысынан бул инструментарийлер жана усулдар долбоор тийгизген таасирди жана алардын туруктуулугун камсыздап турат.

Коомдук угуулар ЖӨБОнун ачыктыгынын жана отчеттуулугунун аспабы катары 2012-жылдан 2016-жылдын октябрь айына чейинки мезгил аралыгында айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 91 коомдук угуу өткөрүлүп, аларга жалпысынан 7778 адам катышкан жана алардын 34% аялдар түзгөн. Бюджет боюнча коомдук угуулар эки өз-өзүнчө иш-чарага бөлүнөт: айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүү (кийинки жылга) боюнча коомдук угуулар жана айыл өкмөтүнүн бюджетин аткаруу (отчеттук жыл үчүн) боюнча коомдук угуулар. Бул бир жагынан айыл өкмөтүнүн бюджетинде жамааттардын керектөөлөрүн эсепке алууга, экинчи жагынан жамааттын бюджеттин аткарылышына мониторинг жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берди. ЖӨБОнун ачыктыгынын жана отчеттуулугунун кайра байланышын камсыздоо максатында долбоор демилгелүү топтордун колдоосу менен сурамжылоолорду жүргүзөт. 2015-жылы долбоордун алкагында 2 сурамжылоо жүргүзүлгөн. 2015-жылы Чүй облусунун 12 пилоттук айылдык аймагында демилгелүү топтордун 280 мүчөсү сурамжылоого катышкан. “ЖӨБ органдары өз иши тууралуу отчет береби?” деген суроого 10 балл боюнча 89,9% (5-10 балл) “ооба” деп жооп кайтарышкан.

2015-жылдын соңунда долбоор жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктары төмөнкүдөй болду: ЖӨБО ачык – 43,4%, айрым бир учурларда ачык – 38,4%, жабык – 4,2% жана “билбейм” деп жооп кайтаргандар – 13,9%. Долбоор жамааттын жана ЖӨБОнун керектөөлөрүнө жооп бергидей бюджеттик процессти өркүндөтүү боюнча улуттук деңгээлде иш жүргүзүп келет. Бул бюджеттик процесс боюнча КР мыйзамдары менен байланышкан маселелер. Долбоордун адистери Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда “тегерек стол” талкууларын, жумушчу жолугушууларды, семинарларды, пресс-сессияларды өткөрүштү. Долбоордун алкагында окуу модулдары даярдалып, ММКда басылмалар чыгып, башка иш-чаралар өткөрүлдү. Улуттук деңгээлде 41 иш-чара өткөрүлгөн.

Жамааттын жана ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатуу Жамаат мүчөлөрүнүн жана ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатуу процесси да ачыктыкка жана отчеттуулукка көмөктөшөт. Жамаат менен ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатуу аркылуу элеттиктерди бюджеттик процесске тартуу үчүн эффективдүү механизмдер жана инструментарийлер тууралуу билимдер берилет. Бул да жамаат мүчөлөрүнүн ЖӨБО менен өз ара аракетинин механизмдерин жайылтууга көмөктөшөт. Бул долбоор тийгизген таасирдин чек арасын кеңейтет. 2012-жылдан ушул кезге чейин ЖӨБОнун айкындуулугуна жана отчеттуулугуна байланышкан төрт негизги тема боюнча 79 тренинг өткөрүлдү. Алар: “ЖӨБО ишиндеги ачыктык жана айкындуулук жана коомдук бюджеттик угуулар”, “Жарандардын бюджеттик процесске катышуусу”, “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу”, “Муниципалдык финансыны жана менчикти башкарууда ЖӨБОнун ачыктыгы”. Жалпысынан 1683 киши окуудан өттү.

Жамаат мүчөлөрүнүн жана ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатуу аркылуу долбоор алардын ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыздоого йигиликтүү таасирин тийгизүүдө. Айыл өкмөттүн бюджети боюнча өзгөчө масштабдуу окууларды 2014-жылдын октябрь айынан 2015-жылдын январь айына чейин “Айыл демилгеси” коомдук уюму Ысык-Көл облусунда (47 айылдык аймакта) жана Жалал-Абад облусунда (49 айылдык аймакта) долбоордун буюртмасы боюнча өткөрдү. 204 тренинг өткөрүлүп, 3303 адам катышты. Алардын ичинен жергиликтүү кеңештин депутаттары – 92,1%, айыл өкмөттүн кызматкерлери – 7,8% жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү – 0,1%. Тренингдин темасы: “ЖӨБ органдарынын ишинде айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыздоо” жана “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу”. Тренингге 25% пилоттук жана 75% пилоттук эмес айылдык аймактар катышкан. Эки облуста тең дээрлик бардык айылдык аймактар камтылган.

Тыянактар Төрт түрдүү маалымат булактарынан алынган маалыматтарга жасалган анализдин жыйынтыктары долбоор ЖӨБОнун ачыктыгы жана отчеттуулугу бөлүгүндө бенефициарларга эффективдүү таасирин тийгизип жатканын ырастайт. Долбоор тийгизген таасирге жасалган мындай анализ үзгүлтүксүз мониторинг жана баалоо болмоюнча мүмкүн болбойт. Мониторинг жана баалоо аспап катары болуп жаткан өзгөрүүлөргө байкоо салып, анализдөөгө,ЖӨБОнун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыздоодо гана эмес, ошону менен бирге ЖӨБО системасында да жамааттын керектөөлөрүн жана сурооталаптарын божомолдоого жардам берет. Ушул тапта ачыктык жана айкындуулук бөлүгүндөЖӨБ органдарынын ишинде оң жылыштарга карабастан, ЖӨБО жамааттын керектөөлөрүнөн жана суроо-талаптарынан артта кала берүүдө. Швейцария Элчиси белгилегендей, эки кабар бар. “Жакшы кабар – Кыргыз Республикасында отчеттуулук сиистемасы бар жана иштеп жатат. Дыкат көңүл бурууну талап кылган башка жаңылык – бул система өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша толук иштей албай жатат”.

Долбоор ачыктык жана отчеттуулук системасы толук иштеп кетишине умтулуп, жамааттын керектөөлөрүнөн жана суроо-талаптарынан ЖӨБОнун артта калуусун кыскартууга тийиш. Ошондуктан долбоор жамааттар менен ЖӨБОго таасир тийгизүү усулдарын жана аспаптарын өркүндөтүшү керек. Муну ЖӨБОнун ачыктык жана отчеттуулук системасын реформалоо аркылуу жасаса да болот. ЖӨБОнун ачыктыгы жана отчеттуулугу туруктуу мүнөзгө ээ болгудай отчеттуулук системасын түптөө зарыл.Мисалы, Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, ЖӨБОго жеке ишеним 2 эсе өскөн. Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн маалыматы боюнча мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз Республикасы бюджеттин айкындуулугу боюнча үч жыл ичинде 3-орунга көтөрүлгөн.Үч социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча ЖӨБОнун ачыктыгы жана айкындуулугу 26% өскөн. Түрдүү маалымат булактарынан келтирилген жыйынтыктар долбоордун Кыргызстанда, анын ичинде пилоттук айылдарда ЖӨБОнун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыздоого таасирин тийгизгенин далилдейт. Ачыктык жана отчеттуулук практикасы ЖӨБОнун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бул болсо демократиянын өнүгүүсүнө көмөктөшүп, жамаат мүчөлөрү менен ЖӨБО ортосундагы кызматташтыктын жана ишенимдин чек араларын кеңейтет. Мына дал ушул – долбоор тийгизген таасирдин жыйынтыктары болуп эсептелет.

Окшош материалы: