Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кемин шаарынын мэри: “Мен жаштарды өз шаарынын тазалыгына кайдыгер болбоого чакырам”

2016-11-07 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

2015-жылдын июнь айынын башында Чүй облусунун Кемин шаары ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун 12 максаттуу муниципалитеттеринин бири болуп калды. Долбоор шаар мэриясы менен Кызматташтык тууралуу меморандумга кол койгон. Бул Меморандумда тараптардын милдеттенмелери жана укуктары белгиленген. Андан бери бир жарым жыл өттү. Кандай өзгөрүүлөр болду? “Долбоор менен кызматташуунун алкагында биз консультацияларды, чогулуштарды, пландарды талкуулоону жана даярдоону, жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоону кошкондо көптөгөн ишчараларды өткөрдүк, - деп айтып берди Кемин шаарынын мэри Солайбек ДОСОВ. – Бул иш-чаралар жергиликтүү маанидеги артыкчылыктуу маселелерди аныктоого багытталган. Аларды чечүү менен калкыбыздын турмушун жакшырта алмакпыз. Мектепке чейинки билим берүү, шаардагы таштандыны жыйноону жана чыгарууну уюштуруу, жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүп берүү боюнча маселелер эң көйгөйлүүлөрдүн катарында турган. Чогулуштар маалында таштанды жыйноо жана чыгаруу маселеси эң көп добушка ээ болуп, артыкчылыктуу деп таанылды. Бул маселени чечүүгө биз Долбоордон бир миллион сом көлөмүндө гранттык каражат алдык. Учурда биз тендер аркылуу атайын техниканы сатып алдык”.

Кемин шаарында КТК жыйноону жана чыгарууну уюштуруу менен турак жай-коммуналдык чарбасы (ТКЧ) алектенет. Кемин шаардык кеңеши 2016-жылдын 25-февралындагы № 137-33-26 Токтому менен 2016-жылга шаардын ТКЧ чыгаша бюджетин 8 миллион 210 миң 400 сом көлөмүндө бекитти. ТКЧ бюджетинде 104 600 сомго жумушчу шаймандарды жана 21 000 сомго кызматкерлер үчүн атайын кийимди сатып алуу каралган. Негизги чыгашалар шаарды жашылдандырууга, имараттардын жана курулмалардын күнүмдүк ремонтуна, шаардагы жолдордун һ чуңкурларын оңдоого, жарыкдиоддуу чырактарды сатып алып орнотууга, электр энергиясы үчүн төлөөгө жана “Мыкты квартал”, “Үлгүлүү үй” жана “Мыкты көчө” сынактарын өткөрүүгө каралган. Кемин ТКЧда 11 адам иштейт, бардык чегерүүлөрдөн кийин жумушчунун орточо эмгек акысы 7 500 сомду түзөт. “Муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, ТКЧ жумушчулары жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен айрым бир жеңилдиктерди алып турат: коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1500 сом көлөмүндө ай сайын компенсация алат; жылына бир жолу күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө 4000 сом көлөмүндө бир жолку материалдык жардам алат; ай сайын 1500 сом өлчөмүндө азык-түлүккө компенсация алат.

Буга кошумча жумуштагы жетишкендиктерине дем берүү жана шаар мэринин фондунан сый акы катары жылына 2-3 жолу пансионатта же санаторийде эс алуу каралган. Шаар мэри Солайбек ДОСОВдун айтымында, кызматкерлер шаардыктарды тазалыкты сактап, өз аймагын жашылдандырууга; турак жай кварталдарында бак-дарактарды сугарып туруу үчүн арыктарды таштандыга толтурбоого чакырып келишет. Ошондой эле жеке сектордо жашаган шаар тургундарын өз участогундагы таштандыны компостирлеп, бир канча убакыттан кийин аны жер семирткич катары колдонууга, ал эми пластик идиштерди атайын жайларга өткөрүүгө үндөшөт. Бирок шаардыктар таштанды башкаруунун мындай режимине өтүүгө шашылган жери жок. “Өзүбүз жасай ала турган органикалык жер семирткичтин ордуна биз химияны сатып алып, организмди ууландырып жатабыз. Таштанды да барган сайын көбөйүп, арыктар толуп, бак-дарактар куурап жатат. Тынбай эле тазалагандын ордуна арыктарды булгабай койсо болот эле го.

Ошондо биз күнөөлүүлөрдү издебей, бак-дарактар өз маалында сугарылып турмак. Ошондой эле мен жаштарды өз шаарына кайдыгер карабоого чакырам. Эгерде аянтта же монументтин жанында үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткан жаштарды көрүп калсам жандарына басып барып, куттуктайм, бактылуу турмуш жана ден соолук каалап, аягында өзүнөн кийин таштандыны чогултуп, атайын контейнерге таштап коюусун өтүнөм. Контейнерлер борбордук көчөнүн туш тарабында орнотулган. Жакында дагы бир нече контейнер сатып алып,шаардагы көчөлөрдүн арасында бөлүштүрөйүн деп жатабыз. Бирок менин баамымда, контейнерлер аздык кылат. Балдарды мектеп партасынан эле тазалык маданиятына үйрөтүп, бул билимди үй-бүлөдө бекемдеш керек. Чоңдор өзүнүн жүрүм-туруму менен балдарга бул багытта үлгү болууга тийиш”, - деп айтты шаар башчы.

Ошондой шаардын мэри Ысык-Көл тарапка чоң жол менен өткөн маданияттуу адамдар да бар болгонуна токтолду. Алар соода түйүндөрүндө азыктүлүк сатып алып, кабыгын, же ашыкча кагазды таштай албай калышат. Себеби таштайын десе контейнер таппай калышат. “Тартиптүү адам таштандыны баштыгына салып, өзү менен ала кетет. Мына, дал ушундай адамдар үчүн биз тазалыкты сактоо үчүн шарттарды түзүп беришибиз керек. Алардын жүрүм-туруму таштандыны көчөгө ыргыткан башкалар үчүн үлгү болууга тийиш”. Коммерциялык пункттар – дүкөндөр, соода борборлору, кафе жана ресторандар менен келишим түзүү мэриянын планында бар. Бул келишимде белгиленген тариф аныкталып (айына 100 сомдун тегерегинде), түзүлгөн график боюнча транспорт келип, таштанды чыгарып турат. Бирок бул маселе азырынча ачык турат. Анткени шаардык кеңеш аны карап чыгып, талкуулап, бекитип бериши керек. Таштанды чыгаруу үчүн тариф боюнча маселени кайра кароо пландары тууралуу мэрдин айткан сөздөрүн шаардык кеңештин төрагасы да тастыктады. Анын айтымында, депутаттык корпус шаар мэриясынан тарифти карап чыгуу тууралуу сунушту күтүп жатат.

“Таштанды чыгаруу үчүн тариф 2013-жылы эле бекитилген. Ал эми андан бери көп нерсе өзгөрбөдүбү, бир топ кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын да кайра карап чыгыш керек. Мисалы, тарифти бекитип жатканда солярканын 1 литри 26 сом болсо, азыр 36 сомго чыкты. Калк үчүн тариф бир адамга 5 сомду түзөт. Бирок ошонун өзүндө да айрымдар бул сумманы төлөгүсү келбейт. Ал эми өпчап чогулган акча атүгүл күйүүчү майга кеткен чыгашаны да жапкан жок. Атайын техниканы күтүүгө, жумушчулардын эмгек акысын төлөөгө кеткен чыгашалар тууралуу оозанбай деле коелу”, – деп айтты шаардык кеңештин төрагасы. Шаар башчысынын башка бир көйгөйү – таштанды полигону. Үйүнөн таштандыны өз алдынча чыгарган шаардыктардын айрымдары ага жеткирбей эле таштандысын орто жолго ыргытып кете беришет. “Бул таштанды полигонун эки жылдан бери пайдаланып келатабыз. 6-7 жылдан кийин ал толгондо тегиздеп туруп, үстү жагын грунттап, бак дарактарды отургузабыз. Бул полигон мурда ээн жатчу. Соттун чечиминин негизинде аны пайдалана берүүгө уруксат алганбыз. Кароо процессинде бул аймактан баары, анын ичинде кошуна аймактар жана Орловка ш. да баш тарткан.

Үч жылдан кийин жердин ээси табылбаса аймак шаардын муниципалдык менчигине өтөт. Полигондун аянты 1,5-2 гектар жерди түзөт. Полигонду Айлана-чөйрөнү коргоо фондунун жардамы менен тосмологонбуз – биздин долбоор 420 миң сом көлөмүндө грант утуп алган. Биз тендер өткөрүп, анда утуп алган фирма полигонду тосмолоо боюнча жумуштарды аткарган. Азыр бул чуңкурду (полигонду) тегиз толтурганга аракеттенип жатабыз. Айрым жашоочулар орто жолго ыргытып кеткен таштандыны да чуңкурга чейин алып келип, таптап чыгабыз”, - деп айтты мэр. Кемин шаарынын мэриясынын демилгеси боюнча 2016-жылдын 14-октябрында Кемин райондук администрациясында таштанды чыгаруу үчүн тарифти талкуулоо боюнча коомдук угуулар өткөн. Бул маанилүү маселени талкуулоого шаардыктардын аз гана бөлүгү – болгону 56 киши гана келген. Уюштуруучулардын – шаар мэриясынын айтымында, коомдук угуулар таштанды чыгаруу үчүн тарифти калк менен талкуулоо жана бекитүү максатында уюштурулган. Анткени бүгүнкү тариф – киши башына 5 сом – атүгүл күнүмдүк чыгашаларды да жаппайт келет. Бардык чыгашаларды эсептеп чыккандан кий ин калкка таштанды чыгаруу жана жок кылуу боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында Кемин шаарынын мэриясы калк үчүн тарифти киши башына 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.

Угуулардын жүрүшүндө катышуучулар тараптан катуу тиричилик калдыктарына байланыштуу түрдүү сунуштар түштү. Кызуу талкуулардан кийин катышуучулар тарифти 15 сомго чейин көтөрүү боюнча жалпысынан мэриянын сунушун колдоп беришти. Өз кезегинде шаардык кеңеш катышуучулардан түшкөн сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алып, киши башына 15 сом көлөмүндө жаңы тарифти бекитти. Эми ТКЧ кирешелери көбөйөт деген үмүт пайда болду. Бирок таштанды маселесин чечүү боюнча жасачу жумуштар али көп. Азырынча алгачкы кадамдар гана ташталды жана эң кыйыны алдыда – шаардыктардын жүрүм-турумун, психологиясын өзгөртүп, аларды өз шаарына аяр мамиле жасоого үйрөтүү.

Окшош материалы: