Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү жамааттын уставын киргизебиз. Практиктердин суроолору жана юристтердин жооптору

2016-11-07 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жергиликтүү жамааттын уставын киргизебиз. Практиктердин суроолору жана юристтердин жооптору

2016-жыл ичинде Кыргызстандын муниципалитеттери жергиликтүү жамааттын жаңы уставдарын киргизүү иштерин улантышты. Уставдарды жарандар менен биргеликте талкуулоо процессинде көптөгөн суроолор пайда болду. Аларга жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунда иштеген Өнүктүрүү саясат институтунун адистери беришет.

Жергиликтүү кеңештин токтомдоруна юридикалык бааны ким бериши керек? ЖӨБ органдары өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет. Алар өз чечимдерин өз алдынча кабыл алышат, ошондой эле кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн жопокерчилик алышат. Ошондуктан АК токтомдору, АӨ чечимдери сырттан же башка мамлекеттик органдар тарабынан милдеттүү укуктук экспертизадан өтүүгө жатпайт.Атүгүл, АК токтомдору расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет. Андан кийин ЖӨБО жарыяланган токтомдор юридикалык күчкө ээ болушу үчүн алардын көчүрмөлөрүн ЧУА Мамреестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигине жиберилет. Юстиция министрлиги айылдык кеңештин кабыл алынган, жарыяланган жана күчүнө кирген токтомдоруна укуктук экспертиза жүргүзүүгө жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. ЖӨБО кабыл алган чечимдерге укуктук экспертиза жүргүзүү маселеси алардын өзүнө жүктөлгөн.

Аны менен катар айылдык аймактарда бул функция жооптуу катчыга жүктөлгөн. Болбосо АӨ башчы белгиленген штаттык бирдиктин алкагында (2011-жылдын 5-августундагы № 451 “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” өкмөттүн токтому) юристтин ыйгарым укуктарын башкы адиске, же алдыңкы адиске, же АӨ адисине жүктөөгө, же ушул кызматтардын бирине юридикалык билими бар кызматкерди алууга укуктуу. Мындан тышкары ЖӨБО КР мыйзамдарына карама-каршы келген ченемдик укуктук акты кабыл алынган учурда соттун тийиштүү чечими чыкканга чейин, же прокуратура органдарынын реакция жасоо актысын алганга чейин кабыл алынган ЧУАны өз алдынча жокко чыгарууга же бул актынын күчүн токтото турууга укуктуу.

Мыйзамдарга шилтемелер ЖӨБ жөнүндө мыйзам. 12-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрү кабыл алган чечимдери үчүн жоопкерчилиги: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат. 21-берене. Жергиликтүү кеңештер: Жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештердин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамы. 10-берене. Ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) колдонулушун токтотуу, аны жокко чыгаруу.

Төмөнкүдөй учурларда ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) колдонулушу токтотулат: ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) эсеп кылынган мөөнөт бүткөндө; мурда кабыл алынган ЧУАнын жоболоруна каршы келгенде же ЧУАны өзүнө сиңирип алган жаңы ЧУА кабыл алынганда; мыйзамдарда белгиленген тартипте ЧУА конституциялык эмес же жараксыз деп табылганда; ЧУА ушул актыны кабыл алган орган же буга ыйгарым укугу бар башка орган тарабынан күчүн жоготту деп табылганда же актынын колдонулушу токтото турулганда. Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамалары (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы №91 токтому менен бекитилген). 

Жооптуу катчынын функционалдык милдеттери: жооптуу катчы айылдык (поселкалык) кеңештин жана айыл өкмөтүнүн иштерин уюштуруучулук камсыз кылуу боюнча ишаракеттерди координациялайт, туруктуу комиссияларга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына, структуралык бөлүмчөлөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдарына жардам көрсөтөт; Айылдык, поселкалык кеңештердин сессияларын жана айыл өкмөтүнүн заседаниелерин жана жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн курултайын уюштуруу жана өткөрүү үчүн зарыл материалдарды даярдоону камсыз кылат. Жооптуу катчы укук маселелери бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы, жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча юридикалык талаптарды сактоого жооп берүүгө милдеттүү.

Мамлекет дааватчынын ишин кантип жөнгө салат? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу диний маселелерди кантип жөнгө салат МАМЛЕКЕТ. Диний иш-аракет - динге ишенгендердин диний муктаждыктарын канааттандырууга багытталган иш-аракет, диндерди жайылтуу, диний таалим-тарбия, кудайга табынуу иштерин, дуба кылуу жыйындарын өткөрүү, үгүт-насыят окуу, дин адистерин, дин кызматкерлерин окутуу ж.б. Бул ишаракет төмөнкүдөй мыйзамдар менен жөнгө салынат: 2008-жылдын 31-декабрындагы № 282 “КРдадин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамы; “КР жарандарынын абийир эркиндигинин жана дин тутуу эркиндигинин укуктарын ишке ашыруунун чаралары жөнүндө” КР Президентинин жарлыгы; 2014-жылдын 14-ноябрындагы №203 “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө” ПЖ; КР Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3 февралындагы “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө” чечими менен жөнгө салынат.Ушул тапта Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы чечимине ылайык, имамдар тийиштүү уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн аттестациядан өтүп жатышат. Диндин дааватчылар тарабынан жайылтылышынын процесси Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы жана башкармалыктын тийиштүү ички ченемдик актылары менен жөнгө салынат. Диний билим берүү уюмдарын каттоо маселеси да жогоруда аталган ЧУА менен жөнгө салынат.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ, “КРда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, динге жана диний уюмдарга тиешелүү айрым маселелерди дин боюнча коомдук комитеттерди түзүү жолу менен өз алдынча кароого ыйгарым укуктуу. ЖӨБ органдары дин боюнча коомдук комитеттерди түзүү жолу менен дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен бирдикте коомдук тартипти диний коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү диний экстремизмден коргоону камсыз кылуу үчүн дин жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.Мыйзамдарга шилтемелер “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамы. 10-берене. Диний уюмдарды эсептик каттоого алуу.Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген диний уюмдарды жана диний багыттагы объекттерди эсептик каттоого алуу дин иштери боюнча мамлекеттик органдар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Диний уюм дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү эсептик каттоого алуу (кайра каттоого алуу) жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып дин ишин жүзөгө ашырууга укук алат.

Диний уюмду эсепке алуу үчүн түзүүчүлөр төмөндөгүдөй түзүү документтерин (мамлекеттик жана расмий тилде) тапшырышат: эсептик каттоого алуу жөнүндө арызды; диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүүкеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмесин; төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставын; чогулуштун төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлган уюштуруу чогулушунун (конференциялардын, курултайлардын ж.б.) протоколу; динге ишенүүнүн негиздери тууралуу жана ага шайкеш келүүчү тажрыйба, анын ичинде диндин келип чыгыш тарыхы тууралуу, анын ишинин формалары жана методдору жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө мамилеси жөнүндө, ушул динди жактоочулардын ден соолугуна жасалуучу мамиленин өзгөчөлүктөрү, жарандыкукуктар жана милдеттерге байланыштуу уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн чектөөлөр тууралуу маалыматтар; түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы жөнүндө маалымат; тиешелүү аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) ырастоочу документ (өзүнүн имарат-жайын сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, имарат-жайды акысыз берүү келишими, расмий кат ж.б.). 13-берене.

Диний окуу жайды эсептик каттоого алуу 1. Диний окуу жайлар дин иштери боюнча мамлекеттик органда милдеттүү түрдө эсептик каттоого алынууга жатат. Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте эсептик каттоодон өтпөй туруп диний окутууга тыюу салынат. 2. Диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу үчүн уюштуруучу төмөнкүлөрдү берет: диний окуу жайдын уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген, мамлекеттик жана расмий тилдерде төрт нускада түзүлгөн уставы; уюштуруу чогулушунун протоколу, диний окуу жайды түзүү жөнүндө чечим же буйрук (уюштуруу келишими); диний окуу жайын уюштуруунун демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атаснын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси; уюштуруучунун (уюштуруучулардын) уставынын, диний уюм катары мамлекеттик каттоого алуу тууралу күбөлүгүнүн нотариалдык ырасталган көчүрмөлөрү; уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген окутуу программасы, окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү; тийиштүү кызматтар (санитардык-эпидемиологиялык, өрттөн сактануу) берген маалымкат-корутунду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы диний окуу жайга өзүнүн иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн берген уруксат; финансылык ресурстарынын бар экендиги жөнүндө ырастоо; окутуучулардын сапаттык курамы.

3. Эсептик каттоодон өткөндөн кийин диний окуу жайына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.16-берене. Юридикалык жана жеке жактардын менчигинде болгон мүлктөрдү пайдалануу 1. Диний уюмдар, миссиялар, диний окуу жайлар аларга юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келишимдик башталышта берген имараттарды жана мүлктөрдү өз муктаждыктары үчүн пайдаланууга укуктуу. 2. Табынуу имараттарына жана мүлктөрүнө ээлик кылууга жана аларды пайдаланууга тиешеси бар маселелер боюнча талаштар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, сот тартибинде чечилет. 3. Диний ишенимдерге жараша калыптанган көрүстөндөрдү пайдалануу эрежелерин жана көрүстөн жыйымдары жөнүндө жоболорду таануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоболору менен жөнгө салынат. 22-берене. Диний адабияттар жана диний арналыштагы буюмдар 1. Диний уюмдар диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды, ошондой эле диний арналыштагы башка буюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарууга, сатып алууга, Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүгө, Кыргыз Республикасына алып келүүгө, сактоого жана жайылтууга укуктуу.2.

Конституциялык түзүлүштү, коомдун адепахлактык негиздерин өзгөртүүгө, диний өгөйлөнүүгө чакырыктар камтылган диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды алып келүүгө, даярдоого, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салынат. 3. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудиовидеоматериалдарга дин таануу экспертизасын дайындоого укуктуу.Диний адабияттар китепкана фонддоруна түшкөн учурда мамлекеттик дин таануу экспертизасы милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары боюнча басма сөздө, кинофотоаудиовидео продукцияларда жана башка материалдарда диний экстремизмдин элементтери бар экени жөнүндө түшүндүрмө берүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңештин депутаттары айылдардын биринде спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алышты. Бултоктом канчалык укуктуу? Спирт ичимдиктеринин жайылуусун чектөө үчүн жергиликтүү жамаат кандай чараларды көрө алат?

Эгерде ишкерлерде тийиштүү уруксат берүүчү документтери (сатуу укугун берген лицензиялар) бар болсо, анда ЖӨБ органдары алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу сала албайт. Аны менен катар ЖӨБ органдары Мыйзамдарга ылайык жана КРнын башка ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген кошумча чектөөчү ЧУА кабыл алса болот. Башкача айтканда, ЖӨБ органдары эгерде жүйөсү болсо алкоголдук ичимдикти сатууну чектөөгө укуктуу. Алкоголдук ичимдикти сатууну чектөө тууралуу жергиликтүү жамааттын чечими уставка киргизиле алат жана жергиликтүү кеңештин тийиштүү токтомун чыгарууга негиз боло алат.Мыйзамдарга шилтемелер ЖӨБ жөнүндө Мыйзам. 31-берене. Шаардык жана айылдык кеңештердин компентенциясы, 15-пункт: алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо; 2009-жылдын 13 октябрындагы №269 “Этил спиртин жана алкоголдукпродукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 13-берене. Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатуунун тартиби:

  • Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатууну уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар жүзөгө ашырат. Жеке ишкерлер алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашырышат. Алкоголдук продукцияны сатуу иштин лицензиялануучутүрү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу дүң-сатуу жана чекене бааны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
  • Алкоголдук продукцияны төмөнкүдөй жагдайларда сатууга жол берилбейт: балдар, билим берүү уюмдарында жана аларга 100 метр радиустагы жакын аймактарда, ошондой эле тикеден-тике медициналык мекемелердин аймактарында; шаардык жана шаардын жанындагы каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө (жалпы колдонуудагы транспортто); маданий уюмдарда (аларда жайгашкан уюмдарды же коомдук тамактануу жайларын, анын ичинде юридикалык жак болуп түзүлбөгөнүн кошпогондо), дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук жайларда; 18 жашка чыга элек адамдарга; 18 жашка чыга элек адамдардын; ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык коштоочу документтерсиз жана маркировкасыз же болбосо жасалма акциздик марка менен; массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде, аскердик бөлүктөрдүн аймагында, аскердик соода объекттерин кошпогондо, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдо, лотоктордо, автомашиналарда, бул продукцияны сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде. 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алкоголдук продукцияны сатууга кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.
  • Алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашырган жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын соода жана кампа жайлары болууга тийиш. 14-берене. Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдардын сатып алуучулардан инсандыгын ырастаган документтерди көрсөтүүсүн талап кылуу милдети. Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар жашы болжолдуу 18 жашка жетпеген адамдарга карата төмөнкүгөмилдеттүү: сатып алуучунун жашын аныктоо максатында инсандыгын ырастоочу документтерди, - жарандын паспортун (ID карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү талап кылууга.
  • Паспортту алмаштыруучу документтерге аскер кызматчысы экендигин аныктаган офицердик ырастама, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочулук ырастамасы кирет; инсандыгын ырастаган документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияларды сатуудан баш тартууга; алкоголдук продукцияларды саткан жерлерге 18 жашка толбогон адамдарга, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө, алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга. Ушул берененин жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. 18-берене. Этил спиртин жана алкоголдук про- дукцияны мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу жана конфискациялоо.
  • Эгер этил спирти жана алкоголдук продукция төмөнкүдөй учурларда сатылып жатса, анда ал жүгүртүүдөн алынат: тийиштүү лицензиясы жок болсо; техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктыгын ырастаган документтери жок болсо; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда маркировкасы жок болсо жана (же) жасалма акциздик маркалар менен маркаланса; спирт камтылган азыктык эмес продукциялардан башка учурларда курамында азыктык эмес чийки заттан жасалган этил спирти же денатуралануучу__кошулмалары бар болсо; ээси жок мүлк катары; мындай продукциянын мыйзамдуу өндүрүлгөнүн жана жүгүртүлүшүн ырастаган документтери жок болсо.
  • Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны сактоо аларды алып койгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган жерлерде жүзөгө ашырылат.
  • Мыйзамсыз жүгүртүүдө болгон этил спиртин жана алкоголдук продукцияны алып коюу жана конфискациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
  • Техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген жана конфискацияланган этил спирти жана алкоголдук продукция, ошондой эле азыктык эмес чийки заттардан жасалган же денатуралануучу кошулмалары бар алкоголдук продукция техникалык керектөө үчүн этил спиртине же спирттүү азыктык эмес продукцияга кайра иштетилүүгө тийиш.
  •  Мындай кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо конфискацияланган этил спирти жана алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жок кылынууга жатат. КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс. 92-1-берене. Жашы жетпегендерге алкоголдук продукцияларды сатуу: Он сегиз жашка чыга элек адамдарга алкоголдук продукцияларды сатуу, -жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына – эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө карал-ган ошол эле аракеттер администрациялык жазачара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанганда, - жарандарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга ушул иш менен алектенүү лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жергиликтүү жамааттын атынан чечим кабыл алуу үчүн чогулушка канча киши катышканда ал укук ченемдүү болуп эсептелет? Бул суроого жоопту жергиликтүү жамааттын уставында формулировкаласа болот. Бул үчүн Типтүү уставда тийиштүү беренелердин шаблондору каралган. 21.11. Эгерде айылдык чогулушка тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын _____ (санын көрсөтүңүз) катышса, же айылдык чогулушка чакырылгандардын _____ (са- нын көрсөтүңүз) катышса, айылдык чогулуш укук ченемдүү болуп эсептелет. (Айылдык чогулуштун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айылдын/ айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).

21.12. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларынын, же айылдык чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, анда көрсөтүлгөн иш чаралар катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.

Уставга айрым салттарды, мисалы, узак жылдар бою ынтымактуу жашаган үй-бүлөлөрдү урматтоону жана жаш үй-бүлөлөргө тажрыйба менен бөлүшүүнү киргизип койсо болобу? Эгерде муниципалитеттин жашоочуларынын көбү бул сунушту колдоп берсе, анда болот. ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алууга милдеттүүбү? Эгерде бул иш-чараны жергиликтүү жамаат колдобосо, уставды кабыл албай койсо болобу? Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү документтин маңызын түшүнбөгөн учурда гана өз уставын кабыл алуу идеясын колдобойт. Алгачкы-жамааттык курулуштан баштап, ар бир жамаатта дайыма чогуу жашоонун кандайдыр бир эрежелери белгиленген. Устав – бул ошондой эрежелердин заманбап жана мыйзамдуу формасы. Ошондуктан уставдын маңызын жана маанисин тийиштүү түрдө түшүндүргөндө жамаат аны кабыл алгысы келбеген жагдай жаралбайт. Маселе жергиликтүү жамааттын каалаганында, же каалабаганында эмес, ЖӨБ органдарынын бул маселе менен алектенүүгө болгон каалоосунда же каалоонун жоктугунда жатат. Бирок мыйзамдарда бир гана жооп каралган: ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуудан баш тарта албайт. ЖӨБ органдары уставды кабыл алууга милдеттүү. Эгерде мыйзам-дардагы талаптар аткарылбаса, б.а., устав кабыл алынбаса, тийиштүү кызмат адамдары мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

Мыйзамдарга шилтемелер ЖӨБ жөнүндө Мыйзам. Жергиликтүү жамааттардын уставдары. 1. Жергиликтүү жамааттардын уставдары тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү жамааттын ички турмуш-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин регламенттейт, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин карайт, жергиликтүү жамааттын бюджеттик процесстерге жана башка маселелерге катышуусун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин кошуп алганда, жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өз ара мамилелеринин тартибин аныктайт. 49-берене.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, 7-пунктка ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн: жеке арызынын негизинде; мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген президенттин жана өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен. КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 400-берене “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кызмат адамдарынын аткарбоосу”: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кызмат адамдарынын бузуу же аткарбоо менен администрациялык укук бузуусу эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, кызмат адамын иштеген кызматынан четтетүүгө алып келет.

Окшош материалы: