Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2016-жылы ЖӨБ органдары мамсатып алууларда 1,8 млрд сом үнөмдөй алышты

2017-03-18 / ЖӨБ каржысы
2016-жылы ЖӨБ органдары мамсатып алууларда 1,8 млрд сом үнөмдөй алышты

Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасы мамлекеттик каражаттардын ачык-айкындуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоонун негизги аспабы болуп калды. Электрондук мамлекеттик сатып алууларды киргизгенге чейин бардык тендерлер кагаз жүзүндө өткөрүлүп, жеткирүүчүлөр сатып алуучу уюмдардын өкүлдөрү менен байланыш түзүүгө мажбур болчу, атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн эмес, коомчулук тарабынан сатып алуулар жол-жобосуна карата дооматтар көп болуп, адамдар салык төлөөчүлөрдүн каражаттары кайда жана кантип сарпталып жатканына кызыкчу. Ошондуктан 2013-2017-жылдар мезгилинде туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, мамлекеттик каражаттардын айкындуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоо боюнча көп иштерди жасады. 2014-жылдын июнь айынан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча расмий порталы сыноо режиминде иштей баштаса, 2015-жылдын май айында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамы күчүнө киргенден баштап мамлекеттик сатып алуулар электрондук формада гана жүргүзүлүп калды. Ушул Мыйзам мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик каражаттарды колдонуунун үнөмдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн камсыздоо максатын көздөйт.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” жаңы Мыйзамдын жана мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын (zakupki.gov.kg) жардамы менен өтө чоң көлөмдөгү мамлекеттик каражат үнөмдөлүп, мамлекеттик каражаттардын жана мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорунун ачык-айкындуулугу камсыздалды, мамлекеттик сатып алуулар порталында катталган жеткирүүчүлөрдүн саны өсүүдө. 2017-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти басма сөз жыйынын өткөрүп, коомчулукту 2016-жыл үчүн мамлекеттик сатып алуулардын алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырды. 2016-жылы сатып алуучу уюмдар жалпы суммасы 43 млрд 520 млн сомго 44 070 конкурс (келишимди тикелей түзүү усулун кошкондо) өткөргөн. Ушуну менен бирге веб-порталда мамсатып алууларды өткөрүүдөн үнөмдөлгөн мамлекеттик каражаттын суммасы 9 млрд 131 млн 195 миң сомду түздү. 2015-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 2016-жылы сатып алуучу уюмдар өткөргөн конкурстардын саны 33 850гө өскөн, мамсатып алуулардын иш жүзүндөгү суммасы 3 млрд 111 млн сомго азайган, мамсатып алууларды өткөрүүдөн үнөмдөлгөн сумма 3 млрд 569 млн сомго өскөн. Өткөн жылы ЖӨБ органдары жүзөгө ашырган мамлекеттик сатып алуулар оң жыйынтык бергенин белгилейбиз. Маалыматтар боюнча, 2016-жылы жергиликтүү бюджетте турган мекемелер 7 млрд 464 млн 192 миң сомго 13123 конкурс өткөрүшкөн. Алардын ичинен 6479 конкурс 1 млрд 104 млн 202 миң сомдук суммага келишимди тикелей түзүү усулу менен өткөрүлгөн. 2016-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сатып алуулар планы 9 млрд 301 млн сомго түзүлгөн. Ошентип ЖӨБ органдары мамлекеттик сатып алуулар порталынын жардамы менен 1 млрд 837 млн сом үнөмдөй алышкан.

2016-жылы ЖӨБ органдары 3 млрд 160 млн 756 миң сомго товар, 458 млн 588 миң сомго кызмат көрсөтүүлөрдү, 3 млрд 844 млн 648 миң сомго жумуштарды жана 200 миң сомго консульта-циялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алышкан.2015-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 2016-жылы ЖӨБ органдары өткөргөн конкурстардын саны 10269ка өскөн, мамсатып алуулардын иш жүзүндөгү суммасы 1 млрд 439 млн сомго көбөйгөн, мамсатып алууларды өткөрүүдөн үнөмдөлгөн сумма 1 млрд 194 млн сомго көбөйгөн. Портал иштей баштаган 2014-жылдын 2-ию- лунан тарта 2016-жылдын 31-декабрына чейин катталган сатып алуучу уюмдардын жалпы саны 3 095, жеткирүүчүлөрдүн саны 13 552, алардын ичинен чет өлкөлүк жеткирүүчүлөрдүн саны 1 196 болду. 2016-жылы эле порталда 6 275 жеткирүүчү катталган. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти мамлекеттик сатып алуулардын учурдагы системасы жеткирүүчүлөрдүн санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, муну менен мамлекетке бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө жана сатып алуучу уюмдардын керектөөлөрү менен чыгашалары тууралуу маалыматтарды ачыктоого шарт түзөт деген ишенимде. Албетте, ар бир жаңычылдык кыйынчылыктар менен коштолуп, өркүндөтүүнү талап кылат. Кадрлардын агылуусу жана сатып алуучу уюмдардагы, өзгөчө ЖӨБ органдарындагы кызматкерлердин мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболору жана бул жааттагы ченемдик укуктук актылар боюнча билим деңгээлинин төмөндүгү, айрым райондордо интернеттин жоктугу, же начардыгы, дагы башка көйгөйлөр мамлекеттик сатып алуулар системасын өнүктүрүүдө чоң тоскоолдуктарды пайда кылып жатканын Департамент белгилейт. Сатып алуулар боюнча адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жана КР Финансы министрлигине караштуу Окуу борбору окутуучу курстарды өткөрүп келүүдө. 2016-жылы эле 3 378 адис товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды башкаруу боюнча киришүү курсунан өттү.

 Анын ичинде 2107 мамкызматчы, ЖӨБ органдарынын 877 кызматкери, орто жана чакан бизнестин 394 өкүлү бар. Тереңдетилген курстардан 300 адис өтсө, 71 адис адистештирилген бир күндүк курстан өттү. Ал эми 6 адис эки күндүк адистештирилген курстан өттү. Департамент мамсатып алуулардын бардык катышуучуларынын активдүү көмөктөшүүсү мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө жогоруда саналган жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп ишенет. Өзгөчө мамлекеттик сатып алуулар системасын өнүктүрүүдө чоң ролду ойногон ЖӨБ органдары олуттуу салым кошо алышат. Департамент мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү боюнча чоң иштерди жүргүзүп келатат. Мисалы, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамына түзөтүүлөр киргизилүүдө.“Бизге жеткирүүчүлөрдөн, коомдук бирикмелерден, сатып алуучу уюмдардан жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан 100гө жакын сунуш жана эскертүүлөр түштү. Өткөн жылы коомдук угуулар өткөрүлүп, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мамлекеттик сатып алуулардын минималдуу босоголук суммасын 1 млн сом деп белгилөө жаңычылдыктардын бири болуп калмакчы. Ошондой эле мыйзамга дагы бир ченем киргизилип жатат.Ага ылайык, эгерде сатып алуунун суммасы минималдуу босоголук сумманын 3% ашпаса, сатып алуучу уюмдар кулактандырууну порталга жайгаштырбастан сатып алууларды жүргүзө алат, бирок сатып алуулардын жыйынтыктарын жарыялоого тийиш. Бул болсо сатып алуучу уюмдарга мобилдүүлүктү жана ийкемдүүлүктү камсыздоого көмөктөшөт” деп билдиришти Департаменттен.Мамлекеттик сатып алуулар системасындагы өзгөрүүлөр, түзөтүүлөр тууралуу ЖӨБ органдарына өз убагында маалымат берип, алар менен кайра байланышты жакшыртуу максатында Мамлекеттик сатып алуулар департа-менти “Муниципалитет” журналы менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди. Департамент “Муниципалитет” журналы аркылуу окурмандардын суроолоруна жооп кайтарууну пландоодо. Өз суроосуна жооп алуу үчүн окурмандар “Муниципалитет” деген тема менен n.malaev@minfin.kg электрондук дарегине суроосун жибериши керек. Журналдын бул санында 2017-жылдын 20-24-февраль күндөрү өткөн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренинг маалында Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери берген суроолор жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий жооптору жарыяланды.

Окшош материалы: