Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сатып алуулар жөүндө суроолор: форс-мажордук жагдай деп эмнелер эсептелет? Бааларга мониторинг жүргүзүү үчүн кандай булактарды колдонуш керек?

2017-03-23 / ЖӨБ каржысы

Суроолорду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары узатты. Суроолорго Кыргыз Республи касынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жооп берди.

СУРОО. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамынын 21-беренесинде форс-мажордук жагдайлардын токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу кесепеттерин локалдаштыруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда сатып алуучу уюм келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу болгону айтылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул ченемди туура колдонуусу үчүн кандай окуялар жергиликтүү деңгээлде форс-мажордук жагдайларга кире турганын түшүндүрүп берүүңүздү өтүнөбүз.

ЖООП. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, форс-мажордук жагдайлардын токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу кесепеттерин локалдаштыруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда сатып алуучу уюм келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 356-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы №175-Б Буйругу менен бекитилген Товарларды бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн усулдары жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерге ылайык, аткаруу дарамет жеткис күчтөрдүн, башкача айтканда өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдын айынан пайда болгон окуя, ошондой эле шалаакылыкка, же туура эместигине байланышпаган жана күтүлбөгөн мүнөзгө ээ болгон, контролдоого мүмкүн болбогон окуя форс-мажор деп эсептелет. 

Мындай окуялар согуш же революция, өрт, сел кырсыктары, эпидемиялар, карантиндер жана товарларды жеткирип берүүгө эмбарго сыяктуу аракеттерди кошот, бирок алар менен чектелбейт.Муну менен катар ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу форс-мажордук жагдай жаралганда сатып алуулар тууралуу кулактанды руу жана маалымат мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылбай турганын белгилей кетүү зарыл. Ушуну менен бирге маалымат катары билдиребиз, Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченемин колдонуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик же муниципалдык органдардын тийиштүү корутундусу талап кылынат. Бул органдар токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу форс-мажордук жагдай пайда болгону факты тууралуу акт түзүшөт.

СУРОО. Сатып алуучу уюмдар сатып алынып жаткан товарларга болгон баага мониторингди жүзөгө ашырышат. Бааларга мониторинг жүргүзүүдө алар маалыматтын кандай булактарын колдонуп, расмий кайсы булактарга шилтеме жасай алышат?

ЖООП. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чыгашаларды эффективдүү пландоо максатында сатып алуучу уюмдар конкурсту өткөргөнгө чейин бааларга мониторинг жүргүзүүгө тийиш. Ошону менен бирге сатып алынып жаткан товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларына мониторинг жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюмдар товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн базар баасы тууралуу жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, ушул өңдүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнү жүзөгө ашырган подрядчылардан алынган баалар, пландалган сатып алуулар тууралуу маалыматтарды колдоно алышат. Ошондой эле сатып алынып жаткан товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларына мониторинг жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында (www.stat.kg) жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин сайтында (www.antimonopolia.gov.kg) жарыяланган маалыматтарды колдоно алышаарын маалымдайбыз.

Окшош материалы: