Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ ИШТИН НАТЫЙЖАЛАРЫ: ЖАМААТТЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЭСЕПКЕ АЛЫНДЫ, АЛ ЭМИ ЖӨБ ОРГАНДАРЫ ЖАМААТ АЛДЫНДА ОТЧЕТТУУ БОЛУП КАЛЫШТЫ

2017-04-29 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ ИШТИН НАТЫЙЖАЛАРЫ:  ЖАМААТТЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЭСЕПКЕ АЛЫНДЫ,  АЛ ЭМИ ЖӨБ  ОРГАНДАРЫ  ЖАМААТ АЛДЫНДА  ОТЧЕТТУУ  БОЛУП  	КАЛЫШТЫ

2017-ЖЫЛДЫН АПРЕЛЬ АЙЫНДА ШВЕЙЦАРИЯ ӨКМӨТҮ КАРЖЫЛАГАН ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ САЯСАТ ИНСТИТУТУ АТКАРГАН «ЭЛДИН ҮНҮ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ЖООПОКЕРЧИЛИГИ: БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕСС» ДОЛБООРУ ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ 12 ПИЛОТТУК ЖАМААТТА ӨЗ ИШИН ЖЫЙЫНТЫКТ АДЫ. ДОЛБООР ЖАРАНДАРГА ЖЕРГИ¬ЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ ЖОЛУ МЕНЕН ӨЗ ЖАШООСУНУН САП АТЫН ЖАКШЫРТУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ. ОШОЛ ЭЛЕ МААЛДА ДОЛБООР ЖӨБ ОРГАНДАРЫНА ЖАРАНДАРДЫН СУРОО-ТАЛАП ТАРЫНА ЖАНА МУКТАЖДЫКТАРЫНА МУРДАГЫДАН ДА ЖАКШЫ ЖООП КАЙТАРУУГА КОЛДОО КӨРСӨТӨТ. ДОЛБООРДУ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА ИШКЕ АШЫРУУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ДОЛБООРГО ТИКЕЛЕЙ КАТЫШКАН АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНА, ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕ¬ПУТАТТАРЫНА, КООРДИНАТОРЛОРГО ЖАНА БИРГЕЛЕШКЕН МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО ТОПТОРУНУН МҮЧӨЛӨРҮНӨ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЖӨБЭММАНЫН, КООМДУК УЮМДАРДЫН ЖАНА МАССАЛЫК МААЛЫМА Т КАРАЖАТТАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮНӨ ТАРТУУЛАНДЫ.

2012-жылдын март айынан 2015-жылдын март айына чейинки мезгил аралыгын­да Долбоор Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында иштеди. Чүй облусунда Долбоор 2015-жылдын майынан 2017-жылдын марты­на чейинки мезгилде иш алып барды. Бул мез­гил аралыгында долбоор 12 өнөктөш айылдык аймакты (ар бир райондон бирден жана Кемин шаары) гана эмес, ошону менен бирге башка көптөгөн муниципалитеттерди – баары болуп Чүй облусунда 70тен ашуун айылдык аймакты (80%) камтыды.

ЖАРАНДАРДЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ МАСЕЛЕЛЕРГЕ ТАРТУУ Долбоор Жарандардын ЖӨБго катышуу мо­делин (ЖЖӨБК модели) жайылтуу иштерин улантты. Бул модель 2012-1015-жылдары Жа­лал-Абад жана Ысык-Көл облустарында иште­лип чыгып, сыноодон өткөрүлгөн. Аталган мо­дель төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө жардам берет: айылдык аймактын жашоочуларынын ар­тыкчылыктуу маселелерин чечүүгө жергиликтүү жамааттарды кантип тартса болот? Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн колдо бол­гон уюштуруучулук, адамдык, материалдык жана финансы ресурстарын кантип мобилдештирүүгө болот? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор­гандары калк алдында отчеттуу жана ачык болу­шу үчүн эмнелерди кылыш керек?

Жамааттарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ЖЖӨБК моделин бир­гелешип жайылтууга үйрөтүү үчүн долбоордунколдоосу алдында 385 тренинг өткөрүлдү. Алар­дын жүрүшүндө дээрлик тогуз миң киши окуудан өттү, алардын ичинен 49% ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү болсо, 51% жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү.

Өткөрүлгөн тренингдердин жана семинарлар­дын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү жамааттар жана ЖӨБ органдары артыкчылыктуу көйгөй­лөрдү биргелешип аныктаганды, бюджеттин ай­кындуулугун камсыздаганды, биргелешкен иш-а­ракеттерди пландаганды, чогулуштарды жана жыйындарды өткөргөндү үйрөнүштү; өз укуктары жана милдеттери тууралуу көбүрөөк билип ка­лышты; чоң аудитория үчүн презентацияларды даярдоо көндүмдөрүн жана сөз сүйлөө техника­сын өздөштүрүштү; ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөргө баа берип, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине мо­ниторинг жана баалоо жүргүзгөндү үйрөнүштү.

Долбоор өнөктөштөрдү жөн гана окутпастан, аларга техникалык колдоо да көрсөтүп келди. Айталы, 12 айылдык аймакка ЖМБА (Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо) жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн жабдуулар берилди. Алардын ичинде чогулуштарда, жый­ындарда жана башка коомдук иш-чараларда сөз сүйлөө үчүн радиомикрофондор; презен­тацияларды жана отчетторду даярдоо үчүн но­утбуктар; жамаат мүчөлөрүн алдыда болчу чо­гулуштар жана жыйындар тууралуу маалымдоо үчүн үн күчөткүчтөр бар.

Ошондой эле жамааттын артыкчылыктуу ма­селелерин чечүүгө дем берүү максатында долбо­ор бюджети 200 миңден 500 миң сомго чейинки түрдүү конкурстарды уюштурду. Бул конкурстар­га пилоттук да, пилоттук болбогон да жамаат­тар катышты. Байгелердин арасынан проек­тор үчүн экрандар өзгөчө көп талап кылынды. Ошондой эле техникалык колдоонун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалыматтар­ды чогултуу, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөр­гө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын сүрөткө түшүрүп калуу үчүн фотоаппараттар берилди. Айыл тургундарын ЖМБА иш-чарала­рынын жыйынтыктары, бюджеттик жана башка маалыматтар тууралуу кеңири маалымдоо үчүн маалымат такталары берилди. Бул жабдуулар­дын жалпы баасы 1 млн. 600 миң сомду түздү.

Анткен менен берилген жабдуулардын чыныгы баалуулугу анын наркында эмес, жамааттардын коомдук иш-чараларды өткөрүү, маалыматты ви­зуалдаштырып, жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишинде жатат десек болот.Окуулар жана өткөрүлүп берилген жабдуулар ЖӨБ органдарына жамаат менен дагы да ты­гыз байланышты түзүүгө жол ачты. 12 пилоттук айылдык аймакта долбоорду ишке ашыруу мез­гил ичинде ЖМБА-сессияларына, чогулуштарга жана жыйындарга дээрлик 17 миң киши, ар бир муниципалитеттен орточо 1300 киши катышты. Ал эми бир аймактан катышуучулардын макси­малдуу саны 2071 киши болду.

Элеттик чогулуштарга 4 миңден ашык киши катышса, бир чогулушта катышуучулардын орто­чо саны 90дон 110 кишиге чейин болду. Бардык иш-чараларга үч жаш курактагы топтун өкүлдөрү катышты: 18-25 жаш, 36-55 жаш жана 56 жаштан жогору курактагылар. Ошондой эле гендердик өңүтү да эсепке алынды. Бул болсо түрдүү жаш курактагы топторго кирген адамдардын, эркек­тер менен аялдардын пикирин эсепке алууга жардам берди.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча жамаат мүчөлөрү өздөрүнүн уюштуруу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрө алышты. Айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары айылдык аймактын жашоочулары алардан эмне күтүп жатканы тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болуп калышты. ЖӨБ органдарында жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн Демил­гелүү топтор, Биргелешкен мониторинг жана ба­алоо топтору өңдүү кошумча адам ресурстары пайда болду. 

Окшош материалы: