Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга берген баасы

2017-04-29 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга берген баасы

Жарандардан жергиликтүү өз алдынча баш­каруунун иши тууралуу пикирин чогултуп, жал­пылаштыруу аспаптарын киргизүүгө да долбоор көп аракет жумшады. Бул аспаптарга кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо, сурамжылоолор жана бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси (мындан ары – БАМИ) да кирет. Алар жергилик­түү жамааттан кайра байланыш алууга, жерги­ликтүү өз алдынча башкаруу органдары канча­лык жакшы же жаман иштеп жатканы тууралуу пикирелерин билүүгө багытталган. Кызмат көр­сөтүүлөрдү баалоо жылына эки жолу өткөрүлүп турду. Бул болсо тигил же бул кызмат көрсөтүүдө­гү өзгөрүүлөргө мо­ниторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берди. Сурамжылоолор дол­боорду ишке ашыра баштаганда жана ал жыйынтыкталганда жүргүзүлүп турду. БА­МИни өлчөө боюн­ча иш-чаралар жыл бою жүргүзүлүп, жыл соңунда жыйынтык чыгарылып, индек­стин мааниси аныкта­лып турду.

Натыйжада 12 өнөк­төш айылдык аймакта кызмат көрсөтүү ор­точо 2,7 баллга (беш баллдык шкала бо­юнча) оңолгон. Бюд­жеттик маалыматтын курамына, толуктугуна жана көрсөтмөлүүлү­гүнө карата БАМИ мааниси 10%, жарандардын бюджеттик процесске катышуусуна карата 14%, бюджеттик маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө карата 46% өстү. Ал эми жалпысынан жергилик­түү жамааттар үчүн бюджеттик маалыматтардын жоктугу көйгөйү мурда артыкчылыктуу болсо, кийин экинчи планга түштү. Жамаат мүчөлөрү арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйын­тыктары боюнча, жарандар менен ЖӨБ орган­дарынын өз ара аракетине канааттануу орточо 7% өскөн.

Бул маалыматтар ЖӨБ органдарына өз иши­нин жыйынтыктарын жергиликтүү жамааттардын көзү менен көрүүгө, өз саясатын калктын пики­рин эсепке алуу менен түзөтүүгө жардам берди. Практикалык чечимдер деңгээлинде маалымат­тарга жасалган деталдуу анализ муниципалдык лидерлерге төмөнкүдөй суроолорго жооп алууга жол ачты: ишимде эмнени жакшы жакка өзгөртө алам? Жамаат мүчөлөрү ЖӨБдон эмнелерди күтүүдө? Адамдар эмнелерге муктаж жана алар эмнелерди күтүүдө? Бул иштердин баарын ЖӨБ органдары өз алдынча улантышат. Ал эми мын­да аларга «Жарандардын Кыргыз Республика­сынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу» Окуу материалдар жыйнагы жардам берет. Бул жыйнак беш окуу куралдарынан турат жана мисалдар, документтердин формалары менен жабдылган. 

Окшош материалы: