Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ ОРГАНДАРЫНЫН ЖАРАНДАР МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН АРАКЕТТЕР ПЛАНДАРЫ

2017-04-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

ЖӨБ органдары менен жарандардын бирге­лешкен аракеттер планы (БАП) ар бир муници­палитеттин деңгээлинде долбоордун ишинин жыйынтыгы болуп калды. БАПтын идеясы – жа­мааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүдө биргелешип аныкталган артыкчылыктардын не­гизинде айыл өкмөт жетекчилиги, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жамаат мүчөлөрү чечимдерди чогуу кабыл алышат. 12 айылдык ай­макта өткөрүлгөн ЖМБА-иш-чараларынын жый­ынтыгы боюнча, 120дан ашык көйгөй аныкталды – ар биринде 7ден 12ге чейин артыкчылыктуу маселе аныкталды. Бул маселелерди чукул ара­да чечиш керек болчу, бирок анын баарын чечүү үчүн жергиликтүү бюджетте каражат тартыш. Ошондуктан аныкталган көйгөйлөр талкуудан өтүп, андан кийин ушул жылы биринчи кезекте чечилиши керек болгон өтө курч маселелер тан­далып алынды. Каржылоосуз калган артыкчылы­ктуу көйгөйлөр кийинки жылы чечилмей болду.

«Жарандык катышуу моделине ылайык, арты­кчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап чыккандан кий­ин алар бөлүнөт. Андан соң демилгелүү топтор түзүлүп, алар ошол артыкчылыктарды деталдуу түрдө изилдеп чыгышат (адатта презентация үчүн жергиликтүү калк тарабынан эң көп добушка ээ болгон алгачкы 3 көйгөй алынат). Андан соң ай­ылдык чогулушка алып чыгуу үчүн презентация­лар даярдалат, - деп айтып берди Ысык-Ата рай­онунун Юрьевка айылдык аймагынын демилгелүү тобунун мүчөсү Любовь КОВАЛЕВА. – Бул долбо­орлорду чогулушта жергиликтүү жамаат баалап, соңунда добуш берүү процесси болот. Калктын өзгөчө колдоосуна ээ болгон маселе долбоордук өтүнмө түрүндө таризделип, Чакан гранттар про­граммасынын конкурсуна жиберилет». Натыйжада 2016-жылы 12 муниципалитет 114 артыкчылыктуу маселени чечүүнү пландаштыр­ды. 2017-жылдын 1-кварталына карата алынган маалымат боюнча, алардын ичинен 60 маселе (53%) толугу менен чечилди, 44 маселе (38%) жарым-жартылай чечилди, он маселе (9%) че­чилбей калды.

БАПты каржылоо түзүмүнө жасалган анализ көрсөткөндөй, маселелерди чечүүдө каржылоо­нун негизги үлүшүн тышкы булактар түзөт (71%). Алар: республикалык бюджеттин каражаттары, эл аралык программалар жана долбоорлор, демөөрчүлөр. Жергиликтүү бюджеттен каржы­лоо 25% түзгөн. Жамааттын эмгек жана акчалай салымы болсо 1% болгон. 2016-жылы эң эле «каржыланган» БАП Таш-Мойнок айылдык айма­гына тиешелүү болду. Бул жерде БАПтын жалпы суммасы 61,4 млн. сомду түздү. Анын ичинен 54,3 млн. сому (88,3%) демөөрчүлөрдүн жарда­мы, 5,8 млн. сому (9,4%) жергиликтүү бюджеттин салымы болсо, жамааттын салымы 200 миң сом (1% азыраак) түздү. Экинчи жана үчүнчү орун­дарды Чүй районундагы Бурана айылдык айма­гы (21 млн. сом) жана Панфилов районундагы Фрунзе айылдык аймагы (17,1 млн. сом) ээледи.

Анаиз көрсөткөндөй, пландоонун биргелеш­кен мүнөзү планга кошулган көйгөйдүн арты­кчылыктуусуна таасирин тийгизет. Мисалы, мек­тепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк, таза суунун, медициналык тейлөөнүн, бюджет­тик маалыматтын жетишсиздиги маселелери 2015-жылга салыштырмалуу өткөн жылы көп актуалдуу болгон жок. Анткени биргелешкен иштин жардамы менен кандайдыр бир деңгээ­лде чечилген. Ошол эле маалда жамааттарда жаңы артыкчылыктуу көйгөйлөр пайда болду. Алар: жайыттар, жылытуу, мүрзөлөр, унаа ток­тотмо жайлары ж.б. 

Окшош материалы: