Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ДОЛБООРЛОРГО ГРАНТТЫК КОЛДОО

2017-04-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Швейцария Өкмөтүнүн жардамы менен ЭҮЖӨ­БОЖ Долбоорунун таасир тийгизүүчү каражатта­рынын курамында Чакан гранттар программасы үчүн финансы каражаттары бар. Башка көптөгөн донордук долбоорлордон гранттык программа­нын айырмасы – каражаттар жергиликтүү бюд­жетке түшөт, ал эми ЖӨБ органдары аларды өзүнүн инвестициясы катары өз алдынча баш­карганды үйрөнүшөт. ЖӨБ органдары каржы­ланган долбоорлордун жыйынтыгы үчүн толук жоопкерчилик алышат. Гранттар конкурстун не­гизинде берилет. Ушуну менен бирге конкурска өнөктөш ЖӨБ органдар гана эмес, долбоор иш алып барган облустагы бардык муниципалитет­тер да катышат. 2016-жылы Чүй облусундагы конкурска 31 өтүнмө түшкөн, алардын ичинен 16 долбоор колдоого ээ болгон (таблицаны ка­раңыз). 2016-жылы гранттык программаны каржылоонун жалпы көлөмү 16 млн. сомду түздү (ар бир долбоор миллион сомдон алды).

Конкурста эң биринчи талап – каржылоо үчүн долбоорду тандап алууга жарандардын кеңири катышуусу, бул үчүн шарттарды ЖӨБ органда­ры тараптан камсыздалышы болду. Ошондой эле шарттардын бири – муниципалитеттер та­раптан кошо каржылоо. Кубандырган жагдай – 2016-жылы ЖӨБ органдарынын жана алардын өнөктөштөрүнүн салымынын үлүшү 32% болду – жергиликтүү бюджеттердин салымы 26%, ал эми жамааттын жана өнөктөштөрдүн салымы – 6%. Бул 17 долбоордон пайданы 82 миң киши, анын ичинде 41 541 аял алды. Булардын ичи­нен 65 038 киши түз бенефициар болсо, кыйыр түрдө пайданы 17 129 киши алды. Долбоорлор­ду КР мыйзамдарынын алкагында ишке ашыруу үчүн муниципалитеттин 45 өкүлү «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мам­лекеттик сатып алууларды башкаруу» темасына КР Финансы министрлигинин алдында окуудан өтүштү. Мындан тышкары долбоорлорду ишке ашыруу процессин толугу менен долбоордун юристтери жана техникалык эксперттери коштоп жүрүштү. Айталы, үч техникалык эксперт дол­боорлордун жана техникалык мүнөздөмөлөрдүн талап кылынган стандарттарга шайкештигин камсыздоо максатында көзөмөл жүргүздү.

Буга параллель эле биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) өкүлдөрү жана долбо­ордун жетекчилери техэксперттер менен тыгыз кызматташып турушту. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү белгилеген­дей, өткөн эки жыл ичинде алар демилгелүү топторду долбоорлорду иштеп чыгуу процес­сине жигердү гана тартып тим болбостон, ошо­ну менен бирге жалпысынан долбоорлорду башкаруунун жаңы көндүмдөрүн үйрөнүштү. «Биз бир нерсени түшүндүк: эң жакшысы – долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине жашоочулардын, активисттердин жана лидерлердин өздөрүн тартыш керек экен, - деп эсептейт Аламүдүн районунун Гроздь айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Алла ЧЕ­ТОКИНА. – Долбоор менен кызматташтыктын жардамы менен биз долбоорлордун сметасын түзгөндө бааларды асмандан албастан, реал­дуу бааларды эсепке алуу эң туура чечим эке­нин байкадык. Мындан тышкары БМжБ топто­ру менен иштешкенди үйрөндүк, тийиштүү иш тажрыйбасы бар техникалык көзөмөл боюнча адистерди тартуу канчалык маанилүү болгонун түшүндүк. Конкурстук документтерди сапаттуу жана эффективдүү даярдоо мамлекеттик са­тып алууларды жүргүзүү процессин тездетүүгө жардам берээрин билдик».

Окшош материалы: