Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнөктөштөр менен улуттук деңгээлде иштешүү - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын илгерилетүү

2017-04-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Өнөктөштөр менен улуттук деңгээлде иштешүү - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын илгерилетүү

Улуттук деңгээлде ЭҮЖӨБОЖ Долбоору төмөнкү өнөктөштөрү менен ишин улантты: КР Жогорку Кеңеши (профилдик комитеттер, депу­таттар), КР Өкмөт Аппараты; КР Эсеп палатасы; КР Финансы министрлиги; КР Мамлекеттик кадр кызматы; КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агент­тик (ЖӨБЭММА); КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменти жана башка уюмдар. Долбоордун өнөктөштөр менен улуттук деңгээлде иш алып баруусунун максаты – жергиликтүү жамааттар­дын борбордук бийлик органдарына күтүүлөрүн жана муктаждыктарын жеткирүү. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун практикасына жана жергиликтүү жамааттардын жашоосуна карата ЖӨБ органда­рынан, эксперттерден, изилдөөчү жана бейөкмөт уюмдардан, жамааттардагы топтордон түшкөн суроо-талаптарын топтоп, анализдеп, жалпы­лаштырып чыгышты. Иштелип чыккан түрүндө бул суроо-талаптар мамлекеттик башкаруу ор­гандарына – КР Жогорку Кеңешине, өкмөткө, министрликтерге жана ведомстволорго, эксперт­терге жана ММКга берилип турду.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору «Жергиликтүү өз ал­дынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүн­дө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жардам берүү менен, ЖӨБ чөйрөсүн өркүндөтүүнүн үстүнөн КР Жо­горку Кеңеши менен чогуу иш алып барды.

ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселеси боюнча: 2013-жылдын 9-июлундагы №127 «ЖӨБ органдарына ай­рым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы жана ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө байланышкан 40 тармактык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган мыйзамдар кабыл алынды.

ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүнү оптималдашты­руу боюнча: ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен 2016-жылдын 31-мартындагы №32 «Жер­гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы кабыл алынды.

АӨ башчыларын түз шайлоону киргизүү боюнча: «Жергиликтүү өз ал­дынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө» КР Мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ошондой эле долбоордун адистери КР Бюджеттик кодек­син иштеп чыгууга жана өркүндөтүүгө катышты.

ЖӨБЭММА менен биргеликте ЖӨБ органда­рынын (комиссияларынын) административдик жаза чара салуу жол-жобосун жакшыртуу боюнча иштер жүрдү. Мамлекеттик кадр кызматы менен өнөктөштүктүн алкагында долбоор мамлекет­тик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби, ички резервин/Улуттук ка­дрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тар­тиби, ротациялоо тартиби жөнүндө жоболорду (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтомдору менен бекитилген), кызматчы­лардын ишине баа берүү тартиби жөнүндө жобо­нун долбоорун иштеп чыгууга; Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика Кодек­синин долбоорун иштеп чыгууга (Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын 19-августунда­гы №43 токтому менен бекитилген) катышты. КР Эсеп палатасы менен биргеликте жергиликтүү бюджеттерге аудит жүргүзүүнүн жаңы эрежеле­ринин долбоору иштелип чыкты.

Окшош материалы: