Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чүй облусун¬дагы ишинин жыйынтыгы боюнча корутунду

2017-04-26 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чүй облусун­дагы ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, жергиликтүү маанидеги маселелерди бирге­лешип чечүүдө жергиликтүү жамааттардын жөндөмдүүлүгү менен мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшү жана жергиликтүү өз алдынча баш­каруу органдарынын жоопкерчилиги негизги жыйынтык болуп калганын баса белгилесе болот. Жөнөкөй сөз менен айтканда, жамаат­тар ЖӨБ органдарынан көбүрөөк талап кыла башташты, алардын бийликтен күтүүлөрү өстү. Бирок ошол эле маалда биргелешкен ишке катышуу ниети, башкаруу органдарына жардамга келүүгө болгон даярдык да өстү. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган­дары өз кезегинде калк «баш оору жаратчу» маселелерди гана көтөргөн, дайыма нааразы же пассивдүү адамдардын тобу эместигин, алар өз муниципалитетин өнүктүрүүдө, айыл­да дагы да ыңгайлуу жана сапаттуу турмуш шарттарын түзүүдө санаалаш, өнөктөш боло аларын түшүнүштү.

«Моюнга алуу керек, башында жеңил бол­гон жок. Бирок башкысы – позитивдүү толкун­ду кармап, биргелешкен аракеттер менен биз­дин БАПта сүрөттөлгөн алдыга коюлган бардык тапшырмаларды ишке ашыруу. Жеке мен эгерде жергиликтүү жамаат менен чогуу иш алып барса, көптөгөн түшүнбөстүктөр менен шектенүүлөрдөн алыс болуу мүмкүн экенине ынандым. Келечек­те ушундай көйгөйлөрдөн оолак болуу үчүн биз болгону калк адында айкындуулукту жана от­четтуулукту камсыздашыбыз гана керек!», - деп эсептейт Москва районундагы Александровка АӨ башчысынын орун басары Данияр КАЙНА­ЗАРОВ.

Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарын­дагы иштин жыйынтыктарын эсепке алуу менен, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 2017-жылдын жаз мезги­линде Кыргыз Республикасынын Нарын жана Ош облустарында өз ишин баштады. Иштин жыйын­тыктары жана долбоордун күнүмдүк жаңылыкта­ры тууралуу: www.vap.kg 

Окшош материалы: