2017-05-13 / ЖӨБ каржысы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун бекемдөө жана өнүктүрүү жолунда өтө көп иштеп жасалып, зарыл болгон шарттардын баары түзүлдү. Жергиликтүү өз адынча башкаруунун толук кандуу өнүгүүсү үчүн уюштуруучулук-укуктук, финансылык-экономикалык жана кадрдык өбөлгөлөр түзүлдү. 15тен ашуун маанилүү мыйзам, Президенттин ондогон жарлыктары жана өкмөттүн токтомдору кабыл алынды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун бекемдөө жана өнүктүрүү жолунда өтө көп иштеп жасалып, зарыл болгон шарттардын баары түзүлдү. Жергиликтүү өз адынча башкаруунун толук кандуу өнүгүүсү үчүн уюштуруучулук-укуктук, финансылык-экономикалык жана кадрдык өбөлгөлөр түзүлдү. 15тен ашуун маанилүү мыйзам, Президенттин ондогон жарлыктары жана өкмөттүн токтомдору кабыл алынды. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге тиешелүү негиз салуучу бардык маселелер, мындан тышкары жергиликтүү деңгээлде көптөгөн тийиштүү ченемдик укуктук актылар Бюджеттик кодексте чагылдырылды. Ошентип:
-
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында бюджеттер аралык мамилелердин түшүнүктөрү жана принциптери киргизилди;
-
жергиликтүү бюджеттерди жана муниципалдык менчикти башкаруу (бекитүү жана аткаруу) жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз алдынчалуулук берилди;
-
ар бир ЖӨБ органынын статусу аныкталып, бекитилди.
-
финансылык децентралдаштыруу шарттарында бюджеттик системанын ар бир деңгээли үчүн өзүнүн, бекитилген жана жөнгө салган кирешелери түзүлдү;
-
мыйзам чыгаруу актыларында бюджеттер аралык трансферттер системага салынып, өркүндөтүлдү;
-
кирешелер жана чыгашалар боюнча маалымат базасы түзүлдү.
-
“Ачык бюджет” порталы түзүлдү ж.б.
Салык мыйзамдарында жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн нормативдерин жөнгө салуу, кеңири масштабдагы финансылык теңдештирүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизди. Бирок баалардын жана тарифтердин, айлык акынын жыл сайын жогорулашы чыгаша милдеттенмелеринин өсүшүнө алып келди. Алар ушул жылдагы республикалык бюджеттин эсебинен компенсацияланат. Андан ары көпчүлүк учурларда дотация түрүндө республикалык бюджетке кошумча жүк болуп, дотацияда турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кыскартууга эч кандай таасирин тийгизбейт. Өзүн өзү камсыздай алган, жетиштүү деңгээлде киреше тапкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бүгүнкү күндө иш жүзүндө чыгымы өтө көп. Ушуну менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда инвестициялык долбоорлорду каржылоого жетиштүү каражат бөлбөй келишет.
Атүгүл стандарттык күнүмдүк чыгашаларды жабууга каражат каралбайт. Өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү болуп турганына карабастан, жергиликтүү бюджеттерди пландоодо республикалык бюджеттеги каражаттан өтө жогору көз карандуулук байкалат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга ылайык, өзүн өзү камсыздоо, өзүн жөнгө салуу жана өзүн каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги принциптери болуп эсептелет. Анткен менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болгону алардын жан бактылык маанайын күчөтүүдө. Ушул тапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн түзүүдө жана аткарууда бюджеттик процессти жүзөгө ашырууга толук тартылган эмес. Бул болсо жергиликтүү бюджеттердин чыгаша бөлүгүнө тикелей таасирин тийгизүүдө.
Бюджеттик процесске тиешелүү көптөгөн маселелер мамлекеттик органдарга карайт жана ЖӨБ органдарынын бюджеттик милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Албетте чечилбей калган маселелер республикалык да, жергиликтүү да деңгээлдерде бир топ көйгөйлөрдү жаратууда. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө административдик-аймактык бирдиктин өркүндөтүлбөгөнү не-гизги көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. Ушул тапта өкмөттүн деңгээлинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бириктирүүнүн (ирилештирүүнүн) түрдүү критерийлери иштелип чыкты. Ошондой эле буга байланыштуу ар кандай талкуулар да жүрүп жатат. Бирок бул маселе боюнча анык бир чечим табыла элек. Бир район боюнча орточо 10 айыл өкмөтү бар дейли жана алар жагымдуу жагдайлар түзүлгөн учурда өз ыктыяры менен 1-2 айыл өкмөтүнө бириге алышат. Ошондо айыл өкмөттөрдүн саны орточо 70-80ге азаят. Бул болсо, албетте, дотациядагы айыл өкмөттөрдүн санын кыскартат. Аймактык масштабдан алып караганда, Талас, Нарын, Ысык-Көл өңдүү облустарда бир административдик-аймактык бирдикте жайгашкан калктынсаны Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарына салыштырмалуу бир кыйла аз.
Аталган облустарда бул көрсөткүч 5, атүгүл 10 эсе көбүрөөк. Буга ылайык, киреше базасы бир кылка эмес, калк жыш жайгашкан алыскы аймактарда колдо болгон киреше мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз. Ал эми калк аз жайгашкан аймактарда бул көрүнүш башкача болушу мүмкүн. Жергиликтүү бюджеттердин бардык киреше базасынын 46% ашыгы Бишкек шаарында топтолгон жана 453 айыл өкмөтүндө 32,4% гана бар. Бул болсо таптакыр бир кылка болбогонунан кабар берет. Мындан тышкары 453 айыл өкмөттүн 71и дотацияда эмес (2016-жылы – 76 айыл өкмөтү). Алардын кирешелери болгону 1769,7 млн. сомду же бардык айыл өкмөттөрүнүн жалпы кирешесинен 44,9% түзөт (2016 жылы – 2281,0 млн. сом же 52,1%). Калган бөлүгү – 2173,6 млн. сом же 55,1% 377 айыл өкмөттөн түшөт (2016-жылы – 2100,8 млнсом же 47,9%). Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгү 24 салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдөн турат. Алар шаарлардын да, айыл өкмөттүн да бюджеттерине түшөт. Алардын ичинен киреше дараметинин деңгээлине салыктын 7 түрүнөн түшкөн каражат реалдуу таасирин тийгизет. Алар: салык агенти төлөгөн киреше салыгы, сатуудан салык, жер салыгы, мүлк салыгы, транспорт каражаттарынын ээлери төлөгөн салык, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттөө. Жергиликтүү органдар өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизе ала турган чакан жана орто бизнестен кирешелер салыштырмалуу көп эмес бөлүккө гана тиешелүү. Салыктын бул түрүн төлөчү бизнес айыл өкмөтүнө караганда ири шаарларга көбүрөөк мүнөздүү. Жогоруда айтылган жети салыктын ичинен жергиликтүү бюджеттерге түшүүлөрдүн ири үлүшүн төм. ээлейт:
-
салык агенти төлөгөн киреше салыгы (жалпы кирешеге карата 30%), алардын ичинен 75,4% шаарларга, 24,6% айыл өкмөтүнө түшөт;
-
сатуудан салык – 28,5%, алардын 83,2% негизинен шаарларга жана 16,8% айыл өкмөттөргө түшөт;
-
милдеттүү патенттин негизинде салык 11,9%, алардын ичинен 90,4% негизинен шаарларга жана болгону 9,6% айыл өкмөтүнө түшөт.
Калган төрт салык боюнча жергиликтүү бюджеттерге түшкөн каражаттын үлүшү көп деле эмес. Киреше салыгынан айыл өкмөтүнө түшүүлөр сатуудан салыкка караганда бир кыйла жогору (24,6%). Себеби сатуудан салык боюнча да, милдеттүү патенттин негизинде салык боюнча да салык базасы республика боюнча текши жайгашкан эмес. Анализге караганда, өнүгүүсүнө жергиликтүү органдар таасирин тийгизе ала турган чакан жана орто бизнестен түшкөн кирешелерге салык бул бизнестин салыштырмалуу чакан бөлүгүн гана камтыйт жана салыктын бул түрүн төлөчү бизнес айыл өкмөтүнө караганда ири шаарларга көбүрөөк мүнөздүү. Буга байланыштуу киреше салыгы дээрлик бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше мүмкүнчүлүктөрүн жөнгө салган жалгыз салык болуп эсептелет. Анткени салык базасы бир топ текши жайгашкан, жыл ичинде салыктан түшүүлөр туруктуу жана үзгүлтүксүз, бул салыктын мобилдүүлүгү салыштырмалуу төмөн.
Эгерде дотациядагы жана өзүн камсыздай алган айыл өкмөтү боюнча бул салыктын жайгашуусу канчалык текши болгонун карай турган болсок, анда бир нерсени байкоого болот: киреше салыгы дотациядагы айыл өкмөтүнө да (49,7%), өзүн өзү камсыздай алган айыл өкмөтүнө да (50,3%) түшүп турат. Аймактардын өнүгүү программаларында негизги өзөктүк багыттар региондордун бюджеттик системасынын натыйжалуулугун арттырууга, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жакшыртууга ж.б. багыт алган. Бирок бул жергиликтүү бюджеттер үчүн киреше базасын бир аз көбөйтүү өңдүү оң жыйынтык берет. Салык системасы алдын ала божомолдой алгыдай, туруктуу, ал эми салыктык ставкалар жана жергиликтүү бюджеттерге салыктардан чегерүүлөрдүн нормативдери оптималдашты-рылып, орто мөөнөттүү келечекте өзүнүн жөнгө салуучу функциясын аткарышы керек. Б.а. бирдиктүү, текши, туруктуу болууга тийиш.
Бул болсо кирешелерди божомолдоонун усулдарын көбүрөөк натыйжалуу кылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын реалдуу киреше мүмкүнчүлүктөрүн баалоо ишин жеңилдетет. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздалгандыгын теңдештирүү системасы буга чейин коюлган бардык тапшырмаларга жооп берет жана көбүрөөк даражада өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтө алды. Анткен менен бюджеттер аралык мамилелерде жүргүзүлүп жаткан реформалар менен катар Кыргыз Республикасы Бажы биримдигине киргенине байланыштуу өзгөрүүлөр салыктык жана бажы мыйзамдарында да болду. 2017-жылдын бюджетинде сатуудан салыктан түшкөн акча азайган. Буга товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодон жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудан салык алынбай калганы себеп болду. Мындай ченемдер Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-декабрындагы №235 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, „Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамына киргизилген. Сатуудан салыктан түшкөн каражат 2073,3 млн. сомду түзгөн, бул болсо 2016-жылга салыштырмалуу 2727,2 млн сомго же 43,2% аз (2016-жылы – 4800,6 млн. сом болгон).
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө“ токтомуна ылайык, Бишкек шаарын кошпогондо, жергиликтүү бюджет- тердин билим берүү системаларында каржылоо бөлүгүндө түп-тамырынан өзгөрүүлөр болду. Анткен менен жергиликтүү бюджеттерде чыгашалар-дын бир бөлүгү сакталып кала берген. Тагыраак айтканда, билим берүү объекттерин күтүү жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр. Жергиликтүү бюджеттерде билим берүү болжол менен 6,9 млрд. сомду түзөт. Алардын ичинен болжол менен 3,5 млрд сом Бишкек ш. билим берүүсүнө кеткен чыгашалар түзөт. Мындай чыгашаларга төм. кирет: эмгек акы фонду, тамактануу, окуу чыгымдары, иш сапар чыгымдары ж.б. Жогоруда аталган токтомго ылайык, 2018-жылы билим берүү системасынын чыгашаларын республикалык бюджетке которуу пландалууда. Бул болсо жергиликтүү бюджеттердин көлөмүн реалдуу кыскартат. Мисалы, Бишкек шаары боюнча эмгек акы фондунун көлөмү 2,2 млрд сомду же Бишкек шаарынын билим берүүсүнө кеткен чыгашалардын жалпы көлөмүнөн 63,0% түзөт. Билим берүү системасы киши башына каржылоо принцибине өткөндүктөн каржылоонун көлөмү КР Билим берүү жана илим министрлигинин киши башына каржылоону эсептөө методикасына ылайык аныкталат жана республикалык бюджетен каржыланат. Дотациядагы ЖӨБ органдарынын санын кыскартуу маселесин чечүү, жергиликтүү бюджеттердин киреше базасын бекемдөө жана административдик-аймактык реформаны ийгиликтүү өткөрүү үчүн орто мөөнөттүү келечекте төмөнкүлөр максатка ылайыктуу болот:
-
билим берүү мекемелеринин объекттерин күтүүгө кеткен жана ЖӨБ органдарына бекитилип берилген чыгымдарды кошкондо, билим берүүнү каржылоо системасын республикалык бюджетке өткөрүү (бардык чыгаларды);
-
сатуудан салыктан чегерүүлөрдүн нормативдерин республикалык бюджеттин пайдасына 100% көлөмүндө белгилөө;
-
киреше салыгынан чегерүүлөрдүн жаңы нормативдерин жана билим берүү системасын алып салуу менен жергиликтүү бюджеттер- дин чыгашаларынын жаңы көлөмүн эсепке алып, теңдештирүүчү гранттарды эсептеп чыгуу;
-
билим берүүнү каржылоо системасын республикалык бюджетке которуу боюнча чыгашалардын азайган суммасына товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту сатуудан салыктан бошотулганына байланыштуу азайган кирешенин көлөмүн эсептеп чыгуу;
-
административдик-аймактык реформаны 3 этап менен жүргүзүү:
-
1-этап – чабал жана күчтүү айыл өкмөттөрүн ирилештирүү жана бириктирүү;
-
2-этап – айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан шаар статусун берүү;
-
3-этап – райондорду ирилештирүү.
Салык агенти төлөгөн киреше салыгынан түшүүлөрдүн үлүшү көбөйгөнүнөн алып караганда салык агенти төлөгөн киреше салыгы боюнча чегерүүлөрдүн нормативдери этап-этабы менен өзгөрөт деп божомолдосо болот. Бул өзгөрүү жергиликтүү бюджеттердин пайдасына төмөнкүчө көбөйөт:
-
2019-жылы салык агенти төлөгөн киреше салыгынан чегерүүлөрдүн нормативдерин 70% көлөмүндө белгиленет,
-
2020-жылы салык агенти төлөгөн киреше салыгынан чегерүүлөрдүн нормативдерин 80% көлөмүндө белгиленет.• 2021-жылы салык агенти төлөгөн киреше салыгынан чегерүүлөрдүн нормативдерин 100% көлөмүндө белгиленет.
Чегерүүлөрдүн нормативдеринде өзгөрүүлөр жергиликтүү бюджеттерге кандай таасир тийгизе турганын таблицадан көрө аласыз. Таблицадан көрүп турганыңыздай, болжолдуу маалыматтар боюнча, 2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттердин көлөмү көбөйөт. Б.а., көбөйүү жергиликтүү бюджеттердин кирешелерине, анын ичинде жаңыдан бириккен айыл өкмөттөрдүн кирешелерине оң таасирин тийгизет. Анализдин негизинде өткөн жылдар менен салыштыруулар 1-диаграммада көрүнүп турат. Мында жергиликтүү бюджеттердин тобунун алкагында шаарлар боюнча да, дээрлик бардык айыл өкмөттөрү боюнча да кирешелердин өсүшү байкалат. Республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүү үчүн алдын ала маалыматтар боюнча, теңдештирүүчү гранттардын көлөмү 2019-жылы 2016-жылдагы деңгээлге чейин кыскарат. Бул болсо 2017-2018-жылдарга салыштырмалуу 195,2 млн. сомго же 89,3% аз дегенди билдирет.
Теңдештирүүчү гранттардын көлөмдөрү дотациядагы ЖӨБ органдарынын чыгаша милдеттенмелеринин олуттуу бөлүгүн толук өлчөмдө камсыздап берет. Бирок буга айлык акыны жана тарифтерди жогорулатууга байланышкан учурлар кошулбайт. Ушундай эле кырдаал 2020-жылы да, 2021 жылы да сакталат. Алдын ала маалыматтар боюнча, республикалык бюджетке жылдык жүк 1,5 млрд. сомду түзөт. Мунун чоң бөлүгүн билим берүү системасынын чыгашаларын республикалык бюджетке которууга кеткен чыгашалар түзөт. Андан кийинки орунда салык агенти төлөгөн киреше салыгы боюнча чегерүүлөрдүн нормативдеринде жергиликтүү бюджеттердин пайдасына өзгөрүүлөрдүн көлөмдөрү турат. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2019-жылы айыл өкмөтүнүн саны болжол менен 373 болот. Дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн саны 2 0 1 7 - 2 0 1 8 - ж ы л д а р г а салыштырмалуу орточо 50-60 айыл өкмөткө кыскарып, 322-332 айыл өкмөтү калат (2017-жылы – 382 айыл өкмөтү).