Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

2017-05-13 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Швейцариянын өнүктүрүү  жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Жарандардын бюджеттик процесске катышуу модели Нарын жана Ош облустарында жайылтылат

2017-жылдын жаз мезгилинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жаңы облустарда – Нарын менен Ошто ишин баштады. Эскерте кетсек, 2011-жылдан 2017-жылга чейинки мезгил аралыгында Долбоор ЖалалАбад, Ысык-Көл жана Чүй облустарында иш алып барган. Нарын жана Ош облустарында өнөктөш же максаттуу муниципалитеттер конкурстун негизинде иргелди. Максаттуу муниципалитеттерди (айылдык аймактарды жана чакан шаарларды) тандап алуу боюнча Конкурстук комиссия түшкөн 62 өтүнмөнү (Ош облусундагы ЖӨБ органдарынан 37, Нарын облусундагы ЖӨБ органдарынан 25) карап чыгып жана аларды баалап, төмөнкү муниципалитеттерди тандап алды:
1. Ак-Талаа району – Ак-Тал АА;
2. Ат-Башы району – Ак-Муз АА;
3. Кочкор району – Кара-Суу АА;
4. Жумгал району – Чаек АА;
5. Нарын району – Учкун АА;
6. Өзгөн району – Ак-Жар АА,
7. Өзгөн району – Жазы АА;
8. Кара-Суу району – Шарк АА,
9. Кара-Суу району – Кызыл-Суу АА;
10. Ноокат району – Көк-Жар АА,
11. Ноокат району – Гүлистан АА;
12. Араван району – Мангыт АА;
13. Алай району – Булел АА;
14. Чоң-Алай району – Чоң-Алай АА;
15. Кара-Кулжа району – Ылай-Тал АА.
15 жаңы максаттуу муниципалитеттерде айыл өкмөтүнүн (АӨ) кызматкерлерин, айылдык кеңештердин (АК) депутаттарын жана жергиликтүү жамааттын лидерлерин кошкондо актив менен жолугушуулар өттү. Бул жолугушууларга 500гө жакын киши, алардын ичинде болжол менен 150 аял катышты. Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучулар Долбоордун иши жана кызматташуу үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр менен таанышып, максаттуу өнөктөш болуу менен, жамааттар жана ЖӨБ органдары өз районундагы башка муниципалитеттер үчүн үлгү болуп калышарын билишти. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташуунун негизги этаптары кызматташуу жөнүндө меморандумдарда көрсөтүлдү. АӨ башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары менен жолугушуулардын жүрүшүндө ушул меморандумдарга кол коюлду. “Жолугушууларда бизге алдыда боло турган ишчаралар жана күтүлгөн жыйынтыктар тууралуу кенен маалыматтар берилди. Бул жыйынтыктарга жетүү эки тарап үчүн тең – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жана максат- туу муниципалитеттер үчүн абдан маанилүү, - деп айтып берди Долбоордун ЖӨБ органдары менен иш алып барган адиси Танат ОСМОНКУЛОВ. – Катышуучулардын арасында жаштардын өкүлдөрүн көрүү өтө жагымдуу болду.
Алар Долбоордун мүмкүнчүлүктөрүнө чоң кызыгуусун билдиришти. Аны менен катар Нарын районунун Учкун айылдык аймагындагы жаштар комитетинин төрагасы Амантур ДООТАЛИЕВ “Жергиликтүү демилге” конкурсуна катыша ала турган идеялары жана демилгелери менен бөлүшүүгө даяр экен”.Нарын облусундагы аймактарынын биринин жергиликтүү кеңешинин депутаты Кенжебек САПАРБЕК уулу жолдун алыстыгынан улам көпчүлүк донорлор алар менен иштешкиси келбей турганын, буга байланыштуу ушул өңдүү долбоорлор менен кызматташуу чөйрөсүндө тажрыйбалары аз болгонун белгиледи. “Бирок биз силердин жардамыңар менен, окутуучу жана башка иш-чараларыңарга катышуу аркылуу жакшы жыйынтыктарга жетүүгө аракет жасайбыз”, - деди ал.Жумгал районундагы Чаек муниципалитетинин өкүлү Рустам АЛЫМКУЛОВ жергиликтүү тургундарды чогулуштарга жана айылдык жыйындарга катышууга тартуу жолдоруна кызыкты. “Биз тургундарды ушул өңдүү коомдук иш-чараларга кызыктырып, тартуу үчүн ар кандай аракеттерди көрүп келебиз.
Бирок азырынча мындан натыйжа чыкпай жатат. Кандай чараларды көрсө болорун Долбоордун жардамы менен аныктап алабыз деп ишенем”. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн көп иштерди жасаш керектигин биринчи жолу Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Азатбек КАПАТОВ айтты. “Бул Долбоорду ишке ашыруунун алкагында биз жергиликтүү жамааттын Уставын тез арада кабыл алуу боюнча бардык зарыл иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Андан кийин бул документти көбөйтүп, муниципалитетибиздеги ар бир жашоочуга таратып берүүнү чечтик. Себеби бул иш-чара жергиликтүү деңгээлде көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам берет.Аймакта биз жергиликтүү жамааттын Уставына киргизгибиз келген маселелер каралды. Бүгүн болсо Долбоор тарабынан ушул тапшырманы аткарууга көмөктөшүү планы бар болгонун уккандан кийин биз сапаттуу, жамаат үчүн пайдалуу Уставды кабыл алабыз жана жамаат айылда өзүнүн турмуштук эрежелерин иштеп чыгып, аны сактоого даяр деп ишенебиз”. Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Касымакун МАМЫРБАЕВ алардын муниципалитетин максаттуулардын катарына кошкону үчүн Долбоорго ыраазычылыгын билдирди: “Бүгүнкүжолугушуулардан кийин мен алдыда жасачу көп иш бар экенин баамдадым. Бирок биз мындан коркпошубуз керек. Анткени жыйынтыгы биринчи кезекте биз үчүн керек.
Ошондуктан мен бардык катышуучуларды, ошондой эле биздин аймактын бардык жашоочуларын аймакта өтө турган бардык иш-чараларга жигердүү катышып берүүгө, өзүбүзгө алып жаткан чоң жоопкерчиликти унутпоого чакырам”. “Ар бир муниципалитет менен Долбоор ортосунда түзүлгөн Кызматташуу жөнүндө Меморандум айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңештин төрагалары башында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн маанилүү окуя болду. Муну катышуучулар өздөрү да белгилеп жатышты. Алар кызматташтыктан эмнелерди күтүп жатканын айтып беришти. Мисалы,Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы биринчи жолу башчы болуп шайланганын, ал үчүн жергиликтүү жамаат менен биргеликте айылдык аймакты өнүктүрүү багытында өз ишин пландап алуу өтө маанилүү болгонун белгиледи. Бул иште биздин Долбоор ар тараптуу жардам көрсөтөт”, - деп белгиледи Долбоордун ЖӨБ органдары менен иш алып барган адиси Роза СУРАНЧИЕВА. Алай районунун Бүлөлү АӨ башчысы демилгелер тууралуу пикирин билдирди: “Демилгени калк көтөрүп чыгышы керек, жарандар көйгөйлөрдү туюндуруп бериши абзел. Ал эми ЖӨБ органдары жарандардын суроо-талаптарына реакция жасоого тийиш.
Биз бул долбоорго катышуу менен эффективдүү жыйынтыктарга жете аларыбызды түшүндүк. Конкурста жеңүүчү деп табылып, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитети деп тандалганыбызды билгенден кийин тандап алуу процесси адилеттүү өткөнүнө ынандык”. Өзгөн районунун Жазы муниципалитетинин АӨ башчысы жана айылдык кеңештин төрагасы айыл өкмөттүн атынан Долбоордун координаторлорунун кызматына талапкерлерди тандап алуу үчүн убакыт берүүнү өтүнүштү: “Биз координаторлорду тандап алуу маселесин өтө дыкат карап чыгышыбыз керек. Анткени бул абдан маанилүү маселе. Координатор компьютерди жакшы өздөштүргөн, сабаттуу, орус жана кыргыз тилдерин билген адам болушу керек”. “Эки жылга созула турган өнөктөштүк маалында эффективдүү кызматташтык жана мыкты жыйынтыктарга жетүү үчүн ар бир муниципалитеттен экиден координатор аныкталды. Алардын катышуусунда Долбоор менен кызматташуу боюнча иш планын талкуулап алдык”, - деп айтты Долбоордун Ош облусундагы жарандык катышуу боюнча консультанты Айбек БАЛТАБАЕВ.

Окшош материалы: