Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүгө инвестициялар” гранттык машыктыргычы

2017-06-07 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
“Жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүгө  инвестициялар” гранттык машыктыргычы

Чүй облусундагы 15 элеттик муниципалитет жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө 14,7 миллион сом алышты

2017-жылдын 17-майында Бишкекте Швейцария өкмөтүнөн гранттык колдоо алууга сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Жеңүүчүлөргө сертификаттарды Швейцариянын КРдагы Элчилигинин Миссия башчысынын орун басары Даниэль Мевли МОНТЕЛЕОН айым тапшырды. Аземге КР Өкмөт аппаратынын ЖӨБ иштерин уюштуруу бөлүмүнүн ЖӨБ секторунун эксперти Рамис АЛЫКУЛОВ, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюн- ча Мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) статскатчысы Санжар ИКРАМОВ, Швейцария Элчилигинин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары жана финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери башында турган Чүй облусундагы бардык 15 муни- ципалитеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Долбоордун кызматкерлери жана Бишкек менен Чүй облусундагы ММК өкүлдөрү катышты.
Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ Долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүүсү, өнөктөштүк жана жетишкендиктер үчүн муниципалитеттерге ыраазычылыгын билдирди: “Чакан гранттар программасы – 2017 конкурсу Чүй облусундагы бардык муниципалитеттер арасында жарыяланган жана 2016-жылдын 12-декабрынан 2017-жылдын 27-мартына чейин өткөн. Конкурстун шарттарына ылайык, утуп алынган каражат жергиликтүү бюджеттерге жиберилет жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, жергиликтүү жамааттын турмуш шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоого гана колдонулат. 2017-жылы колдоого алынган 15 өтүнмөнүн ичинен тогузу бул мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар үчүн шарттарды оңдоого багытталган долбоорлор. Бул долбоорлорду айыл тургундары ЖӨБ органдары атайын өткөргөн чогулуштарда көпчүлүк добуш менен тандап алышкан”, – деп айтты Долбоордун жетекчиси. КР Өкмөт аппаратынын уюштуруу иштери жана ЖӨБ бөлүмүнүн ЖӨБ секторунун эксперти Рамис АЛЫКУЛОВ конкурстун бардык жеңүүчүлөрүн кут-туктап, Долбоор менен мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалады: “Иши жергиликтүү өнүгүүгө жана ачык-айкындуулукка багытталган мындай долбоорлордун ролу жана мааниси талашсыз. Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар башында турган биздин өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен аймактар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн кошумча колдоого ээ болушууда.
Бүгүнкү иш-чара ЖӨБ органдары менен донордук долбоорлордун эффективдүү кызматташтыгынын мыкты үлгүсү болуп эсептелет”, - деп айтты КР Өкмөт аппаратынын өкүлү. КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММА статскатчысы Санжар ИКРАМОВ инвестицияларды тартууда ЖӨБ органдарынын барган сайын артып бараткан кызыгуусун жана активдүүлүгүн баса белгиледи: “Бул жылы Чүй облусундагы 105 муниципалитеттин ичинен 33ү конкурска катышкан экен. Бул болсо биздин аймактардын жигердүү катышуусунун жана алардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө инвестиция тартуу каалоосунун көрсөткүчү болуп эсептелет. Мен баарыңарды конкурста жеңип чыгышыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм жана бул ишиңерде ийгиликтерди каалайм! Албетте мындан ары да жергиликтүү жамааттар үчүн артыкчылыктуу болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн ушул өңдүү долбоорлор менен кызматташуу практикасын уланта берүүгө чакырам.
Ошондой эле биздин узактан берки жана туруктуу өнөктөшүбүз – Швейцария өкмөтүнө терең ыраазычылыгымды билдирем. Өлкөбүздүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын өнүгүүсүнө катышууңузду жана салымыңызды өтө жогору баалайбыз”.Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Миссия башчысынын орун басары Даниэль Мевли МОНТЕЛЕОН аземге катышып жаткан муниципалитеттердин көбү ушуну менен экинчи жолу Швейцариядан гранттык жардам алып жатканын белгиледи. Ал жарандардын бул конкурска катышканы үчүн жана өз муниципалитетиндеги шарттарды жакшыртуу каалоосу үчүн баарына ыраазычылыгын билдирди. 1 миллион сомго 14 сертификатты жана 700 000 сомго 1 сертификатты (Садовое АА үчүн) жеңүүчү деп таанылган 15 муниципалитеттин башчылары алышты. Алар Гранттык макулдашууларга кол коюп, мөөрлөрүн басып беришти. Бул каражаттар грант алуучуларга – айыл өкмөтүнө сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык тендерлерди өткөргөндөн кийин которулат.

Окшош материалы: