Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүйдөгү 17 муниципалитеттин өкүлдөрү үчүн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча окуулар уюштурулду

2017-06-14 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Тендерлерди мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык уюштуруу жана өткөрүү үчүн айыл өкмөтүндө талаптагыдай окуудан ийгиликтүү өткөн сертификаты бар адис болуш керек. Сертификаттарды болсо атайын окуудан ийгиликтүү өткөндөн кийин КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тапшырат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасынын алкагында мындай окуудан өтүү жана сертификат алуу гранттык долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет. Ошондуктан 2017-жылдын май айында Чүй облусундагы 17 муниципалитеттин өкүлдөрүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору КР Финансы министрлигинин Окуу борборуна жиберди. Алардын арасында жооптуу катчылар, финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин бюджеттик комиссиясынын мүчөлөрү, АӨ башчылары, салык инспекторлору жана айыл өкмөтүнүн башка адистери болду.

Окуу процесси маалында катышуучулар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзам, мамсатып алуулар процессинин жол-жоболору, са- тып алынып жаткан товарлардын сапатына карата талаптар, техникалык өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгуу, алардын максаттары жана тапшырмалары менен таанышып чыгышты.“Окуулар КР Финансы министрлигинин Окуу борбору менен түзүлгөн эки тараптуу Кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында уюштурулду, - деп айтып берди Долбоордун гранттар боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ. – Катышуучулардын алдына маанилүү тапшырма коюлду – беш күндүн ичинде алар үчүн жаңы болгон чоң көлөмдөгү маалыматты өздөштүрүш керек болчу. Окуу программасына ылайык, катышуучулар мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө мамсатып алууларды өткөрүү жол-жоболоруна коюлган талаптарды үйрөнүп, алган билимдерин практика жүзүндө колдонгонду үйрөнүш керек болчу. Мисал катары катышуучуларга реалдуу сандар жана кырдаалдар сунушталды. Ошондой эле катышуучулар электрондук мамсатып алуулар порталы менен иштегенди, конкурстук документтерди жана мамсатып алуулар планын түзгөндү үйрөнүп, бул чөйрөдөгү нааразылыктарды жана даттанууларды карап чыгуу механизмдери менен таанышып чыгышты. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору өз кезегинде гранттык добоорлорду ишке ашырууда муниципалитеттерге көмөктөшүп, укуктук маселелерге техникалык экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештерин берүүнү уланта бермекчи. Ошондой эле Долбоор мониторингди уюштурууга жардам берет”.

Окшош материалы: