Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызыл-Туу аймагынын жаштарында футбол талаасы бар!

2017-06-22 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Кызыл-Туу аймагынын жаштарында футбол талаасы бар!

2017-жылдын 24-майында Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында чакан футбол талаасынын расмий ачылышы болот. Объекттин курулушу боюнча маселени жергиликтүү калк артыкчылыктуу долбоор катары аныктаган; бул долбоор спорт менен алектенүү жана жаштарда сергек жашоо образын калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Чакан футбол талаасы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу алдында Кызыл-Туу айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан курулган. Долбоордун жалпы баасы 1 416 500 сомду түздү. Анын ичинен 1 млн. сомду Чакан гранттар программасы, 371 500 сомду жергиликтүү бюджет бөлсө, 45 000 сом –жергиликтүү жамааттын салымы болду.

“Биздин аймакта 10 000ге жакын киши жашайт жана футбол талаасынын курулушу биз үчүн өтө маанилүү маселе болчу. Бирок өз каражатыбыздын жоктугунан улам пландаганыбыз ишке ашпай келген. Чакан футбол талаасынын курулушу жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүү маселесин чечип, алардын дене тарбиясына көмөктөшөт. Мындан тышкары талаанын жанында орто мектеп жайгашкан, окуучулар да футбол талаасында ойной алышат. Кийин талааны жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен каржылайбыз”, - депайтты Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Замирбек Нурмамбетов.Спорт менен алектенүү үчүн шарттардын жоктугу өңдүү көйгөй курч турганы жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун жүрүшүндө белгилүү болуп, бул маселе айылдык аймактын Биргелешкен аракеттер планына кошулган. Чакан гранттар программасы конкурсуна катышуу үчүн артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча өткөрүлгөн айылдык чогулуш маалында футбол талаасынын курулушу боюнча демилге катышуучулардын эң көп добушуна ээ болду. 
Конкурстун жыйынтыгы боюнча дагы демилгени Долбоордун Конкурстук комиссиясынын мүчөлөрү колдоп беришти. Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде жумуштарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өткөрүлдү. Айыл өкмөтүнүн кызматкери Долбоордун колдоосу менен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча тренингден өттү. Кызыл-Туу АӨ өткөргөн конкурстун жыйынтыгы боюнча “Ильяс-Курулуш” ЖЧК жеңүүчү деп табылып, бардык жумуштарды аткарды. Сокулук райондук администрациясынын башчысынын орун басары УСЕНОВ Абас бардык жашоочуларды жана жаштарды футбол талаасынын ачылышы менен куттуктады: “Кызыл-Туу аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү калктын турмуш шарттарын жакшыртуу үчүн кошумча каражат тартуу үчүн кызматташтыкка даярдыгын жана кошумча каражаттарды тарта аларын дагы бир жолу көрсөтө алды. Биз районубуздагы эки пилоттук айылдык аймактын бири менен Долбоордун өнөктөштүгүнүн жыйынтыгын көрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Раймамадминистрациянын атынан бардыгыңыздарды, урматтуу жашоочулар, ушундай маанилүү жана кубанычтуу окуя менен куттуктаймын! Дайыма лидер боло бергиле!”.

Окшош материалы: