Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБдүн өнүгүүсү: реформалар, мыйзам- дардагы жаңылыктар

2017-06-23 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары

Үч облустагы 250дён ашуун муниципалдык кызматчы кызматчылардын ишине баа берүү, конкурс өткөрүү жана кызматынан илгерилёё боюнча жаңы билимге ээ болушту

2017-жылдын жаз мезгилинде Чүй, Ош жана Нарын облустарынын аймактарында “Кызматчылардын ишине баа берүү, kонкурс өткөрүү жана кызматынан илгерилөө” темасына муниципалдык кызматчылар үчүн семинарлар өттү. Баары болуп семинарга 255 киши катышты.Алардын арасында муниципалдык кызматчылар, КР Мамлекеттик кадр кызматынын жана анын бөлүмдөрүнүн адистери катышты. Аларга КР Мамлекеттик кадр кызматынын жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери лекция окушту. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) менен Өнүктүрүү саясат институту ортосунда түзүлгөн Кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында муниципалдык кызмат чөйрөсүндө семинарлар өткөрүлдү, - деп айтты Долбоордун муниципалдык кызмат боюнча адиси Нурдин КУМУШБЕКОВ. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишине баа берүү, конкурс өткөрүү жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча илгерилөө тартиптери жөнүндө жаңы Жоболордун кабыл алынуусуна байланыштуу семинарларды өткөрүү зарылчылыгы пайда болду.
Муниципалдык кызматчыларды баа берүү жана конкурс өткөрүү тартиби менен тааныштыруу, кызматчыларды баалоону уюштуруу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүү максатында семинарларды өткөрдүк”. Катышуучулардын өздөрү болсо материалдардын жөнөкөй жана түшүнүктүү болгонун белгилешип, баяндамалар, ченемдик материалдар жана ЧУА көчүрүлгөн дисктер кыргыз жана орус тилдеринде даярдалганын, ал эми практикалык иштер алган билимди дагы да мыкты өздөштүрүүгө жардам бергенин баса белгилешти. Уюштуруучулардын айтымында, өткөрүлгөн семинарлардын натыйжасында бардык катышуучулар тема боюнча жаңы билим алышып, буга чейин өздөштүргөндөрүн бекемдеп алышты. Мындан тышкары алардын баарына мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча ЧУА көчүрүлгөн CD-дисктер берилди. Уюштуруучулар катышуучулардын жардамы менен бир топ маселелер топтолгонун, аларды Долбоор менен МКК көмөгү менен чечилерин белгилешти.

Окшош материалы: