Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Миң уккандан бир жолу көргөн артык

2017-08-10 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Миң уккандан бир жолу көргөн артык

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ. Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Ош, Нарын жана Чүй облустарынын 27 муниципалитетинен кырктан ашуун өкүл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугуна жетүү жана жоопкерчиликти күчөтүү максатында жарандарды бюджеттик процесске тартуу практикасы жана жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашты.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу сапары үстүбүздөгү жылдын 27-28-июль күндөрү Чүй облусундагы Жайыл районунун Ак-Башат (АА) жана Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылдык аймактарынын (АА) чегинде өттү.

“Бул өңдүү иш-чаралар катышуучуларга объ екттерге барып, кесиптештеринин иш-чараларына катышуу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын практика жүзүндө көрүү мүмкүнчүлүгүн берет, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – ЖӨБ органдары жана максаттуу муниципалитеттердин өкүлдөрү коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү аркылуу өз ишинин ачыктык жана айкындуулугу чөйрөсүндөгү жетишкендиктер, коомдук иш-чаралар алдында маалымат өнөктүгүн уюштурууда жана өткөрүүдөгү кыйынчылыктар жана анын усулдары тууралуу маалыматтар менен да бөлүшөт.

Бул иш-чарага Ош облусунун 10 жана Нарын облусунун 5 муниципалитетинен айыл өкмөт башчылары жана Долбоор менен иш алып баруу боюнча айыл өкмөтүнөн координаторлор чакырылган. Ага Долбоор 2015-жылдын апрель айынан 2017-жылдын мартына чейин кызматташкан Чүй облусунун 12 муниципалитетинин башчылары да катышат”.

Тажрыйба алмашуу сапарынын жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн мыкты тажрыйбасын көрсөтө алган бир катар объекттерди кыдырып чыгышты. Ошондой эле алар Ак-Башат ААнын 2018-жылга бюджет долбоору боюнча коомдук угууларга жана Кочкорбаев ААнын “Суу – бул жашоо” ТСКАКБнын жалпы чогулушуна катышты. Кочкорбаев ААда өткөн чогулушта 2016-жылдын жана 2017-жылдын алгачкы жарым жылынын жыйынтыгы чыгарылып, ТСКАКБнын Уставына өзгөртүүлөр киргизилип, тарифтер каралып, акы төлөбөгөндөргө карата көрүлчү чаралар талкууга алынды.

Окшош материалы: