Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандык бюджет – бул жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылган реалдуу аспап

2018-03-05 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жарандык бюджет – бул жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылган реалдуу аспап

Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Ош, Нарын, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы отуздан ашуун элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2018-жылдын жарандык бюджеттерин иштеп чыгышты.

Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат МАМЫТОВдун айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдонгон мындай ыкма ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууга жардам берет. Ал эми жарандардын бюджет тууралуу маалыматка жетүү демилгеси Кыргызстандагы бийликтин бюджет айкындуулугунун индексин жакшыртууга багытталган.

“Жарандык бюджет түшүнүктүү тилде баянда- лып, ар бир аймактын тил өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен даярдалат. Негизги максат – жарандардын каражаттарынын түзүлүшү жана аларды чыгымдоо тууралуу маалыматты калк үчүн түшүнүктүү тилде даярдоо. Бул финансылык документ Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, жашоочуларды жергиликтүү бюджет менен тааныштыруу үчүн даярдалат. Жарандык бюджетте кийинки жылга жамааттын артыкчылыктуу маселелери жана аларды чечүүгө багытталган финансы каражаттарынын көлөмү чагылдырылат. Себеби бюджеттин айкындуулук маселеси баарын кызыктырат – үй кожойкелерин да, жогорку кызматты ээлеген аткаминерлерди да. Бирок бюджет тууралуу маалыматты жөн эле алып коюу жетишсиз: биринчиден, аны түшүнүш керек; экинчиден, калкта жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүүгө таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү болушу керек. Дал ошондуктан Жарандык бюджеттин бирдиктүү форматы ар кандай түстө даярдалган документ түрүндө берилет, анда кирешелердин булактарынын түрлөрү жана чыгашалардын багыттары так сандар менен берилген”, - деп айтты Азамат МАМЫТОВ.

2018-жылы Жарандык бюджетти иштеп чыгып, жергиликтүү калк арасында жайылтуу ниетин билдирген беш облустагы бардык муниципалитеттер үчүн Долбоор техникалык жана финансылык жардам көрсөттү.

Жарандык бюджеттердин электрондук версияларын Долбоордун сайтынан таба аласыз:

• орус тилинде: http://vap.kg/ru/activities/ intergovernmental_relations/local-budgets/

• кыргыз тилинде: http://vap.kg/ky/activities/ intergovernmental_relations/local-budgets/

Муниципалдык сайттар жана маалыматты жайылтуунун заманбап аспаптары менен иштөө боюнча практикалык семинар

2018-жылдын 27-февралында Бишкекте муниципалдык сайттар жана маалыматты жайылтуунун заманбап аспаптары менен иштөө боюнча семинар өттү. Ага муниципалдык веб-сайттардын администраторлору жана Чүй облусунун 10 муниципалитетиндеги Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрү катышты. Бул муниципали- теттер: Кочкорбаев, Күн-Туу, Кызыл-Туу, Александровка, Таш-Мойнок, Бурана, Гроздь, Ак-Башат, Юрьевка жана Фрунзе айылдык аймактары.

“Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү кар- жылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Чүй облусунун бир катар ЖӨБ органдарына муниципалдык веб-сайттарды түзүүгө көмөк көрсөтүлдү. Мындай жардамдын максаты – ЖӨБ органдарынын ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууга көмөктөшүү, жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине катышуусу үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын башкарууда ачыктыкты камсыз кылуу.

Анткени бүгүнкү күндө маалымат – мамлекеттин жана коомдун өнүгүп, иштеши үчүн негизги ре- сурстардын бири. Ошондуктан бийлик органдары менен коомдун ортосундагы маалымат алмашуу – мамлекеттин натыйжалуу иштешиндеги маанилүү фактор. Долбоордун буюртмасы менен Weltkind веб-студиясы ЖӨБ органдарынын керектөөлөрүн эсепке алуу менен муниципалдык сайттын ШАБЛОНУН иштеп чыкты. Мында жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүк камсыз кылууда КР мыйзамдарынын талаптары да эске алынды. Семинар маалында катышуучуларга муниципалдык сайтты администрациялоо боюнча Колдонмо (мындан ары – Колдонмо) тартууланды, аны Долбоор эки тилде даярдап, басып чыгарган болчу. Колдонмодо веб- сайтты башкаруунун администрациялык панелинин бардык мүмкүнчүлүктөрү кеңири көрсөтүлгөн. Тагыраак айтканда: жаңылыктарды, кулактандырууларды, макалаларды, сүрөттөрдү, документтерди жана башка зарыл маалыматтарды жайгаштыруу, жол-жоболоштуруу (өчүрүү). Административдик панелди өздөштүрүү жеңил болсун деп, Колдонмого сүрөттөр (скриншоттор) киргизилди. Алардын алдына түшүндүрмө жазуулар да кошулду. Бардык сүрөттөр веб-сайттагы модулдарга (бөлүмдөргө) ылайык кадам-кадамы менен келтирилген”, - деп айтты Долбоордун жетекчисинин орун басары Сабина ГРАДВАЛЬ.

Семинардын жүрүшүндө муниципалдык сайттардын администраторлору колдонмо менен кеңири таанышып чыгып, иш жүзүндө анын бардык бөлүмдөрүн сынап чыгышты. Натыйжада алардын муниципалитеттеринин сайттарында бюджет, калктын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча пландары тууралуу маалыматтарды кошкондо өтө маанилүү документтер пайда болду. Айылөкмөтүнүн кызматкерлеринин – сайттын администраторлорунун жанында БМжБ тобунун өкүлдөрү иштешти. Эми алар да ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча пландарын кандай аткарып жатканына мониторинг жүргүзүү үчүн кайсы жерден, кандай маалымат алса болоорун так билип калышты. БМжБ топтору сайтка маалыматтар жана анын ичинде Жарандык бюджет канчалык өз убагында кирип жатканына дыкат көңүл бурулат.

Колдонмонун электрондук версиясын Долбоордун сайтынан алса болот: http://vap.kg/ru/press_ room/publications/full/162.html

Нарын жана Ош облустарынын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрө Жарандардын бюджеттик процесске катышуу моделинде каралган мониторинг жана баалоо системасы менен таанышып чыгышты

9-февралда Ошто, 15-февралда Нарында “Коомдук мониторинг жана бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси” темасына Ош облусунун бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү үчүн тренингдер өттү.

Тренингди Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – Долбоор) уюштурду.

“Биринчи тренинг Ош шаарында өтүп, биз ага жарандык коом уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырдык. Тренингдин негизги максаты – коомдук мониторинг жаатында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктык жана айкындуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптары жөнүндө маалымдоодо коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн дараметин күчтөндүрүү. Жарандардын бюджеттик процесске катышуу моделинде каралган биргелешкен мониторинг жана баалоо системасы тууралуу маалымат берилгенден тышкары, катышуучуларга коррупциялык көрүнүштөр өзгөчө көп байкалган чөйрөлөрдө ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүүнүн өзүнчө аспаптары да тартууланды. Аны менен катар, катышуучуларга мамсатып алуулар порталы жана кадастрдык геомаалыматтар системасы (КГМС) аркылуу мониторинг жүргүзүү боюнча Колдонмо да берилди (муниципалдык менчиктеги объекттер – жерлер жана кыймылсыз мүлк объекттери менен бүтүмдөр). Семинар маалында бардыгында тигил же бул ЖӨБ органы же маморган эмнени сатып алып жатканын онлайн режиминде көрүү мүмкүнчүлүгү болду. Ушундай эле тренинг Нарын облусунун бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Нарында өткөрүлдү. Катышуучулардын жалпы саны 39 адам болду, алардын ичинен 26сы аялдар”, - деп айтты Долбоордун мониторинг жана баалоо боюнча адиси Медет СУЛТАМБАЕВ.

Чакан гранттар программасынын конкурсуна 2018-жылы 121 долбоордук өтүнмө түштү

2018-жылдын 15-февралында Чакан гранттар программасынын конкурсуна катышуу үчүн долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алган акыркы күн болду. Бул конкурсту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – Долбоор) уюштурду. Саат 17.00дө долбоордук өтүнмөлөрдү каттоо аяктады. “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун Чакан гранттар программасы Нарын жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмөлөрдү кабыл алды.

“Каттоо барагы жабылган учурга карата 121 өтүнмө түшкөнү белгилүү болду. Алардын ичинен 59у Нарындан жана 62си Ош облусунан. Биз бул жергиликтүү жамааттардын 121 артыкчылыктуу көйгөйүн чечүүгө үмүт болгонун жакшы түшүнүп турабыз. Биз мындай сандагы долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоонун артында ЖӨБ органдарынын кандай эмгеги жана күчү жатканын билебиз. Конкурска даярдануунун алкагында эки облустун ЖӨБ органдары коомдук иш-чараларды өткөрүштү, өздөрү да биздин атайын тренингдерибизге жана консультациялык жолугушууларыбызга катышты. Эми конкурс башталууда. Алдын ала тандоодон өтө турган өтүнмөлөр 35 орун үчүн ат салышат. 2018-жылы Чакан гранттар программасынын фонду 35 миллион сомду түздү. Мындан улам Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн алдында абдан оор жана чоң жоопкерчиликти талап кылган иш турат – бардык өтүнмөлөр менен таанышып чыгып, аларды баалап, мыкты долбоорлорду аныктоо. бул – жамааттын аныкталган артыкчылыктарына жооп катары чындап иштелип чыккан, калк менен кеңири талкуулардан өткөн долбоорлор. Долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу көп сандагы аялдардын көйгөйлөрүн чечүү, мында аялдардын кызыкчылыктарын эсепке алуу болжолдонуп жаткан долбоорлор. Ушундан улам мен өз өтүнмөлөрүн жиберген өнөктөштөрүбүздөн чыдамкай болуп, конкурстун жыйынтыгы чыккан күндү күтө турууга чакырам. Конкурстун жыйынтыктары 2018-жылдын 10-мартынан кийин жарыяланат. Биз бүгүнтөн баштап эле өтүнмөлөр менен иштей баштадык. Ар бир өтүнмөгө уникалдуу код берилет. Мунун жардамы менен комиссиянын мүчөлөрү муниципалитетти эмес, сүрөттөлгөн долбоорду баалашат. Башкача айтканда, өтүнмөлөрдөн аны берген муниципалитет тууралуу бардык сөздөр алып салынат жана комиссия долбоорлорду бейтарап жана объективдүү баалай алат”, деп айтты Долбоордун гранттар боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ.

2018-жылы гранттын суммасы бир долбоор үчүн 1 миллион сомду түзгөн. Ар бир муниципалитет өтүнмө берүүчү Конкурска экиден ашпаган долбоор берип, экиден ашпаган грант алалат. Акча каражаттары сом менен, Долбоорду тейлеген коммерциялык валютанын курсу боюнча которулат.

Ошону менен бирге жергиликтүү жамааттын салымы гранттык долбоордун жалпы баасынан 10 %дан кем эмесин түзүшү керек.

15 максаттуу ЖӨБ органы калк менен биргеликте иш-аракеттер планын иштеп чыгышты

Жергиликтүү деңгээлде пландоо маселелери жергиликтүү да, улуттук да деңгээлдерде бюджеттик ресурстарды бөлүштүрүү боюнча мыйзам чыгаруу чөйрөлөрүндө соңку өзгөрүүлөр маанилүү болуп турат.

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында ЖМБА-иш-чаралары процессинде аныкталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча ЖӨБО менен жергиликтүү жамааттын иш-аракеттерин биргелешип пландоо боюнча иш-чаралардын комплекси жыйынтыкталды. Натыйжада муниципалитеттин өнүгүүсүнө багытталган документ даярдалып, кабыл алынды. Бул – 2018-2019-жылдарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын Биргелешкен аракеттер планы (БАП).

"Жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын биргелешкен иш-аракеттерин пландоо жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүн пландоо процессинин бир бөлүгү болгону Ош жана Нарын облустарынын 15 максаттуу муниципалитеттеринде өткөрүлгөн иш- чаралардын өзгөчөлүгү болуп калды. Кабыл алынган БАП калктын реалдуу артыкчылыктарына негизделгени, жамаат аларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгүн өзүнө алганы БАПтын баалуулугу менен шартталды. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоонун жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн Биргелешкен аракеттер планы (БАП) муниципалитеттердин стратегиясынын жана өнүгүүсүнүн бир бөлүгү болуп калды. Анын негизинде айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңештер өздөрүнүн жумушчу пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландашат. Бул процесс Бюджеттик кодекстеги Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу жаатындагы мөөнөттөргө мүмкүн болушунча жакындатылганы да маанилүү болду", деп айтты Долбоордун ЖӨБ боюнча адиси Танат ОСМОНКУЛОВ.

Ош жана Нарын облустарынын 15 максаттуу муниципалитети үчүн БАП долбоорун пландоо жана даярдоо процесси боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүп, билим берүү максатында тренингдер өткөрүлдү. “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо” темасына өткөн тренингге бардык кызыкдар адамдар катышты: ЖӨБ органдарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү гана эмес, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын арасынан активисттер, райондордон кызыкдар муниципалитеттердин өкүлдөрү да келишти.

Окуунун жүрүшүндө жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негиздери боюнча билимди (пландоонун маңызы жана түрлөрү, алардын өз ара байланышы жана айырмалары), жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу модели, Биргелешкен аракеттер планын (БАП) иштеп чыгуу боюнча практикалык көндүмдөр, БАПты ишке ашырууда ресурстар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү ж.б. өңдүү түрдүү маселелер каралды.

 “Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгуу процессин уюштуруу” темасы катышуучулар арасында өзгөчө кызыгууну жаратты жана аны талкуулоого көбүрөөк убакыт кетти. Көпчүлүк катышуучуларда стратегия, программа жана план ортосундагы айырманы түшүнүүдө кыйынчылыктар жаралды. Көпчүлүк муниципалитеттерде өнүгүү стратегиялары, программалары жана пландары бар болчу, алардын бир бөлүгү донордук программалардын алкагында даярдалган. Бирок көпчүлүк катышуучуларда бул документтердин мазмуну жөнүндө маалыматы жок болуп чыкты, себеби алар жергиликтүү калк үчүн коомдук угууларга чыгарылган эмес. Катышуучулардын негизги көңүлү көйгөйдү формулировкалоого, аны кыскача сүрөттөөгө бурулду. Себеби келечекте талдап чыгып, сапаттуу себептик- натыйжа анализ жүргүзүү үчүн, тапшырмаларды жана конкреттүү иш-чараларды пландоо үчүн бул зарыл. Катышуучулардын бири мындай деди: “Жашоочулар үчүн маанилүү болгон көйгөйдү аныктоо кыйын. Анткени жашоочулар конкреттүү жыйынтыкты көргүсү келет эмеспи. Мисалы, спорт залдын жоктугун көйгөй катары аныкташат жана аларга имарат эмес, жаңы секциялар, тажрыйбалуу машыктыруучулар түрүндө кызмат көрсөтүү керектигин дайыма эле ойлоно беришпейт. Айыл өкмөтү ушул багытта ишти уюштуруу боюнча маселени чечкени маанилүү”. Катышуучулар тапшырманы жана соңку максаттарды белгилеп алууда кыйналышты. Ошондой эле катышуучуларга Биргелешкен аракеттер планын ресурс менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилди (дем берүүчү грант, региондорду өнүктүрүү фонддору, мамлекеттик социалдык заказ механизми, тышкы инвестициялар, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр).

Окшош материалы: