Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
ЖӨБ Союзунун мүчүлүрүнүн бюджет жөнүндө парламенттик угууларга катышуусу
Жөб союзу суроолорго жооп берет
2017-жылдын ноябрь айында КР ЖӨБ Союзу өзүнүн Башкаруу мучөлөрүнүн, ошондой эле Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарынын республикалык бюджеттин долбоору боюнча КР Жогорку Кеңешинде өткөн Парламенттик угууларга катышуусун уюштурду. Угуулар маалында КР ЖӨБ
Союзу чакырган ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жана бюджет аралык мамилелер чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын көйгөйлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнө суроо узатуу мүмкүнчүлүгү болду.
КР ЖӨБ Союзунун Эксперттик кеңеши түзүлдү
КР ЖӨБ Союзуна караштуу Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча Эксперттик кеңеш түзүлдү. Эксперттик кеңештин максаты – ЖӨБдүн келечектеги багыттарын жана программаларын иштеп чыгууга, аналитикалык материалдарды, эк перттик корутундуларды даярдоого катышуу жана ЖӨБ органдарына консультацияларды берүү. Эксперттик кеңеш тууралуу Жобо КР ЖӨБ Союзунун Башкаруусунун тескемеси менен иштелип чыгып, бекитилген. Эксперттик кеңештин курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө тажрыйбасы жана билими бар, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат органдарында иш тажрыйбага ээ, илимий-педагогикалык иш стажы бар илимий кызматкерлерден, эксперттерден түзүлдү. Эксперттик кеңештин уюштуруучулук жыйыны өтүп, төрагасы болуп Бакыт РЫСПАЕВ дайындалды.
КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу суроолорго жооп берет
Жайыт комитеттери юстиция органдарынан жеке жак катары каттоодон өткөн. Ошондуктан айыл өкмөтү алардын ишин көзөмөлгө алууга укугу жок. Өз ара сүйлөшүп алгандыктан акча каражаттары айыл өкмөттүн бюджетине түшпөй калууда. Акча айыл өкмөтүнүн бюджетине түшсүн дегени менен көзөмөл дээрлик жок. Жайыт комитетинин ишмердүүлүгүн ким текшерет? Алар жергиликтүү кеңешке отчет бергиле дегенге каршы чыгып жатышат.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесине ылайык Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес. 13-беренеге ылайык, Айыл өкмөтү жайыттарды пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануунун тартибин белгилөө компетенциясына ээ. 18-беренеге ылайык, жергиликтүү кеңеш жайыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн белгилешет. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктары төмөнкүлөр:
1. Тескөө укугун кошпогондо, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу үчүн жоопкерчилик жана контроль жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын пландарын жыл сайын бекитет, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторун угат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануу боюнча ишмердигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал- ган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Ошондой эле ушул Мыйзамдын 5-6-беренелеринде Жайыт пайдалануучулардын жана Жайыт комитетинин укуктары жана милдеттери бекитилген.
11-беренеде Жайыт пайдалануу үчүн каражаттарды пайдалануу нормалары бекитилген:
1. Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө жайыт комитети, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы менен жылда макулдашат жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планында көрсөтүлөт.
2. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн жайыт комитетинин үлүшүн түзүүчү бөлүгү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын кармоого, жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталат.
3. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү жалпы үлүшүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес салыктардын төлөмүн эске алуу менен жергиликтүү бюджетке которулат.
18-беренеге ылайык кызмат адамдары, жайыт комитетинин мүчөлөрү жана жайыт пайдалануучулар ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
Айыл өкмөтү өз ишинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иште- ри жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) Буйругу менен бекитилген айыл өкмөтүнүн Типтүү регламентин колдоно берсе болобу? Аны ким бекитиши керек: өз чечими менен жергиликтүү кеңешпи же өз буйругу менен айыл өкмөтү бекитеби?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 01-18/156 буйругу менен Айыл өкмөтүнүн Типтүү регламенти бекитилген. Типтүү регламенттин негизинде ар бир айыл өкмөтүнө өзүнүн Регламентин иштеп чыгып, айыл өкмөтүнүн тескемеси менен бекитип, өз ишинде колдонуу сунушталат.
ЖӨБ Союзуна консультация сурап кайрылсак болобу?
ЖӨБ Союзу мүчөлөрү болуп эсептелген ш ардык мэриялар жана айыл өкмөттөрүнөн келип түшкөн жалпы маанидеги суроолорго жана кайрылууларга жоопторду жана кеңештерди берет. Суроолор жана кайрылуулар Союздун дарегине расмий кат түрүндө, электрондук дарегине кат аркылуу, WhatsApp номерине, жеке келип кайрылуу түрүндө түшөт.
Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 “Б”, 3-кабат, 413-414-415-кабинеттер; электрондук дареги: msu.kg@mail.ru, WhatsApp номери - 0559 818158, факс номери: 312 620883.
ЖӨБ Союзу тарабынан келип түшкөн кайрылууларга жана суроолорго жооптор, юридикалык кеңештер жогоруда көрсөтүлгөн байланыш булактары аркылуу жеткирилет.
ЖӨБ Союзуна төлөнүүчү мүчөлүк акынын суммасы канча, төлөөнүн жол-жоболору кандай, жергиликтүү кеңештин чечими жетиштүүбү?
ЖӨБ Союзуна мүчөлүк акынын өлчөмү Уставда бекитилгендей аймактын калкынын санына жараша, бир кишиге 1 сомдон жылына бир жолу жергиликтүү бюджеттен төлөнөт. Мисалы, айыл өкмөтүндө 5000 калк болсо 5000 сом болот. ЖӨБ Союзуна мүчө болуп кирүү жана жылына бир жолу мүчөлүк төлөмдү төлөө боюнча Айылдык кеңештин жана шаардык кеңештин чечими болушу керек.
Мүчөлүк акыларды которууда мүчүлүштүктөр болбос үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 161-п буйругу менен бекитилген Бюджетик классификацияга “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союздарына жана Ассоциацияларына мүчөлүк акылар” боюнча 26211300 номерлүү банктык код киргизилген.
Окшош материалы:
-
№5-6 (78-79) / 2018-05-08 Кыргыз Республикасында жергиликүү өз алдынча башкаруунун азыркы абалы: жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө административдик мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар
-
№5-6 (78-79) / 2018-05-04 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын форумунун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
-
№5-6 (78-79) / 2018-05-03 АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ: ЖӨБ менен мамлекеттин өз ара аракеттенүү механизмдери жолго салынат
-
№4 (77) / 2018-04-03 Аймактык башкаруу жана өнүгүү: өнүгүүнүн административдик- буйрук берүүчү жана прогрессивдүү жолу ортосундагы тандоо
-
№4 (77) / 2018-04-03 ЖӨБдүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдери: регионду өнүктүрүү зарылчылыгы
-
№3 (76) / 2018-03-06 ЖӨБ Союзунун Башкаруусунун жыйыны
-
№3 (76) / 2018-03-02 Эмне үчүн ЖӨБ органдары коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенбеши керек?
-
№3 (76) / 2018-03-01 Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы аялдар