2018-04-03 / Көңүл чордонунда
Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн өлкө ичиндеги түрдүү топтор ортосунда кызыкчылыктар балансын камсыздоо зарыл: мамлекет менен коомдун, коом менен бизнестин, бизнес менен керектөөчүлөрдүн жана башка.
Баланс жалпысынан улуттун кызыкчылыктары ортосунда да, өз-өзүнчө ар бир жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктары ортосунда да өтө маанилүү. Адамдык потенциалга карата алганда да, аймактын, табияттын синергетикалык өнүгүүсүнө, биологиялык көп түрдүүлүккө, чарба жүргүзүүнүн экономикалык усулдарына, маданий жана жүрүш-туруш өзгөчөлүктөрүнө ж.б. карата алганда да Кыргыз Республикасынын ар бир жергиликтүү жамааты өзгөчө баалуу болуп саналат.
Жергиликтүү жамааттардын уникалдуулугунан Кыргызстандын улуту түптөлөт. Ал болсо тил жана маданият өңдүү бир түрдүүлүктүн белгилери менен катар көп түрдүүлүктүн эбегейсиз байлыгына да ээ. Бул көп түрдүүлүктү жана жалпы бир нерсенин бөлүктөрү болуп саналган бирдиктүү комплекстер катары жергиликтүү жамааттарды сактап калуу бул мамлекеттик саясаттын маанилүү милдети болуп эсептелинет.
Көптөгөн экономикалык жана саясий чакырыктардын фонунда бул тапшырма анчалык ачык болбошу мүмкүн. Бирок Кыргызстандын улут, мамлекет жана эл катары сакталып калуусу үчүн өтө зарыл. Бир эле маалда көп түрдүүлүктү жана бирдиктүүлүктү сактап калуу үчүн мамлекеттик саясаттын ар бир актысында улут кызыкчылыктары менен жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары ортосунда тең салмактуулук кармалышы керек. Биримдиктүү (унитардык) мамлекет катары Кыргыз Республикасы биринчи кезекте жалпысынан улуттун кызыкчылыктарын коргойт.
Муну менен мамлекет жалпысынан өлкөнүн гармониялуу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө умтулат. Бирок реалдуу көрүнүш мындай – улуттун кызыкчылыктары дайыма эле конкреттүү жамааттардын кызыкчылыктарына дал келе бербейт. Бул Кыргыз Республикасына гана мүнөздүү болгон көрүнүш эмес – улуттун жана жамааттын кызыкчылыктары ортосундагы балансты издөө менен тигил же бул деңгээлинде дүйнөнүн бардык өкмөттөрү алек. Себеби бардык өлкөлөр өз аймактарынын тең салмактуу өнүгүүсүнө кызыкдар.
Жергиликтүү жамааттардын тең салмактуу өнүгүүсү Кыргыз Республикасына да, дүйнөдөгү башка өлкөлөргө да зарыл. Бул болсо ички ресурстарды оптималдуу пайдалануу жана коркунучтардын алдын алуу (региондордун жана жалпысынан өлкөлүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артта калуусу, миграция, чек аранын жанындагы аймактардын ээн калуусу ж.б.) максатында керек. Кызыкчылыктардын тең салмактуулугун издөө жана сактоо процессинде ар бир мамлекеттик органдын өз максаты жана милдеттери, өз чакырыктары жана көйгөйлөрү бар.
Бирок мамлекеттик машинанын ар бир бөлүгү үчүн бул процесс өтө маанилүү болгонун түшүнүп, өзүнүн жол-жоболорун жана механизмдерин түзүп чыгуу зарыл. Ошону менен бирге ар бир мамлекеттик орган тең салмактуу өнүгүүдөн ала турган тактикалык жана стратегиялык пайдасын түшүнүшү керек.
Практикада кызыкчылыктардын тең салмактуулугу мамлекеттин жергиликтүү жамааттар менен өз ара аракеттенүүсүнүн конкреттүү жана эффективдүү механизмдеринин болгону менен камсыздалат. Мында жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коргойт. Бул механизмдер кызыкчылыктар кагылышы пайда болгон жерлерде мунасага жетүүгө багыт алышы керек жана алар кызыкчылыктарды макулдашуу процессин түшүнүктүү, ачык-айкын жана легитимдүү кылууга тийиш. Механизмдер түрдүү болушу мүмкүн жана бул макала ушундай механизмдердин эң маанилүүлөрүн карап көрүүнү сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан ЖӨБ Союзу жана коомдук уюмдардын атынан Өнүктүрүү саясат институту бул көйгөйдү баамдай алышты. Алар 2017-жылдын октябрында ЖӨБ органдарынын мамлекет менен жана өз ара аракеттенүү Платформасын түзүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Ушул тапта меморандумдун алкагында ЖӨБЭММА, ЖӨБ Союзу жана ӨСИ коомдук талкууну өткөрүү жана бир нече демилгени илгерилетүү демилгесин көтөрүүдө. Бул демилгелер КР Жогорку Кеңешинин, КР Президентинин жана КР Өкмөтүнүн атынан мамлекет менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган. Бул демилгелердин кыскача сүрөттөлүшү таблицада берилди. Ал эми өз ара аракеттенүү механизмдери тууралуу толугураак төмөн жактан окуй аласыз.
Уландысы:
_________________________________________________________
Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) башкаруу төрайымы; “КР ЖӨБ Союзу” ЮЖБ атынан Өмүрбек АЛМАНБЕТОВдун, Кадыралы ИМАНОВдун, Айнура ЧАНДЫБАЕВАнын, Нуржан КОЖОШЕВАнын; ошондой эле ӨСИнин эксперттери Асель БЕКТЕНОВАнын, Бекболот БЕКИЕВдин, Бектурган ОРОЗБАЕВдин катышуусу менен.