2018-04-16 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
2018-жылдын март айында Нарын облусунун аймагында жана апрелде Оштогу муниципалитеттерде “Жергиликтүү жамааттын уставы” темасы боюнча тренингдер өткөрүлдү. Жергиликтүү жамааттын Уставы – коомдук келишимдин легитимдүү (мыйзамдуу) аспабы. Ар бир жамааттын өзүнүн Уставы болууга тийиш, ал эми ар бир ЖӨБ органы кеңири талкуу өткөрүп, калктын пикирин эске алуу менен жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу иштерин уюштурушу керек.
Жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) 2014-жылдын 4 мартындагы №01-24/19 Буйругу менен бекитилген. Типтүү Устав бардык ЖӨБ органдарына сунушталган. “Жергиликтүү жамааттын Уставы ар бир ЖӨБ органы үчүн да, карапайым адамдар үчүн да бирдей маанилүү. Устав жергиликтүү жамааттын ичиндеги өз ара пайдалуу мамилелерди түптөө үчүн жаңы платформа болуп, айылдарда жашоочуладын турмуш тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндө эрежелерди жана нормаларды аныктап алууга жардам берет. Уставды даярдап жатканда баштапкы аталышы Айыл Мыйзамы болгонун белгилей кетүү керек.
Жамааттарда кабыл алынган Уставдар жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнө көмөктөшүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салат деп ишенебиз”, - деп айтты Долбоордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча адиси Танат ОСМОНКУЛОВ. Тренингдерге 285 адам (18,25% - аялдар) катышты. Алардын арасында айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылар, айылдык кеңештердин төрагалары, мониторинг жана баалоо боюнча топтордун жетекчилери, райондук администрациялардын өкүлдөрү, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун координаторлору бар. Катышуучулар жергиликтүү жамааттын Уставы боюнча негизги маселелерди талкуулап алышты. Алар: Уставдын укуктук база-сы, максаттары жана милдеттери, түзүмү, жалпы жоболору жана мазмуну.
2018-жылдын май айында Ош жана Нарын облустарынын аймагындагы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринде жергиликтүү жамааттардын Уставдарын жайылтуу боюнча масштабдуу иштер башталды. Жергиликтүү жамааттар өз эрежелерин талкуулап, аныкташат. Айыл өкмөттөрдүн ар бири жашоочулардын талкууларда үн кошуп, ЖӨБго катышуусуна кызыкдар болушу керек. Устав менен иштеп жатканда негизги суроолорго жоопторду эстен чыгарбоо абзел.
Ал суроолор: устав деген эмне жана аны менен кантип иштеш керек? Жергиликтүү жамааттын Уставы деген эмне? Жергиликтүү жамааттын (шаардын, айылдык аймактын) Уставы – бул жамаат мүчөлөрү ортосундагы, жамаат менен айыл өкмөтү ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, алардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган жергиликтүү жамааттын документи.
Жергиликтүү жамааттын Уставын ким кабыл алат? Жергиликтүү жамааттын Уставын жергиликтүү кеңеш кабыл алат.
Жергиликтүү калк Уставды талкуулап, ага өзүнүн толуктоолорун киргизе алабы? Ооба, албетте. Сөзсүз түрдө ушундай болууга тийиш! Жергиликтүү кеңеш Уставды чогулуштарда, жыйындарда, курултайларда талкуулагандан кийин гана кабыл алышы керек.
Устав жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн кандай нормаларын аныктайт? Жергиликтүү жамааттын Уставы коомдук тартиптин ченемдерин жана эрежелерин, айылдын ичинде тазалыкты, санитардык нормаларды, мал жаюу эрежелерин жана мыйзамдарда көрсөтүлбөгөн башка эрежелерди сактоо боюнча талаптарды аныктайт. Устав жамааттын мүчөлөрү чогулуштарда, жыйындарда кабыл алган коомдук тартиптин ченемдерин аныктайт. Жамаат мүчөлөрүнүн чогулуштарга, жыйындарга катышуусунан коомдук тартиптин кайсы ченемдери Уставга кошулаары көз каранды болот. Ар бир жамаат өз Уставына татыктуу!
Жергиликтүү жамааттын Уставы Курултайдын чечими боюнча АӨ башчыны жалпы эл тарабынан шайлоону белгилей алабы? Жок, белгилей албайт. Курултайдын чечими сунуштама берүүчү мүнөзгө ээ. Устав АӨ башчысын шайлоо маселелерин козгой албайт. АӨ башчысын шайлоону мыйзам аныктайт.
Курултайдын чечими боюнча айылда коомдук тартипти бузганы үчүн жаза берүү жана айып салуу тууралуу пункттарды жергиликтүү жамааттын Уставына киргизсе болобу? Болбойт. Айып салуу жана башка чараларды колдонуу маселелери мыйзамдар менен жөнгө салынат. ЖӨБ деңгээлинде мындай маселелерди атайын түзүлгөн администрациялык комиссия чечиши керек.
Жашоочулар дагы кандай маалыматтарды жергиликтүү жамааттын Уставында таба алышат? Жергиликтүү жамааттын Уставында төмөнкүлөр тууралуу маалыматтар бар: жергиликтүү өз алдынча башкарууга кантип катышса болот? Айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кабыл алган чечимдерге кантип таасир тийгизсе болот? Чогулуштар жана курултайлар кантип өткөрүлүш керек? Жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтү бюджеттерди пландоодо калктын артыкчылыктарын кантип эске алышат Устав жигердүү жашоочуларга өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк береби?Устав Демилгелүү топторду түзүүгө, айылдын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо боюнча фокустопторго катышууга, суроо-талаптарды берүүгө, айылдагы маселелер боюнча демилгелерди көтөрүүгө, жергиликтүү бийлик органдарынын ишине баа берүүгө, ошондой эле чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү жамааттын Уставы менен айыл өкмөттүн Уставы ортосунда айырма барбы? Ооба, бул эки башка документ. Айыл өкмөттүн Уставы айыл өкмөттүн гана ишин аныктайт. Ал эми жергиликтүү жамааттын Уставы болсо жамаат мүчөлөрүнүн, депутаттар, айыл өкмөтү менен өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салат.
__________________________________________________________
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ