Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ош жана Нарын облустарындагы 23 муниципалитеттин ЖӨБ органдарынын башчылары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен гранттык макулдашууларга кол коюшту

2018-04-16 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Ош жана Нарын облустарындагы 23 муниципалитеттин ЖӨБ органдарынын башчылары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен гранттык макулдашууларга кол коюшту

2018-жылдын 23-мартында Бишкекте ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – Чакан гранттар программасы конкурсунун жеңүүчүлөрү ортосунда Гранттык макулдашууларга кол коюлду.

Иш-чарага Швейцариянын КРдагы Элчилигинин Миссия башчысынын орун басары Даниэль Мевли МОНТЕЛЕОН айым, КР Өкмөт Аппаратынын Аймактык башкарууну уюштуруу иш бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы Жеңишбек АСАНКУЛОВ, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) директору Бахтияр САЛИЕВ, КР ЖӨБ Союзунун директору Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ, ЖӨБ органдарынын башчылары жана өкүлдөрү, Ош жана Нарын облустарынын, Бишкек шаарынын журналисттери катышты.
 
Иш-чаранын ачылышында Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ ЖӨБ органдарынын башчыларын куттуктап, конкурска эки облустагы муниципалитеттерден 121 өтүнмө түшкөнүн, алардын ичинен конкурстук комиссия Долбоордун критерийлерине жана талаптарына жооп берген 80 өтүнмөнү карап чыкканын белгиледи: 2018-жылы гранттын суммасы бир долбоор үчүн 1 000 000 сомду түздү. Конкурска түшкөн бардык өтүнмөлөр реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бул көйгөйлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган коомдук угуулар жана айылдагы чогулуштар маалында жергиликтүү жамаат өзү тандап алган.
 
ЖӨБ органдары долбоорлорду мыйзамдарга ылайык ишке ашырышат. Жергиликтүү кеңеш жана жергиликтүү жамаат бул долбоорлордун ишке ашырылышына тикелей көз салып турат”. Конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратынын, КР Финансы министрлигинин, ЖӨБЭММАнын, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Долбоордун өкүлдөрү кирди. Комиссия эң көп упай алган 38 долбоорду жеңүүчү деп тандады. Жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, Жеңишбек АСАНКУЛОВ Кыргыз Республикасындагы аймактардын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн Швейцария Өкмөтүнө жана Долбоордун атка-руучуларына КР Өкмөтүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди: “Мен Чакан гранттар программасы конкурсунун бардык жеңүүчүлөрүн чын жүрөгүмөн куттуктап, бул долбоорлор сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылат деп ишенем.
 
Урматтуу ЖӨБ органдарынын башчылары! Түйшүгү көп ишиңизди жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын жана пикирин эске алуу менен сапаттуу жана ак ниеттен жасап жатканыңыз үчүн рахмат”. Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Миссия башчысынын орун басары Даниэль Мевли МОНТЕЛЕОН айым өз сөзүндө жарандардын бюджеттик процесске катышуусу абдан маанилүү болгонун белгиледи. Себеби бул ЖӨБ органдарынын жоопкерчилигин күчөтүп, бюджеттик каражаттарды жамаат муктаждыктарына жооп бергидей максаттуу пайдаланууда ачык-айкындуулукту камсыз кылат: “Жергиликтүү өз алдынча башкарууга колдоо көрсөтүү Швейцариянын Кыргызстан менен кызматташуусундагы өтө маанилүү тема болуп саналат. Мисалы, жакында эле ушундай эле сертификаттар Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы ЖӨБ органдарына тапшырылган эле. Ал эми бүгүн 38 миллион сомго сертификаттар Ош жана Нарын облустарындагы 23 муниципалитетке берилип жатат.
 
Бул болсо жамааттын артыкчылыктарын биргелешип аныктоодо муниципалитеттер менен жарандардын өз ара аракеттенүүсү, жергиликтүү бюджетти ачык-айкын бөлүштүрүү Кыргызстанда кеңири жайылган көрүнүшкө айланып баратканынан кабар берет. Ошондой эле жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуусуна катышуу практикасын келечекте да бекемдөөгө жардам бере турган аспаптарды жана жол-жоболорду түзүү маанилүү. Мен сиздин муниципалитетиңизде жарандардын бюджеттик процесске катышуусу туруктуу негизде ишке аша баштайт деп үмтөтөм. Себеби бул демократиянын маанилүү элементи болуп саналат. Бул элемент жергиликтүү бюджеттерди натыйжалуу пайдаланууну мүмкүн кылып, жергиликтүү бийликтин жарандар алдындагы жоопкерчилигин күчөтөт”, – деп айтты Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Миссия башчысынын орун басары Даниэль Мевли МОНТЕЛЕОН.
 
ЖӨБЭММАнын директору Бахтияр САЛИЕВ да жеңүүчүлөрдү куттуктап, конкурска түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдү баалоо процессине кененирээк токтолду: “Баалоо абдан объективдүү жүргөнүн баса белгилегим келет. Буга байланыштуу Монтелеон айымга, Швейцария Өкмөтүнө жана Долбоордун аткаруучуларына ушул өңдүү конкурстарды өткөрүп жатканда колдонулган механизм үчүн өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Биздин өлкөдө түрдүү донорлордун колдоосу менен көптөгөн долбоорлор жана программалар ишке ашырылып келатат. Бирок өтүнмөлөрдү карап, баалоодо толук анонимдүүлүк механизми ушул гана Долбоордо колдонулат. Мындан тышкары гранттык каражаттар жергиликтүү бюджетке түз түшкөнү да өзгөчө бир элемент. Себеби мындай механизм башка долбоорлордо жок. Ошондуктан 23 муниципалитет татыктуу жеңишке жетти деп эсептейм”.
 
Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА да жеңүүчүлөрдү куттуктап, көрсөткөн жардамы үчүн Швейцария Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Добрецова өтүнмөлөрдүн саны өтө көп болгонун, жогорку упай алган өтүнмөлөрдүн басымдуу бөлүгүн аялдар даярдаганын баса белгиледи: “Адегенде биз муниципалитеттер конкурска жигердүү катышып жатат деп абдан кубанганбыз – бул биздин эмгегибиз, жетишкендигибиз. Бирок андан соң бул ийгилик эмес, көйгөй экенин түшүндүк. Себеби муниципалитеттерде өздөрүнүн курч көйгөйлөрүн чечүү үчүн инвестиция табууда каражаттарды издөөнүн башка мүмкүнчүлүктөрү жок экен. Мурда Кыргыз Республикасынын аймагында көптөгөн донордук уюмдар иштечү, бирок бүгүн бул каржылоо бир кыйла кыскарды. Муну биздин Өкмөтүбүзгө белги катары да караса болот. Себеби аймактарды өнүктүрүү үчүн масштабдуу инвестициялар талап кылынууда. Аркайсы жылдары өткөрүлгөн конкурстарда гендерге карата анализ жасап көрүп, кызыктуу фактты аныктадык. Сиздерге белгилүү болгондой, долбоорлор айылдык чогулуштар маалында өз ара атаандашкан эле.
 
Бул чогулуштарда жергиликтүү тургундар долбоорлорго добуш беришкен. Статистика боюнча башында аялдар турган демилгелүү топтор даярдаган долбоорлор эркектер башында турган топторго караганда эки эсе ийгиликтүү болгон. Балким аялдарда өзгөчө мотивация болгон үчүн ушундай болуп жатат. Себеби алар сууга, мектепте жана мектепке чейинки билим берүүгө байланышкан көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө аргасыз. Аялдар өтүнмөлөрдү даярдоого өзгөчө көңүл бурушкан. Бул болсо өз кезегинде жамаатты дал ушул долбоор өтө маанилүү болгонуна ынандырган. Ошондуктан ЖӨБ органдарынын жетекчилеринен ушул өңдүү жумуштарды аялдарга көбүрөөк ишенип берүүнү өтүнөт элем”. Сертификаттарды алгандан кийин ЖӨБ органдарынын башчылары Долбоордун алкагында уюштурулган тренингдер, кеп-кеңештер жана тажрыйба алмашуу сапалары үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Себеби дал ушул факторлор атаандаштарын жеңип чыгууга жардам берген.
 
Ош облусундагы Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Максатбек ИБРАИМОВ кээде максаттуу эмес муниципалитеттердеги кесиптештерине боору ооруй турганын айтты. Себеби Долбоордун ишчараларына катышкандан кийин гана демократиялык башкаруунун негиздери тууралуу айрым нерселерди билбегенин баамдаган: “Мисалы, окуу сапарынын алкагында Чүй облусундагы Ак-Башат айылдык аймагына баргандан кийин гана өз муниципалитетибизге кайтып келип, айрым нерселерди өз жерибизде жасадык. Мындан тышкары жамаатыбыздын муктаждыктарын аныктоо процессинде биз көп нерсени билдик. Биз ушул 2 миллион сомдун жардамы менен эки көйгөйдү чечебиз. Бирок мындан тышкары да кандай көйгөйлөр бар экенин, жашоочулар үчүн кайсылары артыкчылыктуу болгонун билип калдык. Ошондой эле Долбоор бюджетибиздин ачык айкындуулугун камсыз кылууга жардам берди, ушундай ачык-айкындуулук канчалык пайдалуу болгонун көрсөттү. Мурдагы башчылар мындай ачыктыктын кесепеттери кандай болоорун сурап, башында кооптонушкан эле. Бирок азыр биз ачык болуу бардык жерде жардам болуп, ишибизди жеңилдетип жатканын билип калдык”.
 
 
___________________________________________________________
 
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

 

Окшош материалы: