Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөттү сертификаты бар адистер көбөйдү

2018-04-19 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Айыл өкмөттү  сертификаты бар адистер көбөйдү

Гранттык каражаттар – жергиликтүү бюджеттин каражаттары.

Алар айыл өкмөттүн эсебине түз которулат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бул акча жана анын сарпталышы үчүн толук жоопкерчилик алат. Жумуштарды, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу керек. Сатып алууларды уюштуруу үчүн сертификаты бар адис тартылууга тийиш – бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабы.
 
Бул талаптарга аткаруу үчүн Ош жана Бишкек шаарларындагы КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында бардык грант алуучулар үчүн окуулар уюштурулган. Беш күн бою катышуучулар мыйзам чыгаруу чөйрөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жол-жоболоруна коюлган талаптар менен таанышып чыгышты, электрондук мамсатып алуулар порталында иштегенди, конкурстук документацияны түзгөндү үйрөнүштү, квалификациялык талаптарды жана техникалык өзгөчөлүктөрдү карап чыгып, мамсатып алуулардын Планын түзүп, ага өзгөртүүлөрдү киргизгенди өздөштүрүштү, бул чөйрөдөгү даттанууларды, нааразылыктарды кароонун, конкурстук комиссияны түзүү механизмдери менен таанышты. Семинарлардын практикалык бөлүгү маалында мисал катары катышуучуларга реалдуу сандар жана кырдаалдар сунушталды.
 
Катышуучулардын айтымында, окуу өз убагында уюштурулуп, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык каражаттары жумшалган долбоорлорду ишке ашыраардын алдында өтө зарыл жардам болду.
 
“Мен буга чейин такыр эч нерсе билген эмесмин деп айта албайм. Бирок беш күндүк окуу мага буга чейин кетирген каталарымды көрүп, түшүнүүгө жардам берди. Эми алган билимимди колдонуп, бардык мамсатып алууларды мыйзамдардын алкагында жүргүзө алам жана бир топ каталарды болтурбайм”, - деп айтты Нарын облусунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек НАСЫБАЛЫ УУЛУ. Белгилей кетчү нерсе, 2018-жылы окуу мамлекеттик тилде өткөрүлдү.
 
__________________________________________________________
 
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

 

Окшош материалы: