Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасында жергиликтүү бюджеттерди жетиштүү каржылабоо Кыргыз Республикасындагы аймактарды өнүктүрүүгө жана башкаруу системасынын туруктуулугуна бут тосууда

2018-05-15 / ЖӨБ каржысы
Кыргыз Республикасында жергиликтүү  бюджеттерди жетиштүү  каржылабоо Кыргыз Республикасындагы аймактарды өнүктүрүүгө жана башкаруу системасынын туруктуулугуна бут тосууда

Баяндаманы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын «Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу» форуму үчүн Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери ДОБРЕЦОВА Н., ТЮЛЮНДИЕВА Н, МАМЫТОВ А. даярдашты

Финансылык децентралдаштыруу ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди каржылоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жок Жергиликтүү бюджеттердин маалыматын финансылык гана көрсөткүч катары кабыл албоо керек. Финансылык жактан камсыз болуу жана өз алдынчалуулук жергиликтүү өз алдынча башкарууну децентралдаштыруунун жалпы таанылган үч мүнөздөмөсүнүн – саясий, административдик жана финансылык-экономикалык өз алдынчалуулуктун жарамдуулугунун ажырагыс мүнөздөмөсү болуп эсептелет. Ошондуктан жергиликтүү бюджеттердин анализи жалпысынан Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн, аларга Кыргыз Республикасынын Конституциясы берген аныктамага шайкеш келүү үчүн финансылык жактан канчалык өз алдынча экенин көрсөтүп турат.
 
Башкача айтканда, жергиликтүү бюджеттердин абалы мамлекет өз саясатында Конституцияда жазылган мак-саттарына жетишүүгө канчалык умтуларын көрсөтүп турат. Эскер-те кетсек, Конституцияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилиги менен чечүүгө укугу жана реалдуу мүмкүнчүлүгү катары аныкталган. «Бул укук ишке ашып жатабы жана бул үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк берилдиби?» деген суроого жергиликтүү бюджеттердин абалы жана бюджет аралык мамилелердеги тенденциялар жооп берет. 2010-2017-жылдар боюнча бюджет аралык мамилелердин 1диаграммада келтирилген анализи жагымсыз тенденция бар экенин айгинелеп турат.
 
Республикалык бюджеттин кирешесинин өсүү темптерине салыштырганда жергиликтүү бюджеттердин кирешеси дээрлик өспөй жатат.2011-2012-жылдары гана олуттуу көрүнүш байкалып, кийин үч жыл бою жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин жалпы көлөмү төмөндөгөнү байкалды, бирок ошол эле учурда республикалык бюджеттин кирешеси туруктуу өсүп жатты. 2014-жылдан тарта жергиликтүү бюджеттердин көлөмүндө динамика дээрлик жок, бул иш жүзүндө инфляция жана өсүпүлүшү 1,5 процентке бир аз жогорулаганы сезилет. Калган жылдары жергиликтүү бюджеттердин үлүшү туруктуу төмөндөп жатты. Абал мамлекет ЖӨБ органдарына өткөрүп берип жаткан ыйгарым укуктардын көлөмүн улам көбөйтүп, алардын аткарылышын каржылык жактан эч камсыздабай жатканынын фонунда мындан да кооптуу көрүнөт. Маселен, соңку эки жылда эле жергиликтүү маанидеги маселелердин саны 23төн 25ке өскөн.
 
Демек, мамлекет ЖӨБ органдарына ыйгарым укуктарды бул милдеттенмелердин аткарылышын финансылык жактан камсыз кылбай өткөрүп берип жатат. Мунун өлкө үчүн жалпысынан мааниси канчалык? Бул жалпы эл алдында алынган милдеттенмелер жана жалпыга көрсөтүлүүчү кызматтар аткарылган жок дегенди туюндурат, себеби ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилүүчү функциялар менен ыйгарым укуктар тиешелүү каржылоо болбосо ишке ашпасы түшүнүктүү.жаткан милдеттенмелер шартында төмөндөөнү билдирет. Бул жергиликтүү маанидеги маселелер, анын ичинде инфраструктура боюнча оор финансылык милдеттенмелер да жетиштүү каржыланбай кала берүүдө дегенди туюндурат. Өнүгүү жактан алып караганда, бул ЖӨБ органдары инфраструктураны жакшыртууга жана бизнести өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө капиталдык салымдарды камсыз кыла албай жатканын көрсөтүп турат.
 
1-диаграммада көрсөтүлгөндөй, шаарлардын бюджетинин кирешесинин 3-катарда белгиленген өсүү темптери республикалык бюджеттин кирешесинин өсүү темптеринен гана эмес, жалпы эле жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүү темптеринен артта калууда. Эгерде жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин КР мамлекеттик бюджетинин кирешелериндеги салыштырмалуу көлөмүнүн көрсөткүчтөрүнүн динамикасын анализдеп көрө турган болсок1, абал андан да коркунучтуу экени байкалат. 2010-жылдан бери 2017-жылы гана жергиликтүү бюджеттердин Шаардык бюджеттердин киреше бөлүгү Ш а а р л а р д ы н жергиликтүү бюджетинин темптери 2017- жылы 2016-жылга салыштырганда 24% төмөндөгөн, ал эми айылдык ЖӨБдөрдө оң динамика байкалган — бюджеттердин кирешеси бир аз болсо да өскөн.
 
Бул шаарлар экономикалык өнүгүүнүн локомотиви болушу керек деген идеяга коошпой турат. Кирешелердин туруктуулугу жана божомолдонушу жагынан айылдардын жергиликтүү бюджеттери шаарларга караганда туруктуураак жана божомолдосо болот, себеби, бекитилген кирешелердин үлүшү шаарларда 23,1% болсо, аларда 36% түзөт. 2017- жылы шаарлардын республикалык бюджеттен көз карандылыгы өстү, анткени шаарлардагы максаттуу трансферттер көбөйдү (8,5 пайыздан 23,25 пайызга). Мисалы, 2017-жылы шаардык бюджеттер жөнгө салынуучу кирешелердин эсебинен 53,7% калып-танган, ал эми 2016-жылы бул көрсөткүч 71% түзгөн. Максаттуу трансферттердин каржылык ажырымдарды же кирешенин жергиликтүү бюджетке түшүп калуусун компенсациялоого көбөйүүсү дал ушул шаарлардагы жөнгө салынуучу кирешелердин сатуудан алынуучу салык түшүп калуусунан улам азайышы менен түшүндүрүлөт. Сатуу салыгы боюнча абал бюджет аралык мамилелер саясатынын алсыздыгын көрсөтүп турат: жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин булактарынын бирин жок кылып, мамлекет ал булактын ордун толтуруу жагын эске алган эмес. Бизнестин кызыкчылыктарын канаат тандырып, мамлекет муниципалитеттердин кызыкчылыктарын курмандыкка чалды.
 
Шаарлардын рейтинги жана алардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар системасында, башка мамлекеттер сыяктуу эле, шаарлар өзгөчө орунду ээлейт жана алар өнүгүүнүн, ыңгайлуу шарт түзүүнүн, билим, инновациянын, илимий-техникалык прогресстин борбору болуп эсептелет. Бул миссиясын аткарып, экономиканын жана социумдун өнүгүүсү үчүн татыктуу шарт түзүп берүү үчүн шаарлар тиешелүү финансылык ресурстарга ээ болушу керек.
 
«КБ Стрелка» шаардык экономика борборунун методологиясына таянуу менен баяндаманын авторлору шаарлардын байлыгын жана өз алдынчалуулугун же жергиликтүү маселелерди өз жоопкерчилигине алып чечүү мүмкүнчүлүгүн чагылдыруучу рейтингин түздү. Шаарлардын байлыгы жан башына киреше менен өлчөнөт, ал эми өз алдынчалуулугу – бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмүндөгү трансферттердин үлүшү менен.Жыйынтыгында Кыргызстандагы шаарлардын жарымынан бир аз көбүрөөгү (18) кедей, бирок салыштырмалуу өз алдынча шаарлар тобуна кирери белгилүү болду. Бул бюджеттин кирешеси өнүгүү үчүн жетишсиз, алар республикалык бюджеттен трансфертти аз алат же таптакыр албайт, бирок ошол эле учурда салыштырмалуу өз алдынча дегенди туюндурат.
 
Жакшы жаңылыгы, 10 шаар – Орловка, Бишкек, Кант, Чолпон-Ата, Кайыңды, Кадамжай, Жалал-Абад, Кара Балта, Кызыл-Кыя, Кочкор-Ата жана Ноокат салыштырмалуу бакубат жана өз алдынча шаарлар тобунда экен жана аларда өнүгүү үчүн бюджеттик потенциал бар экени көрүнүп турат. Эки шаар – Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак кедей жана өз алдынча эмес шаарлардын катарына кирип калышты жана алар өзүнүн бюджеттик потенциалын бекемдөө үчүн өкмөттүн абдан көңүл бурушун талап кылары анык. Бай жана өз алдынча эмес шаарлардын ката-рына жалгыз гана Ош шаары кирген, башка шаар- ларды мамлекет алардын өзгөчөлүгүнө жанаобъективдүү потенциалына карабастан өнүктүрүү максатында каржылабайт.
 
Авторлордун пикиринде, кедей шаарлар тобуна киргендер бакубат жана өз алдынча эместер катарына кирүүгө муктаж болуп жатканы айдан ачык байкалууда, башкача айтканда, аларга бюджет кирешесинин жан башына көлөмүн ылайыктуу деңгээлге жогорулатууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн мамлекеттик колдоо зарыл шаарлардын жан башына кирешеси боюнча рейтинг келтирилген (трансфертсиз), сом менен. Анализ жүргүзгөндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын 2018-2022-жылдарга карата мамле- кеттик Аймактык саясат концепциясында келтирилген аймактык артыкчылыктарын эске алуу керек болчу.
 
Өнүгүүнүн башаты болгон шаарлардын тизмесине кирген шаарлардын баары эле жетиштүү бюджеттик потенциалга ээ эмес. Алардын көбү өз алдынча, бирок өнүгүү башаты болчудай миссияны аткаруу үчүн жетиштүү бакубат эмес. Мында шаардык бюджеттердин чыгашасынын функционалдык беренелери экономикалык маселелерге чыгымдар болгону алты гана шаардын – Бишкек, Ош, Каракол, Исфана, Кадамжай жана Жалал-Абаддын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бар экенин көрсөттү. Алардын арасынан Ош, Каракол жана Жалал-Абад гана эконо- микалык маселелерге олуттуураак сумма коротушат: Ош – дээрлик 11 пайыз, Каракол – 18 пайыз, Жалал-Абад – 25 пайыз. Пилоттук тизмедеги калган шаарларда бул көрсөткүч бюджеттин жалпы чыгашасынын 5 пайыздан ашпайт.
 
Айылдык ЖӨБдөрдүн рейтинги жана алардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү Айыл жергесинде Кыргызстандын калкынын көпчүлүк бөлүгү жашайт. Өнүгүү боюнча лидер деп шаарлар эсептелгени менен айылдык муниципалитеттердин бюджеттик камсыздалууcу ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маселелерди чечүүдөгү, жарандардын жашоо шартын жакшыртып, өнүгүү максаттарын ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөрүнүн жал-пы деңгээлин айгинелеп турат. Айылдык ЖӨБдөр рейтингин түзүү үчүн эки көрсөткүч салыштырылды – байлык жана өз алдынчалуулук. Шаарларга караганда айылдар кедейирээк экени белгилүү, бирок мунун себеби бар, анткени шаарларда инфраструктура жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көптүгүн салыштырып болбойт.
 
Айылдык ЖӨБдөрдө жан башына орточо киреше трансферттерди эсепке албаганда (минимум менен максимумдун ортосунда) 2017-жылы 1626 сомду түзсө, шаарларда бул көрсөткүч 3083 сомду түзөт же дээрлик 90 процентке көбүрөөк. 7-диаграммада көрүнүп тургандай, 40 райондун 27 си кедей жана өз алдынча эмес. Салыштырмалуу бай жана өз алдынчалардын катарына эки гана районду кошсо болот – Кемин жана Чаткал. Бирок алардын лидерлиги убактылуу гана мүнөзгө ээ, анткени, тоо-кен ишканаларынан түшкөн бир жолку салымдан гана ошондой болушу ыктымал. Аламүдүн, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Панфилов, Сокулук жана Москва сыяктуу экономикалык жактан күчтүү райондордун абалы суроо жаратууда.
 
Бул райондор чынында жакшы экономикалык потенциалга ээ жана ИДПга бир далай салып кошот, анткен менен алар баары өз алдынча, бирок кедей категориясына кирип калды. Биздин оюбузча, бул мамлекет салык системасы жана бюджет аралык мамилелер аркылуу аталган райондордогу айылдардын ЖӨБдөрүнө активдүү өнүгүүгө жана инфраструктурасы менен жашоо шарттарын жакшыртууга салым жасоого мүмкүнчүлүк бербестен алардын киреше потенциалын тартып алууда дегенди билдирет. Баса, трансферттерди эске алган рейтинг бул райондордогу абалды анча деле өзгөртпөйт. Теңдештиргенден кийин да алар жан башына киреше жагынан лидерликте кала берет (8-диаграмма).
 
Мына бул рейтингдин контекстинде төмөнкүдөй тыянак чыгарса болот: Аймактарды өнүктүрүү максатында өкмөт өнүгө турган шаарларды гана эмес, өнүгүүнүн башаты болгон райондорду (өнүгүү рай- ондору) да аныктап алып, андан кийин алар бай жана өз алдынча, аймактык өнүгүүнү өз алдынча ишке ашыра ала тургандардын катарына өтүшү үчүн аларга кирешенин көбүрөөк бөлүгүн калтыруусу зарыл. Бул айылдарга бир нече жылдан кийин артынан жалпы облусту жана өлкөнү «жетелеп» кете турган өсүү жана өнүгүү райондорун калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет. Киреше потенциалы төмөн райондордо жайгашкан айылдык ЖӨБдөргө карата башкача саясат талап кылынууда.
 
Мындай муниципалитеттер мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү трансферттерге баары бир муктаж боло берет, себеби мамлекет кызматтарга бардык жарандардын бирдей жеткиликтүүлүгүн кепилдейт, ошондуктан ЖӨБ органдары өз ишин жеке кирешесинин жетиштигине карабастан аткара алуусуна кам көрүшү керек. Бул – кайра өндүрүү аймактары, алар дайыма болгон жана боло берет. Бул ЖӨБдөрдүн жергиликтүү бюджеттерине карата бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүү саясатынын максаты аныкталышы керек. Бул максат өзүнө жергиликтүү маанидеги маселелерди кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде муниципалдык инфраструктура кызматтарынын бирдей жеткиликтүүлүгүнө мамлекеттик кепилдиктерди аткарууга жетиштүү деңгээлде чечүүгө зарыл болгон минималдуу бюджеттик камсыздалгандыкка жетишүү үчүн теңдештирүү деген ойду камтышы ыктымал.
 
Бирок анда ошол кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын аныктап, минималдуу бюджеттик камсыздалуунун деңгээлин эсептеп алуу зарыл болот. Ошондо мындай кайра өндүрүү райондору үчүн теңдештирүү формуласын иштеп чыгып, колдоно баштоо оңойюраак. Ошентип, аймактарды ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн теңдештирүү системасын радикалдуу түрдө кайра карап чыгуу талап кылынат жана мында биринчи кадам теңдештирүү боюнча эки максатты аныктоо болуп калышы керек – өсүү жана өнүгүү райондоруна карата өнүктүрүү үчүн теңдөө жана кайра өндүрүү райондоруна карата конституциялык кепилдиктерди сактоо үчүн теңдөө. Экинчи кадам муниципалитеттерди тигил же бул категорияга кошуу жана аларга карата теңдөөнүн жаңы формулаларын колдонуу. Бирок мунун баары тиешелүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына негизделиши жана социалдык жактан маанилүү багыттар менен тармактарды каржылоодогу ажырымды эске алышы керек экени маанилүү.
 
Өнүгүүнүн социалдык жактан маанилү маселелерин каржылоодогу айырмалар Улуттун жана мамлекеттин жашап кетүү жөндөмдүүлүгү алардын өзүнүн бүтүндүгүн сактап калуу жөндөмдүүлүгү менен аныкталат. Бүтүндүк бе-кем жана корголгон чек араларга гана эмес, ошондой эле ички биримдиктен, бардык жарандар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдөн жана аймактарды тең салмактуу өнүктүрүүдөн да көз каранды. Бул жерде Кыргыз Республикасы бүтүндүк үчүн чоң тобокелдиктерге туш болууда. Ал тобокелдиктер кызмат көрсөтүүлөргө, өнүгүү жана жашоо деңгээли үчүн мүмкүнчүлүктөргө иш жүзүндө жете алуусунда аймактык айырмалар менен шартталган. Болгондо да сөз керектөөлөрдүн пирамидасынын чокусу, театрлар жана академиялар тууралуу эмес, бала бакча жана үйдүн ичиндеги суу түтүгү өңдүү маанилүү, базалык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу болуп жатат.
 
Айталы, Бишкекте каалагандай табитке жана капчыктын көлөмүнө жараша мектепке чейинки билим берүү мекемелерин тандап алса болот. Ал эми Лейлек районундагы 3000 адам жашаган Андарак айылында совет доорунда да, азыркы учурда да бала бакча такыр болгон эмес. Мындай айылда Кыргызстанда өтө көп. Мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги жана региондордун тең салмактуу өнүгүүсү азырынча камсыздалбай жатканы түшүнүктүү. Буга көптөгөн базалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана маселелерди каржылоодо бюджеттен бөлүнгөн каражат чөйрөсү да себеп болууда. Бир макаланын же докладдын алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо чөйрөлөрү боюнча кырдаалга анализ жасоо мүмкүн эмес. Ошондуктан айрымдарына гана токтололу.
 
Ошону менен бирге, бүтүндүк үчүн коркунуч жараткан чоң айырма деп эмнени эсептей турганыбызды, ал эми кайсынысы кадыресе жана качып кутулгус айырма болгонун түшүнө билүү маанилүү. Орусия Федерациясынын тажрыйбасына кайрылалы. Бул дүйнөдө аянты жагынан эң чоң өлкө жана муниципалитеттер ортосундагы айырмалар үчүн кадыресе себептер да өтө көп. Мисалы, Магаданда коомдук имараттарды жылытууга кеткен чыгашалар Краснодарга салыштырмалуу көп эсе болот. Ошондуктан логикага таянып айтсак, ТКЧга кеткен чыгашалар ортосундагы айырма чоң. Бирок Орусиянын шаарларынын бюджеттери жөнүндө маалыматтар көрсөткөндөй, шаардык бюджеттин түрдүү беренелерин каржылоодо айырма 10-12 эседен ашпайт.
 
Ошондуктан бул айырманы уруксат берилген минимум катары алалы. Кыргызстан үчүн айырма азыраак болушу керек, себеби биздин өлкө чакан, компакттуу. Бирок кадыресе себептерден улам пайда болгон айырма 10-12 эседен ашпашы керек деп эсептейли. Турак жай-коммуналдык чарба жана кызмат көрсөтүүлөр Калкка ТКЧ тармагында кызмат көрсөтүү жана турак жай-коммуналдык тейлөө – ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жана жоопкерчилигинин салттуу негизге айланып калган маанилүү тармактарынын бири. Жалпысынан, бул тармак канчалык толук иштесе, шаар жана айылдардагы инфраструктура да ошого жараша болот. Бул инвестиция тартуу, чакан жана орто бизнести, социалдык чөйрөнүн динамикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү шарттардын бири.
 
Өкмөт өнүгүүнүн башаты катары белгилеп алган шаарлардын тизмесиндеги жети шаарда: Каракол, Талас, Жалал-Абад, Исфана, Кербен, Өзгөн, Таш-Көмүрдө ТКЧ чыгымдары жан башына эсептегенде жетишсиз экени айдан ачык көрүнүп турат. Бул шаарларда негизги коммуналдык кызматтар жеткиликтүү эмес, бизнести өнүктүрүүгө жана инвесторлорду тартууга жетишсиз болушу ыктымал. Рейтингди Айдаркен шаары жабат, бул жерде ТКЧ тармагында жан башына эч нерсе сарпталбайт, 2017- жылы ноль сом (!), ал эми 2016-жылы болгону 76 сом, ал эми лидерлер – Кайынды, Кант жана Бишкек – 2016-жылы 40 эседен көп – орточо 3300 сомдон жогору сарпташкан. ТКЧга сарпталуучу чыгашага карата жан ба-шына эсеп кызыктуу, бирок каражаттын өнүгүүгө жетиштүүлүк жагынан аянттын чакырымы боюнча эсептөө маанилүүрөөк.
 
Бул жагынан ТКЧга чыгымдар шаардын аянтынын бир чакырымына 2017- жылы 25 миң сомдон ашык каражатты түзгөн Бишкек шаары башкалардан абдан озуп кеткен (2016-жылы – 20 миңден ашуун). Исфана, Кочкор-Ата, Кант, Ноокат, Кербен, Өзгөн шаарлары өз аянтынын бир чакырымына Бишкекке караганда 2-3 эсе аз сарпташат. Дагы жети шаар өз аймагын Бишкек шаарына салыштырганда 5-10 эсе аз каражатка өнүктүрүүдө. Бирок мунун баары негиздемеси бар салыштырма гана көрсөткүчтөр. Бирок рейтингдеги 10 аутсайдер шаар Бишкекке караганда 59 эсе жана лидерлер тобунан 16 эсе аз коротуп жатышына негиздеме табуу кыйын. Лидерлер менен Майлуу-Суунун ортосундагы орточо көрсөткүчтөгү айырма 58 эсе болууда (ТКЧга таптакыр коротпогон Айдаркенди жана инфраструктурага инвестиция салуунун көлөмү жагынан өлкөдөгү бул сыяктуу башка көрсөткүчтөр менен салыштырылгыс Бишкек шаарын эске албаганда).
 
Ошентип, ТКЧ тармагын жергиликтүү бюджеттен каржылоого кеткен чыгымдар көрсөтүп тургандай, (11-диаграмманы караңыз) өлкөдө шаардык инфраструктурага тартылуучу инвстицияларга карата лидер шаарлар менен башка шаарлардын көпчүлүк бөлүгүнүн ортосунда өтө чоң ажырым бар, бул ажырым минималдуу чектен 6 эсе жогору. Албетте, мындай абал адамдардын ал жактан жашоо-шарты жакшыраак шаарларга көчүп кетүүсүн шарттоодо жана бизнести өнүктүрүүгө жол ачпайт.Мындан да тең эмес абал айылдардагы ЖӨБдөрдө байкалууда. Эгер шаарлар арасынан Айдаркен гана ТКЧга чыгымдарын көрсөтпөй жаткан болсо, сегиз (!) райондогу айылдар, бюджеттик маалыматына караганда, мындай чыгымдарды жүргүзбөйт.
 
Бир тургунга 66 сом болгон эң төмөнкү көрсөткүч Жумгал районунда, мында ТКЧ чыгашалары 2017-жылы мындай көрсөткүч бир адамга 1340 сомду түзгөн лидер Аламүдүн районуна караганда 20 эсе аз. Анализдин жыйынтыгы төмөнкүдөй: 8 райондогу бир шаар жана 96 айылдык ЖӨБ (бул бардык айыл аймактарынын 20%дан ашыгы) ТКЧ тармагына же чыгым болбойт, же аны бюджетине жазбайт, бирок андай болушу ыктымал деле эмес. Шаардын инфраструктурасына инвестиция тартуу жагынан алып караганда, лидер шаарлар менен башка шаарлардын көпчүлүк бөлүгүнүн ортосунда өтө чоң – дээрлик 60 эсе – ажырым бар жана бул ажырым жол берилүүчү минимумдан 6 эсе ашык! ТКЧны каржылоо деңгээли боюнча “кедей” айылдар жана “кедей” шаарлар ортосунда ажырым 3,5 эсе, ал эми “кедей” айылдар менен “бакубат шаарлардын ортосунда, Бишкекти эске албаганда 67 эсе.
 
Албетте, мындай абал адамдардын ал жактан жашоо-шарты жакшыраак шаарларга көчүп кетүүсүн шарттоодо жана бизнести өнүктүрүүгө жол ачпайт. Социалдык коргоо Кыргызстанда жер жерлерде социалдык кызмат көрсөтүү системасы өнүккөн эмес, ал эми ЖӨБ ор- гандарынын ыйгарым укуктарында ошондой кызматтарды көрсөтүү укуктары жок. Бирок ошондой болсо да жергиликтүү бюджеттердин социалдык өнүгүүгө жана коргоого чыгымдары туруктуу өсүп жатат. Бул көпчүлүк аймактарда социалдык кызмат көрсөтүүлөр жоктугу, ЖӨБ органдары жергиликтүү тургундардын жана шарттардын басымы алдында мындай чыгашаларды көбөйтүп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт, бирок ар бир конкреттүү муниципалитетте бул чыгымдардын структурасы менен багыты абдан эле айырмаланып турат. КР шаарлары со-циалдык коргоону каржылоо боюнча милдеттердин түрдүү көлөмүн аткарышат.
 
Кээ бир жерлерде толук иштеген мекемелер жана мэриянын атайын бөлүмдөрү бар, кээ бир жактарда бир гана адис иштейт, ал эми айрым жерлерде бул функция таптакыр каржыланбайт. Шаарлар арасында социалдык коргоону каржылоо жагынан рейтингдин лидери, жан башына чыгаша 465 сомду түзгөн Нарын шаары менен, мисалы, мындай чыгаша болгону 17 сом же 27 эсе аз болгон Кара-Суу шаарынын ортосундагы олуттуу ажырым мына ушуну менен түшүндүрүлөт. Мындай ажырым муктаж адамдар үчүн теңсиз шарт түзгөн социалдык коргоонун бирдиктүү сасатынын жана системасынын жоктугун көрсөтүп турат. (12-диаграмманы караңыз.) Кээ бир шаарлардын мэрияларында социалдык өнүгүүнү башкаруу жок, жергиликтүү бюджетте социалдык коргоого жана өнүгүүгө эч кандай чыгымдар каралган эмес. Бул шаарлардын калкын райондук социалдык башкармалыктар тейлейт, демек, бул шаарлардагы социалдык чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.
 
Башкача айтканда, түрдүү шаарларга карата социалдык коргоо жана социалдык өнүгүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын акыйкат эместиги даана байкалып турат. Мындан да чоң айырма айылдык ЖӨБдөрдө социалдык коргоого чыгымдарды каржылоодо бар – Нарын районунун айыл аймактары мындай чыгымдарды Манас районунун айылдык ЖӨБдөрүнө караганда 80 эсе көп каржылайт. Ал эми шаарлар ортосунда айырма анчалык чоң эмес, ТКЧлардан айырмаланып, эки-үч эседен жогору эмес, бирок жалпысынан каржылоо суммалары аз эле. Бул бардык социалдык кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик маанидеги маселе экендиги менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан жергиликтүү бюджеттер мындай чыгымдарды ишке ашырууга укугу жок.
 
Эгер мамлекет социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруп берсе мындай көйгөй жаралбайт эле, бирок, тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын 70% аймагында мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөр жок. Социалдык тейлөө борборлору, айрыкча мамлекеттик да, жергиликтүү да бюджеттен каржыланбаган айыл жергесинде жабылып жаткан учурлар көбөйгөнү тууралуу да унчукпай коюу мүмкүн эмес, себеби бул борборлор мамлекеттик кепилдиктерди аткарууда. Демек, социалдык коргоону жергиликтүү бюджеттен каржылоо боюнча абал шаарлар ортосундагы акыйкатсыз бөлүштүрүү катары мүнөздөлүүдө. Себеби, алардын айрымдары башкаларга караганда каржылык милдеттенмелерди 20 эсе көп камсыздоодо. Мында жалпы өлкө боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөр системасы өнүккөн эмес, айыл жергесинде мындай кызматтар дээрлик жок жана бул шаар калкы менен айыл калкынын ортосунда социалдыккызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө теңсиздикти жаратууда.
 
Эс алуу, маданият жана дин ЖӨБ органдары өз жамааттарындагы эс алуу, маданият жана дин маселелери үчүн жооптуу. Анткен менен жергиликтүү бюджеттердин жалпы көлөмүндө бул чыгашалардын үлүшү өтө чоң эмес. Маданият, дин жана эс алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурган шаардыктар деп КараБалтанын тургундары табылды. Бул шаарда ушул максаттар үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгашалары 2016-жылы калктын жан башына 687 сомду түзгөн. Лидер болгон КараБалта менен аутсайдерлер - бир шаардыкка жылына 7 сом гана сарптаган Кадамжай жана Токтогул ортосундагы айырма өтө чоң – дээрлик 100 эсе (2017-жылы 46 эсе болчу).
 
Аутсайдерлердин тобуна негизинен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунун райондук маанидеги шаарлары, ошондой эле Балыкчы жана Кемин шаарлары да кирээрин белгилей кетсе болот. Бишкек жана Ош маданиятты каржылоо маселелери боюнча лидер эместигин да белгилебей кетүүгө болбойт. Канчалык таң калычтуу болбосун, бирок маданият жана бош убакытты эс алууга карата айырма элеттик ЖӨБдо шаарларга салыштырмалуу аз - шаардагы 100гө каршы 13 эсе гана. Маданият жана бош убакытты өткөрүү баарынан жакшы Кемин районунда каржыланат – айылдын ар бир жашоочусуна 359 сом туура келет. Бирок Кемин шаарынын өзү 172 сом менен аутсайдерлердин арасында.
 
Аныкталган маанилүү факттар Жергиликтүү маанидеги маселелерди жеткиликтүү каржылабоо Инфраструктура боюнча оор финансылык милдеттенмелерди кошкондо, жергиликтүү маанидеги маселелер жеткиликтүү каржыланбай кала берүүдө. ЖӨБ органдары инфраструктураны жакшыртууда жана бизнес үчүн шарттарды түзүүдө капиталдык салымдарды камсыз кылууга жөндөмсүз. Бул болсо республикалык бюджеттин кирешелеринин өсүш темпине салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттин кирешелери дээрлик өспөгөнү менен тастыкталууда. 2014-жылдан тартып, жергиликтүү бюджеттердин көлөмүнүн динамикасы дээрлик байкалган эмес. Бул болсо инфляциянын жана улам көбөйгөн милдеттенмелердин шарттарында ишжүзүндө төмөндөө дегенди билдирет. Ошону менен бирге шаарлардын бюджеттеринин кирешесинин өсүш темпи республикалык бюджеттин кирешесинин өсүш темптеринен гана эмес, ошону менен бирге жалпысынан жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин өсүш темпинен да артта калууда.
 
Айталы, 2017 жылы шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин кирешелеринин өсүш темпи 2016-жылга салыштырмалуу 24 пайызга төмөндөгөн. Дагы бир далил – мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмүндө жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин үлүшү туруктуу төмөндөдү. Мамлекет ЖӨБ органдарына өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын көлөмүн туруктуу көбөйтүп, аларды аткаруу үчүн эч кандай финансылык ресурстарды бекитип бербейт (акыркы эки жыл ичинде эле жергиликтүү маанидеги маселелердин саны 23төн 25ке көбөйдү). Бул болсо коомдук милдеттенмелердин бир бөлүгү аткарылбай, коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгү жеткирилбей калганын билдирет. Анткени ЖӨБ органдарына эч кандай талаптагыдай каржылоосуз өткөрүлүп берилген функциялар жана ыйгарым укуктар жөн гана аткарылбай турганы айкын.
 
Теңдештирүү системасы өнүгүүгө жана кызмат көрсөтүүгө багытталган эмес Бюджет аралык саясатты жана бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүүнү жүзөгө ашыруу менен, мамлекет учурдагы абалды сактап калуу максатын көздөйт. Себеби, бардык трансферттер же муниципалитеттерди бюджеттик камсыздалгандыктын минималдуу зарыл деңгээлине “эптеп жеткирет”, же мыйзамдарга киргизилгенөзгөртүүлөрдүн кесепетинен кирешелердин түшүп калуусунун ордун толуктайт. Кыргызстандын көпчүлүк шаарлары (23) кедей, бирок салыштырмалуу өз алдынча шаарлардын тобуна кирет. Бул демек, алардын бюджеттеринин кирешелери өнүгүү үчүн жетишсиз болгонун, аларреспубликалык бюджеттен трансферттерди аз алганын же такыр эле албаганын билдирет. Бакубат жана өз алдынча эмес шаарлардын тобуна Ош шаары гана кирди.
 
Бул болсо мамлекет Кыргызстандын башка шаарларынын өзгөчөлүктөрүнө жана объективдүү потенциалына карабастан, алардын өнүгүүсүн каржылабайт дегенди билдирет. Жакыр топко кирген айрым шаарлар аларды бакубат жана өз алдынча эмес шаарлардын тобуна которууга муктаж. Башкача айтканда, алар мамлекеттик колдоого муктаж болуп турушат. Ал эми бул колдоо бюджеттин жан башына кирешесинин деңгээлин алгылыктуу чоңдукка чейин көбөйтүүгө жол ачмак. Бул этап экономикалык потенциалды күчөтүп алуу үчүн зарыл, андан соң бул шаарлар бакубат жана өз алдынча калаалардын тобуна өтүп кетмек. Аламүдүн, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Панфилов, Сокулук, Москва өңдүү экономикалык жактан күчтүү райондордун абалы суроо жаратууда.
 
Бул райондор жакшы экономикалык потенциалга ээ жана ИДПга бир топ эле жакшы салым кошууда. Алардын баары өз алдынча болгону менен, кедейлердин категориясына кирип калган. Биздин баамыбызда, бул демек мамлекет салык системасы жана бюджет аралык мамилелер аркылуу бул райондордогу элеттик ЖӨБдөн болгон киреше потенциалын тартып алып, жигердүү өнүгүүгө жана инфраструктура менен жашоо шартты оңдоого салым кошууга жол бербей жатат. Бул рейтингдин контекстинен алганда аймактарды өнүктүрүү мксатында өкмөт өнүгүүнүн башаты болгон шаарларды гана эмес, ушундай райондорду да (өнүгүү райондорун) аныкташы керек. Андан соң алар регионалдык өнүгүүнү өз алдынча жүзөгө ашырууга жөндөмдүү бакубат жана өз алдынчалардын категориясына өтүшү үчүн аларга кирешелердин олуттуу бөлүгүн калтырат деген тыянак келип чыгат.
 
Бул болсо элеттик өнүгүү райондорун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул райондор бир нече жылдан кийин облустардын жана жалпысынан өлкөнүн түйшүгүн көтөрө алышат. Ийгиликтүү регионалдык өнүгүү үчүн теңдештирүү системасын кескин түрдө кайра карап чыгуу талап кылынат. Биринчи кадамы – теңдештирүүнүн эки максатын аныктоо – өнүгүүнүн башаты болгон райондорго карата өнүгүү үчүн теңдештирүү жана кайра өндүрүш райондоруна карата конституциялык кепилдиктерди сактоо үчүн теңдештирүү. Экинчи кадам – муниципалитеттерди тигил же бул категорияга кошуу жана аларга карата теңдештирүүнүн жаңы формулаларын колдонуу. Анткен менен, мунун баары тийиштүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына негизде-лип, ошондой эле социалдык жактан маанилүү багыттарды жана чөйрөлөрдү каржылоодо ажырымдарды эсепке алышы керек.
 
“Шаарлар – өнүгүү башаты” концепциясын ишке ашыруу үчүн бюджет аралык мамилелер саясатын кайра карап чыгуу зарыл Пилоттук шаарларды тандап алууда бюджеттик потенциал критерийлердин катарына кирген эмес. Бул болсо кайсы каражаттын эсебинен шаарлар өз миссиясын аткарат деген суроону жаратууда. Эгерде жалгыз үмүт жеке инвестицияларга артылса, анда аларды тартуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Бул демек инфраструктураны жана башка шарттарды жакшыртууга бюджеттик каражатты сарпташ керек дегенди билдирет. Бирок бул максаттар үчүн шаарлардын каражаты жетишсиз. КР Өкмөтү өнүгүү башаты катары аныктаган шаарлардын тобунда Кадамжай, Жалал Абад, Кара-Балта жана Кочкор-Ата шаарлары гана жетиштүү бюджеттик потенциалга ээ.
 
Ошону менен бирге шаарлардын пилоттук тизмесине кирген калган шаарлар өз алдынча, бирок өнүгүү башаты миссиясын аткара алгыдай ойдогудай бакубат эмес. Ошону менен бирге экономикалык маселелерге чыгашалар алты шаардын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө гана бар. Алар: Бишкек, Ош, Каракол, Исфана, Кадамжай жана Жалал-Абад. Мамлекет шаарларга өнүгүү үчүн ресурстарды берүү аракетин көрүүдө. Бул үчүн дем берүүчү гранттар аркылуу жергиликтүү демилгелерге стимул берүү аспабын колдонууда. Жалпысынан 2017- жылы бул максаттарга республикалык бюджеттен 370 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
 
Алардын ичинен шаарлар 7% көбүн же 26 млн. сомду1 алышкан. Негизинен социалдык инфраструктура объекттери каржыланган, а бирок инженердик (коммуналдык) инфраструктураны көбөйтүү зарыл. Кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоодо аймактык тең эместик чоң ТКЧ маселелерине чыгашалар аркылуу инфраструктураны жакшыртуу үчүн бюджеттик мүмкүнчүлүктөр шаарлар ортосундагы чоң ажырымды көрсөтүүдө: рейтингдеги 10 аутсайдер шаар Бишкекке салыштырмалуу 59 эсе аз жана лидер шааларга салыштырмалуу 16 эсе аз сарптайт. Орто маанидеги лидерлер менен Майлуу-Суу ортосундагы ажырым 58 эсе болду (ТКЧга эч нерсе коротпогон Айдаркенди жана инфраструктурага инвестициялардын көлөмүн өлкөдөгү башка ушундай көрсөткүчтөр менен салыштырууга болбой турган Бишкекти кошпогондо).
 
Шаарлар арасында социалдык коргоо функцияларын каржылоо боюнча рейтингдеги лидер – мындай чыгаша калктын жан башына 465 сомду түзгөн Нарын шаарыменен ушундай эле чыгаша 17 сомду түзгөн же 27 эсе аз болгон Кара-Суу шаары ортосунда чоң айырма байкалат. Мындай олуттуу тең эместик социалдык коргоонун бирдиктүү саясаты жана системасы жоктугунан, ага муктаж болгон адамдар үчүн тең эмес шарттар түзүлгөнүнөн кабар берет. Шаардыктардын маданият, дин жана эс алуу маселелерине өтө көңүл бурган шаар Кара-Балта болду. Бирок лидер менен аутсайдер шаарлар – Кадамжай жана Токтогул ортосундагы айырма өтө чоң: дээрлик 100 эсе (2017-жылы 46 эсе болчу)! Аутсайдерлер тобуна негизинен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын райондук маанидеги шаарлары киргени тынчсыздандырат. Себеби бул аймакта экстремизмдин таасири барган сайын күчөп жаткандыктан, маданиятты өнүктүрүүгө муктаждык өтө жогору. Бишкек жана Ош күтүүлөргө ка-рабастан, маданиятты каржылоо маселелери боюнча лидер эместигин белгилебей коё албайбыз.
 
Айлана-чөйрөнү коргоо жергиликтү бюджеттерден каржыланбайт Кыргызстанда “жашыл шаар” түшүнүгү жок. Себеби акыркы үч жылда бир дагы муниципалитет айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан чыгашаларды каржылаган эмес. КР Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө сунуштар;
 
  • Өнүгүү райондору менен шаарлар үчүн жана кайра өндүрүү шаарлары үчүн бюджеттик камсыздоону теңдештирүү боюнча түрдүү максаттарды аныктоо.
  • Теңдештирүү максатына жараша капиталдык салымдарды каржылоо схемасын өлкөнүн жана муниципалитеттердин кызыкчылыктарынын балансын эске алуу менен кайра карап чыгуу.
  • Бюджеттик камсыздалгандык критерийлерин өнүгүүнүн башаты болгон шаарлар менен иштөөгө аларды кедейлер категориясынан чыгаруу максатында кошуу.
  • Теңдештирүү максатына жараша жарандар жана бизнес үчүн маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоодогу теңсиздикти кыскартуу чараларын кабыл алуу. (ТКЧ – дээрлик 60 эсе, социалдык коргоо – 27 эсе, маданият – 100 эсе).
  • Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы райондук маанидеги шаарларда маданиятты жана элдин бош убактысын уюшту-рууну каржылоого өзгөчө көңүл буруу.
  • Өсүштүн башатына карабастан эң кедей шаарлар - Өзгөн, Балыкчы, Таш-Көмүр, Айдаркен, Майлуу-Суу жана Көк Жаңгакты жакырчылыктан чыгаруу боюнча чара көрүү.
  • Комплекстүү пландоо системасын түзүү боюнча чараларды көрүү, анда мейкиндикти пландоо, социалдык-экономикалык пландоо жана бюджеттик камсыздалгандык фактору ортосундагы байланышты караштыруу зарыл.

Окшош материалы: