Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2017-жылдагы бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси

2018-06-04 / ЖӨБ каржысы

Азамат МАМЫТОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жергиликтүү бюджеттер боюнча адиси

Маселенин чоо-жайы 2015-жылдан тартып Чүй облусундагы муниципалитеттерде бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси (мындан ары – БАМИ) практикада колдонула баштады. БАМИ “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында колдонулуп келатат. Аталган Долбоорду Швейцария Өкмөтү Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. 2018-жылы бул демилгени Нарын жана Ош облустарында ишке ашыра башташты. Бул демилгени Долбоор “Айкын бюджет үчүн альянс” ЮЖБ менен биргеликте ишке ашырууда.
 
БАМИ деген эмне? Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – ЖӨБ) айкындуулук жана калк алдындагы отчеттуулугунун деңгээлине мониторинг жана баалоо жүргүзүү аспабы. БАМИни баалоо үч багыт-индекс боюнча жүзөгө ашырылат:
 
  • бюджеттик маалыматтардын/документтердин курамы, толуктугу жана көрсөтмөлүүлүгү;
  • бюджеттик маалыматтын калк үчүн жеткиликтүү болушу;
  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу.
БАМИни баалоо “Бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары” аттуу практикалык окуу китебинин негизинде жүзөгө ашырылганын белгилей кетүү зарыл. Бул окуу китеби 2015-жылы КР Финансы министрлиги менен биргеликте Долбоордун колдоосу алдында иштелип чыккан.
 
БАМИни Чүй облусунда өлчөөнүн жыйынтыктары Индекс 2015-жылдан тартып Чүй облусунун 12 максаттуу муниципалитетинде өлчөнүп келүүдө. 2016-жылы демилгеге облустагы 8 айыл өкмөтү “контролдук” катары кошулушту. Индексти өлчөөдөн тышкары Чүй облусунун ЖӨБ органдарына диаграммаларды колдонуу менен бюджеттик маалыматты даярдоо, демилгелүү топторду тартуу, коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү ж.б. боюнча БАМИнин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жаатындагы консультациялар берилди. Жогоруда БАМИни өлчөөнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат менен тааныштырабыз.

Максаттуу муниципалитеттер 2017-жылы БАМИни өлчөөнүн жыйынтыктары боюнча Долбоордун 12 максаттуу муниципалитетинде 100 баллдын ичинен орточо 60 баллды түздү. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 26 баллга көп болду дегенди билдирет (базалык баалоо – 34). 2017-жылы эң көп баллды Таш-Мойнок АА алды 74 балл, экинчи орунда 71 балл менен Ак-Башат АА, ал эми үчүнчү орунда 69 балл менен Юрьевка АА турат. Долбоор Чүй облусундагы максаттуу муниципалитеттер менен 2015-жылдын июнь айынан 2017-жылдын апрель айына чейин жигердүү иш алып барды. Долбоор республиканын башка облустарына өткөндөн кийин Чүй облусунун айрым муниципалитеттеринде, анын ичинде Кемин шаарында 2017-жылы БАМИни баалоодо 2016-жылга салыштырмалуу коомдук финансыны башкаруунун айкындуулук деңгээлинде төмөндөө байкалууда (53 балл). Бул болсо жарандардын катышуусу жана бюджеттик процесс тирүү организм болгонунан кабар берет. Муниципалитет интернет сайттарын, маалымат такталарын элге түшүнүктүү болгон тилде, зарыл маалыматтык материалдар менен туруктуу жаңылап турушу керек, коомдук бюджеттик угууларды өткөрүп, кайтарым байланышты камсыз кылып турууга тийиш. Бул критерийлерди толук аткарбай коюу айрым муниципалитеттерде БАМИнин баллдарына терс таасирин тийгизди. Чүй облусундагы максаттуу муниципалитеттерде айкындуулук индексинин маанисинин төмөндөшүнүн негизги себептеринин бири – көптөгөн ЖӨБ органдары 2018-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүшкөн эмес. Анткени Бюджет- тик кодекске ылайык угууларды өткөрүү мөөнөтү тууралуу так маалымат болгон эмес. Бирок бул кемчиликти сөзсүз түрдө 2018-жылы оңдош керек!

Максаттуу эмес муниципалитеттер Аталган аспапты максаттуу муниципалитеттерде ийгиликтүү сынагандан кийин Долбоор “Ай- кын бюджет үчүн альянс” ЮЖБ менен биргеликте БАМИни Чүй облусунун 8 максаттуу эмес муниципалитетинде ишке ашыра баштаган. 2016-жылы БАМИни базалык баалоо өткөрүлгөн, натыйжада базалык баалоонун орточо баллы 35 болгон. Жыйынтыгында 2017-жылы БАМИнин орточо баллы 48 баллга же 136% өстү. 2017-жылы эң жогорку баллды Ак-Суу АА (69 балл) жана Он-Бир-Жылга АА (68 балл) алган. Бирок бул көрсөткүч менен чектелип кала берүүгө болбойт. Муниципалитеттер максималдуу упай алуу үчүн дагы көбүрөөк иштерди жасашы керек.

Нарын жана Ош облустарында БАМИни базалык баалоонун жыйынтыктары 2018-жылы Долбоордун алкагында Ош жана Нарын облустарынын 15 пилоттук муниципалитетинде аталган аспап колдонула баштаган. 2018-жылдын март айынан апрелге чейинки мезгилде “Айкын бюджет үчүн Альянстын” адистери БАМИнин базалык баалоосун өткөрүшкөн. Базалык баалоонун орточо баллы 30 болду. Бул Долбоордун Чүй облусундагы максаттуу муниципалитеттериндеги базалык баалоого салыштырмалуу эки баллга аз. Бир да муниципалитет мүмкүн болгон 100 баллдын ичинен 50 балл алган жок. Эң көп баллды Нарын облусунун Ак-Муз айыл өкмөтү (47 балл) алды. Экинчи орунда 38 балл менен Нарын облусунун Ак-Тал АА турат. 2-диаграмманы караңыз.

БАМИ боюнча төмөн баллдын негизги себептери төмөнкүлөр: биринчи индикатор боюнча - бюджеттик маалыматтын курамы, толуктугу жана көрсөтмөлүүлүгү. Бир дагы муниципалитетте долбоордун адистери калкка түшүнүктүү болгон тилде бюджет тууралуу маалыматты көрө алышкан эмес, папкага тиркелген бардык бюджеттик документтер райондук финансы бөлүмүнө жиберилчү отчеттор болуп чыккан. Бирок бул отчёттор айылдын карапайым жашоочусу үчүн түшүнүксүз. Экинчи индикатор боюнча – бюджеттик маалыматтын калк үчүн жеткиликтүү болгону. Муниципалитеттин маалымат тактасында инфографика менен көрсөтүлгөн бюджет тууралуу маалыматты, калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жөнүндө мыйзамдын негизги жоболору, мамлекеттик сатып алуулардын пландары жана жыйынтыктары тууралуу маалымат, инфографикасы бар бюджет боюнча буклет, Эсеп палатасынын акты жана жазма көрсөтмөлөрү болгон эмес. Үчүнчү индикатор – жарандардын бюджеттик процесске катышуусу боюнча коомдук бюджеттик угуулар туруктуу негизде өткөрүлбөй турганы аныкталган. Айыл өкмөттүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары коомдук угууларды кадимки чогулушка айландырып жиберишкен.

Ош жана Нарын облустарында бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексинин баллдарын жакшыртуу үчүн Долбоор жана муниципалитеттер көп иштерди жасашы керек. Калк үчүн түшүнүктүү тилде жарандык бюджеттерди иштеп чыгуу зарыл, жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук угуулар туруктуу негизде колдонулууга тийиш. Ошондой эле калк менен кайтарым байланыш жөнгө салынып, сайттар жана маалымат такталары керектүү жана түшүнүктүү материалдар менен туруктуу жаңыланып турушу керек.

Окшош материалы: