Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн усулдук колдонмосу

2018-06-05 / ЖӨБ каржысы

КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 44-П Буйругу менен бекитилген

Жалпы жоболор 1.1. Ушул усулдук колдонмо жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу этаптарында коомдук бюджеттик угууларды (мындан ары – КБУ) өткөрүү жолу менен жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, жергиликтүү бюджеттин иш жүзүндө чыгымдалган каражаттары жөнүндө маалымат алууга жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 127-беренесине ылайык иштелип чыкты.
 
1.2. Жергиликтүү бюджет айылдык аймактын жана шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү, аткарууну жана контролду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.
 
1.3. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын бекитилген социалдык экономикалык өнүгүү программасынын негизинде иштеп чыгышат.
 
1.4. Ушул усулдук колдонмо КБУну даярдоонун жана өткөрүүнүн мөөнөттөрүн, тартибин аныктайт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары – ЖӨБ органдары) колдонуу үчүн сунушталат. Коомдук бюджеттик угуулардын максаттары жана милдеттери
 
2.1. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча КБУну өткөрүүнүн негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун, анын ичинде бюджетти түзүүдө коомдук пикирди изилдөөнү, эсепке алууну камсыз кылуу, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүүгө жана колдонууга коомдук монито- рингди күчөтүү.
 
2.2. Жарандарды жана башка кызыкдар адамдарды бюджет жөнүндө маалымат менен тааныш- тыруу, калктын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен чечим кабыл алуу үчүн бюджет боюнча сунуш- тарды, пикирлерди жана сунуштамаларды чогултуу КБУнун милдеттерине кирет. Коомдук бюджеттик угуулардын негизги объекттери
 
3.1. КБУнун негизги объекттери болуп төмөнкүлөр саналат: жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору; бюджеттин аткарылышы тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчётунун долбоору. Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн мөөнөттөрү
 
4.1. КБУ төмөнкүлөр боюнча өткөрүлөт: - жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча, жыл сайын, жергиликтүү кеңеш жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактырганга чейин, 25-августтан кеч эмес мөөнөттө; - жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жөнүндө отчёттордун долбоорлору боюнча – отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-мартынан кеч эмес мөөнөттө. Коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү
 
5.1. КБУну өткөрүү демилгесин ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү же аткаруу органдары көтөрөт.
 
5.2. КБУну өткөрүү жөнүндө чечимди ЖӨБдүн аткаруу же өкүлчүлүктүү органдары угуулар өткөнгө чейин 20 календардык күн мурда кабыл алышат.
 
5.3. КБУну өткөрүү демилгесин көтөргөн ЖӨБ органы угуулар өтчү күндү, убактысын, өтчү жерин аныктайт, жооптуу адамдарды дайындайт же КБУну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топту (мындан ары – жумушчу топ) түзөт. КБУну өткөрүүнү демилгелеген ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органы ЖӨБдүн аткаруу органына угууларды уюшту- рууга жана өткөрүүгө байланышкан маселелерди чечүүнү тапшырууга укуктуу.
 
5.4. КБУну өткөрүү жөнүндө жарыя угууларга 15 календардык күн калганда, КБУнун материалдары 10 календардык күн калганда жарыяланат.
 
5.5. КБУну өткөрүү планында иш-чаранын максаттары жана милдеттери аныкталат (ушул Усулдук колдонмонун 1-тиркемесиндеги КБУну өткөрүүнүн Типтүү планын караңыз).
 
Коомдук бюджеттик угуулардын катышуучулары 6.1. КБУга катышуу үчүн төмөнкүлөр чакырылат: жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, мекемелердин, уюмдардын өкүлдөрү, тийиштүү шаардын жана айылдык аймактын чегинде орун алган коомдук бирикмелердин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка кызыкдар жактар.
 
Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүгө материалдар 7.1. Угуулардын катышуучулары эффективдүү жана конструктивдүү диалог түзүү үчүн ЖӨБ органынын жооптуу адамдары (жумушчу топ) КБУнун материалдарын даярдашат.
7.2. ЖӨБ органынын жооптуу адамы/жумушчу топ маалымат өнөктүгүн өткөрүү үчүн материалды даярдайт. Маалыматтык материалдар болуп төмөнкүлөр эсептелинет: КБУну өткөрүү жөнүндө жарыя (ушул Усулдук колдонмого тиркемедеги Типтүү жарыяны караңыз), журналисттер үчүн пресс-релиз, чакыруу билети, баннерлер, коомдук жайларда жайгаштыруу үчүн афишалар, ЖМКга кулактандыруулар жана башка материалдар.
 
КБУ үчүн материал катары бюджеттик документтин долбоорунун жөнөкөйлөштүрүлгөн версиясын (презентацияны, негизги параметрлер боюнча кыска маалыматты), диаграммалар, таблицалар, инфографика, сүрөттөр өңдүү кошумча иллюстрациялык материалды пайдалануу сунушталат. Алар угуулардын катышуучуларына бюджеттик маалыматты түшүнүүгө жардам берет.
 
7.3. Коомдук бюджеттик угууларга материалдар тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб сайтында коомдук бюджеттик угуулар өткөнгө чейин 10 календардык күн мурда жарыяланышы керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайты болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук угууларга материалдарды төмөнкүдөй жолдор менен жарыялай алат:
 
  •  эл көрчү атайын жерлерде (такталарда, стенддерде);
  • ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдары менен аныкталган айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында кеңири жайылган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн тийиштүү басылмаларда;
  • ЖӨБ органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий веб-сайтында, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияларынын жана (же) жергиликтүү жамааттардын союздарынын расмий веб-сайттарында жарыяланат.
  • Жооптуу адамдар/жумушчу топ КБУнун программасын иштеп чыгышат, анда иш-чаранын максаттары жана милдеттери көрсөтүлөт, КБУну өткөрүү регламенти аныкталат (ушул Усулдук колдонмонун 3-тиркемесиндеги КБУнун Типтүү программасын караңыз).
  • Жергиликтүү бюджеттер боюнча КБУнун катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана пикирлерди алуу максатында жарандардын сунуштары жана пикирлери үчүн бланк иштелип чыгат. Бланктар катышуучуларга каттоо маалында таратылып берилип, угуулардын соңунда толтурулган бланктар чогултулуп алынат (ушул Усулдук колдонмонун 4-тиркемесиндеги Сунуштар жана пикирлер үчүн Типтүү бланкты караңыз).

​Коомдук бюджеттик угуулар боюнча маалыматтык ёнёкт=к

  • Алдыда болчу КБУ (угууларды өткөргөнгө чейин) жана алардын жыйынтыктары (КБУ өткөндөн кийин) тууралуу маалыматты жайылтуу маалымат өнөктүктү өткөрүүнүн негизги максаты болуп эсептелинет.
  • КБУнун материалдары жеткиликтүү жана жөнөкөй формада баяндалат. Материалдарда иш-чаранын максатын, белгилүү бир финансылык мезгилге карата бюджеттик параметрлер, артыкчылыктар жана чечимдер, иш-чаранын программасы, күнү жана өтчү жери тууралуу маалыматты көрсөтүү сунушталат.
  • Жергиликтүү бюджеттер боюнча КБУну өткөргөнгө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен ЖӨБдүн аткаруу органы угуулардын катышуучуларына чакыруу жиберет же башка бир жол менен КБУга катышуу тууралуу кабарландырат.
  • КБУга бардык каалоочулар катыша алат жана чектөөлөр болбошу керек.

​КБУну өткөрүүнүн тартиби

  • КБУ башталганга чейин ЖӨБдүн аткаруучу органы катышуучуларды каттоону камсыз кылат, каттоо маалында угуулардын катышуучуларынын фамилиясы, аты, атасынын аты, иштеген жери жана алар менен байланышуу жолдору көрсөтүлөт.
  • Каттоо маалында катышуучуларга КБУнун материалдары таратылса болот. ЖӨБдүн аткаруу органы КБУ катышуучуларын кошумча алдын ала каттоону уюштурууга укуктуу.
  • КБУну өткөрүү регламенти жана жазуу жүзүндө пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуу эрежелери белгиленет. Программага ылайык, сөз ЖӨБ органынын өкүлүнө, баяндамачыларга берилет.
  • Баяндамачылар сөз сүйлөп бүткөндөн кийин алып баруучу угуулардын катышуучуларына регламентке ылайык сөз сүйлөөгө уруксат берет.
  • Угуулар өткөн күнү протокол жүргүзүү камсыздалып, жыйынтыктоочу документтер жолжоболоштурулат.
  • КБУнун жыйынтыктары КБУ өткөн күндөн тартып 7 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө ЖӨБдүн аткаруу органы түшкөн сунуштарды жана сунуштамаларды карап чыгат. Зарыл болгон учурда жарандардан түшкөн сунуштарды жана пикирлерди эсепке алуу менен бюджеттин долбоору (жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу отчёттун долбоору) биротоло иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңешке маалымат катары КБУнун протоколу менен кошо сунуштарды жана сунуштамаларды эсепке алуу жөнүндө маалымат берилет.
     Жооптуу адам/жумушчу топ КБУнун катышуучуларына алардын сунуштарын карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу жооп жиберет.
  • Ушул Усулдук колдонмонун 5-тиркемесине ылайык иштелип чыккан КБУнун катышуучуларынан түшкөн сунуштарды кароонун жыйынтыктары жөнүндө жалпылаштырылган маалымат, КБУнун жыйынтыктары боюнча толук даярдалган бюджеттин долбоору же анын аткарылышы тууралуу отчёт ушул документтин 7.3-пунктуна ылайык КБУнун материалдарын жайгаштыруу үчүн колдонулган маалыматтарды жайгаштыруу үчүн пайдаланылган маалымат булактарында жайгаштыруу аркылуу жарыяланууга тийиш.
Иш-чаралар
Болжолдуу
мөөнөттөр
Жооптуу адам
1
КБУну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топту
түзүү, милдеттерди бөлүштүрүү
КБУга 20
календардык күн
калганда
Шаардын мэри, АӨ башчысы
(жергиликтүү кеңештин төрагасы)
2
Иш-чаранын максаттарын жана тапшырмаларын
аныктоону, КБУну өткөрүү регламентин, КБУ
өтчү күндү жана жерин аныктоону кошуп, КБУнун
программасын даярдоо
КБУга 15
календардык күн
калганда
АӨ башчысы/шаар мэри менен
макулдашуу боюнча жумушчу топ
(жергиликтүү кеңештин төрагасы)
3
Документтерди, баяндамаларды жана
презентацияларды программага ылайык даярдоо:
 Презентациялар
 Бюджеттик процесстин жөнөкөйлөштүрүлгөн
версиясы
КБУга 12
календардык күн
калганда
Жумушчу топ, баяндамачылар,
ЖӨБ органынын жарандык бюд-
жет үчүн жооптуу кызматкерлери
4
Төм. маалыматтык материалдарды даярдоо:
 Чакыруу барактары;
 Пресс-релиздер;
 Иллюстрациялык материалдар;
 Маалымат такталары;
 ЖМКга кулактандыруулар;
 жана башкалар.
КБУга 12
календардык күн
калганда
Жумушчу топ, жооптуу адам
5
Сайтка жарыялоо жана маалыматтык
материалдарды шаарда/айылда жайгаштыруу
КБУга 10
календардык күн
калганда
Жумушчу топ, жооптуу адам
6
Чакыруу барактарын КБУнун катышуучуларына
таратуу
КБУга 5
календардык күн
калганда
Жумушчу топ, жооптуу адам, көчө,
кварталдык комитеттер, айыл
башчы
7
КБУ өтчү күнгө карата даярдык иштери:
 каттоо үчүн жер;
 президиум жана алып баруучулар үчүн жер;
 катышуучулар үчүн жер;
 протокол жүргүзүү үчүн жер
 микрофондор ж.б.
КБУга 1
календардык күн
калганда

Жумушчу топ, жооптуу адам
8
Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү 
Коомдук
бюджеттик
угуулар өткөн күн
Шаар мэри/АӨ башчысы
(жергиликтүү кеңештин төрагасы),
жумушчу топ, ЖӨБ органынын ап-
парат кызматкерлери
9
Жыйынтыктоочу документтерди даярдоо 
КБУдан кийин 7
жумушчу күндүн
ичинде
Шаар мэри/АӨ башчысы
(жергиликтүү кеңештин төрагасы),
жумушчу топ
10
КБУнун жыйынтыктары боюнча маалыматты
сайттарга жайгаштыруу (маалымат тактасына
жайгаштыруу, кат жиберүү ж.б.)
КБУдан кийин 10
жумушчу күндүн
ичинде

Жумушчу топ, жооптуу адам

 

 

 

Окшош материалы: