Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин болжолдоо үчүн экономикалык жана статистикалык көрсөткүчөргө анализ жана мониторинг жүргүзүү: көйгөйлөр жана сунуштар

2018-06-01 / ЖӨБ каржысы

Автор; Назира ТЮЛЮНДИЕВА, ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун бюджет аралык мамилелер боюнча адиси. Жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана салыктык эмес кирешелер бөлүгүндө жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн түзүү мыйзамдардагы ченемдерге ылайык болжолдоонун негизинде жүзөгө ашырылышы керек. Мында экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөр эсепке алынууга тийиш. Бул көрсөткүчтөрдү ЖӨБ органдарына мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү бериши керек. Экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөр жергиликтүү бюджеттердин салык салуу базасын баалоо, чыгашаларды жергиликтүү артыкчылыктуу маселелерге ылайык пландоо үчүн аспап катары кызмат өтөйт. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн баштапкы долбоорун айыл өкмөттүн (мэриянын) финансы-экономикалык бөлүмү түзөт. Алар жалпы бюджеттик кирешелердин жана бюджет аралык трансферттердин божомолуна негизделет. Жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес түшүүлөрдөн алынган жергиликтүү бюджеттин кирешелерин ЖӨБ органдары өз алдынча болжолдойт. Жергиликтүү салыктардын жана салыктык эмес кирешелердин божомолу экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөргө байланат. Бул көрсөткүчтөр аймактын өнүгүү деңгээлин мүнөздөйт.

 
Эскерте кетели, жергиликтүү бюджеттердин кирешелери жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан түшүүлөрдүн, жалпы мамлекеттик кирешелердин жана башка кирешелердин эсебинен түзүлөт. Алар КР Бюджеттик кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген чегерүүлөрдүн, салыктык эмес жана башка кирешелердин нормативдери боюнча, ошондой эле трансферттердин жана ыктыярдуу төгүмдөрдүн негизинде бөлүштүрүлөт. Жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын киреше бөлүгүнүн божомолун түзүү, анын ичинде кирешелердин ар бир түрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү эсептөө төмөнкү принциптерге негизделип жасалышы керек:
 
  • салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн эсеби салык төлөөчүлөрдүн маалымат базасындагы жана салыктардын ставкасындагы өзгөрүүлөргө негизделет. Ал өткөн жылдар үчүн салыктык жана салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүлөрүнүн көрсөткүчтөрүнө негизделбейт;
 
  • салыктык эмес кирешелердин божомолу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын фискалдык саясаты ортосундагы байланыш.
 
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн божомолдоо практикасына мониторинг жасоо үчүн 149 айылдык аймактын финансы-экономикалык кызматкерлери (республикадагы айылдык аймактардын жалпы санынан үчтөн бири) арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. “Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолу кантип түзүлөт?” деген суроого сурамжылоого катышкандардын 38% бюджеттин божомолун өткөн жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешелерин аткаруунун иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзө турганын айтышты. Сурамжылоого катышкандардын 37% божомолду түзүүдө жергиликтүү бюджеттин кирешесине таасирин тийгизген айрым экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдөгү өзгөрүүлөрдү эсепке аларын айтышты.
 
Сурамжылоого катышкандардын 13% божомолду бюджеттин кирешесин иш жүзүндө аткарууга негиздейт. Мында алар жергиликтүү бюджеттин кирешесине таасирин тийгизген айрым экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдөгү өзгөрүүлөрдү эсепке алышат. 5% экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдүн маалымат базасын гана колдонушат. 3% маалымат базасы менен кошо жергиликтүү бюджеттин кирешесине таасирин тийгизген айрым экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдөгү өзгөрүүлөрдү эсепке алышат. 4% маалымат базасын, жергиликтүү бюджеттин кирешесине таасирин тийгизген айрым экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдөгү өзгөрүүлөрдү эсепке алуу менен катар, өткөн жылдын иш жүзүндөгү аткарылышынын көрсөткүчтөрүн да колдонушат.
 
Ошентип, сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү (үчтөн экиси) божомолду түзүүдө айрым экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрдү, анын ичинде өткөн жылдар үчүн көрсөткүчтөрдү колдонушат. Ал эми системага салынган маалымат базасын сурамжылоого катышкандардын болгону 12% гана колдонот. Сурамжылоого катышкандардын 64% Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) маалыматтарды туруктуу алып турушат. “Айыл өкмөттө салык төлөөчүлөрдүн базасы түзүлгөнбү?” деген суроого 59% “ооба” деп; 31% - “ооба, бирок ал толук эмес” деп; 9% - “жок” деп жооп берсе; 1% - “башкасы” деген вариантты тандап алган. Салыктар боюнча маалыматтык эсептерди сурамжылоого катышкандардын 78% туруктуу алып турат, кээде алгандар – 15%, эч качан албагандар – 2%, ал эми “башкасы” деген вариантты 5% тандап алды. МСКдан маалыматты 45% туруктуу алып турат, кээде алгандар – 34%, такыр албагандар – 21%. Ошону менен бирге МСКдан маалымат алууга байланышкан көйгөйлөр сурамжылоого катышкандардын 35 пайызында болгон, такыр маселе жаралган эмес дегендер 65% түзөт. Кирешелерди болжолдоо боюнча иш айыл өкмөттөрдө жакшы деңгээлде жолго коюлган – ушундай пикирде сурамжылоого катышкандардын 45%, канааттандырарлык деңгээлде дегендер 52%, канааттандырарлык эмес деңгээлде дегендер 2%. Салыктарды (салыктык эмес кирешелерди) башка АА бюджетине которуп койгон учурлар сурамжылоого катышкандардын 36 пайызында болгон.
 
ТЫЯНАК: ЖӨБ органдарынын Мамлекеттик салык кызматы менен өз ара байланышынын чабалдыгы айылдык аймактарда бюджеттин киреше бөлүгүн ишенимдүү пландоо жана аткаруу үчүн маалымат базасын түзүүгө бут тоскон факторлордун бири. Ошону менен бирге МСКнын райондук органдары жалпысынан район боюнча салык төлөөчүлөр боюнча маалымат базасына ээ. Бул база айылдык аймактар боюнча бөлүштүрүлүп каралган эмес.
 
СУНУШ: МСКнын райондук органдары ЖӨБ органдары менен биргеликте айылдык аймактар жана шаарлар боюнча бөлүп, салык төлөөчүлөр боюнча маалымат базасын иштеп чыгышы керек.
Жер салыктарына төм. кирет: жер салыгы; мүлк салыгы.
Жергиликтүү бюджеттердин негизги салыктык эмес кирешелерине төм. кирет: ижара акысы; таштанды чыгаруу үчүн жыйым. Жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын ставкалары мыйзамдарга ылайык бир жылга же
айга эсептегенде салык салуу базасынын бирдиги үчүн туруктуу (фиксацияланган) төлөмдөр түрүндө
берилген. Мисалы:
 
  •  жер салыгы – салыктын ставкасы жердин аянтынын көлөмүнө жараша фиксацияланып белгиленген;
  •  мүлк салыгы (1, 2, 3-топтор) – ставка фиксацияланып белгиленген, мисалы, турак эмес жайдын ар бир чарчы метри үчүн;
  •  таштанды чыгаруу үчүн жыйым – ставка жылына курулманын ар бир ээсине же калктын жана кызматкерлердин санына фиксацияланып белгиленет;
  • жерди ижарага берүү – баа белгиленген мезгилге (1 га үчүн) же м2 үчүн келишимде белгиленет.
 
Бул салыктардын ставкалары фиксациялангандыктан, ошондой эле салык салуу базасы сандык өлчөөгө тийиш болгондуктан жана көп өзгөрбөгөндүктөн салыктардын бул түрлөрү боюнча божомол көрсөткүчтөрдү эсептөө салыктын
ставкаларын алардын сандык салык салуу базасына жөнөкөй көбөйтүү менен жүргүзүлөт. Жергиликтүү бюджеттердин киреше базасына анализ жасоо үчүн экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөр колдонулат. Бул болсо алардын салыктын суммасын эсептөө методикасына же анын божомолуна жараша болот.
 
Жер салыгы
 
Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгын болжолдоодо (эсептөөдө) жер аянтынын көрсөткүчтөрү колдонулат: сугарылуучу айдоо жерлери, кайрак айдоо жерлери, көп жылдык бак-дарактар, чабындылар жана жайыттар. Мындан тышкары, инфляцияны эсепке алуу менен салыктын өсүшүн камсыздоо максатында инфляциянын коэффициенти колдонулат. Инфляциянын коэффициентин КР Өкмөтү өткөн жылга салыштырмалуу инфляциянын динамикасынын көрсөткүчтөрү түрүндө бекитет. Инфляциянын көрсөткүчү колдонулган жер салыгынын ушундай түрдө эсептелинген формуласы салык суммасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылбайт. Мындан улам инфляцияны эсепке алуу менен салыктын суммасын индекстештирүүнү камсыздабайт. Мисалы, Кыргыз Республикасында инфляциянын коэффициенти 2015-2015-жылдары 1,04кө барабар болгон. Башкача айтканда, 2015-жылы салыктын суммасы 2014-жылдагы салыктын суммасына барабар болгон. 2016-жылы инфляциянын коэффициенти 1,034тү түздү. Башкача айтканда, андан мурдагы жылга салыштырмалуу төмөндөдү. Буга ылайык, салык төлөөчүлөр төлөп келген салыктын суммасы да 2015-жылга салыштырмалуу кыскарды. Анткени салыктын көлөмү фиксацияланган мүнөзгө ээ (салыктын ставкасы, жердин аянты өзгөрбөйт). Буга төмөндөгөн инфляциянын коэффициенти кирбейт.
 
 
МАСЕЛЕ: эгерде ушул жылга кийинки жылы салыштырмалуу инфляциянын коэффициенти төмөндөсө, анда төлөнгөн салыктын суммасы да азаят, б.а., салыкты формулага ылайык индекстештирүү болбойт.
СУНУШ: инфляциянын коэффициентин өткөн жылга карата эмес, базалык жылга улам өсүп турган мааниси боюнча эсептеш керек. Базалык жыл деп инфляциянын коэффициентин эсептөөгө карата жаңыча ыкманы колдонгон жылды алыш керек. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгын болжолдогондо (эсептегенде) айыл чарба багытында болбогон жердин аянтынын көрсөткүчтөрү колдонулат (1-тиркеме). Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгынын ставкалары зоналык коэффициентин жана жер участокторун коммерциялык пайдалануунун коэффициентин колдонуу менен дифференцияланат.
 
Коммерциялык коэффициентти пайдалануу үй жанындагы, жер, короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктордун турак жай курулуштар же жашоо үчүн менчик ээси тарабынан ижарага өткөрүп берилген курулмалардын бөлүгү ээлеген
үлүшкө пропорционалдуу бөлүктөр үчүн 1,0 барабар белгиленет. Коммерциялык пайдалануунун уюмдарга жана жеке ишкерлерге менчик же пайдалануу укугунда, жеке адамдарга ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылчу бөлүгүнө таандык жер участоктору үчүн коэффициент төмөнкүдөй максаттарга берилген жер участоктору үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
 
  •  аянтына жараша дүкөндөргө, күркөлөргө, ларекторго жана башка соода мекемелерине
 


Соода
аянты, 
ч.м 
10го чейин 10дон 20га чейин 20дан 35ке чейин 35тен 50гө чейин 50 жана андан жогору 
 Коэффициенти 22,5   16,5 10,5   7,5  6
 
  •  чакан базарлар, базарлар, соода базар комплекстери – 7,5;
  • мал базарлары, тоют базарлары – 4,5;
  •  коомдук тамактануу мекемелери – 3;
  • мейманканалар – 7;
  •  банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары – 5;
  •  букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун ишин жүзөгө ашырган ишканалар жана дискотекалар – 7;
  •  офистер, бизнес борборлору, биржалар – 2,5;
  • автомай куюучу бекеттер – 10;
  • мунай базалар – 1,5;
  •  автомобилдерди токтотуучу жайлар, авто-сервис ишканалары – 4,5;
  •  жарнама курулмалары – 50;
  •  эс алуу жана көңүл ачуу чөйрөсүндөгү ишканалар, спорттук-ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөр, жеке кызмат көрсөтүүлөр– 1,5;
  •  транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автобекеттер, темир жол вокзалдары – 0,9;
  • өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары – 0,5;
  • кен казуучу ищканалардын имараттары жана курулмалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүк ташуучу бекеттери, темир жана аба жолдор транспортунун санитардык-коргоо зоналары – 0,3;
  •  иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, иштетилген калдыктардын сакталмалары– 0,05;
  • геологиялык чалгындоо, долбоордук- иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери – 0,005;
  • байланыштын жана электр берүүнүн аба линиялары – 0,01;
  •  илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданий мекемелер, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери – 0,3;
  •  айыл чарбасынын өндүрүштүк имараттары (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, эгин тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарба короолору жана башка айыл чарба багытындагы объекттер) – 0,2;
  •  коргоо-спорттук-техникалык уюмдар – 0,01.
 
Бүгүнкү күндө коммерциялык пайдалануунун коэффициенти ишкердик ишмердигинин пайдалуулук нормасын, экологиялык таасирин жана артыкчылыктуулугун жетиштүү деңгээлде эсепке албайт жана мыйзамдык тартипте кайра каралып чыгууга тийиш. Айталы, өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканаларын, эркин экономикалык зоналар аймактарын 0,5 төмөндөтүлгөн коэффициенти болгондордун тобуна бириктирүү
экономикалык жактан жүйөсүз болот. Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, транспорт ишинде жана жүктөрдү сактоодо, байланышта сальдолонгон финансылык жыйынтык (пайда минус чыгым) 2012-2016-жылдары оң болгон. Ал эми курулушта болсо 2014-2015-жылдары терс жыйынтык катталган. Ошондуктан бул топту топчолорго бөлүү туура болот. Ушул эле нерсе эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөр, жеке кызматтарды көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иш алып барган ишканалардын топторуна да тиешелүү. Эс алуу жана көңүл ачуу чөйрөсү эмес, спорттук-ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү мамлекеттин колдоосуна муктаж болушу ыктымал. Автомай куюучу бекеттерден (коэффициенти 10) жана мунай базаларынан (коэффициенти 1,5) экологиялык
зыянды салыштырууга мүмкүн. Бирок мунай базаларына автомай куюучу бекеттерге салыштырмалуу бир кыйла олуттуу салык салынат.
 
СУНУШ: коммерциялык пайдалануу коэффициенттерин ишкердик ишмердигинин пайдалуулугуна, экологиялык таасирине жана артыкчылыктуусуна жараша кайра карап чыгыш керек. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл
чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы боюнча салыктык түшүүлөрдүн көлөмү зоналык коэффициенттин жардамы менен жөнгө салынат. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан экономикалык-пландалуучу зоналардын өзгөчөлүктөрүнө жараша, өтүп жаткан жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө 3 жылда бир жолу төмөнкү өлчөмдө белгиленет:
 
1) Бишкек шаарында - 0,6дан 3кө чейин;
2) Ош шаарында - 0,3төн 3кө чейин;
3) башка калктуу конуштарда - 0,3төн 1,2ге чейин.
 
Бирок жеринде экономикалык-пландоочу зоналардын чектери аныкталбагандыктан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салык салуунун көлөмүн дифференциялоочу укугун колдонушпайт. Ошол эле маалда мүлккө салык боюнча зоналык коэффициенттерди Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашып, бекиткен.
 
СУНУШ: жергиликтүү эки салык боюнча зоналык коэффициенттерди жөнгө салуу тартибине, экономикалык-пландоочу зоналардын чектерин белгилөөгө жана ЖӨБ органдарында, анын ичинде Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында
зоналык коэффициенттердин алкактык маанисин аныктоого карата ыкмаларды унификациялаш керек. Салык кодексине (КР СК) өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн сунушталган формулировкасы: “Зоналык Кз коэффициентинин маанилерин жана Бишкек жана Ош шаарларындагы нарктык зоналардын чектерин жергиликтүү кеңештер КР Салык кодексинде көрсөтүлгөн чектерде белгилейт. Жергиликтүү кеңеш зоналык Кз коэффициентинин маанилерин жана нарктык зоналардын чектерин бекитпесе, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине макулдашуу боюнча 0,3төн 3,0го чейинки өлчөмдө, салыктык мезгилдин ичинде бир жолудан
кем эмес, үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө белгилейт”.
 
Мұлк салыгы
2014-жылы биринчи топтогу объекттер боюнча мүлк салыгынын көлөмү төмөндөгөн. Бул өткөөл мезгилге белгиленген салыктын фиксацияланган ставкаларын жокко чыгаруунун жана салыкты формулага салып эсептөөгө өтүүнүн натыйжасында болгон. Ошентип, 2014-жылы мүлк салыгынан түшүүлөр шаарларда азайган. Мүлктүн 1,2,3-топтор боюнча салыгынын суммасы объекттердин аянтына жараша эсептелинет. Мүлккө салыктын көлөмү региондук, зоналык жана тармактык (функционалдык) коэффициенттердин жардамы менен жөнгө салынат (1-тиркеме).
Зоналык Кз коэффициентинин маанилерин жана Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы нарктык зоналардын чектерин (жер салыгы боюнча коэффициенттерден жана нарктык зоналардан айырмалуу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине макулдашуу боюнча 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө, салыктык мезгилдин ичинде бир жолудан кем эмес, үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө белгилейт. Бул жобо ишкерлердин экономикалык активдүүлүгүнө дем берүү жана жергиликтүү бюджеттерди толтуруу
үчүн жергиликтүү салыкты жөнгө салууда ЖӨБ органдарынын ролун чектеп жатат.
 
Сунуш: жергиликтүү эки салык боюнча зоналык коэффициенттерди жөнгө салуу тартибине, экономикалык-пландоочу зоналардын чек араларын белгилөөгө жана ЖӨБ органдарында, анын ичинде Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында зоналык коэффициенттердин алкактык маанисин аныктоого карата ыкмаларды унификациялаш керек (аларды мүлк салыгы үчүн көлөмдөн жер салыгы боюнча белгиленген көлөмгө чейин көтөрүш керек:
0,3төн 3,0го чейин). Мүлк салыгынын өлчөмү төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленген тармактык (функциялык) коэффици-енттин жардамы менен жөнгө салынат:
 
Тармактык таандыгы (объекттин функциялык арналышы)
 
Мааниси
Мейманканалар, ошондой эле букмекердик конторалар жана тотализаторлор, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары өңдүү оюн-зоок жайлары
1,6
Май куюучу станциялар 1,4
Чакан-базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер
 
1,0
Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар
 
0,8
Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары
 
0,7
Администрациялык, офистик имараттар, бизнес-
борборлор, банктар
 
0,6
Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана
энергетика ишканалары
 
0,5
Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар 
0,3
Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар  0,3
Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү  0,2
Өнөр жай, курулуш ишканалары 

0,2

 

Пайда алып келүүчү тармактар үчүн: коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканаларга (0,8), администрациялык, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар үчүн (0,6), санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү үчүн (0,2) төмөндөтүлгөн коэффициенттер белгиленген, бул болсо экономикалык көз караштан алганда
жүйөсүз болуп калууда. Төмөндөтүүчү тармактык (функциялык) коэффициенттерди (мааниси 1ден төмөн) мамлекеттин колдоосуна муктаж болгон чөйрөлөр үчүн гана белгилөө сунушталат. Алар:
 
  • темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары, транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары, коргонуу-спорт-техникалык уюмдар, айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар (пайда аз берчү чөйрөлөр);
  •  өнөр жай, курулуш ишканалары (экономикалык өсүштүн локомативдери). Кирешеси жогору чөйрөлөрдө тармактык (функциялык) коэффициенттерди көтөрүүнү сунуштайбыз:
  • санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрұ боюнча 1,1ге чейин (ушул тапта 0,2ге барабар),
  • чакан-базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер боюнча 1,2ге чейин (1,0дун ордуна),
  •  коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар боюнча да коэффициентти 1,1ге чейин көтөрүүнү сунуштайбыз (0,5тин ордуна),
  •  администрациялык, офистик имараттарга, бизнес-борборлорго, банктарга 1,1ге чейин (0,6нын ордуна).
 
Жалпысынан тармактык коэффициенттер ишкердик ишмердигинин пайдалуулук нормасын, экологиялык таасирин жана артыкчылыктуулугун эсепке алуу менен кайра каралып чыгышы керек. Транспорттук каражаттардын ээлеринен салык (4-топтогу мүлк салыгы) 4-топтогу мүлк салыгынын суммасы төм. жараша эсептелинет:
 
  •  транспорттун түрүнө;
  •  даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтүнө;
  •  баланстык, эсепке алуу баасына;
  •  кыймылдаткычынын жумушчу көлөмүнүн ар бир 1 куб.см үчүн сом менен салыктын ставкасына.
Салыктын ставкалары транспорттун түрүнө, даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтүнө жараша белгиленет. Транспорттук каражаттардын ээлери жана алардын мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматты ЖӨБ органдары Мамлекеттик салык кызматынан алса болот. Негизги көйгөй: Салык кызматында жалпысынан район боюнча маалымат бар (айылдык аймактарга жана шаарларга бөлбөстөн). СУНУШ: Салык төлөөчү транспорттук каражаттардын ээлери боюнча Салык кызматындагы маалыматты айылдык аймактар жана шаарлар боюнча бөлүп чыгуу зарыл.
 
Таштанды чыгаруу үчүн жыйым
Жыйым Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинде белгиленген (Кодекс кабыл алынганга чейин “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” КР Мыйзамы менен). Аталган Кодекс жыйымды төлөөчүлөрдү жана ставкаларды белгилөө тартибин орнотот. Жыйымды төлөөчүлөр – убактылуу жана капиталдык курулмалардын ээлери.
Жыйым ставкалары жергиликтүү кеңештин чечими менен, анын аткаруучу органынын сунушу боюнча бир жашоочуга же курулуштун бир чарчы метр аянтына бир эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө белгиленет. Жыйым жергиликтүү кеңеш аныктаган мөөнөттө тийиштүү жергиликтүү бюджетке төлөнөт. Мисалы, эгерде төлөө мөөнөтү 1-апрель деп белгиленсе, анда ушул жылдын 1-апрелине чейин таштанды чыгаруу үчүн жыйым боюнча отчет тапшырылып, жыйым төлөнөт. Буга жараша божомолду эсептөөгө жылдын башынан тартып жыйым боюнча отчет тапшырылган датага чейинки мезгилде жашаган адамдардын (туруктуу жана убактылуу жашагандардын) максималдуу санына кошулат.
Эгерде жыйым боюнча салык төлөөчүлөр отчет берген күндөн кийинки мезгил ичинде кошо жашаган адамдардын саны ушул жылдын 1-апрелине чейин көбөйсө, анда ал такталган эсепти берип, кошулган адамдардын саны боюнча жыйымдын суммасын кошуп төлөшү керек. Эгерде кошо жашаган адамдардын саны ушул жылдын 1-апрелинен кийин өзгөрсө, анда таштанды чыгаруу үчүн жыйым боюнча такталган отчет берилбейт. Себеби мыйзамдарда мындай каралган эмес. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептеп чыгуу үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөр:
 
  •  курулмаларда жашаган адамдардын саны;
  • курулмалардын аянты.
Башкача айтканда, юридикалык жактар гана эмес, ошону менен бирге жеке жактар да таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын төлөөчүлөрү болуп эсептелинет. Юридикалык жактар, анын ичинде базарлардын жана чакан базарлардын администрациялары жыйымды өз алдынча эсептеп чыгып, жергиликтүү бюджетке төлөшөт жана салык кызматынын тийиштүү ыйгарым укуктуу органына эсептөөлөрдү беришет. Жыйымды эсептеп чыгаруу жана жеке жактарды кабарландыруу ишин эрежеге ылайык, ЖӨБ органдары жүзөгө ашырат. Мисалы, Бишкек шаарында муну мэриянын тийиштүү ыйгарым укуктуу бөлүмү жасайт. Жеке жактар мэриянын тийиштүү органы чыгарып берген жыйымдын суммасын жергиликтүү бюджетке төлөшөт. Жыйым толук жана өз убагында төлөнгөнүнө көзөмөлдү салык кызматынын органдары жүзөгө ашырат.
КӨЙГӨЙ: иш жүзүндө мүлк салыгын төлөгөн адамдарды кошпогондо, жыйымды администрациялоо түйшүктүү болгондуктан жеке жактардан жыйым алынбайт. Бишкек шаарында таштанды чыгаруу үчүн жыйымды администрациялоого байланышкан көйгөйлөрдүн дагы бир себеби бар: таштанды чы-
гаруу боюнча кызмат көрсөткөн муниципалдык ишкана бул үчүн акы алат.
СУНУШ: капиталдык жана убактылуу курулмаларда жашагандардын саны боюнча маалымат базасын түзүп, улам жаңылап туруу үчүн ЖӨБ органлары кварталчылар, үй комитеттери менен кызматташтыкты жөнгө салышы керек. Көчөлөрдү, короолорду тазалоо жана көрктөндүрүү үчүн ресурс берүү менен жергиликтүү жамааттар үчүн жыйым боюнча дем берүүчү чараларды караштырууга тийиш.
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап калуу үчүн төлөм
Төлөмдү Кыргыз Республикасында пайдалуу кендерди издөө жана/же чалгындоо жана/же иштетүү укугун алган жер казынасын пайдалануучулар төлөөгө тийиш.Төлөмдүн ставкалары КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №834 токтому менен аныкталган. Пайдалуу казындылардын кендерин издөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм жылына лицензиялык аянттын квадрат километри үчүн бир эсептик көрсөткүчүнө эселенип белгиленет. Пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм жылына лицензиялык аянттын гектары үчүн бир эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө лицензияны кармоо үчүн төлөм жылына лицензиялык аянттын гектары үчүн бир эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет.
Болжолдоо үчүн көрсөткүчтөр:
 
  •  пайдалуу казындылардын түрү;
  • жер казынасын пайдалануунун түрү (издөө, чалгындоо, иштетүү);
  • лицензиялык аянт;
  •  лицензияны кармоо мөөнөтү, жылдар менен.
 
КӨЙГӨЙ: ЖӨБ органдары лицензияларды кармоо үчүн акы боюнча маалыматка ээ эмес.
Лицензиялык аянттар жана лицензияларды кармоо мөөнөттөрү боюнча маалыматты КР Өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттен алса болот. Электрондук кайрылуулар үчүн дарек: geoagencykg@gmail.com Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым. Автотранспорт каражатын токтотуу жана токтотуу жайы үчүн жыйымдын өлчөмү, аны тескөө жана төлөө тартиби транспорт токтотуунун же токтотуучу жайдын ордун, суткадагы убактысын жана токтотуунун узактыгын, транспорттун түрүн эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан, анын аткаруучу органынын сунушу боюнча белгиленет.Божомолду түзүү үчүн көрсөткүчтөр:
 
  • автомашиналарды токтотуу жана токтотуу жайы үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү колдонгон автотранспорттук каражаттардын саны (түрлөрү боюнча), токтотуунун узактыгы (убактысы);
  • көрсөткүчтөрдүн сезонго жараша өзгөрүп туруусу.
Хронометраж маалымат алуу үчүн сунушталган булак болуп саналат. КӨЙГӨЙ: токтотуучу жайдын кызмат көрсөтүүсүн пайдаланган автотранспорттук каражаттардын санын эсептөө оор. СУНУШ: акы алган автоматтарды, паркоматтарды (адам фактору болбогон) пайдалануу боюнча чет өлкөлүк тажрыйба менен таанышып чыгып, ЖӨБ органдары арасында бул тажрыйбаны жайылтуу зарыл.
 
 

 

Окшош материалы: