Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмону киргизүүнүн жыйынтыгы: 14 613 адамдын катышуусунда 182 коомдук бюджеттик угуулар өттү

2018-08-20 / ЖӨБ каржысы
Жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмону киргизүүнүн жыйынтыгы: 14 613 адамдын катышуусунда 182 коомдук бюджеттик угуулар өттү

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде (мындан ары – Кодекс) “жергиликтүү бюджет – бул жергиликтүү жамааттын бюджети” деп көрсөтүлгөн. Кодекстин 127-беренесине ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн коомдук бюджеттик угууларды уюштуруп, өткөрүп турушу керек. Бирок бирдиктүү методикалык китеп болбогондуктан практикада бюджеттик угуулар массалык түрдө өткөрүлгөн эмес.

Сыймык НУРУМБЕТОВ,
КР Финансы министрлигинин бюджет аралык мамилелер саясаты бөлүмүнүн башчысы:
“Кыргызстанда жергиликтүү бюджеттерди 453 элеттик (айыл өкмөтү) жана 31 шаардык ЖӨБ органы жергиликтүү кеңештердин атынан карайт, бекитет жана аткарат. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук пикир менен таанышып, бюджетте жарандардын артыкчылыктарын эсепке алуу үчүн жашоочулардын катышуусу менен коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү боюнча бирдиктүү
методикалык колдонмону иштеп чыгуу жана бул тема боюнча тренингдерди өткөрүү өз убагында жана пайдалуу иш-чара болду.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында буга чейин бюджеттик угуулар тууралуу түшүнүгү ар башка болуп келген. Жаңы методикалык колдонмо боюнча 2019-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча бюджеттик угуулар үч облуста – Нарында, Чүйдө жана Ошто өткөрүлдү. Угуулар жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Келечекте ушундай эле тренингдерди республиканын башка облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү
үчүн өткөрүү пландарыбыз бар”.
 
Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн методикалык инструментарийин түзүү максатында КР Финансы министрлиги, Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) менен биргеликте Жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмону иштеп чыкты. Бул Колдонмо КР Финансы министринин 2018-жылдын 17-апрелиндеги №44-Б Буйругу менен бекитилген.
Методикалык колдонмо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 3-бөлүгүнө, КР Бюджеттик кодексинин 79-беренесине жана 127-беренесине ылайык иштелип чыккан. Колдонмо бюджет айкындуулугун жогорулатуу, жарандардын жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышуу укуктарын ишке ашыруу, бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалымат алуу максатында даярдалды. Колдонмону бекиткенден кийин график иштелип чыгып, макулдашылды. Ага ылайык, 2018-жылдын 4-майынан 20-июнга чейинки мезгил аралыгында Долбоор КР Финансы министрлиги менен биргеликте Нарын, Ош жана Чүй облустарында колдонмону жайылтуу жана колдонуу боюнча ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрдү. “Коомдук бюджеттик угуулар ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун аспабы катары” деп аталган тренингдерге 300дүн тегерегинде адам катышты (алардын 144ү аялдар болду). Тренингге айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн (ФЭБ) башчылары жана КР Финансы министрлигинин райондук финансы башкармалык тарынын (РайФБ) жетекчилери катышты. Алар тренингдин натыйжасында 2019-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн жекече графиктерин түзүп чыгышты.
 
Нарын облусу Ош облусу Чуй облусу
58 коомдук угуу өткөрүлдуу 56 коомдук угуу өткөрүлдүү 68 коомдук угуу өткөрүлдүү
4881 катышуучу, алардын ичинен 2158 аял
5736 катышуучу, алардын ичинен 2079 аял
3996 катышуучу, алардын ичинен 1866 аял
Жарандардан - угуулардын катышуучуларынан 518 сунуш түштү
Жарандардан - угуулардын катышуучуларынан 402 сунуш түштү Жарандардан - угуулардын катышуучуларынан 557 сунуш түштү
Жарандардан 268 сунушун ЖӨБ органдары бюджетке кошуу үчүн текшерүүдө 
Жарандардан 266 сунушун ЖӨБ органдары бюджетке кошуу үчүн текшерүүдө  Жарандардан 348 сунушун ЖӨБ органдары бюджетке кошуу үчүн текшерүүдө 
Жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча муниципалитеттер жергиликтүү бюджеттерди ачык-айкын талкуулоо, ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү ортосунда өз ара байланыш түзүү, ошондой эле жарандардын бюджеттик процесске жана жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуу механизмдерин практикага
ийгиликтүү киргизе алганын белгилесе болот.
 
Натыйжада үч облуста 182 бюджеттик угуу өткөрүлүп, аларга 14 613 адам катышты (алардын ичинен 6103ү (42%) аялдар болду). Коомдук угуулардын катышуучуларынан жергиликтүү бюджеттердин долбоорлоруна байланыштуу 1477 сунуш жана пикир түштү. Алардын ичинен 882 сунуш (же 60%) 2019-жылдын бюджетине кошуу үчүн карап чыгуу процессинде түштү.
Мындан тышкары, Долбоордун үч айылдык максаттуу муниципалитетинин базасында тажрыйба алмашуу сапарлары уюштурулду:
 
  • 28-июнда – Гүлистан айылдык аймагы, 16 айыл өкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен.
  • 10-июлда – Шарк айылдык аймагы, 6 айыл өкмөттүн өкүлдөрүнүн жана Кара-Суу райондук финансы башкармалыгынын (РайФБ) өкүлүнүн катышуусу менен.
  • 2-июлда – Ак-Тал айылдык аймагы, Ак-Талаа районундагы 11 айыл өкмөттөн 20 өкүлдүн катышуусу менен.
Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары презентациялар форматы, бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү жана жарандык бюджет өңдүү угуулардын материалдары менен таанышып чыгышты.
Ал эми 2018-жылдын 15-июнунан 17-июлуна чейин Долбоордун консультациялык колдоосу алдында Ош жана Нарын облустарындагы 14 муниципалитетте 2019-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угуулар өттү. Угууларга жалпысынан 1 311 адам, анын ичинде 527 аял катышты. Бюджеттин долбоору боюнча 151 сунуш түштү. Булардын ичинен 79 сунуш 2019-жылдын бюджетине кошуу үчүн карап чыгуу процессинде турат.
 
Солтоева Ы., Нарын облусундагы Куйручук айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы: “Мындан ары мен коомдук угууларды чогулуштардан айырмалай алам. Тренингдерден кийин бул эки иш-чаранын форматы да, максаттары да ар
башка экенин түшүндүм. Бул билимди эми апрактикада колдоном. Мунун баарын тажрыйбалуу айыл өкмөттүн мисалында көрсөк жакшы болоор эле”. 
 

 

Окшош материалы: